Биз соц.тармактардабыз:
  • Тилди тандаңыз:
  • KG
  • EN
  • RU

«Чиеш Тагдырлар». Электрондук китеп.

5 июня, 2020 г.

ХIX кылым тарыхы башка бардык мезгил менен учур сыяктуу эле айрым адамдардын ары кызык, ары татаал өмүр баянынан куралган. Бул китепте совет мезгилинде Кыргызстанда жашаган адамдардын жеке тарых-таржымалы баяндалды. Тагдыр деген насили татаал, айрымдары унутулуп, башкаларын атайын унуттурушуп, чиеш жолдо туруп калат экен. Бизге алардын баарын угуу, билүү маанилүү. Жалпы жамааттын, мамлекеттин же кайсы бир бийликтин эмес, жеке адамдын. Карапайым калктын үнү аркыл, аны дайым эле уга беришпейт, кайгы менен касиретке жык толгон арман, азапка толгон тагдырдын доошу адамдардын эс акылында сакталып калган, алар унутулбасын. Тарыхты жалаң ак-кара түстө гана кабыл албаш керек. Ансыз да совет кезиндеги, кийинки Кыргызстан эгемендигин алган учурдагы тарых ушу кезге чейин терең жана ар тараптуу аңдалбай келатат.  Башкасынан да жеке адам таржымалы,  инсан тарыхы жагынан алганда. Өткөндүн өктөлүү сабактары адамдардын эс сактамында калган, ошону изилдөө зарыл — memory studies учурдагы социалдык-гуманитардык билимдин өтүмдүү багыты катары ушу тапта кеңири жайылып, буга чейинки тарых илиминдеги кенемтени толтура алат.

И. Арабаев атындагы КМУнун Окумуштуулар кеӊешин чечими менен басмага сунушталды. (от 22.10.19 г. токтому № 2)

Рецензенттер: С. Абашин — т.и.д., С-Петербург шаарындагы Европа университетинин профессору,  Т. А. Абдырахманов — т.и.д., И. Арабаев атындагы КМУнун профессору.

«Эсимде: өткөн тарыхты эстеп» долбоорунун жетекчиси, түзүүчү жана жооптуу редактор Элмира Ногойбаева. Редактор Бекташ Шамшиев.

ЧИЕШ ТАГДЫРЛАР – Бишкек. 2019. 162 б.

Опубликовано в разделах: "Эсимде" адабияты, important, Чиеш тагдырлар I