Биз соц.тармактардабыз:
  • Тилди тандаңыз:
  • KG
  • EN
  • RU

Эсеналиева Гүлжамалдан жеке тарых: Нарын облустук Какен Мамбеталиева атындагы тарыхый этнографиялык музейи

8 апреля, 2022 г.

“Эсимде” изилдөө борбору 2018-жылы «Адамдын тагдыры. Кыргызстан –XX кылым» — аталыштагы сынагын жарыялаганда, бул ангеме Эсеналиева Гулжамалдан келип түшкөн. Адамдар жана үй-бүлөлөр башынан кечирген, муундан муунга оозеки айтылып келген окуя жана эскерүүлөрдү сактап калуу маанилүү деп эсептейбиз.  

Какен Мамбеталиева атындагы Нарын облустук мамлекеттик тарыхый-этнографиялык музейи Кыргыз Республикасынын Министрлер Советинин 1985-жылы 6-июндагы №278 токтомунун жана Мамлекеттик музейлер жана музей фонду жөнүндөгү закондордун нормативинин негизинде тарыхый-край таануу музейи катары уюшулган. 2011-жылдын май айынан тартып, кыргыздын тунгуч этнограф-окумуштуусу Какен Мамбеталиеванын ысымы ыйгарылган.

Бүгүнкү күндө кыргыз элинин басып өткөн тарыхын, кылымдар бою калыптанып келген үрп-адатын, каада-салтын, маданиятын чагылдырган тарыхый-маданий мурастарды, баалулуктарды чогултуп, топтоп, сактап, илимий изилдеп, чагылдырып жана дүйнө элине даӊазалап,  жаш муундарга, чет элдик туристерге кеӊири тааныштырууда  ошондой эле  нукура таза кыргыз тили жана даанышман элдик салттар, улуу  «Манас» эпосу, кыргыз кол өнөрчүлүгү, байыркы тарыхый маданий жайлар сакталып келген Теӊир-Тоо аймагындагы бул музей элибиздин көөнө тарыхын чагылдырып, сактап, жаш муундарга кеӊири тааныштырууда   ролу   зор.  

 Музей ачылгандан берки 30 жыл ичинде музей баалуулуктарын: эӊ сейрек жана баалуу археологиялык казуулардагы, эл арасында калбай, унутта калып бара жаткан экспонаттарды, архивдик документтерди сактоо менен бирге илимий-методикалык изилдөөлөр жүргүзүлүп, ар-түрдүү көргөзмө, семинарлар өткөрүлүп, жаштарга асыл мурастарды барктап, баалоого тарбиялоодо. Ушул максатта Нарын облустук мамлекеттик тарыхый-этнографиялык музейи да тоолуу Теӊир-Тообуздагы баа жеткис тарыхый жана маданий баалуулуктар тууралуу элге жеткирип, жыл сайын музейге кирүүчүлөргө, анын ичинде ар түрдүү чет өлкөлөрдөн келген туристтерге да  кызмат көрсөтүп келүүдө.  

Өз кезегинде  Какен Мамбеталиева этнографиянын бир нече тармактарга бөлүнөөрүн, башка да илимий тармактарды айкалыштырып үйрөнүү аркылуу гана туура илимий жыйынтык чыгарууга болоорун баса белгилечү. [1] Ошол сыяктуу бүгүнкү күндө өзүнүн аты берилген Нарын облустук  этнографиялык музейинде дагы ар бир тармак боюнча залдар жасалгаланып коюулган. Кыргыз элинин улуттук колоритин сактап келген Салкын-Төр аттуу залда байыркы кыргыз элинин кол өнөрчүлүгү, улуттук тамак ашты жасоочу баалуу экспонанттар сакталган.

Эл аралык уюмдар жана спонсорлордун каржылоосунда жыл сайын  музейдин материалдык-техникалык базасы чыӊдалууда.   «Музейлер демилгеси» борбору, «Сорос-Кыргызстан» фондусу, Кыргыздын тунгуч этнограф кызы Какен Мамбеталиева атындагы коомдук фонду, АКШнын «Кристенсен» фонду жана «ИСУР» коомдук фондусунун каржылоосундагы «Өнөр-Булак» коомдук бирикмеси, Борбордук Азиядагы маданият боюнча туташтыгы, Борбордук Азиядагы Америка Университети, С.Нааматов атындагы НМУ, «Дордой» Плаза соода үйү, Нарын облусундагы уз-устачылык, кол-өнөрчүлүк, кыргыздын улуттук тамак-аш продукцияларын өндүрүү боюнча жамааттар   жана башка өнөктөштөр менен биргелешип иш  алып барууда. НМУнун «Тарых,философия жана социалдык экономикалык билим берүү» кафедрасынын мугалимидери аркылуу жана башка жергиликтүү патриот атуулдарыбыз тарабынан  музей фонду толукталып келет.

Андан сырткары Музейдин иш чаралары жергиликтүү телерадио компанияларда, басма сөз каражаттарына жарыяланат.  Ошондой эле С. Нааматов атындагы Нарын Мамлекеттик университенинин студенттери, мектеп окуучулары менен  лекциялар, маданий иш чаралар өткөрүлөт.

Какен Мамбеталиева атындагы Нарын облустук мамлекеттик тарыхый-этнографиялык музейи    Республикалык, Эл аралык симпозиумдарда жогорку денгээлдеги көргөзмөлөрдү уюштуруп, көптөгөн сыйлыктарга, алкыштарга татып келген.  

Ошондой эле  Нарын областынын биомаданий ар түрдүүлүгү  боюнча НМУнун студенттери бир нече жолу Нарын облусунун райондорун жана айылдарын кыдырып кыска метраждуу тасмаларын тартууда.

  КРнын Президентинин «Кыргызстандын элинин тарыхый-маданий мурастарын окуп үйрөнүүнү терендетүү жана жарандык атуулдукту калыптандыруу боюнча чаралар жөнүндөгү» Жарлыгына ылайык жаш муундарга кыргыз элинин тарыхый маданий мурастарын окуп үйрөтүү жана кенири таанытуу багытында  НМУнун   жана башка окуу жайлардын студенттерине музейдин, университеттин базасында республикабыздагы   белгилүү окумуштуу, археологдорунун, философторунун, тарыхчыларынын лекциялары     өткөрүлүп, алардын китептери  менен музейдин фондусу толукталып келүүдө.  Атап айтсак  Табалдиев К.Ш, Т.Чоротегин, С. Абдрасулов,  Т.Өмүрбеков,  А. Исаева, А.Алымова, Р. Рахимов , Ч. Турдалиева, С.Иманалиев, А. Бектемирова, Г. Эсеналиева, Б.Асангазиев (сүрөтчү дизайнер) ж.б. лекциялары мугалимдердин, студенттердин чон кызыгуусун арттырууда. Музей коллективинин «Бир жакадан баш, бир женден кол чыгарып» ынтымакта, чыгармачылык менен эмгектенип, Тенир-Тоонун көөнөрбөс, кылымдан-кылымга уланган тарыхын, нарк-насилин калкка жеткирүүдө   жасап жаткан иш-аракеттеринин натыйжасында ийгиликтерге жетишип келишүүдө. Музейдин түптөөчүсү Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек синирген ишмер, «Маданияттын мыкты кызматкери» төш белгисинин ээси, персоналдык пенсионерР.М Баетованын жаш кадрларга музей ишин өздөштүрүүдө кошкон салымы зор. Нарын мамлекеттик облустук тарыхый-этнографиялык музейи Кыргыз Республикасынын «Музейлер жана музейлер фондусу» жөнүндөгү мыйзамына ылайык  кыргыз элинин тарыхый маданий мурасы болгон экспонаттарды сактоо, иликтөө, фондду толуктоо, музейлерде тарыхый экспозициялык көргөзмөлөрдү, конференцияларды, семинарларды, маданий массалык иш чараларды өткөрүп келүүдө.

 Республикалык, облустук архивдерден, күндөлүк басма беттеринен, илимий эмгектерден Тянь-Шань өрөөнүнө байланыштуу материалдарды топтоо иши жүргүзүлүүдө. Музейдин илимий китеп фондусун дүйнөгө кенири белгилүү окумуштуу тарыхчылардын изилдөөлөрү, китептери менен толуктоо иштери жүргүзүлүп турат.

 Музей элдик маданий мурасты жыйноо жана көздүн карегиндей сактоо гана милдетин аткарбастан жаны доордо дүйнөлүк музейлердин иштөө ыкмасында өзгөрүүсүндөй эле, коллекцияларды чогултуу, ал жөнүндө кам көрүү өндүү негизги милдеттерине ошол топтолгон мурастардын, руханий        баалуулуктардын маани манызын элге жеткирүү, калкты урпактарды жаш муундарды музейге жакындатуу, тартуу аркылуу элдин ички дүйнөсүн тазартууга үрөөн себүүдө.

Мезгилдин татаал шарттарына карабай музей фондун байытуу максатында  экспонаттарды чогултуу ишин токтоткон жок. Эл арасынан музейге акысыз бир аз буюмдар, китептер, ар кандай фонддордон, жеке адамдардан, тарыхчылар тарабынан берилип турду. 2010-2011-жылдары Республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттын эсебинен уникалдуу экспонаттар алынган. Жогорудагы жетишкендиктер менен бирге көйгөйлүү маселелер да жок эмес.  Мисалга алсак, Республика боюнча көпчүлүк музей имараттарга капиталдык ремонт талап кылынат. Жылдан жылга эл арасында калбай бара жаткан экспонаттарды чогултууга акча каражаттарынын тартыштыгы, облустагы көчмө көргөзмөлөрдү уюштурууга, экспонаттарды чогултууда авто унаанын жоктугу музейдин ишин аксатууда. Тарыхый-археологиялык изилдөөлөр жүргүзүлө турган маанилүү объектилерге учурунда өкмөт тарабынан камкордукка алынбагандыктан жергиликтүү калкка жеке менчикке өтүп кетип, чарбалык иштерге пайдаланылып кеткен. Ал эми тарыхый-археологиялык эстеликтерибиз учурунда туура реставрациядан өтпөгөндүктөн тарыхый баалуулуктарын жоготуп келүүдө. Мисалга алсак: Кочкор-Башы шаары (кара археологдор тарабынан мыйзамсыз казылууда), Тайлак баатырдын күмбөзү, Айгыр-Жал-1, Айгыр-Жал-2 тарыхый көрүстөндөр.  Республикабыздын ар бир регионунда жүргүзүлүп жаткан археологиялык экспедициялардын казууларында табылган буюм тайымдарды илимий изилдөө иштеринен кийин кайра табылган регионалдык музейлерине кайтарып берилишин зарыл деп эсептейбиз. Бул табылгалар мамлекеттик музейлердин фондуна кириштелбесе башка жактарга чыгарылып кетүү көркунучун туудурат. Буга далил көп жылдар мурда казылып, Тайлак баатырдын күмбөзүнөн табылган курал-жарак жабдыктары Санкт-Петербург шаарынын жанындагы Пушкина шаарчасында   изилдөөгө алынып кетип, ошол музейде сакталып калган. Ал эми ушул сыяктуу экспонаттар бүгүнкү күндө чет жактарга алынып кетүүдө.    Ошондой эле азыркы учурда ар бир айыл мектептеринде музей кабинеттеринде көптөгөн уникалдуу буюм-тайымдар мамлекеттик учетко алынбагандыктан колдон колго өтүп жоголууда.  Билим жана илим министрлиги менен Маданият жана туризм министрлиги биргелешип мыйзамдаштыруу жолу менен мамлекеттик учетко алуу жагын кечиктирбестен карап көрүшсө жакшы жыйынтыктар болоор эле.

 Музей ишин өнүктүрүүдө, музейдин директору, Эл агартуунун отличниги, «Маданияттын мыкты кызматкери» төш белгисинин, КРнын Маданият жана маалымат министрлигинен «Жылдын мыкты маданият кызматкери» наамынын КРнын Президентинин «Ардак грамотасынын» ээси жана «Нарын шаарынын ардактуу атуулу» Сабитова Анара Сагындыковна заман талабына ылайык иш жүргүзүү менен көптөгөн ийгиликтерге жетишип келүүдө.   Республикабыздагы белгилүү «Музейное пространство», «Культура и право» журналдарынын редколлегия мүчөсү. Өзүнүн талыкпаган изденүүсү, илимий, агартуучулук иштери менен музей ишинин өркүндөп өсүшү үчүн билимин, тажрыйбасын, күч аракетин жумшап келүүдө. Музейдин өнүгүшүнө ийгилик каалайм.

К. Мамбеталиева атындагы Нарын облусттук тарыхый этнографиялык музейинин өздүк архиви.

Материалда баяндалган автордун пикирлери “Эсимде” командасынын позициясын чагылдырбайт.

Опубликовано в разделах: "Жеке тагдырлар" эсселери