Биз соц.тармактардабыз:

Абдырасулова Жеңишгүлдүн жеке тарыхы: Эсимде атамдын кайтып келгис элестери…

8 апреля, 2022 г.

“Эсимде” изилдөө борбору 2018-жылы «Адамдын тагдыры. Кыргызстан –XX кылым» — аталыштагы сынагын жарыялаганда, бул ангеме Абдырасулова Жеңишгүлдон келип түшкөн. Адамдар жана үй-бүлөлөр башынан кечирген, муундан муунга оозеки айтылып келген окуя жана эскерүүлөрдү сактап калуу маанилүү деп эсептейбиз.  

Садык Абдырасулов

ЭСИМДЕ АТАМДЫН КАЙТЫП КЕЛГИС ЭЛЕСТЕРИ…

Адам ата, обо эне жаралып жан-жаныбар  жаратылыш да жашоо үчүн күрөшкөнү күрөшкөн. Адам өзгөчө акылы менен жаралгандыктан, ааламды багынтып келет. Адам баласы жаралгандан баштап, жакшыны да, жаманды да көөдөнүнө көктөп, жүрөгүнө жүктөп, жарык күнгө кубанып, башына иш түшкөндө болоттой курчуп алдыга жол улап келет. Ал жол узак, баш аягы жок. Ал жолдо кимге жолугуп, кандай тагдырды кечирерин билбей келет, билсе да, сезип туюп турса кайратынан жазбаган кыргыз уулу күн сайын күрөшүүнү туу тутуп келгени келген. Ата сөзүн угуп, эненин айтканын эске тутуп, улууга урмат, кичүүгө ызаат көрсөтүп, маданиятты ата-энесинен сиңирип, баардыгына  илгир болгонунун себеби да ошондон болсо керек. Ата баласын ардактап, эне ак сүтүн берип, багып, ыйманын, акылын, багын  тилеп келет. Ата-эненин айткан асыл насааттарын жерге калтырбаган адам гана адам болоорун эч ким тана албас.

Адатта, ар бир айылдын, өрөөндүн сыймыгы, ошол аймактын үлгү туткан мыкты адамы болот эмеспи. Андай адамдар ааламдан өтүп кетсе да, ар качандан бир качан эл оозунда. Байыртадан кыргыз эли ар бир инсанды таразалап, анын өмүр жашоосунун маңызын, өз Ата журтуна, эл жерине кандай жакшы иш, пайдалуу эмгек кылгандыгына жараша баалап келген. Мына ушундай татыктуу баага ээ болгон инсандарыбыздын бири биздин атабыз Садык Абдырасулов.

Үй-бүлөнүн кадырман атасы, учурунда элге зор эмгек кылган, замандаштарына адамгерчиликтүү мамиле кылган принципиалдуу, кичипейил адам болгон. Эл айылдан чыккан эр азаматтарды баалап, мыкты эле деп, үлгү кылып айтышат эмеспи. Эл жөн жерден эле мыкты адам эле деп айтпайт.  Элге кылган кызматына, эмгегине жараша баа беришет. Эли, жери үчүн эмгеги сиңген атабыз тууралуу айтылчу сөздөр али алдыда. Тандап алган ак жолунан тайбай, адамдык бийиктигин, улуулугун өмүрүнүн акырына чейин сактады. Турмушундагы кандай гана добулдар болсо да, акты – ак деп, караны – кара деп, бабаларыбыздан мурастап калган калыстыгынан тайган жок. Чындык – бул турмуштагы акыйкаттык, адамдын ар-намысы, ак дили, бул жашоодогу түз жолу эмеспи, атам эч качан чындыктан тайган жок, аны эл билет, эл тараза. Адам баласы өз жашоосунда кандайдыр бир из калтырат, дарак эгип, там салып, артына туяк калтыргандан сырткары да, эл үчүн эбегейсиз эмгек сиңирип, опол тоодой кызмат көрсөткөн инсандар болот. Албетте, аттын кашкасындай таанылып, эл оозуна алынып, өрнөктүү өмүр сүрүш ар бир эле адам баласынын тагдырына  жазган эмес. Андыктан, карапайым калктын арасында жөнөкөй гана өмүр кечирип өткөн айрым адамдардын инсандык ыйык сапаттары өзгөчө сөз кылууга арзыйт.

Ал эми убакыт менен мезгил адам өмүрүн коштоп алып тынымсыз учат экен го. Айлар алмашып, жыл айланып кайра келген куштарга окшоп, адам өмүрү кайтып келбейт тура. “Өмүр бул тоодон аккан улуу дарыя,   Ал дайра тоону көздөй акпайт кайра”деген саптар эске түшөт. Акын Б.Сарногоев  айткандай: “Эл сыйы жерде жатыппы”, мээнет кылбасаң атак-даңк жок, аны атабыз эң жакшы түшүнгөн.

Тамчыдан булак сызылат, булак өзөнгө, өзөн дарыяга куят эмеспи, адамдын ар бир тамчыдай үзүрлүү иштери  кичине байкалбас нерселерден башталып, маанилүү иштерге айланып, чоң иштерди улайт. Ошондуктан “Ата конушу уулга мурас” деп бекер айтылбаса керек.

Атам Садыктын менин эсимде калган элестери, эскерүүлөрү эмнегедир ушул жылы эсиме келди. Өзүм сөз баккан, сөз менен иштеген, сөздүн баркын айрый билгеним менен атам тууралуу мурда кийин жазбаптырмын. Кан күйгөн Улуу Согуштан кайтып келген эр азаматтардын аягы суюлду. СССРдин эр жүрөк жоокери менен атам да бизди таштап кеткенине бир канча жыл болду. Эми атамды эстеп, анын өткөн кеткен өмүрүнө кайрылып аргасыз эскерүүлөрдүн кучагында мөлт эткен көз жаштардай кулап турдум…

Салабаттуу, сабырдуу, адамдарга абдан кылдат мамиле жасаган ак сөөк, манап бабабыз Жаркымбай бала-бакырасына да өзүнө окшош тарбия берген экен. Анткени алардын бала-бакыралары билимдүү, уста, келечекти көрө билген зирек адамдар экендигин биз да угуп, кээсин көрүп да калдык. Чүй боорундагы азыркы Ильич айылында 20-кылымдын башында 1922-жылы жаз айларында Жаркымбай бабамдын үйүндө чоң кубаныч болуп, уулу Абдырасул уулду болуп, атын Садык койгон экен. Адатта адамдын аты анын затына жараша болот деп айтылат эмеспи. Садык деген ат — араб тилинен келген жана чынчыл дегенди түшүндүрөт, атам дал ошондой адам эле.  Атамдын чоң энеси небереси төрөлөөрү менен өзү алып, жанындай көрүп, эч кимге бербей бапестеп өстүргөн экен. Ата-энеси жаш болгондуктан уулун ата-энеси бакса сүйүнүп, аны менен иши деле жоктой. Небересинин улам өнөрү чыгып чоң атасы менен чоң энесин кубантып жатты, өзгөчө тили да таттуу чыкты. Бул мезгил кыргыз жеринде совет бийлиги жеңип, коллективдештирүү башталып, колунда барлар куугунтуктала баштаган кооптуу замандын башталышы эле. Ангыча үч жыл өтүп 1925-жылы, жаңы замандын активисттери келип, каран түндү башына салып, чоң атам Абдырасулду иниң Абдыжапарды тап деп сабайт, кекиртеги айрылып, эптеп онтогон жаны калат, аны көргөн ата-эне баласына жүрөгү канап жаңы бийликтин күйөрмандарына туйгузбай, түн жамынып, кара жандарын ала качып, аттарына бир боз үй менен азык алып, түнү менен Кочкор тараптагы туугандарын көздөй качып кетишет.  Ансыз да жаңы замандын шамалынан корккон үй-бүлө, аргасыздан жер которууга туура келет.

Аргасыздан жер которуу

Жол азабы – көр азабы дегендей, күнү-түнү тоолорду байырлап, жол жүрүп отуруп, кара Кочкор аталган касиеттүү жерге келишет. Абдырасулду энеси Уулбала дары чөптөрдү берип дарылап айыктырат. Таяктын залалы катуу тийгендиктен чоң атабыз араң бутуна турат, ошондогу катуу таяктан калган кекиртектеги тешигин неберелери биз да көрүп калдык. Жер которуу учурунда оор болгону менен убакыттын өтүшү менен үйүр алышып көнүп кетишет. Анан бара-бара үй-бүлө саны көбөйүп Мукаш жана Бейшеке деген инилүү, кийин Сүйүмкан аттуу карындаштуу болот. Инилери менен карышдашы дагы атамдай билимдүү, эл сыйына татыктуу инсандардан болушкан.

Убакыт өтүп күн айга, ай жылга айланып, атам Садык 7-8 жашка келет. Тээ Кара-Күнгөй жайлоосунда жайы менен жайлап, кышында ылдый кыштоого түшкөн Жаркымбай бабамдын үй-бүлөсү элге-жерге көнүп калышат. Чоң атабыз абдан көз карашы терең болгондуктан тун уулу Садыкты окутуш үчүн күнүгө жайлоодон Кочкорго райондун борборуна алып келип, уулун орус мектепке окутат. Атамдын айтуусунда эң биринчи сабакты орус мугалими “Предложениеден” баштайт. Азыр тамгадан башташаса, ошол мезгилде тамгадан мурун сүйлөм деген эмне экендигин үйрөтүшкөн экен. Ошентип орус мектепте окуп билим алат. Чоң атам акылы тунук, келечекти көрө билген, өтө сабырдуу, манаптык касиетин сактаган, салабаттуу, абдан жакшы адам эле. Баласын жайдын ысыгына карабай жайлоодон, кыштын суугуна карабай кыштоодон райондун борборуна күнүгө ат менен алып барып, алып келип ташып окутуу чоң атама окшогон өтө чыдамкай адамдын колунан келбесе, башка киши туруштук бере албайт эле деп ойлойм. Атам сабактан чыкканда ашканадан тамактануу адатка айланган. Күндөрдүн биринде ашканада тамактанып отурса жанындагы столдо бир орус адам блокнот алып, ручка менен бирдемелерди жаза баштайт, аны атам көрүп, атасына “орустун блокноту менен калем сабын алып бер”, дейт. Чоң атам макул болуп орустан блокноту менен калем сабын акчага сатуусун өтүнөт, баласы суранып атканын да түшүндүрөт. Орус киши ага такыр көнбөйт, айласы кеткен чоң атам минип жүргөн атына алмашуусун өтүнөт, бирок ал такыр бербесин айтат. Ага болбой көшөрүп, “мага алып бер”, деген атамды биринчи жана акыркы жолу ошондо атасы жаакка чапканын кийин көп эскерип айтып калаар эле. Абдырасул чоң атабыз деги балдарына катуу айтпаган, баарыбызга “көлөкөм, берекем” деп жалынган адам эле. Ошондуктан айылдагы тапандар  чоң атамды көргөндө “Көлөкөм, берекем” келе жатат деп, бизди чычалатып да коюшчу… 

Кандуу согуш жылдарында

Ошентип атам 1940-жылы мектепти аяктап, 18 жашында Педагогика институтунун математика бөлүмүнө (азыркы Жусуп Баласагын атындагы улуттук университеттин математика факультетине) өтөт. Ошол кезде Турдакун Усубалиев ошол эле факультетте 3-курста окуган мезгили экен, атама Турдакун Усубалиев 1-курстан математикадан лекция окуган экен. Аңгыча биринчи курсту аяктаганда 1941-жылы 22-июнда фашисттик Германия Советтер союзуна кол салат.  Эл окуу эмес дайынын таппай, эртең немецтердин кулу болбосок экен, деп эртеңки күнүн ойлогондон коркуп, баардыгы фронтко кызмат кылып, согушка аттанат. Согушка жарабаган карылар тылда кызмат өтөйт. Чоң атам тылда эмгектенет. Атамды күзүндө Кызыл армиянын катарына фронтко чакырат, эл катары жалпы Кыргызстандыктар менен Токмок шаарына чогулушат. Жаш балдардын баарын катарга тизип, орус улутундагы командир орусча команда берет. Көбүнчө элет жеринен келген жаштар берилген буйрукка түшүнбөйт. Ошондо командир: “орусча команданы ким кыргызчага которот?” —  деп айтканда катарда турган атам “мен”, деп тартынбастан кол көтөрөт, командир эки кадам алдыга чыгуусуна буйрук берет да айткандарын кыргыз тилине которуусун буюрат. Ошондогу командирдин болгон айткандарынын бардыгын такылдатып которуп айтып турат. Атамдын зиректиги, билимдүүлүгү көз жаздымда калбайт, анткени командир атамды чакырып, атам жөнүндө кенен маалымат алат да аты-жөнүн жазып алат.  Эртеси эрте казармада жатса атамды командир чакыртат да, дагы берилген команданы кыргызчага которуусун буюрат. Карапайым айыл жергесинен келген аскерлерди мончого, андан соң окшош аскер кийимдерин кийгизип, поезд менен Россияга согуш отуна алып жөнөйт. Атам өтө келишимдүү, бойлуу, өзүн абдан таза кармаган, жан-дүйнөсү дагы өтө таза, билимдүү, маданияттуу, чечен адам эле. Атам согушка бараар менен өзүнүн билими менен бүтүндөй батальондогу Штабда согуштук ыкчам аракеттердин аткарылышына анализ кылуу жана кошумча иштелип чыккан сунуштардын аткарылышын көзөмөлдөө миссиясын аткарат. Штабдык негизги кызматтан тышкары жоокерлердин саны саналуу гана болгондуктан согуштук аракеттерди архивге калтыруу, курал-жарактардын сарпталашына жооптуу жана  каржы чарбалык иштер толугу менен Садык Абдырасуловдун мойнуна жүктөлгөн экен. Согушта мындай жооптуу кызмат аткаруу атамдай зирек адамдын гана колунан келээрин көрөгөч адамдар билип, анан ошол кызматты аткарууга буюрган экен деп ойлоймун.

Атам 1945-жылы Берлин шаарына чейин барып кан күйгөн согушту кечип келди. Ошол согуш мезгилинде көп жолу ажалдан калганын эскерчи эле: “Бир күнү адаттагыдай ротага кошумча курал-жарак жеткирүү үчүн чүмкөмө машина менен айдоочу экөө жолго чыгат. Демейде жолдо машиналар кайчы өтүп калчу, ошол күнү эмнегедир жол тынч эч ким жана эч бир машина көрүнбөйт. Аңгыча атам “бүгүн эмнеге бул жакта эч ким жок” деп, алар дагы бир аз алдыга жүргөн соң, пулемоттун октору туш-туштан атылып калат, айдоочу шамдагайлыгына салып машинаны тез буруп айдап кетип, аман калышат, көрсө курал-жарак жеткирүүгө жол картасын туура эмес беришкен экен. Согуш учурунда мындай күтүлбөгөн жагдайлар абдан эле көп кездешиптир. Жанындагы бир орус жигит согуштун катаалдыгынан жан арга кылып, өзүнүн оң колун өзү автомат менен атып, согуштан кетүүнү көздөгөндүгүн, текшерүүнүн жүрүшүндө анын колун немецтер эмес, өзү аткандыгы далилденип, жүздөгөн аскерлердин алдында иттей атылгандыгын да эскерип калаар эле. Ажал издеген октор кулак, көзүмдүн тушуна далай өттү дээр эле. Балалыкка салып, учурунда элес деле алган эмес экенмин.

Эмгек жолу

1945-жылы согушта совет эли жеңип, немецтерди кубалап, артынан Берлинге чейин барып жолдо Польша, Чехословакия ж.б. Европадага мамлекеттерди басып өтүкөндүгүн, Европа мамлекеттери ошол 1945-жылдары эле техникасы өнүккөн мамлекеттер экендигин көп айтчу. Атам Улуу Ата Мекендик Согуштан аман-эсен 1946-жылы кайтып келген. Келгенден кийин Кочкор районундук билим берүү мекемесин башкарып мектептердеги окуу процесстерин жакшыртуу боюнча эл оозуна алынган иштерди аткарат. 25 жашында апам Сапарбаева Бүбүтайга үйлөнөт. Аңгыча алыскы Тогуз-Торо районосунун жетекчилик кызматына которулат. Ал жерден да  үзүрлүү иштерди аткарып, билим берүүнүн сапатын жакшыртууга көп эмгек жумшайт. Атамдын кылган кызматын замандаштары көп эскерет. Генерал Токтожума Жээналиев агабыз көзү өтүп кетти, ал киши да Тогуз-Торо районунан, атам бир кезде ошол жакта иштеп кеткенин, атамдын аты-жөнүн айтсам: — “Биз ошол Абдырасулов Садык агайлардан тарбия алганбыз, билим алганбыз, ошол адамдарга карап түздөнүп таалим-тарбия алып, өсүп-өнүктүк, мына минтип генерал болдук деп калаар эле….” Мен ушул адамдардын көзү тирүүсүндө атам жөнүндө эскерүү жазбаганыма абдан өкүндүм…

Кыргыздын алп акыны Аалы Токомбаевдин “Өмүр бизден өтүп кетсе, эл эмгектенэскерсин” деген таамай сөзү калетсиз экендигине дагы бир жолу толук ынандым.  Албетте атам Абдырасулов Садык менен апам Сапарбаева Бүбүтайды айылда билбеген улуу муун болбосо керек. Ал гана эмес эмгеги сиңген Тогуз-Торо районунда дагы замандаштары эскеришээрин жогоруда кеп кылып өттүк. Ошентип жашоо нугу менен улана берет, бала-бакыралуу болот.  Убакыт учкан куштай тез өтө берет, акыры өз айылына келип башкарма болуп иштеп калат. Ошол мезгилде айылды түптөп, болуп көрбөгөндөй тездик менен айылын өнүктүрөт. Алыс-алыста жашаган элдерди жашоого ыңгайлуу жерге чогултуп, айылдын архитектурасынын планын иштеп чыгып, элге үй салганга жер бөлүп берип, айылды чогултуп, Фрунзе атындагы колхозду (азыркы Ормонхан айылы) түптөгөн. Айылдын планы укмуштай ыңгайлуу чийилгендиктен, азыр да эли ыраазы.  Фрунзе колхозундагы алгылыктуу иштерди алгач Исхак Разахов барып көрүп, атамдын эмгекчилдигин, көрөгөч акылмандыгын баалап, рахматын айткан экен. Райондо биринчилерден болуп айылын  электрлештирет, ал кезде жаңы турмушка арлаша баштаган колунда жоктор көп болгондуктан ишти ошолорго жардам берүүдөн баштаган. Айыл чарбасын өнүктүрүп, жаз алды менен арпа, буудай септирип, күзүндө алган түшүмдөн колунда жок жетим-жесир, бала-бакыралуу үй-бүлөлөргө жардам катары бөлүп берип турган. Айылда мал чарбачылыгын өнүктүргөн.  Район боюнча биринчилерден болуп уй ферма уюштуруп, саан уйларды кол менен саадырбай атайын уй саагыч аппараттар менен саадырып, уйдун алдын пол кылып, уй сарайды ошол мезгилдин заманбап технологиялары менен курдуруп, уйлардын алдын суу менен жууп кете тургандай ыңгайлуу кылып, колхозчулардын жумуштарын жеңилдеткен. Ошол мезгилде жогорку жактын буйругу менен мамлекеттин экономикасын көтөрүү үчүн жер-жерлерде опиум айдаткандыктан,  атам да айылга опиум айдатуу менен, айлык акыны көтөртүүгө жетишкен,  ошондуктан көптөгөн адамдар үй-жай салдырып, турмушу алда канча  жакшыргандыгын айтышат. Атам салдырган айылдагы клуб, бала-бакча, больница, китепкана, контора, сарайлар ушул убакка чейин элге кызмат кылып келет. Ошол мекемелердин кээ бири менчиктешип да кеткендиги өкүнүчтүү. Ал мекемелердин баардыгына тең пар менен жылытканга ылайыктап радиаторлорду койдурууга жетишкен. Албетте советтер союзу тараганда мамлекеттин мүлкүн таркатышкан, азыркы мезгилдин сөзү менен айтсак коррупционер болгондо ырыстуу техника, мал-жан, зыңгыраган сарайларды алмак экен. Менчиктештирүү башталганда ошол мезгилдеги колхоз башчысы: “Садык байке сиздин Фрунзе колхозу үчүн эмгегиңиз зор, тигини алыңыз, муну алыңыз, эртең колхозду таратабыз, десе, мамлекеттин менчигин талап тоногон уурулар, кашыктап чогултканыбызды силер чөмүчтөп чачканы жатасыңарбы, андай болбойт, колхозду сактап калуу керек”, деп сөгүп кетип калган экен.

Жоктон барды жасаткан иш билги адам эле. Айылды түптөп гана койбостон, элдин социалдык абалын жакшыртууда чоң салымын кошкон, больница, бала бакча, мончо, айыл өкмөтүнө контор, мектеп салдырган. Суу киргизген, айылдагы ар бир үйгө газ плита койдурган. Билими жокторду окууга жөнөткөн. Учурунда мугалим болуп иштеп балдардын кат сабатын жойгон, орус тилинен, математикадан сабак өтүп, көрсөтмө куралдарды колго жасап балдарга татыктуу билимин берген окутуучу да болгон. Атам Абдрасулов Садыктын эмгегин айылы баалап, негизги чоң көчөнүн атын берген. Атам курган айылдагы бардык мекемелерди азыр да эли сыймыктануу менен колдонуп жүрөт, демек атамдын жаркын элеси өзү түптөгөн айылында асмандагы Чолпон жылдыздай жаркырап жанып турат.

Күрөштө жеңе билген, оюңду карап билген, издегенин таба билген, көздөгөнүн ала билген зор адамым  бар эле.  Кан күйгөн согуштан кайтып келип, Ата Журтунун жүгүн көтөргөн, согуштун жана тынчтыктын жоокери ал менин атам Садык эле. Мына минтип Сиздин майрамыңыз да кирип келди.

Быйыл Жеңиш майрамына 73 жыл толот. Биздин муун ал согушту көрбөдү, бирок биз аны эсибизден чыгарбоого тийишпиз. Согуш – апаат, согуш – каргаша. Кан жуткан энелер, жетим калган балдар, жесир калган аялдар. Эркиндик үчүн ушунча көр азапты башынан өткөргөн аталар, агалар. Улуу Ата Мекендик согушка Кыргызстандан 360 миңдей адам катышкан. Алардын 150 миңдейи орден жана медалдар менен сыйланган. 29 адам Даңк орденинин толук ээси, 73 жоокер Советтер Союзунун баатыры болгон. 90 миңден ашык Кыргызстандыктар курман болгон. Кан күйгөн согушта канчалаган адамдарыбыз, туугандарыбыз жок болду, жалпы совет элинин анын ичинен алакандай кыргыз элинин жапжаш мөлтүрөгөн он эки гүлүнүн бири ачылбаган жигиттерин алып кетти…

Тарыхты унутууга эч кимдин акысы жок, демек ал күндөрдүн тарыхын туу тутуп, эстей жүрөлү. Тилекке каршы, жыл өткөн сайын Улуу Ата Мекендик согуштун эр жүрөк азаматтарынын саны кескин кыскарып баратат. Ар бир ардагердин дүйнө салышы менен бүтүндөй бир дүйнө, кайталангыс кайра келгис тагдырлар, биз менен кошо жүргөн өлбөс тарых да кетип жатканын атам бизди таштап кеткенде сездим. Бул албетте өкүнүчтүү. Бирок, биз өткөндү унутпай, аталарыбыздын эрдиктерин эскерип, алар салган чыйырды ишенимдүү улантышыбыз керек. Сиз барда, апам барда кандай майрамдасак быйыл да дал ошентип майрамга дасторкон жайып Жеңиш күнүн тособуз. Баары жакшы болоор, бирок бир өксүк – атам менен апам жок… Эсибизге эскерүүлөр түшөт. Күндөлүк турмуштун казанында кайнап жүрүп Жеңиш күнүндө гана Сиздерди эскерип турганымды кечир ата!…

Материалда баяндалган автордун пикирлери “Эсимде” командасынын позициясын чагылдырбайт.