Биз соц.тармактардабыз:

Азиреткулова Маржандын жеке тарыхы: Өмүрү жаштарга өрнөк инсан

9 апреля, 2022 г.

“Эсимде” изилдөө борбору 2018-жылы «Адамдын тагдыры. Кыргызстан –XX кылым» — аталыштагы сынагын жарыялаганда, бул ангеме Азиреткулова Маржандан келип түшкөн. Адамдар жана үй-бүлөлөр башынан кечирген, муундан муунга оозеки айтылып келген окуя жана эскерүүлөрдү сактап калуу маанилүү деп эсептейбиз.  

Эгембердиев Эргеш

Эгембердиев Эргеш-1919-жылы 7-ноябрда Лейлек районундагы Сары-Дөбө айылында дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган.

Алгачкы эмгек жолун Сары-Дөбө башталгыч мектебинде мугалим болуу менен баштаган. 1993-жылы «Коммуна» колхозунда эсепчи-бухгалтер кызматына орношкондон кийин,Советтик Армиянын катарына чакырылат. 1941-1942-жылдары Улуу Ата Мекендик согушка катышып, кан майданда Мекенди коргоочулардын алдынкы сабында болот. 1942-жылдын март айында айыгышкан фронт мезгилинде жарадар болот.Согуштун майыбы катары тылга эмгектенүүгө,туулган жерине кайтып келет.

Лейлек жергесине келгенден соң коомдук, жетекчилик иштерге активдүү түрдө тартылат.   1942-1945- ж.ж “Коммуна” колхозунун төрагасы, 1950-1954-жылдары партиянын Лейлек МТСнин партиялык уюмунун катчысы, андан көп узабай эле,  Бешкент МТСнин партиялык уюмунун катчысы болуп эмгектенген.

1955-1959-жылдары Эл депутаттарынын Лейлек райондук Кеңешинин аткаруу комитетинин төрагасы, 1959-1960-жылдары “Кулунду”колхозунун башкармалыгынын төрагалыгына бекитилет.

1960-жылы “Лейлек” колхозунун №3- бөлүмүнүн башчысы, 1962-1969-жылдары Лейлек райондук керек-жарак коомунун төрагасы.

1969-1971-жылдары Сулукту шаарындагы дан кабыл алуу пунктунун директору. 1971-1974-жылдары Лейлек райондук айыл-чарба башкармасынын кадрлар бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген. 1974-жылы Лейлек райондук турмуш-тиричилик комбинатында иштеп,  ардактуу эс алууга чыккан.

1959-1963-ж.ж.  Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешине депутат болуп шайланган. Бир нече жолу Лейлек райондук Кеңешинин депутаттыгына шайланган.

Коомдук иштердин активдүү катышуучусу болгон. Көп жылдар бою Лейлек райондук карыялар Кеңешин жетектеген.

Өкмөт менен партия Эргеш Эгембердиевдин жетекчилик кызматтарда иштеген эмгегин эске алып, көптөгөн сыйлыктар, орден-медалдар жана ардак Грамоталар, мактоо баракчалары менен сыйлаган.

1993-жылдын 10-октябрында узак ооруудан соң дүйнөдөн кайткан. 1950-жылдын башталышына Лейлектин аймагындагы эн чоң курулуш “Дың жерлерди” өздөштүрүү, ”Кулунду”,”Арка” өрөөнүн өздөштүрүү менен байланышкан. Мына ушул дың жерлерди өздөштүрүүдө Эргеш Эгембердиев сыяктуу инсандар өзгөчө салым кошкон. Ал жерлерде миңдеген жылдар бою какырап жаткан жерлерге суу чыгарылып өздөштүрүлүп,элдин керектөөсү үчүн көптөгөн турак-жай, ооруканалар, мектептер жана башка социалдык объектилер курулган. Кулунду, Арканын өздөштүрүлүшүнүн мааниси мезгил жана келечек үчүн  өтө маанилүү болгон.

Кулундуга элди көчүрүү 1955-жылдары башталган. Адамдарды негизинен  Өзгөрүш, Катран, Коргон, Лейлек жана Мадиген айылдарынан көчүрүп келишкен. Алгачкылардан болуп мурдагы ”Өзгөрүш”колхозунан Ормош Кудайбердиев, Баба Салямов жана  Абдивали Белеков баш болгон адамдар жамааты тегиз көчүп келишкен. Бул аймакка жергиликтүү чапкылдык, тейит уруулары менен бирге аваат, каңды, кызыл аяк,  эшкара, мала, найман ж.б уруулардын өкүлдөрү көчүп келишкен.

Районубузда 1954-жылы биринчи жолу пахта эгиле баштаган.Ал эми 1956-жылы колхоз 300 гектар жерге пахта эгип, анын ар гектарынан 20 центнерден түшүм алып, пахтачылыктын өзүнөн 2 млн.сом киреше алган. Пахтачылык менен кошо Кулундуда мал-чарбачылыгы өнүгө баштаган. 1957-жылы колхоздо 4900 баш кой-эчки, 275 баш жылкы, 680 баш ири мүйүздүү мал болгон. 1954-жылы экономиканын көрсөткүчү начар болгон, үч чарба бириктирилип, ошолордун базасында ”Кулунду”колхозу уюштурулган. 1959-жылдан тартып, Кулунду өрөөнүндөгү Кулунду, Коммунизм, Ленин атындагы майда чарбалар бириктирилип ”Кулунду”деп аталган ири колхоз түзүлгөн.

Бул колхоздун эң алгачкы башкармасы Эргеш Эгембердиев болгон, ошол эле жылы Кулунду айылдык Кеңеши тузулуп, анын төрагалыгына Ашим Раимкулов шайланган. Ошол мезгилдеги айылдык Кеңештин аймагында 1500дөн ашык кожолук жашаган. Бул мезгилге келип колхоз 1250 гектар жерге пахта эге баштаган. Пахтадан мол түшүм өстүрүшкөн устат дыйкан, бригадир, теримчилердин саны көбөйгөн. Айрыкча, Жапар Абдиев (Ленин жана Кызыл Туу орденинин ээси), Абдираим Турабаев, Абдивали Белеков, Орозкул Сапаров, Сабыржан Бабаевдер зор эмгектик ийгиликтерди жаратышкан. Алдыңкы теримчилер менен бирге ”көгүлтүр”комбайнды башкаргандардын саны көбөйдү, алар О. Садыкова, С.Жалилова ж.б.

Ошол жылдары колхоздун башкармасы Эргеш Эгембердиев Кыргыз ССР Жогорку Кеңңешине депутат болуп шайланган. Чарбанын экономикасы бекемделип өсүшү менен социалдык-маданий чөйрө да өнүгө баштаган. 1965-жылы ”Ленин”атындагы көп өтпөй ”Кулунду”мектептери ачылган. 1960-жылы Ленин айылында бир оорукана ачылып, андагы алгачкы дарыгер Курал Эшбаев болгон. Ошол эле жылы соода уюму (СельПО) уюшулуп, аны Умархан Азимов башкарган.

1980-жылга чейин чарбанын негизги тармагы пахтачылык болгон. Мындан кийин тамекичилик жайылтылган. Акыркы 10-15 жылдын ичинде Кулундуда бир топ социалдык-маданий объектер курулган. Аларга төмөнкүлөрдү кошуп кетсек.100 орундуу оорукана, төрөт үйү, поликлиника, 1160 орундуу 4 орто мектеп, 3 мектепке чейинки балдар-бакчалары, ошондой эле элдик ”Ашар” ыкмасы менен салынган чайхана, музей, стадион жана башкалар курулган.

Азыркы мезгилде Кулунду айылдык Кенеши 5 элдуу пунктан турат (Кулунду, Интернационал, Раззаков, Ак-Арык, Булак-Башы). Бул аймакта 5 600дөн ашуун үй-бүлө 25   миңден ашык адам жашайт.

Бүгүнкү күндө коомдук жана саясий ишмер Эргеш Эгембердиевдин ысымы Лейлек районунун Исфана шаарындагы борбордук көчөлөрүнүн бирине коюлган.

Кулпурган Кулунду өрөөнүн өздөштүрүүдө Эргеш Эгембердиевдин кошкон салымы муундан-муунга айтылып кала берет.

Материалда баяндалган автордун пикирлери “Эсимде” командасынын позициясын чагылдырбайт.