Биз соц.тармактардабыз:

Күндөлүк: «Эсимде Үркүн -1916”  эскерүү жүрүшү.

21 августа, 2022 г.

“Эсимде” изилдөө аянтчасы 2022-жылдын 5-14-август күндөрү 1916-жылдагы көтөрүлүш жана Үркүн окуяларына арналган эскерүү жүрүшүн уюштурду. Жүрүш алкагында 1916-жылдагы трагедияларга байланышкан эс тутум жайларына зыярат кылынды.

Иш-чаранын маршруту Чуй өрөөнүнөн башталып, Ысык-Көлдүн күңгөй жана тескей тараптарын камтып, Сырт ашууларына чейин уланды.

Эскерүү жүрүшүү максималдуу түрдө 1916-жылдагы Үркүн жолдорун камтыды.
Жүрүштүн негизги максаттары колониализмдин курмандыгы болгон ата-бабаларыбызды эскерүү, 1916-жылдагы окуяларга байланышкан эс тутум жайларын коомдук эс тутумда актуалдаштыруу.
Бул трагедияны коомдун аңдап түшүнүүсүнө түрткү берүү жана бул окуяларга байланышкан эс тутум жайларын изилдөө.

Жүрүшкө жарандык активисттердин, окумуштуулар, медиа өкүлдөр жана жергиликүү тарыхчылар катышты .

Кыргызстанда август айынын биринчи жума күнү 1916-жылдагы Үркүндүн курмандыктарын эскерүү датасы катары аныкталган.

Эскерүү жүрүштүн биринчи күнү. 5-август

1. Түштүк Дарбаза

Биринчи эскерүү жайы. Түштүк Дарбазадагы Үркүндү эскерүү ташы. Бул жерге мемориалдык комплекс куруу үчүн 1993- жылы өкмөт Орто-Сай сейил багынан 2,5 гектар жер тилкесин “Ашар” кыймылына бөлүп берген. Бирок, бул жерге чакан эстелик-таш коюлуп, мемориал курулуучу аймак ар кандай кафе-ресторандар жана башка оюн-зоок жайларына айланган.

Үркүндү эскерип, пендечиликтин түбүнө түшпөй, адамгерчиликтин төбөсүнө чыгалы. Үркүн бизге сабак болушу керек. Үркүтүп , коркутуп башкарам дегендер бар. Үркүн бүтсүн. Чоң апааттан өткөн элди, кайра корткутуп, үркүтүү, тирүүлөр үчүн гана эмес, ата-бабаларга дагы кылган кылмыш. Эч качан кайталанбасын!

Eleri Bitikci

2. Токмок шаары

Gulzada Abdalieva: Мөкүш Шабдан уулу, Канат Ыбыке уулу баштап, Токмокту алуу боюнча, Жумгал, Кемин, Чоң Кемин кыргыздары чогулуп келишкен. Ал тарыхый окуя 1916-жылдын августунун башына туура келет. Канат Ыбыке уулу көчмөн аскердик ыкмаларын душмандар менен күрөшүүдө колдонгон. Токмок аймагы 22-август толугу менен Россия империясына өткөн. Бул согушка катышкан кыргыздар Кытайга качууга аргасыз болушкан.

3. Семеновдун көпүрөсү

4. Боом капчыгайы, 1916-жылдагы көтөрүлүш жана Үркүн окуяларына арналган эстелик.

Бишкек-Ысык-Көл унаа жолунун түндүк тарабында, Боомдун батыш кире бериш тарабында 2006-жылы, Үркүндүн 90 жылдыгында 1916-жылдагы окуяларды эскерип, кыргыздардын колониалдык бийликке каршы көтөрүлүшүнүн курмандыктарын эскерүү мемориалы орнотулган.

5. Кубакы аймагындагы “Ажардын” көрүстөнү

Боом капчыгайы, Кубакы аймагындагы “Ажардын” көрүстөнү. Бул көрүстөн — 1916-жылы атылып өлтүрүлгөн белгисиз аялдын сөөгү коюлган бейит. Башына ок тийип, көз жумган аялдын сөөгү эгемендүүлүк алгандан кийин эскерүү жүрүш учурунда ашууда табылып, Боомдун капчыгайына көмүлгөн. Бул жерге алгач Касымаалы Баялиновдун Үркүн трагедиясы жөнүндөгү аңгемесинин каарманы – “Ажардын” образдуу болочок эстелигинин белгиси катары таш тургузулган. Ал эстелик Үркүн окуяларында курман болгон бардык энелерге, эжелерге, кыздарга, арналмак.

Ал эскерүү ташында “Бул жерде 1916-жылдагы кайгылуу окуяларда курман болгондордун элесине жалпы улуттук тарыхый жана Ажардын эстелиги тургузулат” — деген жазуу чагылдырылган. Тилекке каршы, “Ажардын” эстелиги дагы деле тургузула элек (кара эскерүү ташы тургузулган).

6. Балыкчы шаары

Нажимудин Ыбрайым уулу жана Ыбраим Төлөевдөр жашаган үйлөргө 2016-жылы эскерүү такталары неберелери тарабынан коюлган.

7. Тору-Айгыр айылы

Балыкчыдан чыгып, Тору-Айгыр айылына бет алдык. Ысык-Көл облусунун ар бир айылында Үркүнгө байланышкан эс тутум жайлары жана оозеки тарых жашайт. Эскерүү жүрүштө Тору-Айыр айылынын тургуну, тарыхчы Талайбек Мамбетов агай Үркүн, Иса Акунбаев жөнүндө айтып берди.

Эскерүү жүрүштүн экинчи күнү. 6-август

8. Чолпон-Ата шаары

Чолпон-Ата шаары, Ысык-Көл тарыхый-маданий корук музейи.Бул музейде 1916-жылкы көтөрүлүш жана Үркүн окуяларына арналган кичинекей бурч жайгашкан.

9. Темир айылы

Кытайда төрөлүп, 1957-жылы келген Жасинова Гания ападан Үркүндө Ысык-Көлдөн качып барган атасы, Кытайдагы жашоо тууралуу оозеки тарых чогулттук.

10. Ыйык Троица Ысык-Көл монастыры, Ак-Булуң

Ыйык Троица Ысык-Көл монастыры (азыр бул монастырь иштебейт) Ысык-Көлдүн Түп районундагы Ак-Булуңдун жээгинде жайгашкан монастырь. Бул монастырь 1916-жылы 11-августта көтөрүлүшчүлөр тарабынан колго түшүрүлүп, талкаланган. Монастырдын жети монахы өлтүрүлгөн. Азыр бул аймак “Мээрим булагы” балдар үйүнө карайт. Бул жерде кичинекей чиркөө иштейт.

Эскерүү жүрүштүн үчүнчү күнү. 7-август

11. Кара-Баткак, Түп району

Түп району, Балбай айылы Кара- Баткак эс тутум жайы. Жергиликтүү аталар 1916-жылы август айында бул эскерүү жайында 400 дөн ашуун адамдар кырылганын айтып беришти.1991-жылы Үркүндүн жетимиш беш жылдыгына карата бул эскерүү жайында таш орнотулуп “Үркүн 1916” жазуусу чегилген. Бул аймакта чоң эстелик тургузуу маселелери көтөрүлүп, тилекке каршы, азыркыга чейин ишке аша элек.Август айынын биринчи жумасы Үркүндү эскерүү жумалыгы. Көтөрүлүшкө кыргыздар, казактар, дуңгандар, уйгурлар, сарт-калмактар, татарлардын өкүлдөрү, кээ бир орус, украин дыйкандары катышкан. Көтөрүлүш мыкты куралданган падыша аскерлери менен куралдуу кагылышуунун деңгээлине өсүп жеткен. Июль айынын аягында элдик толкундоолор Жети-Суу облусунда кулач жайган. Ал эми августта куралдуу көтөрүлүштүн алоолонгон оту тутанган. Эң массалык кыргын август айында болгон.

“Ашуусу бийик тоодон кудай сактасын, Агыны катуу суудан кудай сактасын, Кызыл-кыргын, кара сүргүндөн кудай сактасын, Эл-жерин таштап, качкандан кудай сактасын” Байкалмак атанын батасы. Үркүн апаатынан кийинки жамааттык жаракат.

12. Байзак айылы, Түп району

Мамбет уулу Байзак ким болгон, эмне себептен ысымы ушул күнгө чейин унутулбай айтылып жүрөт, ал чын эле тарых күүсүндө калган инсанбы? ​​​​

Мамбет уулу Байзактын небереси Байзаков Кудайберген Ишенкуловичтин айтуусунда 1950-жылдардан кийин Байзак айылы Карачуңкур айылы деп айтылып жүрдү. Архивдик маалыматтарга таянсак 2003-жылы 20-февралда Түп районунун Санташ айыл өкмөтүндө Кара-Чуңкур айылында элдик жыйын болуп, анда айылдын таарыхый “Байзак айылы” деген аталышын кайра кайтаруу тууралуу маселе каралып, чечим кабыл алынган.

1916-жылы Николайдын буйругу чыгып, эл удургуп калды. Байзак Мамбет уулу көйгөйлөрдү иликтеп, бир чечимге келген. Бир гана Көйкап аркылуу Кытайга кетүүнү чечкен. Көйкапта жашап турган Жантай Жакшылык менен алдын ала барып сүйлөшөт. Тоңдон күйө баласы Бекен менен кызы Үпөлдү жана башка тукумдары менен, Байсоорундан кызы Гүйкөдөй, Акматаалы, Мамыталы жана башка тукумдары менен кеңешип 200дөй үй-бүлөө көчкөнгө даярданышат. 2000ге жакын жылкы, 1000 кой, 150дөй уй малдарды түнү менен Көйкапка айдап жөнөшөт. Кеч күздө Көйкапка кыштап, Байзак Мамбет уулу эрте жазда тогуз төө менен 300 мылтык ок, даарысы жана башка баалуу буюмдарын жана алтындарын Теректи деген сайдын башына каттырып, майда малдарын Көйкапка калтырып, жылкысынын бир бөлүгүн эле айдап, Музарттын ашуусун ашып Кашкарга келет. Кашкардан 1918-жылы Ишенкул деген баласы төрөлөт. Андан кийинки жылы жолду иликтеп Текести көздөй бет алат. Ошончо элди мал-жаны менен ач-бел, куу жолдон аман-эсен алып чыгыш баатырлык менен айлакерликтин иши болгон. Жолдо кыргыз качкындарды жыйып кошуп жүрүп отурат. Байзак Мамбет уулу улам 200 чакырым өткөн сайын малынан сатып сарптап жүрүп отурган. Үч жыл өткөндөн кийин гана Текеске жетет. Текестен Кусейин Карасаевке жолугат.

Жүрүштүн алкагында оозеки тарыхтар, жеке тагдырлар чогултулуп, документтештирилди. Ар бир интервью Esimde.org сайтына жарыяланат.

Эскерүү жүрүштүн төрүнчү күнү. 8-август

13. Түп району, Сан-Таш

Сан-Таш коргонунун жанындагы бул эскерүү ташы 2011-жылы “Кыргыз Эл Коому” фонду тарабынан Үркүндүн 95 жылдыгына карата орнотулган. 1916-жылы азыркы Түп районунун Байзак, Кең-Суу, Чоң-Таш айылдарындагы кыргыздар ушул жолдор менен Кытайды көздөй качышкан.

14. Түп айылы

Түп айылынын кире беришиндеги бул эскерүү ташын 2012-жылы “Кыргыз Эл” коомдук бирикмеси тургузган. Тилекке каршы, бул эстелик тууралуу айылдын тургундары анчейин билбейт. Эстеликте Кет Бука олуянын ыр саптары чегилген.

“Кызыл тоону кыян жууп, Кырман качат, сак болгун. Кыз-уланың дүйнө кууп, Кырдан качат, сак болгун. Кырды-түздү жат элге, Кыйган качат, сак болгун. Кылгылыкты кыргызга, Кылган качат, сак болгун.”

Эскерүү жүрүштүн бешинчи күнү. 9-август

15. Каракол шаары

Эскерүү жүрүштүн бешинчи күнү Каракол шаарындагы Жеңиш паркындагы “Үркүн 1916” эстелигинде эскерүү митингден башталды.Жолугушууга тарыхчылар, Үркүн апаатына кайдыгер эмес шаарлыктар, журналистер катышты.

Каракол шаарында 1916-жылдагы каргашалуу окуяга — «Үркүнгө» арналган эстелик 2016-жылы тургузулган.Композициянын туурасы 16 метр, бийиктиги 4 метр. Эстеликтин автору сүрөтчү-скульптор Марлен Бакатиев1916-жылдагы көтөрүлүш падышанын жазалоочу отряддары тарабынан ырайымсыздык менен басылган. Чүй, Ысык-Көл, Нарын аймактарында жашаган кыргыздар коңшу Кытайга качууга аргасыз болушкан. Тарыхчылардын айтымында, бул аймактарда калктын саны 40%га кыскарган. Совет бийлигинин жылдарында бул темага тыюу салынгандыктан, 1916-жылдагы окуяларга тиешелүү тарыхый баа берилген эмес.

16. Ырдык айылы

Эскерүү жүрүштүн бешинчи күнүндө Ырдык айылында 1916-жылдагы көлдүк дунгандардын көтөрүлүшү тууралуу жергиликтүү тарыхчылардан маалымат алдык.

1916-жылы көтөрүлүшкө Ырдык кыштагынын дуңгандары 11-августтан тартып активдүү катышкан. Алар Ырдыкка келе жаткан аскерлердин жолун тосуп, андан соң Караколго чабуул коюшкан. Эртеси кыргыздар жана дуңгандар шаарды ээлеп алууга чечкиндүү аракет жасашкан. Ошол эле күнү 400 кишиден турган дуңгандар кошууну падышалык аскерлерге кол салып, айыгышкан кармаш жүргөн. 12-августта Каракол түрмөсүндө 300дөн ашуун кыргыз, дуңган, уйгур козголоң чыгарышкан.13–14-августта Челпек, Бөрүбаш айылдарындагы калмактар күрөшкө тартылган.

Көтөрүлүшкө башкыр, татар элдеринин өкүлдөрү, айрым орус, украин дыйкандары да катышкан.Караколго кире берген жердеги көрүстөнгө жакын жерде, мечиттен чыккан көтөрүлүшчү дунгандарды массалык түрдө атып, ошол жактагы чыңкурга көмүшкөн. Тилекке каршы, ал жерде азыркыга чейин эскерүү ташы орнотулган эмес.

Эскерүү жүрүштүн алтынчы күнү. 10-август

17. Оргочор айылы

Кален Жетимишбаев атындагы тарых-таануу музейи.

18. Жууку ашуусу

1916-жылы күзгө жуук көтөрүлүшчүлөр тоо таянып, чегине баштаган. Мыкты куралданган орус аскерлерине каршы кармаштарда алар оор жоготууларга учурашкан. Сентябрь айында коргонуу мүнөзүндөгү чакан беттешүүлөр болот. Падышалык аскерлердин ырайымсыз кысымына туруштук бере албасына көзү жеткен эл жан айласы кылып, Ата-Журттан качууга аргасыз болгон. Ошентип, кеч күздө кайгылуу Үркүн трагедиясы башталып, 39 болуштуктун эли үрккөн. Жууку ашуусу Үркүн жолдорунун бири.

19. Сөөк ашуусу

Эскерүү жүрүштүн алтынчы күнүндө деңиз денгээлинен 4028 метр бийиктиктеги Сөөк ашуусуна барып, Үркүндүн курмандыктарына куран окулду.

Бул ашууда Кадырдын ташы же 3 күн бою падышанын аскерлерин өткөрбөй, кыргыздарды Кытайга качырган 18 жаштагы жигитке эскерүү ташы коюлган. Мергенчи Кадырдын небереси Жолдошбек агай 2006-жылы бул жерге таш орнотуп, 2016-жылы эстелик тургузган. Жолдошбек агай эскерүү жүрүштүн катышуучуларын Барскоондон тосуп алып, Сөөк ашуусундагы 1916-жылкы окуяларга байланыштуу эс тутум жайлары тууралуу айтып берди.

20. Тотуя тоосу, Барскоон капчыгайы

Эскерүү жүрүштүн жетинчи күнү. 11-август

21. Туура-Суу айылы, “Шейиттер” көрүстөнү

ШЕЙИТТЕР Үркүн курмандыктары, 1916-жылкы көтөрүлүштүн Тоң аймагындагы активдүү уюштуруучуларынын көрүстөнү.Бул көрүстөнгө ысымы жазылгандардын сөөгү толук алынып келинген эмес. Жергиликтүү улуу муундун айтуусунда маркумдар азыркы Тамга айылында 1918-жылы атып өлтүрүлгөн.

1916-жылкы Ысык-Көлдөгү көтөрүлүштү уюштургандардын бири, көтөрүлүштүн жүрүшүндө жол башчылык кылган Тоң элинен чыккан Сагаалы Алматаев болгон. Тарыхчы Турдубек Шейшекановдун макаласына таянсак, Сагалынын атасы Кеней уулу Алматай Чычкан айылында 1820-1830-жылдар аралыгында төрөлгөн. 1880-жылдары колониалдык орус бийлиги Ысык-Көлдөгү кыргыз жерлерин болуштуктарга бөлгөн. Алматай менен Малы өз уруулаштары менен Тоң жергесине көчүп, андагы Туура-Суу айылына отурукташып калат. 1918-жылдары көтөрүлүштүн активдүү катышуучулары Сооронбай бий, Сагаалы, Кабыл Сооронбаев, Муса Сооронбаев, Илебай болуш, Балтабай бий, Арстанбек бий, Чыныбек бий, Орузбай бий болгон. Атылган жети адам Сооронбай бий салдырган мектептин жанына көмүлгөн.

Эскерүү жүрүштүн сегизинчи күнү. 12-август

22. «Кырк-Шейит» көрүстөнү

«Кырк шейит» бейити 1916-жылы Улуттук боштондук күрөштө Кытай тарапка качпай («үркпөй») курман болгондордун көрүстөндөрү. Бул бейит Ысык- Көл облусунун Тоң районунда жайгашкан. 1916-жылкы көтөрүлүштө Токмок каршылыгынан кийин элди басуу үчүн генерал Куропаткин баштаган жазалоочу отряддар Тоң өрөөнүнө келишкен экен. Бул трагедиялуу окуя элдин эс тутумунда кара так болуп кала берген, жана азыркы чейин эл оозунда чоң кайгы менен эскерилет.

Эскерүү жүрүштүн тогузунчу күнү. 13-август

23. Кыргын-Сай, Тосор айылы

“Эсимде Үркүн” эскерүү жүрүшү. Жүрүштүн тогузунчу күнүндө Эсимде изилдөө аянтчасы Тосор коому уюштурган Эскерүү жѳѳ жүрүшү көчыгып, Дуулат-Булакка чейин 17 километрди жөө басып, 1916-жылкы көтөрүлүштүн жана Үркүндүн курмандыктарын эскерди.

Жөө жүрүш Кыргын-Сай эскерүү жайынан башталды. Бул эс тутум жайынын аты эле трагедияны айтып турат. 1916-жылы бул жерде Ысык-Көлдүн түндүгүнөн качкан Чиркей (Саяк) эли орус аскерлеринин колунан кырылган дешет.

Бир айылдын элинен бир секелек кыз гана тирүү калып, кийин Тосор айылына турмушка чыгып, өмүрүнүн аягына чейин бул айылда жашаган экен. Кийинчерээк 1960-жылдары санаторийден чыгып калган Сталиндин эски айкелин бул сайга орнотушуп, бул сайдын Сталин Сай деп дагы аталып калганы бар. Кыргын-Сайда түрк дооруна таандык петроглиф, сак доорунан калган коргондор дагы бар, тарыхый жер.

“Тосор Коому” Үркүндү эскерүү жүрүшүн 2021-жылы август айында дагы уюштурган. Ал жүрүшкө “Эсимде” дагы катышкан. Биз жөө жүрүштүн уюштуруучуларына таазим кылабыз жана тилектештик билдиребиз.

“Эсимде Үркүн” жүрүшүнүн алкагында отуздан ашуун эс тутум жайларына зыярат кылынып, ал эстеликтер кийинки изилдөөлөр үчүн документтештирилди жана оозеки/жеке тагдарлар чогултулду.

Эскерүү жүрүштүн онунчу күнү. 14-август

24. Берикбай баатырдын күмбөзү

Жүрүштүн акыркы күнү Ысык-Көл облусунун Тосор айылында жашап өткөн 1916-жылдагы Улуттук боштондук кыймылынын жетекчилеринин бири Берикбай Атаке уулунун күмбөзүнө куран окудук. Aybek Sarıgul Берикбай баатырдын 1916-жылдагы эрдиги тууралуу, “Берикбайдын ашуусу, Берикбайдын тосмосу” эс тутум жайлары жөнүндө айтып берди.

25. Тосор айылдык китепкана-музей

Тосор айылынын музейинде 1916-жылдагы көтөрүлүш жана Үркүн окуяларына байланыштуу экспонаттар чогултулган. “Эсимде” изилдөө аянтчасы Тосор айылдык китепканасынын кызматкери Алымова Толкун апага терең ыраазычылык билдиребиз. Толкун апа китепкананын ичине айылдын музейин өз демилгеси менен түзгөн. Бул музейден айылдын тарыхы, санжыра жана башка уникалдуу экспонаттарды көрүүгө болот. Толкун апа музейден сырткары айылдык китепкананы жаңы китептер менен толтуруу үчүн түрдүү долбоорлорго катышып турат.