Биз соц.тармактардабыз:

Шерматова Илмиранын жеке тарыхы: Ата тагдыры

9 апреля, 2022 г.

“Эсимде” изилдөө борбору 2018-жылы «Адамдын тагдыры. Кыргызстан –XX кылым» — аталыштагы сынагын жарыялаганда, бул ангеме Шерматова Илмирадан келип түшкөн. Адамдар жана үй-бүлөлөр башынан кечирген, муундан муунга оозеки айтылып келген окуя жана эскерүүлөрдү сактап калуу маанилүү деп эсептейбиз.        

  Эсимде.

Улуулардын ыраазычылык менен айткан сөздөрү. Эч кимди жамандабастан, тагдырга таарынбастан. Жөн гана тирүүч үлүктүн дөңгөлөгү ушундай айланды деген кыязда айтылган баяндар. Ал сөздөрдүн , ойлордун маани маңызын, өксүгүн, өкүнүчтү  мен оо кыйладан кийин түшүндүм.  Уулу бардын өзү калат, кызы бардын изи калат. Алар өзүн күнөөлөдү бекен? Эч нерсени өзгөртө албаганына капаланышса керек.

Канчалаган адамдардын тагдыры,  коомдогу өзгөрүүлөрдүн таасири менен өз огунан чыгып, жашоодогу ойго келбеген өзгөрүүлөргө туштукту. Совет өкмөтү, Октябрь революциясы эмне берди, эмнени өзгөрттү деген суроого жооптор бир беткей болбойт го деп ойлойм. Бул суроого позитивдүү бир нукта жооп бере албай турган үй-бүлө мүчөлөрү  —  Шерматовдордун үй-бүлөсү. Эмнеге?  Анткени,   барыбыздын жүрөгүбүздө эски жара бар.Ал жаранын пайда болуусу Советтер Союзунда башталган кулакка тартуу процессинин башталышы менен байланыштуу.

Биздин чон атабыз Белек уулу Кабатай  Кадыраалы айылынды жашап, айтылуу Карга бийдин небереси болгон. Чоң атабыз жөнүндө , биз бала кезде ал түрүүдөй, кандайдыр бир алыскы сапарга кеткен жолочуудай, ачык эмес сыр менен айтышаар эле.

Анын эки уулу бар эле. Урматтаган, сыйлаган айылдаштары, сыймыктанган бир туугандары болгон. Бирок , ал адамдын сөөгү жакындары тарабынан коюлуп, жаназасы окулуп, уулу дүйнөгө урмат менен узатылган эмес. Ал киши качан, кайсы жерде, кандай адамдардын арасында  өмүрүнүн акыркы күндөрүн  өткөргөнүн биз билбейбиз. Анын күмбөзү кайда экенинен да кабарыбыз жок. Бирок, бардык учурда Чоң атабыз өз жашоосун жакшы жөндөп , жанындагы адамдар менен тил табышып , жүрөгүндө туулган жерге деген арман болуп, бөтөн эл, бөтөн жерде жүрсө да жакшы жар, мыкты Ата болду деген ой барыбызда бар.

Кабатай Чоң атабыздын   НКВДнын кызыл шапкечендеринен качып, караңгы түндүн кучагына сиңип , эркиндикти самап  белгисиздикке жашоо үчүн аттанганынан бери  85 жылдай мезгил өттү. Аркасынан эч ким издеп барбады, эч ким издөө салбады… Аттиң арман…

Уулдардын жүрөгүндө эмне болгонун мен билбеймин. Мен аны сурабадым алардан. Анткени мен кичине элем. Бирок,  оор жүк бар экенин сезээр элек. Өксүк. Тек гана улуу адамдар , бизге айтаар эле:” Силер жакшынын тукумусуңар”,- деп.

       Сөз башынан болсун.

Кабатай Чоң атабыздын атасы Белек  айтылуу Карга бийдин небереси болгон .  Белек атабыздын Жетиген, Арык, Кабатай, Супатай, Жуматай деген беш баласы болгон. Белек чоң атабыз өзү тың,  колунда бар бай , алыскы жакынкы элдер менен карым катнаш жасап, түштүктөн Анжиян, Өзгөн менен, түндүктөн Бишкеке  чейин алыш бериш жасап жүргөн адам экен. Кабатай кичүү баласы болгондуктан аны кайда барса да калтырбай ээрчитип жүргөн. Аны көрүп билген  теңтуштары муну эмне эле дайым ээрчитесиң, башка балдарың да бар эмеспи десе аларга: бул бала өлгөндө  мени көмө турган бала деп жооп бериптир. Ошентип жүргөн кезде, бала он экиге толгон кезде,  Бишкекте жумуштары болуп жөнөп калат, кошо  Кабатай чоң атабызды ээрчитип кетет. Ошо барышта жумуштары менен көпкө жүрүп  калат. Белек чоң атабыз Бишкекте ооруп калып , Бишкектеги  уйгур досунун тааныштары аркылуу  калаанын  доктурканасына жатат. Доктурдан жакшы боло албай, ажалы жетип,  каза болот.  Белек атабыздын уйгур досу  өлүктү эми кантиш керек ,  ушу жерге эле койсомбу деп ойлонуп, эмне болсо да балага кеңешейин деген ойго келет.

“Эмне кылабыз: атаңдын  сөөгүн  алып кете аласыңбы же ушул жерге  коелубу”,-дейт. Кабатай: “ Жок бул жерге койбойм, айылыма алып кетем”,- дейт экен. Ошол убакта Кабатай он эки жашта болот.  Баланын кайратына таң берип,  аяш атасы Белектин сөөгүн атка жүктөп, балага жетелетип эки күндүк жолго узатып, эки күн ичинде сөөктү кандай сакташ керектигин,  эртең менен атка  кантип артарын үйрөтөт. Эми ушундай кылып жасап бара бер, жолуң ачылсын, аман эсен жетип ал деп, батасын берип,  баланы узатып, өзү кайтып кетет. Кабатай кечке  маал болуп келе  жатканда ылайыктуу  жерге жайгашып, атасын сөөгүн мурда көрсөткөндөй  кылып сууга байлап, эртең менен атка жүктөп, атын жетелеп отуруп он эки күн дегенде ашып Ак Терекке келген кезде, айылга  кабар жетет. Ошондо, туугандар түн катып Ак Терекке жете барышса, бала атын жетелеп жөө келе жаткан болот. Атка мингизип,  үйгө алып келгенде  баланын бутун чечип көргөндө, бутунун тамандары жарылып, жараланып кеткен болот. Жара болгон буттары көп күндө айыгат. Белекти жерге койгондон кийин, Кабатайды  Белектин бир тууганы Байтөрө чоң атам өзү колуна алып, чоңойтуп үйлөндүрүп, атасынан калган малын  өз оорду менен  бөлүп колуна тапшырып, эми оокатыңды, жашооңду  өзүң улап кет деп батасын бериптир.

Кабатай андан кийин айылдагылардын башы жана тыңы аталат. Карга бийдин уулу Райымдын балдарына баш көз болуп, бар жогуна  колунан келишинче жардам берип, сырткы алыш бериш Кабатайсыз бүткөн эмес. Эл-журтка карамдуу болуп, колунда жокторго  жазгысын саан берип, жер айдап сээп алганга унаа берип каралашып турган. Мингичи жокторго мингенге, оокатын жасаганга ар бирине жакшы багып мингиле  ат берген. Атын өзүнө керек болмоюнча алган эмес. Мингендер атты өзүнүн атындай  пайдаланып жүрүшкөн. Миңге жакын койу, жүздөй жылкысы бар болчу дешет. Малын баккан малчылары эле өлгөнүн, жок болгонун  жаз, күз  эсептешип ошол малчысы айтканына  макул таап аны эмне жоготтуң, же эмне өлтүрдүң  деп урушпаган.  Баккан малчыларына  ишенип берип бактырган.  Кышкысын  согушта үч төрттөн бодо, жыйырмадан ирик  сойчу дейт. Кышында кышкы согум жана  жазгы сүр деп элге үч төрт жолудан , орозо кармагандарга эки-үч жолудан ооз ачтырып тамак берип турган. Жазында бээ байлаганда кымызга чакырып малын союп, казан аштуу болгон. Сырттан айылга келген конок, Кабатайдыкынан сый көрүп  узап турган.  

Айтылуу Куйручук олуя айылга келип, айылды кыдырып ар бир үйдүн ээлерине сын айтып, алардын кыймыл аракетин , мүнөздөрүн өзү ошол адамдар менен чогуу жүргөндөй, так таамай айткан. Айылды кыдырып келип, акырында  Кабатай чоң атабыздыкынан конок болуп, бир күн өргүп сыйын көрөт. Ошондо Куйручуктан Кабатай: “ Куке  атайын келип калыпсыз, эмне аласыз?”-  деп сурайт. Куйручук  айтыптыр: “Берсең  кунан  ноопаз  болсун , жаңы үйрөтүлгөн , мурду жаңы көзөлүп чүлүктөлгөн, өңү сарала болсун . Берсең мына ушундай мал алам ,”- дейт.

Андай ноопаз   өзүндө жок экенине карабай, айылдан издетип таап бериптир. Ноопазды жеткирип бергиле деп эки киши кошуп берет. Мындай узап дагы бир айылга барганда,  Куйручук олуя жолдон жоолуккан адамга   ноопазды  оокат кыл  деп  берет да , сапарын улап кетет.

Малды Анжиянга айдатып ошол жак менен соода  сатык жасап, байланыш болуп турган. Малды сатыка алып барып,  барган адамдарга иниси Сыргатай  жетекчилик кылган . Кабатайдын айтканындай малды кездеме, күнүмдүк  керектүү шаймандарга алмашып, андан башка дагы  алтынга жана тай туякка дагы соодалаштырган. Тай туяк  тайдын туягындай формада куюлган алтын, күмүш болгон.  Айыл боюнча же  Кадыралы өрөөнүндө  алтын кармаган бай Кабатай гана болуптур.  Өзү кулака тартылып,  куугун сүргүн башталганда Кадыраалы өрөөнүндөгү Ит Жетпестин талаасы деген жерге  тай туяк алтындарын, пилдин сөөгүнөн жасалган мөөрүн, зер буюмдарын жигиттерин алып барып каттырган деп эл айтат.  А мүмкүн , элден кетээрде өзү алып кеткендир? Ким билет…

Айылга, болжол менен 1910-1912-жылдар  болсо керек, ошо жылдары  мечит салдырган.  Мечитке кеткен чыгымдарды өзү көтөрүп,  элди уюштуруп  ашар менен кыш куйдуруп, устун  алдырып, тактай тилдирип, устага  жана иштегендерге акысын  берип  салдырыптыр.                                                    

Устаны  Кашкардан  алдырып келген.  Мечит бүткөндөн кийин  мечитке  чилтенге отурган Калыбек Молдону  балдарды окутасың  деп милдеттендирген. Мечитке балдарды чогултуп, кат сабатын жойдурган.    Мечити 1931-32- жылдардан баштап мектеп, кантор  болуп турган. 1950-жылга чейин 1960-жылдан баштап  кайра мечит кылып пайдаланып туруп, 2001-жылга чейин, оордуна жаңы мечит курулганга чейин иштеп турган.

Заман ооп, бийлик жаңы заман дыйкандарга келип , эл эмне болоуп кетет, кандай болот деп турган учур.  Ал учурда  Кабатай жайлоодо болот. Сейитбай  деген байлардан сурак алып жатыптыр деген кабар угуп турушат.   Учурда Кабатайга да   чакырыкчы келип сизди Сейитбай  келсин деп чакырып атат деп айтып кетет. Эми эмне кылуу керек деп, жайлоодогу  туугандарын жана жигиттери менен кеңешет. Бири барыңыз,  экинчиси барбай эле  көздөн далдоо тура туруңуз деген кеңеш айтышат. Акыры эмне болсо да баралы, бара көрөбүз. Оң болсо оңуна,  сол болсо анысына жараша болосуңар даяр тургула деп колдо бар жарактары менен даярданып ,  иниси Сыргатайды ээрчитип жолго чыгат. Сыргатайдан жооп алып  ошого жараша  аракет кыласыңар дейт. Кабатай жигиттерин ээрчитип жакага түшүп келсе,  жыйын болуп болуп жаткан болот, салам айтып барып калышат. Ошондо Кабатайдын келгенин Сейитбайга айтышат. Айтып келгендерге үйгө киргизип сыйлагыла деп жакшы кабыл алат. Эми сизди чакырткан себебим: менин бийлигимди  көрүп сый урматымды көрсүн дедим . Ошол мезгилде байларды сурака алышып,  кедейлерди иштетип , аларга акысын алып бербей кыйнагандарды  жер которуп айдатып жаткан экен. Эми жакшы кабыл алды, сен барып элди тынчытып тур  деп  жигитин айылына  жөнөтүп жиберет. Өзү Сейитбайдын сыйын көрүп,  эки- үч күндөн кийин үйүнө барып, бир  топко тынчып жатып калат. Андан кийин байларды кулака тартуу кайра башталып, 1930-жылдары жер которуп көчүрүп жиберилет да , барган жеринен акталып келсе, айылда абал жакшы эмес. Уулдарын кулактын баласысың деп камап коюшкан. Коллективдештирүү башталып байлардын малын алып, ортого чогулта башташат. Жер которуп барып келгенден кийин айылдагы акыбалды көрүп, мындан ары айылда тынч  жашоо болбосун билип өзү кетип калган экен. Ошол боюнча кабар жок болуп,1946-47- жылдары Тоголок Молдо акын Жамбылга (Казакстан) Абайдын 100 жылдык мааракесине барганда  жолугат. Жамбылда жашап, үйлөнүп, эки кыздуу болгонун айтат. Атымды Жаманбай деп которуп алдым деп айткан экен. Издеп барганга мүмкүнчүлүк болсо да, балдары , инилери ал кездеги абалдан коркуп бара алган эмес болуш керек.

Баласы Акин ал кезде камакта болуп, кийин малын өкмөткө алыш үчүн камактан бошотушкан. Келип малын  тоодон айдап түшүп, берчүлөргө берип, калганын айдап барып өкмөткө өткөрүп бериптир.  Малын өткөрүп алгандан кийин, өкмөт Акиндин өзүн айдатып жибериптир.

 Байтөрөнүн уулу баласы Шермат ал кездерде эрезеге жетип эл аралап, элдин  барына да, жогуна да сереп салып, колунан келишинче кеңешин айткан  эл адамы болуп калат.  Айылда 1931-жылдан баштап ар кайсы кокту колоттогу жашаган элди бир жерге отурукташтуруу  учурунда көп эмгек кылган. Май кыштагын курушат, алгачкы мектеп 1932-жылы  башталып бүткөрүлөт. Элди отурукташуу учурунда  көп эмгек кылган, 1932- жылы которулуп Жеңиш колхозуна жаңы уюшулган чарбага башкарма болуп  иштейт. Андан кийин  Тогуз Торо районуна которулуп, аяктан сельсовет болуп иштеген жана башкарма болуп ар бир колхозунда иштептир. 1933-жылдын 1949-жылга чейин иштеп турган  колхоздорунда согуш учурунда кыйналып, ачка калган элге айылдагы мергендерди чогултуп, тоо кийиктерин аттырып келип, элдин санына жараша  бөлдүрүп берип, элди ачкадан аман алып калган.  Тогуз Торо районунда сельхоз отделде начальник, райондун аткаруу комитетинин жооптуу катчысы болуп иштеп турган.

Кабатай  белгисиздикке кетет, өлүү тирүүсү билинбей. Баласы Акин кулака тартылып, камалат. Акиндин  баласы Макелең айылда Байтөрөнүн   байбичесинин колунда калат.  Ал кезде кулактын тукуму деп, балдарды НКВД алып кетип, балдар үйүнө өткөрүшкөн. Акиндин уулу беш жашта болгон. Ал кездеги атка минээрлер жетим баланы кулактын баласы деп куугунтука алышат, аны издеп келгенде баланы ар тарапка жашырышкан. Аргасыздан жүк жыйган тактанын астына, казандын астына киргизип көргөзбөй эжелери багышат. Ошол учурда Шермат Нарынга отчетко келип, энесине учурашканы барып, жайланышып отургандан кийин, энеси Шерматка Макелеңди  куугунтуктап тынч алдырбай жатышат дейт. Андай болсо Макелеңди өзүм алып кетейин деп, өзүнө каттатып бала кылып алат.

Макелеңди окутуп, ветеринардык врач адистигине ээ кылат. Ал тири карак болгондуктан, 8-март колхозуна башкарма  болуп иштейт. Жаңы Талап  колхозуна башкарманын орун басары болуп иштеп турганда, мезгилсиз каза табат. 1963-жылы декабрь айында 32 жашында оо дүйнө салат.

 Тогуз Тородон кийинки келгенинде  Кабатайдын кичүү баласы Аманбайды да алып кетип, ошол жактан иштетип коет. Кийин түрмөдөн бошогондон кийин Акин дагы Тогуз Торого барып, ошо жакты байырлап  Шерматтын аркасы менен кызматта иштеген.  Аккан арыктан суу агат дегендей, бир чети агасынын кадыры менен ал дагы 1955- жылга чейин сельсовет, башкарма болуп, кийин живсырьенун начальниги болуп иштейт.1962- жылы Тогуз Торо районунун Кызыл Жылдыз колхозунун экспедитору болуп иштеп турганда жүрөгүнөн приступ берип , 49 жашында дүйнө салат.Акин кийин көптөгөн кыйынчылк баштан өткөнүн , кулактын тукуму деген куугунтук болгонуна карабай,  агабыз  Шермат чоң кызматтарда иштеп калып, акемдин аркасы менен элге аралашып кызматтарда иштедик деп айтаар эле. Акем болбосо  эмне болмокпуз, ким болот элек.

Шермат Тогуз Тородо өзү да жакшы иштеп, элге алынып  мамлекеттик кызматты дагы так аткарып 1941-1945-жылы согушта, тылда жакшы иштегендиги үчүн “ За доблестный труд Великой отечественной войне 1941-1945” медалы менен сыйланган. Андан кийин 1949-жылда Куланак районуна келип  керек жарак коомунун төрөгасы болуп, 1951-жылдан 1954-жылга чейин Куланак районуна караштуу 1-май колхозунда башкарма болуп иштеп турганда, колходун экономикасы аябай жогорку деңгээлде өскөн. Чарба ошо кезде аябай өнүгүп кой 10000 баштан ашып, жылкы 800 дөн ашып, уй 400 баштан ашык болуп, ошо кезде өнүгүп жаткан чарбаны район боюнча жалгыз гана Шермат башкарган. 1-май колхозунда машина болгон 2 полуторка, 2 ГАЗ-51 авто машинасы болуп, малчыларды Кочкорго өз машинасы менен көчүрүп турган. 1954-жыл колхозду бириктирип, иргелештиргенде 1-май колхозун Каройго кошот.Май колхозу болуп аталып, андан кийин  да көп жыл  Май колхоз болуп жүрдү. Кийин Тоголок Молдо колхозу болуп калды. 1954-жылдан баштап, колхоздо ферма башчысы, бригадир, кампачы болуп өмүрүнүн акырына чейин иштеди.  Айылдагы ынтымакты, ашыкча болгон тентектикти жана элдеги чыр чатакты өзүнүн акылы, сөзмөрдүгү менен, алыстан келген адамдардын чыр чатагын калыстык менен  чечип,  бир адамды да кириптер кылып милицияга жибербей чечип жайгаштырып койчу экен.

Күнөөсү барын мындан ары жамандык ишке барбай жүр деп насаатын айтып турган. Айылда көрүнүктүү калыс инсан болуптур. Айыл эле эмес Нарын обласы боюнча өз  курагындагылар арасынды айдыңдуу адам болгон экен. Байтөрөев Шерматтын өз балдары болгон эмес. Кабатай манаптын эки баласына турмушта өз ордун тапканга жардам берип, алардын уулдарын өзүнө каттатып багып чоңойтот. Жашоодо уулдары болуп  эскерилбеген адамдар бар. А биздин чоң атабыз Шермат  оор учурда адамдардан жүз үйүрүп бурулуп кетпестен, коркунучтарга карабай жакшылык кылы билгендиги үчүн дайыма унутулбай айтылып келет.  Нарындын Ак-Талаасында биз — Шерматовдор барбыз.  Адамкерчиликти,  адамга деген ишенимди туу туткан, барга көппөгөн, сыноону сабырдуулук менен көтөргөн, ата- бабадан келе жаткан баалуулуктарды аздектеген “ чоң теринин бучкактары”.

Бул эскерүүнү атам “Эскерүү дептерлерине” түшүрбөсө мен жазбас белем. Атам быйыл 73 жашка чыкты. Аталар өз аталары жөнүндө баян айтканы – бул аталардын уулдары калып, алардын жашоосунда өмүр улаганы. Жашоонун, өмүрдүн текке кетпегени. Мен дагы каалар элем, мен жөнүндө неберем “Эсимде” деп жазуусун.

Бир Ата жөнүндө жазам деп баштадым эле, бир нече Ата жөнүндө жазылып калды.  Аталаш бир туугандар ортосунда ынтымак болбосо , аларды күткөн , жардам бере турган жакындары болбосо ,  Кабатай байдын же эл айткандай манаптын урпактары  өз ордун таппай калаар беле. Улуу Революциянын Жеңишинен кийин көптөгөн адамдардын тагдыры капысынан көнүмүш огунан чыкканы жашырын эмес. Токсон жылга жакын убакыт өттү. Уулум айтат, “Жди меня” менен издеп көрбөйлүбү деп.  А мен айтам, уулу бардын өзү калат. Урпактардын эстегенинин өзү, эл айткандай Кабатай манаптын бар экендиги. Ал биздин эсибизде. Бул эскерүү Армандуу тагдырдын ээси, менин атам Кубандын чоң атасы Кабатай манапка эле эмес, Советтер Союзу деген зор машинанын курмандыгы болгон, кыргыздын бөтөн эл, бөлөк жерде элге деген кусалык менен жүрүп, көздөрү өтүп, туулган жерден топурак буюрбай калган, бирок кылымдар закымында өз урпактарына дем берген, Кыргыздын камчыга сап эрлерине, тагдырдын татаал жүгүн көтөрүүгө бел болгон  энелерге коюлган  Гүлдесте болсун.

Ооба. Эсибиздесиңер. Эстейбиз. Арман менен. Сыймык менен.

Материалда баяндалган автордун пикирлери “Эсимде” командасынын позициясын чагылдырбайт.