Биз соц.тармактардабыз:
  • Тилди тандаңыз:
  • KG
  • EN
  • RU

Жоошбай Каримовдун жеке тарыхы: Жоошбай дарак

8 апреля, 2022 г.

“Эсимде” изилдөө борбору 2018-жылы «Адамдын тагдыры. Кыргызстан –XX кылым» — аталышындагы сынагын жарыялаганда бул ангеме Каримов Жоошбайдан келип түшкөн. Адамдар жана үй-бүлөлөр башынан кечирген, муундан муунга оозеки айтылып келген окуя жана эскерүүлөрдү сактап калуу маанилүү деп эсептейбиз.  

   Алгы сөз

Адам өз өмүрүндө, айталы акыл-эс тутуму калыптанган 7-10 жаштан 75-80 жашка чейинки 70 жылдагы окуяларды, инсандарды билет жана ага өзү да катышкан. Ошондуктан  ар бир адамдын өмүрү- өзүнчө бир тарых, эл тарыхынын бир үзүмү, же образдуу айтканда улуу курулуштардын натыйжасында тургузулган зор имараттын зор кирпичи. Ошол кирпичтерден куралып олтуруп заңкайып кебелбеген имарат, тамчыдан кошулуп олтуруп океан жаралат. Ал эми адам болсо өзүнө чейинки, өзүнөн кийинки муундарды байланыштыруучу данакер болуп, өткөндүн баалуулуктарын кийинкилерге мурастап олтуруп тарых сакталып калат жана уланып жашай берет. “Полис-Азия”аналитикалык борбору тарабынан үй-бүлөлүк, жеке адамдын тарых-таржымалын, эскерүүлөрүн, эсселердин сынагын жарыялаганы өтө олуттуу маселе, бул идеяны унутулуп калуусу мүмкүн болгон тарых булактарын сактап калуудагы камкордук, сезимталдык катарында баалоого татыктуу жана мындай улуу саамалык жалпы коомчулуктун колдоосуна ээ болот деп ойлоймун.

Адам дарак сыяктуу

Ооба, чындыгында адам дарак сыяктуу, болгондо да мөмөлүү даракка окшоштурам. Дарак – арабча шежире, санжыра, адам да бир чоң байтүп дарак сыяктуу бутактайт, бутактар шактайт, шактан чырпык, чырпыктан бүчүрлөр өнүп чыгар, чырпык чынар болор. Бешиктеги баланын “ким” болорун ким билер.

Даракта тамыр бар. Тамыры канчалык терең болсо, дарак ошончолук бийиктеп, бактап-шактап өсөт. Адам да дарак сыяктуу бийиктерге бийиктеш үчүн аны  азыктандыруучу “тамырлары ” тереңге кетиши керек. Адамдын жашоо азыгы: ак сөз, таза пейил, асыл ой-максат, элдин түгөнгүс руханий кенч казынасы. Дарак мөмөлөйт, мөмөсү бышып жетилген сайын ал ийилет. Улуу адамга таандык мүнөздөр: жөнөкөйлүк, сылыктык, кичипейилдик, сезимталдык, ж.б. калыптанат. Илим-билимдүу, терең түшүнүктүү адамдар да көкүрөгүнө колун коюп, ийилип салам беришет да, улуулукка тизе бүгүп таазим кылып, чоң-кичинеге ызат, урмат көрсөтүшөт. Улуу ойчул Сократ: “Илим-улуу адамды жоошутат, билимдүу адамды таңыркатат, чабал адамды көптүрүп жиберет,”-деп айткан тура.  “Дарак бир жерде көгөрөт”. Өз өмүрүн балага арнап, 45 жыл бир мектепте иштеген мугалим жөнүндө ойлоп көрөлүчү. Элдин туткасы болгон кетменчи, малчыдан баштап, элдин “ак жакасы” болуп ак үйдөгүлөргө чейинкилер мугалимдей мөмөлүү дарактын жемиши эмей эмне. Башка кесип ээлери да өз тармактары боюнча кесипкөй адистерди өстүрүп, бышырып, тарбиялап келе жатышат.

Дарак уруктайт, дарак  канчалык жакшы  өссө, урук да  толук кандуу бышып жетилет, толук кандуу уруктан  ишенимдүү муун өсүп чыгып, ага генефон маселеси байланышат. Эгерде муун өсүп жетилген чоң дарак сыяктуу жетилсе, анын көлөкөсү ошончолук чоң болуп, көп адамга пайдасы тиет, түшүмү мол болот. Сөлөкөтү бийик  дарак алыстан көрүнөт, адам да билими менен бийик, эмгеги менен улуу, ыйманы менен ыйык болуп, алыс-жакындын баарына төбөсү көрүнгөн, таанымал инсанга  айланары маалым.

Элибизде “Жалгыз дарак  токой болбойт”, “Дарак бир жерде көгөрөт” деген накыл кептер бекер айтылбаган чыгар. Өзүн ар нерсеге бир уруп, ар кайсы жерлерге барып, бир ишти кармабаган, ишинин акырына чыкпаган адамдарды “Күлү бир жерде додо болбогон адам” деп жек көргөн. Өлкө башчыбыздын “Аймактарды өнүктүрүү” жөнүндөгү  идеясы ар бир адамдын  атуулдук сезиминен орун алып, терең маани берип, өз өлкөсү, аймагы, айылы үчүн салымын кошкондо гана бул саясат стратегиялык көрө билгичтик катары ишке ашмак.

            Тамак жеш үчүн жашабастан, жашоо үчүн тамак жеген адам кандай болот, же “Жоошбай-дарактын”  бийиктиги жана тереңдиги

Бийиктөө деген түшүнүк философиялык категория аркылуу тереңдөөгө диалектикалык жактан аргасыз байланышат. Элдик накылда “Дарактын бою канча болсо, тамыры да ошончо болот” дегендей, дарактын  тамыры канчалык тереңдеген сайын, ал ошончолук бийиктейт  эмеспи. Демек бийиктеш үчүн тереңдеш керек турбайбы. Адамды азыктандырган, анын пайдубалын түптөгөн тамырлары, тереңдиги деп эмнени түшүнсөк болот, ал эми  бактап-шактап, мөмөлөп, өнүп-өскөн бийиктиги кайсылар? Адамдагы  тереңдөөлөр бул акыл-эстүү, аң-сезимдүу, терең билимдүү, ар тараптан  маалыматтуу болуу.  Бийиктик болсо-бул тереңдөөнүн негизинде  пайда болгон мыкты сапаттарга, жөнөкөйдөн татаалга умтулуу, жөндөмүн ачуу, талантты курчутуп, шыкты ойготуу, чыгармачыл  жаратуучулуктун  мыкты үлгүсүнө жетишүү.

Ал эми адамдын канчалык терең же бийик болмогу өзүнө, өзүнүн иш аракетине, канчалык билим-тарбия алгандыгына түздөн-түз байланышат эмеспи. Элдик акылмандыкта “Жакшылык, жамандыктын себебин өзүңдөн изде”, “Пейилиңден тап” деген пансофиялык ойлор айтылганы кандай гана даанышмандык, болгондо да дүйнөлүк философиядан бир тепкич өйдө турган түшүнүк  деп ойлойм. Азыркы мезгилде илим менен техниканы өздөштүргөн, маалыматтарга ээ болгон, акча-каржы маселесин чечүүнү мыкты билген адамдар көп. Кеп жана келечек анда эмес, кылымдардан бери “Аалым болуу асант, адам болуу кыйын”, “Адам бол” деп айтылып келген аталардын  батасынын  атасы кыргыз уул-кызынын кулагына кирип, дене боюн ээлеп, канына сиңсе экен, атаганат.

Мен өзүм болсо тарых, адеп сабагы мугалими катары дүйнөлүк тарыхтын насыяттарына таянып, жалпы адамзаттык улуу дөөлөттөргө жана улуттук баалуулуктарга басым жасоо менен жергиликтүү тарых, элдик мурас, материалдык жана руханий кенчтердин негизинде улуу инсандардын өрнөктүү өмүрүнүн үлгүсүндө  окуучуларга адамгерчиликти, инсандыкты, атуулдук ариетти калыптандырууну окуу-тарбия  процессинде туу туткан башкы  максаттын артынан жашап келем. Бул аркылуу өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө өз салымымды саларыма ишенем.

Жалпы адамзатты, ар бир адамды, анын ичинен өзүмдү элестетип долбоор түрүндө “Жоошбай-даракты” түздүм. Бул дарак-менин үй-бүлөлук тарыхым, өмүр тагдырым, ишмердигим жана жетишкен ийгиликтерим.

Жөнөкөй мугалим катары жупуну турмушта күн кечирген “Жоошбай-дарактын” тамырлары эмне менен  азыктанганын, ошонун ичинде өсүп жетилген бак-шактарына  анализдеп көз жүгуртүп, саресеп салган сезимтал киши төмөндөгүлөрдү байкамак.

Өмүр бою кой артынан басып өткөн атамдын кат-сабаты болбосо да, туура жүрүп-туура сүйлөгөн сөзүнөн улам айылдагы чоң-кичине тууган- уруктар атамдан кеңеш сурап, жакшылык-жамандык иштеринде башына алышчу. Сталинград салгылашуусунда болгон согуштун майыбы, улуу согуш жана ошол мезгил сезимине терең  таасир эткени   байкалчу, кыдыр даарыган койчу таягынын артынан айыл чарба  жетишкендигинин (ВДНХ) “Ардак грамоталарын” алып, “Ардак тактадан” сүрөттөрү турган жайлары бар. Энем жомогу түгөнбөгөн сөзмөр, куйма кулак, ыр менен макалдарды жамгырдай нөшөрлөткөн адам эле. Экөөнүн дасторкон үстүндөгү сүйлөгөн сөздөрү өзүнчө сабак берген академиялык мектеп экен көрсө. Атама жардамдашып мен өзүм да төрт жыл чабан болдум.

Тоо койнунда кой артынан жүрүп жаратылыштын сулуулугуна бирде суктансам, бирде таңданып, кооздукту көрө билүү илхамы жаралат. Ысык-суукта калып ыйлаганды айтпа.

Кереметтүү күүлөр куюлуп,
Кулагымда турат угулуп.
Туулган жерим сенде турбайбы,

Мектепте  баш оту менен берилген өз кесибинин  чыныгы фанаты болушкан мугалимдеримден алган  билим маданияттуулукка, эмгекчилдикке, мекенчилдикке уюткан коммунизмдин  моралдык кодексинин негизиндеги тарбия менен ширетилди. Кыргыз мамлекеттик университетинде белгилүү окумуштуулар С.Аттокуров, С.Табышалиев, Б.Чокушов, З.Эралиев, М.Жамгырчинов, Р.И.Отунбаева, Р.Ачилова жана башкалардан  алган сабагым менин көзүмдү ачты.

Кызыгуу, изденүүчүлүк, максатка берилгендик, улуу инсандардын үлгүсунө сугарылгандыктын негизинде менде ишенимдүүлүк, жолун жолдоочулук, намыстуулук сезимдерим өсүп чыкты. Үй-бүлөдө түндүк көтөрүп, 6 перзент, 12 неберелүү болуп 60 жашка кирип күч кубатымдан тайбай ден соолугумда даттануу жоктугуна кудайга миң мертебе шүгүрчүлүк айтам. Мектепте директор, окуу бөлүм башчысы болдум, класс жетекчи болуп 5 жолу бүтүрдүм. Окуткан окуучуларым тарых боюнча  предметтик олимпиаданын райондук, облустук, республикалык турларында жеңип чыгышты. Менин колумдан билим алган 11 тарыхчы-шакирт кадрлар бүтүп келишти. Мектепте тарыхый-этнографиялык музей түзгөнүм 35 жылдык педагогикалык эмгегимдин эң жогорку жетишкендиги деп эсептеймин. Эл агартуу отличниги, “Муниципиалдык  кызматтын отличниги” төш  белгилерине ээ болдум.

Мени руханий жактан  азыктандырган эң терең тамырым “Манас ” баш болгон элдик оозеки  чыгармачылык, улуттук маданий мурастар, жомок, макал-лакаптар, элдик музыка, каада-салттардан алган нарк-насилдер экени талашсыз. Түгөнгүс рух казынасы болгон этнопедагогиканы  исламий тарбия менен туура айкалыштыруу өсүп жетилүүнүн ишенимдүү булагы болору шексиз. Ушулардын негизинде мен жергиликтүү чөйрөдө  кадыр-барк, урмат-сыйга жеттим.  Маданий-массалык, саясий иш-чараларды мазмундуу уюштурганымдан улам, жергиликтүү, райондук кеңештерге депутат болдум. Окутуунун жаңы технологияларын, заманбап инновациялык усулдарды үйрөнүү боюнча 30 дай семинар-тренинг, курстарга катыштым, өзүм да  ушундай маанидеги 20 дай семинарларды  мектептерге өттүм. Илимий-практикалык конференцияларда, педагогикалык окууларда,түрдүү конкурстарда бир нече жолу жеңип чыгып, далай  грамота, дипломдорду алдым. Республикалык, облустук, райондук басма сөз беттерине 100 дөн ашык  макалаларым, тажрыйбаларым жарык көрдү. Алардын көбү этнопедагогика  тууралуу жазылган.

Айыл тарыхы –элибиздин улуу тарыхынын бир кирпичи. Ошентип айыл тарыхын изилдеп, колхоздун жана мектеп тарыхы, сельсовет-айыл өкмөтү тарыхын, коомдук иштерге зор салым кошкон инсандар, улуу согушка катышкандар толук такталып, “Мурас”, “Эл баатырларын эскерет” китебине киргизилди. Лейлек этнографиялык өзгөчөлүгүн иликтеп, ”Лейлек тарыхы” китебине коштум.  Уруу санжырасы генеологиялык дарак түрүндө түзүлүп, ал  40 уруулуу Кыргыз дарагына кошулду, ал жөнүндө “Маргун санжырасы” китеби жарык көрдү. Жергебиздеги элдер сыйынып, табынып жүргөн ыйык жерлер, мазарлар таржымалы сурамжыланып жазылып, “Баткен облусунун ыйык жерлери ” китебине киргизилди.

Ушул жупуну эмгектеримдин аркасынан мугалимдердин республикалык II съездине катыштым. 2003-жылы болгон Кыргыздардын Бүткүл дүйнөлүк  II курултайына Лейлек районунан жалгыз делегат болуп катышып, туңгуч  Президентибиз Аскар Акаевдин колунан белекке китеп алып, ааламдын улуу инсаны  Чыңгыз Айтматов менен кол алышып учурашуу бактысы менин өмүрлук дарагымдагы эң бийик жетишкендик болуп калды.

Жыйынтыктап айтканда, ар бир адамдын иш аракети менен Кыргызстан бактап-шактап, гүлдөп өсүп, өнүгөт. Үй-бүлөлөр канчалык бай-бакубат, ток пейилдүү, ынтымактуу болсо, өлкө туруктуу болмок. Ар бир үй-бүлөнүн таржымалынын чоң тарыхты түзүүдө өз орду бар. “Кыргыз” деген байтүп дарактын  тарыхый тамыры терең, ал ар кандай татаал шартка ылайыкташып жашап келет кылымдарды карытып,  жашай берет улам жашарып.

Катта калган аёо сезим

Баласын күткөн Изат эне, согуштан кайтпай калган Жоро, анын жары Асият тууралуу ар кимден сураштырып билчүмүн. Ал үй-бүлөнүн жүлүн сыздаткан аянычтуу тагдыры эл оозунда эчактан бери аңыз болуп айтылып калса да, менде даректүү материалдар жок эле. Бир күнү эле асмандан издегеним жерден табылып, мектепке  аксакалын жайкалтып  мен издеген материалдарды сактап жүргөн Бегалиев Өктөм аксакал кирип келбедиби. Бегалиев Өктөм — 1929-жылы туулган, согуш мезгилиндеги оорук кызматынын ардагери, убагында чарбанын өнүгүүсүнө  бараандуу салым кошкон, кадыр-барктуу адам. Жашы 90 го кирсе да, акыл-эс тутуму даана, сөзү төп. Айылдагы ар кандай жакшылык иш ал кишинин ак батасы менен башталат. Көпчүлүк ырымдап жаңыдан төрөлгөн перзенттеринин  оозуна түкүртүп кетишет. Ал кишини айылдын Ак Бакайы  деп аташканы бекеринен эмес. Аксакал көп жылдар бою өзүнүн эң баалуу буюму катары сактап жүргөн  Акматов Жорого байланыштуу материалдарды  музейге тапшыруу үчүн мага алып келиптир. Ошентип аманатты сактоо жоопкерчилиги мага жүктөлүп калды. Анда Жоро мугалимдин календардык планы, фронттон келген каттар, өздүк документтер бар эле.

Өктөм аксакал Акматов Жоро агалары менен жакын тууган катары бир коргончодо жашашкан. Жоро Жалал-Абаддан атайын  мугалимдик курсту бүтүп келип, башталгыч  класста сабак окутчу. 1938-жылы Советтик Кызыл  Армиянын катарына  чакырылып, Белоруссияда кызмат кылып жүргөндүгү тууралуу көптөгөн каттар келип турду. Жоро  армияга чакырылардын алдында ал мезгилде алысыраак болгон Жийдели айылынан Асият (Осуят) деген кызга үйлөнгөн эле. Жалындуу жаштыктагы ысык сүйүүнү каргашалуу согуштун кара апааты жалп этип өчүрөрүн жүрөктөрү сезишкенби, айтор экөөсү антташып-шерттешкен экен. Жоро: “Дүйнөдө абал алда кандай болуп жатат. Кокус согуш башталып кетсе, мени 10 жыл күт. Эгер менден кабар болбосо, тагдырыбыздан көрөлү,”- деген экен кайран жигит.

Түбүң түшкүр согуштун алгачкы күндөрү кат келип турган. Кийин кара кагаз келген. Жоро Белоруссияда душмандын алгачкы катуу соккон бороон-бурганагынын курманы болгон эле. Фронттон келген саргайыңкы,  үч бурчтук болуп бүктөлгөн Жоронун катынын биринде жүрөгү бар адамдын жүлүнүн сыздаткан латын тамгасы менен жазылган мындай жазуу турат. “Жолдош Акматов, сиздин айтканыңызды мен 1939-жылдан 1949-жылдын 15-мартына чейин аткардым. Ыраазы болуң,”- деп Асият”

           

Ошентип Изат апа өмүр бою боор этинен жаралган  баласын күтүп жалгыз калды. Ал Жоронун  өлгөнүнө ишенчү эмес. Эшик “кыйк” этип ачылган сайын, үмүт менен жалт карай берет. “Жоро келет, келсе мен укпай калбайын. ”Эне ” деген биринчи үнүнөн эшикти ачам,”-деп үйгө кирбестен, короонун эшигинин алдында түнөчү. Өмүр өткөнчө  ысык-суукка карабастан, босогодо баш багып, уулун күтүп жүрүп өттү кайран эне. Жан күйөр туугандары, “жүрүңүз, бүгүн биздикине мейман болуп, түнөп келиңиз” десе да болбой: “Жок, анте албайм, садага, Жором келип калса, үйүмдүн эшиги жабылып калыптыр, энем мени өттү дегенге ишенип, күткөн эмес экен деп ойлоп калбайбы,”- дечү жарыктык. Айла жок. Ичти жалынсыз күйдүргөн  арман бугун төмөнкү ыр саптары коштоп, бирде кайраттуулуктун жалыны бүрксө, бирде чок болуп күйүткө малат:

Аттанган туулган жер үчүн,
Аттанган кутман эл үчүн.
Гүл коюп эскер, ыйлаба, 
Уулуңар жоокер эл үчүн.
Эстелик жанына келип,
Энелер, ыйлабагыла.
Уулуңар тирүү биз менен.
Сезимди кыйнабагыла.

Изат эненин сезимди кыйнаган кайгылуу тагдыры тууралуу айылыбыздагы ардагер мугалим, маркум акын агайыбыз Убайдулла Гапуров “Изат апа” деген ыр жазган эле. Ал ырдын кол жазмасын айылдагылар бүт баары колмо-кол  алып окуганы эсимде, кийин  ошол ырды автордун өзүнөн айттырып, 1990-жылы жазып алып, сактап койгон элем.               

Изат апага

		
		Каардуу канкор фашисттер,
		Элиме бүлгүн салганда,
		Эненин жалгыз баласы,
		Аттанды алыс майданга.
			Уулун эне узатты,
			Алыскы батыш согушка.
			Көзүнөн жашын көлдөтүп,
			Жалгыз ал калды конушта.
		Күнүнө күтүп баласын,
		Кечейи - күндүз боздоду.
		Тажабай салып төлгөсүн,
		Жакшылык жакка болжоду.
			Уулуну келип калат деп,
			Канча бир таңды атырды.
			Батышты карап күнү-түн,
			Карегин көздүн катырды.
		Зар болуп бала үнүнө, 
		Жалгызын күтөт күнүнө.
		Келгенин билбей калам деп,
		Жатчы эле дарча түбүнө.
			Ай жылга орун бошотуп,
			Канча убак өттү арадан.
			Жеңиш да калды жакындап,
			Кабар жок жалгыз баладан.
		Тажабай күттү  бул эне,
		Санаага бөлүп санаасын.
		Сезбеди такыр коштошуп,
		Түбөлүк кеткен баласын.
			Өткөрдү эчен ай, жылды,
			Убайым кайгы жеп жүрүп.
			Өзү да бир күн көз жумду,
			Уулуну келет деп жүрүп.
		Ошентип бала, энелер,
		Көрүшпөй калды түбөлүк.
		Алыскы эки мүрзөдө,
		Дайыма турсун гүл өнүп.

Бегалиев Өктөм аксакалдын балдары быйыл атасынын 90 жылдыгынын урматына элге чоң той берүүнү атасына сунуш кылышат. Ага карыя каршы чыгып, “Өткөндү  барктамайын, тирүүлөр даңкталбайт”. Ушул коргончодо канчалаган адамдар жашап өткөн. Ошолорго аш берип, кадым багыштап, дуба кылалы деген ниет менен топтоп жүргөн каражатым бар. Адегенде ушул ниетимди аткарып бергиле дейт. Ошентип Улуу жеңиштин

73 жылдыгынын алдынан, ыйык рамазан айынын арапасында ата-энелеринин урматына, чоң агасы Акмат, агасы Жоро, Изат энеге ж.б. ушул коргончодо чогуу жашашкан туугандарына арнап чоң аш берилди. Мааракеге Өктөм аксакалды урматтап бүт регион  боюнча келгендердин саны арбын болду. Көптү көргөн , ары сөзмөр инсандар катаал, ары каргашалуу күндөрдө өткөндү эстеп, терең тарбиялык маанидеги мазмундуу сөздөрдү сүйлөштү. Кары-жаштын карегинде бирде көз жаш  кылгырып, бирде кубаныч күйүп-жанып турду.

ТЫЯНАК

Үй-бүлөнүн, жеке адамдын өмүрүнөн кийинки муундарды тарбиялоого баалуу болгон түгөнгүс казына топтолот. Ошондуктан  “Азия-Полис” аналитикалык борборунун демилгесин ар бир аймакта, райондордо айыл-айылга чейин көтөрүп чыгып, материал топтоо, иликтөө иштерин жүргүзүүнүн пайдасы чоң. Жогоруда бир гана менин бул багыттагы иштеримдин  бир жак чекеси жөнүндө азыноолак сөз болду. Ал эми бүтүндөй жумурай-журттун, калайык-калктын колдоосу менен жер-жерлерден чогулган  тарых-таржымалдар менен элибиздин тарбиялык түгөнгүс кенчи болгон бай тарыхы дагы да ашып-ташмак.

Кыргыз элинин башкы байлыгы-улуу тарыхы, руханияты. Башталышы  шумер туугандарыбызды кошконубузда бери эле дегенибизде 5 миң жылдык тарыхы бар кыргыз эли арча-кайыңда балтасы, ой-кырда башы, сайда сөөгү калса да, бири Эрен менен Тереңден, бири Алтай менен Каңгайдан, өлгөн сайын  өөрчүп, түгөнгөн сайын түтөп, эс-тутумундагы кумдай куюлган жомогун унутпай, көкөй кескен комуз үнү кулагынан кетпей, мекенин сагынтып сыбызгыган кыл кыяк, чоору муңдуу, ары мукам үнү жүрөк  толтосунан оргуштап, кайра эле Ала-Тоосун эңсей, самсаалап чогула берген. Бир мезгилде кумга  сиңген суудай жоголгон эл өзүнүн  отко күйбөс, сууга чөкпөс рух  дараметинин күчү  менен кайрадан баш көтөрүп, улуу дөөлөттөрдү кургандыгына, сайран курган доорлорго жетишкендигине ташта калган тарыхы күбө. Түндүгүбүздөн түтүн булатып, коломтобузда  өчпөгөн от тутандырууга ар бирибиз  салым кошсок, атуулдук парзыбызды аткаргандык болор эле. Бүгүнкү күндө да өлкөбүздүн гүлдөп-өнүгүүсүнүн  булагы руханиятта жатат. С.Раевдин: “Руханий кризис экономикалык кризистен коркунучтуу,”- деп айтканы залкар ой.

Топтогон  тарыхый-этнографиялык материалдарымдын бир жак чекесин кайра иштеп чыгып, басма беттерине жарыялоого жетиштим. Алардын ичинде эмне деген  тарбиялык маани-мазмун, адеп-ахлак, аталардан калган нарк-насыяттын сырлары катылып жатат. Айталы, айылда корголбой калып, бузулуп-тонолуп бүткөн “Курманбектин Коргон Ташы”, же бир кенедей гана чакмак (оттук таш) деген буюмдун адам тагдырында маанилүү болгон “Чакмак, чакмакты атка алмашкан акмак” деген бабалар сепкен асыл ойду камтыган публицистикалык, эссе жанрындагы макалаларым элге жетти. Калган материалдарымды  да  келечекте жарыкка чыгарам деген алдыңкы үмүт, максат менен Жолон акындын “Отту сүйөмүнүн” идеясын туу тутуп, жаштыктын отун өчүрбөй, жүрөгүмдө алоолонгон максат  соңунан, алоолонуп күйүп келемин.

Библиография

1. Орозбаков С. “Манас”, I,II,III,IVтом. 1978,1980,1981,1982;

2. Айтматов Ч. “Манас атанын ак кар,көк муздары”; Тандалган 3 томдук, 

    1981.

3. Айтматов Ч.”Биз дүйнөнү жаңыртабыз, дүйнө бизди жаңыртат”,-Ф,1988;

4. Акматалиев А.”Баба салты, эне адеби”:” Элдик салт”-Б.,1993;

5. Абрамзон С.М. ”Кыргыздар жана алардын этногенетикалык тарыхый-

    маданий байланыштары”, Ф.,1990;

6. Иптаров С. “Кыргыз жан дүйнөсү”, 2012;

7. Байгозиев С.О. ”Ата журттун он соолугу(тиреги), ”Кут билим”, 2002, Атайын 

    чыгарылыш

8. Аттокуров С. “Кыргыз санжырасы” –Б., 1995;

9. Кармышаков А.Н. Адеп.”Адам таануу”, Б, 2010;

                                                БУЛАКТАР

1.Өздүк тарыхый-этнографиялык материалдар, каттар, сүрөттөр жана

    буюмдар;                      

2.Жергиликтүү тарых жана эл оозунан жазылып алынган кол жазмалар;

3.Топтолгон санжыра боюнча материалдар.

Материалда баяндалган автордун пикирлери “Эсимде” командасынын позициясын чагылдырбайт.

Опубликовано в разделах: "Жеке тагдырлар" эсселери