Биз соц.тармактардабыз:

Эсеналиева Гүлжамалдан жеке тарых: Сатыбалды Нааматов жана Кыргызстандагы алгачкы агартуу иштери

8 апреля, 2022 г.

“Эсимде” изилдөө борбору 2018-жылы «Адамдын тагдыры. Кыргызстан –XX кылым» — аталыштагы сынагын жарыялаганда, бул ангеме Эсеналиева Гүлжамалдан келип түшкөн. Адамдар жана үй-бүлөлөр башынан кечирген, муундан муунга оозеки айтылып келген окуя жана эскерүүлөрдү сактап калуу маанилүү деп эсептейбиз.  

С. Нааматов

Сатыбалды Нааматов 1905-жылы Ат-Башы өрөөнүндөгү Балагазы (азыркы Жаңы-Күч) айылында бийдин үй-бүлөөсүндө туулган. Ыбырайым Абдрахмановдун жазып калтырган кол жазмасына караганда Сатыбалдынын чоң атасы Токтогул Кашкардын чыгыш жагындагы Келте-Жайлак деген жерди жайлап жүрүп, 1876-жылы Наамат төрөлгөндөн кийин Ат-Башыга көчүп келип отурукташып калган. Токтогул улуу аялынан Наамат, кичүү аялынан Кенжегул атуу эки уулду болгон. Өзү оокаттуу болгондуктан, балдарына кыйынчылык көрсөтпөй, молдолорго берип окутуу менен жакшы тарбиялап өстүргөн. Натыйжада Наамат жаштайынан элге алымдуу, ар нерсеге жөндөмдүү, сабаттуу болуп эр жеткенден кийин Черик уруусунун ичиндеги Ак Чубак уругуна бий болуп шайланат. Наамат калыс, элге карамдуу бий болуп, кадыр-баркы артып турганда, баласынын кадыры менен Токтогул Мекеге барып ажы болуп келген. Токтогул ажы Мекеге барганда ар түрдүү китептерди, саат жана башка буюмдарды ала келип, «балдардын бирөөсүн Стамбулдан окутсам жакшы болоор эле», деп, балдары келечекте эл керегине жараган билимдүү уулдардан болуусуна тилек кылган экен. [1]

Наамат бий үч аял алган, улуу аялы — Уултай көптү төрөп, бирок балдары токтобой жүрүп Түркмөн, Сатыбалды деген эки уулугана аман калышат. Кичүүсү төрөлгөндө «сатып алдык» деп ырымдап, атын Сатыбалды коюшат. Наамат бий Момокан деген жээни каза болуп калганда, анын жесир калган Кызалак аттуу аялын алып, андан Курманаалы, Айымкан аттуу бир уул, бир кыздуу болушат. Кичүү аялы- Сейилмандан: Белек, Жапек аттуу эки уул, Күлүш аттуу бир кыздуу болгон.[2]Наамат бийдин кичүү аялы Сейилман белгилүү манасчы, агартуучу Ы.Абдрахмановдун жалгыз карындашы болгон. Булардын үй-бүлөсү 1916-жылдагы көтөрүлүштө Ысык-Көлдөн эл менен кошо Кытайга качып барышкан. Кийин 1918-жылы кайра кайтышканда Кашкар аркылуу Ат-Башы жергесине келип жашап калышат. Ошондо Наамат бий Сейилманды кичүү аял кылып алып калган. Сейилмандын ата-энеси, туугандары Көл тарапка көчкөндө, жалгыз карындашына каралашып агасы Ыбырайым Абдрахманов Нааматтын үйүндө жүрүп калат. Ушул учурда Наматтын улуу байбичесинен төрөлгөн Сатыбалды 12-13 жаштарда болгон.

Сатыбалды Нааматов кичинесинен зээндүү болуп, алгач айылдык молдолордон, кийин кыргыз, орус-тузем мектептеринен окуп сабатсыздыгын жоёт. Айрыкча таякеси Ыбырайым Абдрахманов менен бир үйдө болгондуктан, ал кишинин таасири астында билим алууга кызыга баштайт. Муну байкаган таякеси Сатыбалдыны атка учкаштырып алып, ата-энесинин каршылыгына болбой, Алматыдагы Казак-кыргыз эл агартуу институтуна алпарып өткөрүп келет.[3] Бул институтта окуп жүргөндө турмушка болгон көз карашы калыптанып орус, татар, казак, өзбек адабияттарын көп окуп, өзү да аңгеме, ырларды жазып, басма беттерине жарыялап турган.

С. Нааматовдун шакирттери

Элибизде сабатсыздыкты жоюу үчүн, 1925-жылы 25-октябрда Бишкекте жаңы типтеги окуу жайы-Эл Агартуу институту ачылып, кийин алпедагогикалык техникумга айланган. 1927-28-окуу жылында педагогикалык жумушчу факультети /рабфак/ ачылып, 1932-жылы республиканын эңалгачкы жогорку окуу жайы-Кыргыз Мамлекеттик Педагогика Институту уюшулган.34 Ушундан баштап биринчи мугалимдерди даярдоо иши жолго коюулган. Буга чейин сабатсыздыкты жоюуда, кеңеш өкмөтүнүн максаттарын иш-жүзүнө ашырууда, маданий-агартуу иштерин жылдырууда Уфа, Казан, Алматы, Ташкент шаарларындагы жогорку окуу жайларын бүтүрүп келген агартуучулар алдынкы катарда туруп, алгачкы кыргыз алиппесин, окуу китептерин, алардын методикасын жана башка окуу куралдарын иштеп чыгуу менен алгачкы авторлору катары кыргыз тарыхында өчпөс из калтырышкан.Алардын арасында агартуучу, жаш илимпоз, окумуштуу-педагог, кыргыз тилин окутуунун методикасына негиз салуучу-Сатыбалды Нааматов болгон. Ал — Кыргызстандын маданий-агартуу ишине негиз салган көрүнүктүү ишмерлер: Э.Арабаев, К.Тыныстанов, Т.Жолдошев, О.Алиев, Б.Данияров, А.Шабданов, Х.Карасаев ж.б. улуу адамдар менен иштешип, кыргыз элинин келечеги үчүн илимий — педагогиканын башатын түптөгөн.

1928-жылы Эл агартуу Комиссариаты тарабынан Сатыбалды Нааматовду Кыргызстан Мамлекеттик Басмасында иштөөгө, борборго алып калышат. [4] Мына ушул күндөн баштап Сатыбалды Нааматовдун алгачкы эмгек жолу башталган. Ал Кырмамбаста редактор, ушул эле учурда педагогикалык техникумда мугалим болуп, педтехникумдун директору Петр Кузмич Юдахин, окуу бөлүмүнүн башчысы Базаркул Данияров, алдынкы мугалимдер: Екатерина Ивановна Сидоренко, Н.М.Шубин, В.Г.Образцов, Г.И.Хоролец, В.А.Лунин,Б.И.Зимма, А.И.Игнатьев ж.б. менен чогуу иштешет. Ошол учурда (1928-1933-жылдары) кыргыздын бир катар белгилүү инсандары бул окуу жайында окушкан.[5] Алсак, А.Осмонов, К.Маликов, З.Бектенов (Зыяш Бектенов 1931-жылы педтехникумга мугалим болуп калган), Р.Шүкүрбеков, Ж.Бөкөнбаев, С.Сасыкбаев,Ш.Жамансариев, Т.Байжиев, М.Абдыкеримов. П.Синелшиков, Ж.Самаганов, Г.Айтиев, Ч.Койчуманов, М.Алыбаев, М.Элебаев, С.Күмүшалиева, Боронбай уулу Райымбек, А.Айдаркулов ж.б.Бул улуу инсандарга Сатыбалды Нааматов да билим берип калган. Бул тууралуу  Абдрасул Токтомушевдин эскерүүсүндө: «А.Осмомов С.Нааматовду «Биздин мугалим» деп атоочу. Алыкул, Кубанычбек да Сатыбалдыны жакшы адам деп макташаар эле» [6] — деп эскерсе, Зыяш Бектенов: «Сатыбалды Нааматов биздин техникумга адеп келгенде эле педпрактикага жетекчи болуп келип, бизге нормативный грамматиканы окутчу» — деп эскерет. [7]

Сатыбалды Нааматов чоңдор үчүн кайра — кайра оңдоп, түзөтүүлөр менен жети жолу басмадан чыккан алиппенин, балдар үчүн жазылган беш алиппенин, биринчи жана экинчи о.э. чала сабаттуулар үчүн он эки окуу китептин, беш методикалык китептин, башталгыч класстын мугалимдери үчүн алты программанын, ондогон илимий — методикалык макалалардын жана методикалык каттардын, балдар үчүн үч көлөмдүү аңгеменин (өз-өзүнчө китеп болуп чыккан) автору болгон.[8]

Чындыгында эле Сатыбалды Нааматов жаңы эле кабыл алынган латын алфавити менен, учур талабына ылайык окуучулардын жаш өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен балдар жана чоңдор үчүн алиппе, окуу жана методикалык китептерди, методикалык каттарды башкалардан айырмаланып өтө көп жазган.Ал ошол учурда кыргыз тилин окутууга байланыштуу методикалыкадабияттарды алгачкылардан болуп жазган жана кыргыз тили боюнча окуу программаларын түзүү ишине да активдүү катышкан.[9] Сатыбалды Нааматов биринчи жолу «бүтүн сөз» жана «сүйлөм» методун колдонуп, аны алиппе, окуу китептеринде практикалаган. «Бүтүн сөз» методун «америка методу» деп аталган.[10] Бирок бул метод иш жүзүндө аз мезгил гана пайдаланып, кайрадан «тыбыш» методуна өткөн. Себеби, «бүтүн сөз» методу Америкада чоңдорду окутууда гана колдонулган. Ошондой болсо да С.Нааматовдун «бүтүн сөз» методунун негизинде түзүлгөн алиппе жана окуу китептери сапаттуу чыгып, сабатсыздыкты жоюуда бир далай кызмат өтөгөн.[11]

С.НааматовЭлагартуу Комиссариатынын мектепбашкармачылыгынын алдында программаларды жана окутуунун методикасын иштеп чыгуу секторунун башталгыч класстар боюнча адисти катары иштеп турганда, Кыргызстандын булуң-бурчтарына командировкага жиберилип, текшерүү жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен айыл-кыштак мугалимдерине педлаборатория, мугалимдер үчүн  консультациялардыөткөрүп, ондогон илимий-методикалык каттарды, макалаларды жазып, мугалимдерге чукулдан көмөк көрсөтүп, эл агартуу Комиссариатынын алдында уюшулган республикалык методикалык бирикмелердин иштерине жетекчилик кылып, педагогикалык көргөзмөлөрдү уюштуруп турган.[12]

Наркомпрос  Пановдун  буйругу менен С.Нааматов башт. кл.методисти жана башкы адиси жана кыргыз тили бөлүмүнүн жетекчиси болуп дайындалат. Фрунзе1933-ж. 2-декабрь.

С.Нааматов 1929-жылы  “Сабатсыздык жоюулсун” деп аталган чондор учун алиппени,бириичи жолу аялдарга арнап «Туңгуч» деп аталган аялдар үчүн окуу китебин  5000 нускада басмадан чыгарган. Бул окуу китеби кыргыз аялдарынын сабатын ачууда, алардын жаңы турмушка болгон көз карашын жаңыча калыптандырууда эбегейсиз эмгек болгон.Китепте балдарды кандай тарбиялоо керектиги жөнүндө «Бала тарбиялоо жөнүндө», «Жаны төрөлгөн баланын салмагын өлчөө», «Баланы эне сүтү менен асыроо», «Баланы эне сүтүнөн башка тамак менен асыроо». «Баланы кириндирүү», «Баланын кийими», «Бешик» аттуу бир топ текстер, ошондой эле жугуштуу оорулардан сактануу боюнча да кеңеш катары «Жугуштуу оорулар», «Котон жара» ж.б. темадагы тексттер берилген.Бул окуу китеби «Аялдар жөнүндө кеңеш мыйзамы» аттуу темада, аялдар менеи эркектердин теңукуктуулугун далилдеген бир катар мыйзамдар жазылуу менен аяктаган.[13] Анын «Сабатсыздык жоюулсун» алиппеси 1932-жылдан «Сабаттуу колхозчу» деген аталышта жыл сайын оңдолуп толукталып 100 миң нускада басылып чыккан. Латын  тамгасында И. Арабаев менен К. Карасаев чоңдор үчүн “Жаңылык ” аттуу алип-бээ түзүшүп, ал 1928жылы Кыргызмамбас тарабынан 10000 нускада басылып чыккан. Бирок С. Нааматов түзгөн китептер талаптарга жооп бергендиктен Парткомпрос тарабынан түзүлгөн комиссия 1930 жылдан баштап ошол автордун китебин чыгарууну сунуш кылган.

С. Нааматовдун «Кичинекей  колхозчу»  /1931/ алиппеси авторлор кеңешмеси тарабынан, К.Тыныстановдун сунушу боюнча «сүйлөм» методунун негизинде түзүлгөн. Бул алиппе китебинде бир топ шарттарды эске алуу мекен жеңилден оорго, жакындан алыска баруу принциптери сакталган.Ошондой эле «Кичинекей колхозчу» алиппесинин  алгачкы  беттеринде сүрөттөр берилип,алдына сөздөр /аттары/ жазылып коюлган. А эгерде«сүйлөм» методу менен түзүлгөн болсо, анда эмне үчүнсөздөр менен гана берилген деген суроо туулушу ыктымал.  Аны  С.Нааматов мындай деп түшүндүрөт: «Окуучулардын ой-жүгүртүүсүн тереңдетүү үчүн, өздөрүн сөз улап айтууга   көнүктүрүүдө  сүрөттөргө карап, алдына жазылган негизги сөзгө, сүрөттөрдөгү кыймыл-аракеттерди    кошуу.    Мисалы:   Орок   оруп жаткан кишинин сүрөтүнүн алдына «Ата» деп жазылып коюлган. Окуучулар сүрөткө карап «Ата орок оруп жатат» деп өздөрү  табуулары  керек.Ошондуктан АТА,  БАЛА,  АПА ж.б. жеке сөз болуп тургандыгы менен, сүрөттөгу кыймыл-аракетти бириктире келгенде сүйлөм эсебинде түшүнүү керектигин белгилеген.[14]

С.Нааматов бир топ адабияттарга таянып, алардын негизинде эне тилибизди окутуунун  методикасын иштеп чыккан. Алсак, «Родной язык в школе» /учеб. пособ. для школ. 2 ступ/, П.Афанасьев «Родной язык и комплексной системе преподавания», И.Шапошников «Как обучать грамоте», К.Бархин «Развитие речи и изучение художественных произведений», А.Смирнов-Кутаческий  «Комплекс и грамотность»,  «Программы   и  методические записки единой трудовой школы» вып. II, «Жаңы мектеп» №2.3. 1929-жылкитептерин пайдалануу менен «Эне тилинин методикасы» китебин жазып, 2000 нускада 1930-жылы басмадан чыгарган. Бул китепке чейин Э.Арабаевдин «Жазуу жолунда саамалык» аттуу китеби чыгып, ал китепте 11 сабакты окутуунун жолу көрсөтүлгөн болсо, С.Нааматов түзгөн «Эне тилинин методикасы» китебинде, тилдин келип чыгышынан тартып, окуу-жазууга үйрөтүү методдору жөнүндө, балдарды сөзгө көнүктүрүү, көркөм чыгармаларды окутуу жумуштарына чейинки методдор көрсөтүлүп, алты бөлүмгө бөлүнгөн. С.Нааматовдун бул методикалык китебинин чыгышы, республикадагы мугалимдердин сабак өтүүдөгү биринчи жардамчысы болуп калган.[15]

С. Нааматов бир гана сабатсыздыкты жоюу менен эле чектелбестен, балдарга арнап, «Жөжөлөр», «Тынымкан», «Шексиз тилек» ж.б. ангемелер жыйнагын, «Барса келбес сапар» повестин, «Түштүктөгү жер төңкөрүшү», «Аял» поэмаларыжана башка көптөгөн  китептери басмадан чыгарылган.  Ошондой эле орус классиктери Н.В. Гогольдун «Текшерүүчүсүн», Д. Фурмановдун «Козголоңчусун», М. Горькийдин «Егор Булычевин», М. Шолоховдун «Тынч Донун», казак тилинен «Шерниязды» кыргыз тилине которгон.

Кулакка тартуу жылдары

1929-жылы 27-декабрда Сталин «кулактарды тап катары жоюу» ураанын жарыялагандан баштап «бөрк ал десе, баш алмай» саясат айрыкча Кыргызстанда күч алып, анын кесепетинен кандуу жылдарда жалган жалаа менен тагдырларына балта чабылган. Кыргызстан областык партиялык уюм өз алдынча иштеген 8 жылда, союздук масштабда жүргүзүлгөн компания боюнча тазалоону төрт жолу башынан өткөргөн. Натыйжада мамлекетке, элге берилип эмгектенип жаткан көптөгөн күнөөсүз, таланттуу ишмерлер партиядан чыгарылып, кызматтарынан бошотулган. Бул жагынан республикалык жана жергиликтүү партиялык жана советтик уюмдар жогортон келген буйрук, көрсөтмөлөрдү ашыгымененаткарууга машыккан. Директивалык документтерге ылайык «туташ коллективдештирүү» жүргүзүлгөн райондордо кулакка тартуулар3-5 проценттен ашпашы керек эле.Бирок ал көрсөтмөлөр кагаз жүзүндө калып, «үчтүктөр» өз билермандыктары менен каалагандай калчап, планды ашыгы менен толтуруп, бейкүнөө элди кыргынга салышкан.[16]

1933 — жылы эле жабылган «социал Туран партиясынын» ишин кайрадан козгоп чыгышат да, бир аз аракеттер болуп, бирок толук түзүлбөгөн бул партияга тиешеси бар делип, эч жазыксыз адамдаратууга кесилген. Катаал тазалоолордун, массалык
репрессиянын               натыйжасында Кыргызстандынпартиялык уюму 1934-жылдын январынан 1934-жылдын апрелине чейин эле 14 миң адамдан 6 минге кыскарган.[17]  Кыргызстандын маданиятына, илим-билимине биринчи чыйыр салган, алгачкы илимпоздор жана коомдук ишмерлер мына ушул кандуу репрессиянын тузагына илинишип, жалган жерден бейкүнөө атылып кетишкен. Алсак, Б.Солтоноев, Э.Арабаев, Е.Поливанов, К.Тыныстанов, С.Наматов, А.Шабданов, Б.Данияров, Б.Исакеев, А.Орозбеков, Ж.Садаев, И.Айдарбеков, Т.Айтматов ж.б. кыргыз элинин чыгаан уулдарынын атын атасак болот. Бул улуу ишмерлер Совет бийлигинин алгачкы жылдарында эле жапырт сабатсыздыкты жоюуда, коомдук иштерди жүргүзүүдөэң көп иштерди аткарышып, кыргыз элинин келечеги үчүн зор салым кошушкан.

Архивдик маалыматтарга токтолсок: 1934-жылдын 1-ноябрына карата Эл Агартуу Комиссариатында иштеген кызматкерлердин тизмесинде: «Сатыбалды Нааматов 1905-жылы туулган, 1933-жылдан бери башталгыч класстардын методисти, бийдин баласы, ВКП /б/ нын мүчөсү, Нарындан келген. Первомайская 64 дарегинде жашайт»  деп жазылган. Ал тизмедеги Эл агартуу Комиссариатындагы 38 кызматкердин аты  жазылган, алардын ичинде алтоо кыргыз болгон: Токчоро Жолдошев, Үсөн Иманов, Базаркул Данияров, Ногойбаев жана Маманова. [18]

С.Нааматов Эл агартуу Комиссариатынан 1935-жылдын 17-февралында ошол учурдагы Эл агартуу Комиссары Токчоро Жолдошевдин буйругу менен кызматтан алынган. Буйруктун 3-параграфында мындай деп жазылган:

«Методиста Школьного управление тов. Наматова как чуждого элемента, протаскивающего в учебниках чуждую нам идеологию «Букварь для детей и букварь для взрослых» протаскивал теорию «Долой Коня и Верблюда», квалифицировал национальные части Красной Армии-как Национальные армии с 17/02 с г. с работы снять.

Создать комиссию в составе тов. Абрамова, Саманчина, Юнусалиева для просмотра всех учебников, составленных Наматовым. Работу комиссии закончить к Iму марта и представить полные рецензии на просмотренные учебники».

1935-жылдын 17-марттагы Эл агартуу Комиссариатынын №90 буйруту менен С.Нааматовдун бир катар окуу китептери, алиппелери окуудан алынып салынат.[19]

1937-жылы 10-августта Эл агартуу Комиссары О.Алиевдин №152 буйругу менен Сатыбалды Нааматов Пединституттагы кызматынан алынат. Ал буйрукта мындай деп жазылган:

Приказываю директору Пединститута тов. Тынаеву снять с работы а Институте С. Нааматова, как националиста, протаскивающего Тыныстановскую националистичеекую концепцию в методтических языковых вопросах.[20]

Ушул эле буйрук менен Тыныстановдун китептери, кол жазмалары жок кылынууга буйрук берилип, ошондой эле институтта кыргыз тили боюнча илимий кызматкер Х.Карасаев да, К. Тыныстановду жактоочу, улутчул катары жумуштан алынган.

С.Нааматов 1937-жьлы 10-августта Институттагы кызматынан алынгандан кийин эле үйү тинтүүгөалынып, үйүндө болгон китеп, кагаз аттуунун баары НКВДсынын кызматкерлери тарабынан жок кылынып, 26-сентябрда камакка алынган. Камакта 141 күн жатып, 1938-жылы 10 — февралда Кыргыз ССР НКВДсынын тройкасы (үч кишиси) атууга өкүм чыгарып, 14-февраль 1938-жылы Фрунзе шаарында атылган. Бирок сөөгү кайсы жерге көмүлгөнү белгисиз.

Ошол кандуу жылдардагы окуялар тууралуу  С.Наматовдун кызы -Наматова Үмүт апанын эскерүүсүнө токтоло кетсек: « Мен ошол кезде 5 жашка чыгып баарын эле түшүнүп калган кезим болчу. Ошол кездеги жашаган турмушубуз келген-кеткен кишилер, туугандарыбыз азыр деле көз алдыда элестеп турат, өзгөчө камакка алып кеткен күнү.

Ошол күнү абдан ысык эле. Мен чоңатамдыкынан өзүбүздүн үйгө келе жаткам, астыман Түркмөн авамдын уулу чыкты. Ал деле 8 жаштагы бала болчу, ыйлап келатыптыр. «Үмут бар үйгө тезирээк, атаңа милиция келди»- деди. Короого кирсем эл толуп калыптыр, эшикте чоңэнелерим, туугандарыбыз ыйлап турушуптур.

Бирөөлөр мени эшиктин жанында турган милицияга «бул кызы» дешсе мени киргизишти. Үйдүн бурчунда атам, чоң атам отурушуптур. Агам мени астына отургуза койду, анан жумуштан келген апамды киргизишти. Үйдүн ичин аңтарып чыгышып, болгон китеп -кагаздарды, сүрөттөрдү чогултуп, акт түзүштү да мешокторго салышты. Анан атамдын эки колун артына карматып, машинеге салып алып кетишти. Ызы-чуу болуп таң атканча ыйладык. Чоң атам отурган жеринен тура алган жок. Эртеси апам жумушуна кеткенден кийин чоң энем болуп отурсак милиция дагы келип, экөөбүздү жетелеп эшикке чыгарып коюшту да, үйдөгү эмеректин эч нерсесин калтырбай эшикке алып чыгышты. Жаан куюп жатты. Үйсүз көчөдө калдык.

Апам экөөбүздү Украинага айдалсын дегенде, 1-роддомдун жетекчилери менен коллективи арызданып жатып алып калышты. Апамды жетим деп сурашты, атасы, энеси, агасы 1916-жылкы көтөрүлүштө курман болушкан, бирок атамдыи Курманаалы деген иниси айдалып барып, Iжылдан кийин келип каза болду. Ошентип бизди болсо үйдөн чыгарышты, эч ким киргизбейт, квартирге акча жок, эмеректерибиздин көбү эшиктен жок болду. Кузнечный крепостко гана бизди бир орустар киргизди, ошондо бир кичинекей бөлмөдө Түркмөн авамдын үй-бүлөсү, биз, атамдын иниси болуп 2 жыл жашадык. Чоң атам кайтыш болгуча эч кимибизди жанынан чыгарган жок.

Апам болсо бир жыл түрмөнүн эшигинин алдында жүрдү. Эки эле жолу передача алышты. Экинчисинде «пияз менен бир жаздык гана жибер» дептир. Ошол передачаны «получил» деп записка жибериптир. Улам арызданып апам кирсе бир жылдан кийин гана он жылга кесилди, «выслали» дешиптир. Өмүр бою апам күттү. 51 жылдан кийин өлөрүндө«Сатыбалды» деп бир нече жолу сурап каза болду. 22 жашында калган. Эң жакын эки кишинин өмүрү заматта өтүп кетти. Азыр деле аларды жаш кезиндегидей элестетем.

Чоң энем колуман жетелеп, күндө кечке жуук эшикке чыгаар эле. Бир кезде күрөң костьюм, ак көйнөк, галстук тагынган атам келип, чоң энемди маңдайынан өөп, мени колуна көтөрүп алчу эле. Ошол бойдон эсте калышты.[21]

Это изображение имеет пустой атрибут alt; его имя файла - image-4.png
Наркомпрос  О.Алиевдин  §6, 1937-ж.10-августтагы буйругу менен С.Нааматов К.Тыныстановдун куйругу катары күнөөлөнүп, жумуштан чыгарылган
С.Нааматовдун камалганда жазган таарыныч каты. 14-октябрь, Архив 688\3\81\52

Кийин Сатыбалды Нааматовдун иши боюнча Кыргыз ССР Жогорку Соту тарабынан 1957-жылы 26-февралда кайра каралып, кылмыш иши жок болгондуктан, 1938-жылдын 10-февралдагы КыргызССР   НКВДсынын   үч    кишисинин   (тройкасынын)чечимин жокко чыгарып, акталган.\

С.Нааматовдун 1937-жылы 26-декабрда абакта жатканда аялы Салима апа киргизген  жаздык үчүн берилген жообу.

2009-жылы 9-июлда депутаттардын Нарын шаардык кеңешинин XXV чакырылыштагы VI сессиясынын токтому менен Нарын мамлекеттик университетине окумуштуу-агартуучу, жазуучу- котормочу Сатыбалды Нааматовдун ысымын берүү жөнүндөтоктому чыккан.[22]  Ушул эле жылдын 18- декабрында Кыргыз республикасынын өкмөтүнүн токтому чыккан. Анда: “ Нарын мамлекеттик университетине окумуштуу-агартуучу, жазуучу- котормочу Сатыбалды Нааматовдун ысымы ыйгарылсын жана ал мындан ары: Сатыбалды Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университети деп аталсын деген токтом чыккан.[23]  Демек , Сатыбалды Нааматов эмгегине жараша  кыргыз элинин тарыхында өз баасын алып отурат.  Касым Тыныстанов, Ишенаалы Арабаев, Сатыбалды Нааматов башында турган атактуу агартуучуларыбыздын бизге калтырган ыйык керээздерин ар намыстуулук менен  улантышыбыз керек.

Колдонулган адабияттар:

1.Ы. Абдрахманов Намат Токтогуловдун өмүрү жөнүндө жазган кол жазмадан. Кол жазма Нааматова Үмүт апандан алынган.

2. Ы.Абдрахманов. Аталган кол жазмада

3. Ы.Абдрахмановдун “Намат Токтогуловдун өмүр баяны” жөнүндө жазган кол жазмадан.

4. КР. МБА. 688. 3. 31  104 — бет

5. КР. МБА. 688. 3. 142  104 – бет

6. Мезгил жана Алыкул. Фрунзе.1990. 210-220-беттер

7. З. Бектеновдун  “С. Наматовду эскерүүсүндө”. КР. МБА. 688. 3. 31  104 — бет

8. Ы.Кадыров.«Эмгегин элге жеткирээр кез келди»«Кыргыз Туусу»1992 -жыл.18-январь

9.  А.Осмонкулов. «Кыргазстанда эл агартуу ишинин жана энетилин окутуунун

тарыхынан». 1974. 195-бет

10. С.Нааматов, «Эне тилниии методикасы». 1930-жыл

11.С. Наfматов «Эне тилинин методикас» 1930

12. А.Э.Измайлов.    «Кыргызстандагы    советтик    мектептердинтарыхы». Ф., 1961. 245-бет

13.С. Нааматов «Туңгуч» аялдарүчүнокуукитеби. 1929 – жыл

14. А.Осмонкулов. Кыргызстанда эл агартуу иштеринин жана эне тилин окутуунун тарыхынан

          1974.129-бет.

14. Өмүрзаков Ө. Сатыбалды Нааматов-окумуштуу –педагог.- Бишкек,2002

15. Өмүрзаков Ө. Сатыбалды Нааматов-окумуштуу –педагог.- Бишкек,2002

16. Ө.Ж Осмонов., А.А Асанканов. «Кыргызстан тарыхы» Бишкек 2001

17. Ө.Ж Осмонов., А.А Асанканов. «Кыргызстан тарыхы» Бишкек 2001

18.  Ы. Кадыров. «Эмгегин элге жеткирээр кез келди». «Кыргыз Туусу».1992.18.10

19. КР. МБА. Ф. 688. опис. 3 хр. №98. 61 – бет.

20. КР. МБА, Ф. 1725. 1. хр. №22

21. С.Нааматовдун кызы Үмүт Наматованын эскерүүсүндө

22. Нарын шаардык кеңешинин XXV чакырылыштагы VI сессиясынын токтому. 9-июль 2009-жыл. № 5 токтом.

23. Кыргыз Республикасынын өкмөтү. Токтом. Нарын мамлекеттик университетине С. Нааматовдун ысымын ыйгаруу жөнүндɵ. Бишкекш. Өкмөт үйү. 2009-жылдын 18-декабры, №786.

Материалда баяндалган автордун пикирлери “Эсимде” командасынын позициясын чагылдырбайт.