Биз соц.тармактардабыз:
  • Тилди тандаңыз:
  • KG
  • EN
  • RU

«Эсимде Үркүн -1916”  эскерүү жүрүшү

4 августа, 2022 г.

“Эсимде” изилдөө аянтчасы 2022-жылдын 5-14-август күндөрү 1916-жылдагы көтөрүлүш жана Үркүн окуяларына арналган эскерүү жүрүшүн уюштурат. Жүрүш алкагында 1916-жылдагы трагедияларга байланышкан эс тутум жайларына зыярат кылынат.

Иш-чаранын маршруту Чуй өрөөнүнөн башталып, Ысык-Көлдүн күңгөй жана тескей тараптарын камтып, Сырт ашууларына чейин уланат.

Эскерүү жүрүшүү максималдуу түрдө 1916-жылдагы Үркүн жолдорун камтыйт.
Жүрүштүн негизги максаттары колониализмдин курмандыгы болгон ата-бабаларыбызды эскерүү, 1916-жылдагы окуяларга байланышкан эс тутум жайларын коомдук эс тутумда актуалдаштыруу.
Бул трагедияны коомдун аңдап түшүнүүсүнө түрткү берүү жана бул окуяларга байланышкан эс тутум жайларын изилдөө.

Жүрүшкө жарандык активисттердин, окумуштуулардын, медиа өкүлдөрүнүн катышуусу күтүлүүдө. Бардык кызыктар тараптарды жана бул окуяларга кайдыгер эмес инсандарды эскерүү жүрүшүнө кошулууга чакырабыз.

Кыргызстанда август айынын биринчи жума күнү 1916-жылдагы Үркүндүн курмандыктарын эскерүү датасы катары аныкталган.

Бул ачык иш-чара. Ар бир адам Ысык-Көл айланасындагы 20 пункттун каалаганына кошула алат. Уюштуруучулар жатакана же транспорт менен камсыз кылбайт, кошулгандардын баары өз эсебинен катышат. Суроолор боюнча esimdekg@gmail.com дарегине кайрылыңыздар.

Программа:

Эскерүү жүрүштүн картасы

 “ЭСИМДЕ ҮРКҮН” эскерүү жүрүшүнүн ачылышына жана Үркүн курмандыктарын эскерүү иш чарасы

5-август, саат 9:00 -10:00

Дарек: Түштүк Дарбаза, Үркүндү эскерүү ташы

Түштүк Дарбаза

Түштүк Дарбазадагы Үркүндү эскерүү ташы. Бул жерге мемориалдык комплекс куруу үчүн 1993-жылы өкмөт Орто-Сай сейил багынан 2,5 гектар жер тилкесин “Ашар” кыймылына бөлүп берген. Бирок, бул жерге чакан эстелик-таш коюлуп, мемориал курулуучу аймак ар кандай кафе-ресторандар жана башка оюн-зоок жайларына айланган.

9:00 Үркүндүн курмандыктарына арнап куран окуу   Абдулло Жаббор уулу  
9:15 “Эсимде Үркүн” эскерүү жүрүшүнүн ачылышы, максаты жана программасы Эльмира Ногойбаева, “Эсимде” изилдөө аянтчасы  
9:30 Үркүндү эскерүү   Гүлзада Абдалиева  
  

5-август

12:00 Токмок шаары 1916-жылдагы көтөрүлүш жана Үркүнгө байланыштуу тарыхый окуялар Токмок шаары менен тыгыз байланышта. Жүрүштүн алкагында Токмок чебинин аймагындагы эскерүү жайына зыярат кылынат.
14:30Семеновдун көпүрөсү
15:30Боом капчыгайы Бишкек-Ысык-Көл унаа жолунун түндүк тарабында, Боомдун батыш кире бериш тарабында 2006-жылы, Үркүндүн 90 жылдыгында 1916-жылдагы окуяларды эскерип, кыргыздардын колониалдык бийликке каршы көтөрүлүшүнүн курмандыктарын эскерүү мемориалы орнотулган.
17:00Көк-Мойнок айылы
17:40Балыкчы шаары
18:30Тору-Айгыр айылы

6-август

10:00Долинка айылы
14:00Чолпон-Ата шаары, Ысык-Көл тарыхый-маданий корук музейи
16:00Темир айылы
18:00Григорьевка айылы

7-август

9:00 -18:00Түп району: Ак-Булак, Шаты, Талды-Суу, Кең-Суу, Чоң-Таш айылдары. Түп району, Кара-Баткак эс тутум жайында куран окутуу.

8-август

9:00 -18:00Каркыра, Санташ, Ак-Булуң, Чиркөөдөгү эс тутум

9-август

9:00 – 11:00Каракол шаары, Жеңиш паркындагы эстелик
11:00-13:00Каракол шаары, “Дем” китеп үйүндө ачык лекция
14:00-18:00Ырдык айылы

10-август

10:00Оргочор айылы,
13:00Барскоон айылы
16:00Сөөк ашуусу, “Кадырдын кара ташы” эстелиги

11-12-август

Шейиттер бейити, Алматайдын күмбөзү   Үркүн курмандыктары, 1916-жылкы көтөрүлүштүн Тоң аймагындагы активдүү уюштуруучуларынын көрүстөнү. Бул көрүстөнгө ысымы жазылгандардын сөөгү толук алынып келинген эмес. Жергиликтүү улуу муундун айтуусунда маркумдар азыркы Тамга айылында атып өлтүрүлгөн. Туура-Суу айылы, Тоң району
Кырк-шейит бейити   Кырк шейит» бейити 1916-жылы Улуттук боштондук күрөштө Кытай тарапка качпай («үркпөй») курман болгондордун көрүстөндөрү. Бул бейит Ысык- Көл облусунун Тоң районунда жайгашкан. 1916-жылкы көтөрүлүштө Токмок каршылыгынан кийин элди басуу үчүн генерал Куропаткин баштаган жазалоочу отряддар Тоң өрөөнүнө келишкен экен. Бул трагедиялуу окуя элдин эс тутумунда кара так болуп кала берген, жана азыркы чейин эл оозунда чоң кайгы менен эскерилет.
Батыркандын күмбөзү

13-14-август

Кыргын-Сай. “Тосор Коому” бирикмесинин жөө жүрүшүнө кошулуу
Опубликовано в разделах: important, Кулактандыруу жана программалар