Биз соц.тармактардабыз:
  • Тилди тандаңыз:
  • KG
  • EN
  • RU

СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙБЫЗ!

16 апреля, 2020 г.

«Ооздон оозго өткөн үй-бүлө тарыхы. Кыргызстан – XX кылым»

Сиздерде биз менен бөлүшүүгө, жеке тарыхыңыз, күндөлүк, ата-бабаларыңыздын тарыхы, чоң-ата, чоң-энеңиздин, үй-бүлөңүздүн, айыл же шаарыңыздын (XX кылымдын тарыхы болсо) көмускөдө айтылбаган, эстен кеткис окуялары болсо — бул конкурс Сиз үчүн. Буга кошумча сүрөт, видео, кат жана башка ар түрдүү булактар болсо артыкчылык берилет жана туура, так болуусуна шарт түзүп толуктайт.

Биз — Эсимде ар бир Адамдын, ар бир үй-бүлөөнүн эс тутуму баалуу жана өз тарыхын айтууга татыктуулугун даңазалоого умтулабыз! Бул конкурстун максаты — элдерди ХХ кылымда болуп өткөн өз тарыхын изилдөөгө чакыруу. Эң негизги өзгөчөлүк — карапайым, жөнөкөй элдердин көмүскөдө айтылбай калган тагдырына көңүл буруу.

Конкурстук материалдарды esimdekg@gmail.com дарегинен 2021-жылдын 31 октябрына чейин күтөбүз. Бардык суроолор боюнча: esimdekg@gmail.com дарегине жана 0709067329 телефон номери аркылуу кайрылсаңыздар болот.

#конкурсэсимде #конкурсисторийэсимде

Опубликовано в разделах: important, Анонстор жана программалар