Биз соц.тармактардабыз:
  • Тилди тандаңыз:
  • KG
  • EN
  • RU

Эсеналиева Гүлжамалдан жеке тарых: Касымаалы болуш

8 апреля, 2022 г.

“Эсимде” изилдөө борбору 2018-жылы «Адамдын тагдыры. Кыргызстан –XX кылым» — аталыштагы сынагын жарыялаганда, бул ангеме Эсеналиева Гүлжамалдан келип түшкөн. Адамдар жана үй-бүлөлөр башынан кечирген, муундан муунга оозеки айтылып келген окуя жана эскерүүлөрдү сактап калуу маанилүү деп эсептейбиз.

1916-жылдагы улуттук-боштондук үчүн күрөшкөн Нарындык кыргыздардын жетекчилеринин бири- Касымаалы болуш

Касымаалы Мамбет уулу 1862-жылы күздө Нарын областынын Куланак айылынын Ак-Булуң деген жеринде жарык дүйнөгө келген. Мамбет  эркек  уулдуу болорун алдын ала билгенин, түшүнө аян берилгенин айтып калчу дешет, көрсө түшүндө бүркүт учуп келип, колуна конот. Ошондо Мамбет бүркүттү кош колдоп асманга учурат. Бүркүт бир топ бийик учуп барып, зооканын башына конот. Бир убакта жанында жүргөн бирөөлөрдүн айыбынанбы, бүркүттүн канаты сынып, жарым жан болуп жерде жатканын көрөт. Мамбет түшүнүн башы жакшы болуп, аягы жаман аяктаганын өзүнчө жоруп коёт. Түшүндө алдын ала билгениндей эле Касымаалы болуш 54 жашында өзүнүн жакындарынын кесепетинен бул дүйнөдөн  өтөт [1]

1916-жыл-кыргыз элинин тарыхында өчпөс так калтырган өзгөчө жыл болгон. Орус падышачылыгынын оторчулук зордук-зомбулугуна чыдамы кеткен эл түп көтөрүлүп боштондук күрөшүнө чыгышкан. Нарын аймагындагы боштондук кыймылын Касымаалы болуш жетектеген.

Тогуз-Тородогу эл бузулуп, Атайке кыштагын талап алгандан соң, Көгарттан көп аскер ашып келген. Бул аскерге саяк элинен Калпа Келдибек уулу союш, отун-суу берип үй тиккен. Бул аскерлер  Нарын суусунун жээгинде чогулган элди замбиректеп аткылаган. Мындан соң, көтөрүлүш жасаган эл Турпанга качкан. Шатен элинен Касымаалы Мамбет 200 түтүн эли, мал-мүлкү менен аман-эсен Кашкар бетине качып түшкөн. Кашкардын Чоң Багыш жеринде турганда артынан  Казы Чокоев киши жиберип «Силерге өлүм жок» деп кайтадан көчүрүп алган. Касымаалынын бир баласы, бир жолдошу менен Нарындын участковою Ковалев чакыртып алып, түрмөгө камап коюп, бир нече күндөн кийин үчөөн дарга тарткан».

“Солдат бербеске чараңар жок,силерден кызматчы алганы падыша силерди катарга кошуп, чоң ырасым  кылгандыгын жакшылап билүүңөр керек-деген. ”Пишпектин уезди болуштарды, көбүнчө атактуу манаптарды июль айында Пишпекке чакырып алып, «Кызматчы бересиңер» дегенде, “Улукка беребиз”- деп өздөрү жашыруун кеңешкен. Кеңештин башында Канат Убуке уулу, Мөкүш Шабдан уулу болгон. Бул кеңешке Касымаалы да катышкан. Анткени ал, Көк-Артты ашып келүүчү жазалоочулардын жолун бөгөө  жоопкерчилигин алган. Падыша өкмөтүнүн кыргыздарды жеринен сүрүп чыгарууну көздөгөн адилетсиз чараларынан улам эл ичи дүүлүгө баштагандан бери Касымаалы болуш, Шабдан баатырдын уулдары Мөкүш, Исамүдүндөр менен өз ара кабарлашып, коңшу Казакстандагы, Чүй өрөөнүндөгү жагдайларды иликтеп турар эле.[2]

Оренбург казак орустарынын полковник Бобров жетектеген алтынчы полку Намангандан Көк-Артты  ашып  келип, Атайкеде көтөрүлгөн Тогуз-Торо кыргыздарын канга батырган кыргындан кийин, Ой-Кайың, Каргалык, Ак-Бел аша  Нарындын түштүк жээгине, Дөдөмөл, Кара-Көө аркылуу түндүк жээгине оогон. Бул куралдуу аскер бөлүктөрүнүн жолун бөгөөүчүн өңүттүү буктурмаларды ээлеп, кууш капчыгайлардын эки жагынан таш кулатып, жазалоочуларга кыргын салуучу өңүттөрдү даярдаган Касымаалы болуштун жоокер жигиттери кам үстүндө турушкан. Тилекке каршы, замбирек, пулеметчон падыша куралдуу күчтөрүнүн кыргынына туруштук бере албай боштондук кыймылы өксүп, Канат хан туткундалып, дарга асылып, эл башына ырайымсыз жазалоочулардын мүшкүлү түшөт. Мөкүш Шабдан уулунан кайгылуу кабар алып, көтөрүлүштөн жеңилгенин баамдаган Касымаалы болуш элди кыргындан сактоо максатында, жазалоочулардын жол нугунда турган Шатен болушунун, Черик болушунун 900 түтүн эли менен Кытайга ооп кетип, падыша бийлигинин алдап чакыртуусунан улам кайра кайтып келип, бул  көтөрүлүштүн курмандыгы болуп, дарга асылуусу менен Теңир-Тоо элинин тагдырына кандайдыр бир из калтырган[3].

Тарыхый документтерге кайрылcак: «Главарь бунта Касымаалы Мамбетов, волостной правитель Орунаалы Касымалиев арестованы мной 28 августа 1916года и посажены в Гарнизонный гауптвахт Нарына» гласит донесение главы Нарынского участка Хохалева Каракольскому уездному начальнику. [4].

 Туткундалган боштондук кыймылынын жетекчиси Касымаалы болуш Мамбет уулу, болуштун баласы Орунаалы Касымаалы уулу, жолдошу Чоткара Барман уулу жана жоокер жигиттер Момунаалы, Бопунаалы 16 октябрь 1916 — жылы дарга асылып өлтүрүлөт.

Бул кандуу окуя тарыхый документтерде: «Отрядным судом Гарнизона главарь бунта Касымаалы Мамбетов, волостной правитель Орунаалы Касымалиев приговорены к смертной казни. Приговор приведен в исполнение 16 октября 1916 года» гласит другое донесение начальника Нарынского участка Хохалева Каракольскому уездному правителю[5].

Элдин жүрөгүнүн үшүн алууну көздөгөн падыша бийлигинин өкүлдөрү ал кездеги чакан калаа Нарындын элин гарнизонго айдап келип, көрүнө жан алууга аргасыз күбө кылышат. “Именем Его Императорского Величества, на основании статьи 1308 Военного Судебного Устава, согласно приказа Военного Ведомства 1914 года И464, особый отрядный суд,ведомный  начальником отряда Его Превосходительства полковником Бобровым за организацию вооруженного мятежа против Его Императорского Величества и убийства двух русских людей приговорил к смертной казни через повешtнии : Касымаалы Мамбетова, Орунаалы Касымалиева, Чоткара Барманова, Момунаалы Жетигенова, Бопунаалы Жетигенова. Приговор обжалованию не подлежит. Исполняется на третий день после оглашения” 14 октября 1916 года, город Нарын.

Өлүм алдындагы өтүнүчү канатаандырылган Касымаалы Мамбет уулу эли менен коштошуп, жолдоштору менен эки ирекет намаз окуп, «Уулумдун өлүмүн көрбөйүн, мени биринчи өлтүргүлө» деп, дарганын сыйыртмагын мойнуна илип, шейит өлүмүн кабыл алат. Боштондук туткундары элдин көз алдында дарга асып өлтүрүлөт. Эл кайгы жутуп чайпалды, мүңкүрөбөдү, алдыдан жакшылык күттү.

Дарга асылуусуна чейинки акыркы күндөрүн чагылдырып Касымалы болуштун кайраты, сабырдуулугу туурасында Жапаркул Токтоналиевдин «Абийир өлүмдөн бийик»  тарыхый романында мындай баяндалат:

«Касымаалы болуш жазы маңдай субагай кызылдуу жүзүнө төш жаба куюлган кара сакалы, серпилген сыйда муруту mөnкелген, бийик кабак алдындагы оттуу курч көзүнөн эл жүгүн аркалаган өмүр өтөлгөсүнө тете кайрат, Кудайга болгон чексиз ишенимге уюган кебелбес сабырдуулук байкалат. Башында тепчий шырылган төбөсү учтуу ак топу, тик жака ак кемселинин жакалары тегиз бүчүлөнгөн. Кемселге өңдөш шымынын багалектери хром маасынын кончуна кийирилген, мандаш уруна отуруп аңгеме улантууда. Кырктын ичинде эле ажыга барып, тобого таянган Касымаалы күч-кубатын, акыл кайратын беш күндүк өмүрдү адал жашап, Кудай алдына ыйман күтүп барууга үрөп турган учуру эле. Азыр элүү төрткө караган кези.

Тайманбаган курч мүнөзү, эргиген өктөм кыялы, акыл калчаган калыстыгына, шарият жолун ыйык туткан агартуучулугуна айкалышкан Касымаалы Ажы арканын аяр манаптарынын ичинен айырмаланып турар эле. Даңазалуу күлүк кара аты Базаркул байдын ашында топ жарып алган байгеси бир пуд күмүш жамбыны соогат деп элге таратып, өзүнө бир гана жамбы алган жоомарттыгы, эмгекчил сарамжалдуулугу, түтүн ээлерине, кембагалдарга жардам берген кайрымдуулугу, чукугандай сөз тапкан чечендиги, күйдүргү курч мыскылдары, кылмыш жасагандарды катаал жана аеосуз жазалаганы эл ичине аңыздалып калган.

Маңдай терин төгүп тың оокат өткөргөндөрдү таасын колдогону, бей- бечараларга үзүлө түшүп камкордук көргөнү, Нарын өрөөнүндө биринчи болуп чыгыш архитектура үлгүсүндө медресе куруп балдарды окуткан агартуучулугу, ууру, кескилерди, нике арамдаган ойношчулдарды эл алдында көрүнөө аёосуз жазалап, маскаралаганы, сөз баркын билбей жүйөөсүз сүйлөгөн бекер ооздорду ачуу мыскылдап шоттогону, элдин бир даарын чочулатса, көпчүлүк анын эл башкаруусунун тарбиялык маанисине таң берип, кадыр-баркы көтөрүлүп турар эле.

Кыз-Мазардан ылдый Кара-Жардын алдына тырмалап эгин эгип тыц оокат өткөрүп турган дыйкан Андашты колдоп, короосуна байлардан чогултуп кой салып берет. Жардам көргөн Андаш ноо куруп, Отуз Адырдын үстүнө суу чыгарьт, дыйканчылыгын  арбытып журтка пайдасын тийгизип турат. Байлык күтүп, ажыга барган элге кайрымдуу, кадырлуу адам».

Чүй жактан көтөрүлүштун оңунан чыкпай, падыша өкмөтү элди аёосуз кырууга өттү деген кабар келгенде, айыл жигиттери Момунаалы, Бопунаалылар өч алабыз деп Нарындан почта менен келе жаткан эки орусту өлтүрүшөт. Бул жоболоңдуу кабар угулгандан кийин элди бөөдө кыргынга учуратпайлы деп Касымаалы тогуз жүз түтүн жамаатын чогуу көчүрүп Кытайга аман өтүп кетет. Эл Тоюнга жайланышып, эл жайын түшүнгөн сөз билги иниси Шераалы Ажы Кытай улуктары менен сүйлөшүп баш калкалоо сурап Кашкарда жүргөн кезде, Нарын участка акими Хохалев ажынын үч атаөткөн тууганы Ниязбек сегизинин Ат-Башыдагы мыктысы Казы болуш аркылуу черик Мааке ажы баштаган аттуу, баштуу эл кишилерин жиберип «Касымаалы кайра эли менен келсин. Падышага өткөн кызматы бар. Эч ким мышыгын мыш дебейт» деп алдап чакыртат. Ажалдан качып кутулууга болбойт деген терец ишенимдеги болуш эли менен кайра көчүп Торугартты ашып түшкөндө, тосуп турган казак орустар Касымаалы болуштун өзүн, болуш уулу Орунаалыны, болушка кандидит уулу Акимаалыны, кенешчи жигити Чоткараны жана орус өлтүргөн эки жигитти туткундап келип камаганына бир ай толо жаздап калды.

«Беш күндүк» жашоонун ыракатын да, машакатын да таразалай билген Касымаалы ажы белгисиз кооптуу тагдыр күтүп турган күнү да сабырлуу, кайратынан жанбайт».[6]

Жогорудагыдай тарыхый документтер менен тастыкталса да бүгүнкү күнгө чейин тарых барактарынын арасынан өз ордун толук таба албай көмүскөдө калганбул инсан — сарбагыш уруусунун чыгааны айтылуу Ниязбектин Ормон хан, Ажыдан кийинки алтынчы уулу Шатенден Качы, андан Мамбет андан Касымаалы. Орус падышачылыгы оторчулук саясатын күчөтүп башкаруу салтын бузуу аракетинде болуштук башкарууну киргизгенде, Касымаалы майда уруулардын башын бириктирип Жан-Булактан Байгөнчөккө чейинки аралыкка бир болуштук эл жыйнап, элдин наамынүчүнчү атасы болгон Шатендин наамына коюп, бир нече жолу болуштукка шайланган. Касымаалы Мамбет уулу Куланак айылында мечит ачып, тоо арасында биринчи жолу Учкун айлында чыгыш архитектура стилинде медресе куруп, агартуучулук кылып, балдарды тегине карабай окууга тарткан, аны бүткөндөрдү Уфадагы «Галия» медресесинен билим улантууга жардам берген. Медреседе куран, шариат жоболору менен айкалыштыра чыгыш поэзиясынын өчпөс жылдыздары Фирдоусинин, Кожо Хафиздин, Абдрахман Жаминин, Сопу Алдаярдын, Алишер Навоинин чыгармаларынан дарс окулуп, элдин жан дүйнөсү тарбияланган. Казандагы Галия Бану жогорку медресесин бүткөн уулу Айдараалы, Молдо Ажы Агыбай молдо, билимдүү аалым Тайыр Карылар медреседе дарс  окушкандыктан өз убагында бул окуу жайынын билим берүү мүмкүнчүлүгүбир кыйла жогору болгон. Ошол медресени бүткөндөр Совет өкмөтүорногондо биринчи кызыл мугалимдерден болушкан. Алардын катарынан Аралбаев Абдылда, Токсобаев Эшпай тоо арасында биринчилерден болуп Ленин орденин алышкан. Сарба Осмоналиев, Акматалы Белеков жана ондогон агартуучулар эл ишенимине арзып, өрнөктүү агартуучулардан болуп өтүштү.

Мындан тышкары, Касымаалы болуш элибиздин баа жеткис тарыхый жана маданий мурастарынын бири катары Илимдер академиясына 1990-жылы Насирдиндин уулу Мукамбет тарабынан тапшырылган Бөкөмбаев Насирдинден калган кол жазманын сакталып калышына себепкер болгон. С. М. Абрамзон «Түндүк Кыргызстандын кыргыз калкынын этникалык курамы» деген изилдөөсүндөэн маанилүү маалыматтарды берген санжыра айтуучу билермандардын катарына кол жазманын авторун көргөзүп: «Боомбаев Насирдин  (умер в . в возрасте 46 лет, учитель: запись сделана по рукописи), племя сары багыш, жил в с. Карал-Дёбё Кеминского района» деген кыскача маалымат берген. Анткени, 1912-1913-жылдардан баштап 21-22 жаштагы Насирдин Куланактагы медреседе мугалимдик кесипти аркалап жүргөндө, 1916- ж. кайгылуу үркүн окуясы башталып, Касымаалы болуш элин кыргынга учуратпай, Насирдинди китеп, кол жазмалары менен кошо алдырып Кытайга алып кетип, эл тынчыганча ал жакка калтырып келген.

Касымаалы болуштун дарга асылаары тууралуу өкүм окулгандан кийин, өлүмгө буйрулгандардын ичинде аты чыкпай калган кичүү уулу Акинаалы атасына: Силер күнөөсүз өлсөнөр менин тирүү калышым кандай деп, атасына бой таштаган. Ошондо  сабырынан жазбаган Касымаалы: Сабыр кыл уулум, сени куткарышат. Көрөөр күнүн алдыда. Сени кудай өзү сактады. Чыгып барып эл-журтка салам айт. Шераалы ажы эл тынчыса Кашкардан келээр. Айдараалы молдо агаң бар ошол агаңардын акылына көнүп оокат кылгыла деп керээзин калтырган экен.[7]     Шейит кеткендердин сөөгү бир нече ай бою Казармада кармалган. Кийин анын урпактары совет бийлигинин уруксаты менен ислам каадалары менен жерге берген. Дарга асуу күнү дагы бир жумага созулса, жаңы орногон совет бийлиги балким болуштун өмүрүн сактап калмак беле. Касымаалы болуштун сөөгү ал каза болгондон алты ай өткөндөн кийин, өзү туулуп өскөн  Ак-Булуң өрөөнүнүн чыгыш тарабындагы күмбөзгө коюлган. Касымаалы болуш эле эмес өзү менен дарга асылгандардын да сөөгү чогуу коюлган.

1916 жылы Касымаалы болуш дарга асылган Нарын шаарындагы бейтапкана
Касымаалы болуштун небереси Нарын шаарынын тургуну  Эсенбек Касымалиев менен.

Колдонулган адабияттар:

1. Бердикожо Бийназаров «Касымаалы болуш» Б., 2003

2. Белек Солтоноев «Кыргыз тарыхы» 2-китеп Б., 1993

3. Бердикожо Бийназаров “Касымаалы болуш жана Чоткара бий” Б.,2016

4. Центральный Госархив Кыргызстана. Дело № 32 О Ликвидации беспорядков в Нарынском участке

5. ЦГА Кыргызстана Дело № 32 О Ликвидации беспорядков в Нарынском участке

6. Жапаркул Токтоналиев «Абийир өлүмдөн бийик» Б., 2011

7. Жапаркул Токтоналиев “Касымаалы ажынын акыркы күнү” Б., 2016

Материалда баяндалган автордун пикирлери “Эсимде” командасынын позициясын чагылдырбайт.

Опубликовано в разделах: "Жеке тагдырлар" эсселери