Биз соц.тармактардабыз:
  • Тилди тандаңыз:
  • KG
  • EN
  • RU

Бир каттын тарыхы

11 марта, 2022 г.

Акматов Дакен ата 90 жашта. Эсимде Украинадан алып келген архивдик документтерге байланыштуу Ысык-Көл облусунун Темир айылынын тургуну Акматов Дакен атадан интервью алганы бардык. Анын ата-энеси 1930-жылдары кулакка тартылып, Украинанын түштүк аймагына сүргүнгө айдалган.

Дакен ата

Молтоев Акмат Дакен атанын атасы, 1938-жылы Украинанын Скадов районунда сүргүндө жүрүп, “эл душманы”, “убагында басмачыларга жардам көрсөткөн”, “контрреволюциялык идеячыл” деп күнөөлөнүп, 1938-жылы атууга кеткен.

Молтоев Акматтын өздүк иши. Архивдик документ «Эсимде» тарабынан алынып келинди.

Молтоев Акматтын атууга кеткени үй-бүлөсүнөн жашырылып, балдары атасынын кийинки тагдырын билишкен эмес. Молтоев Акматтын жубайы жана уулу Дакен 1944-жылы Кыргызстанга кайтып келишкен. Дакен ата 1960-жылы К. Ворошиловго атасын издеп, атасынын тагдырын билүү максатында мындай кат жазган:

Атам Акмат Молтоев, “Жаңы Жол” колхозунун колхозчусу, азыркы Украина ССРинин Херсон облусунун Чалбасы айылында, 1937-жылы айылдын башка эркектер менен бирге түн ичинде камакка алынган. Эмне үчүн, кайсы кылмышы үчүн алардын камалганы белгисиз бойдон калууда. Ал кезде мен болгону 5 жашта элем, атамды эстей дагы албайм.Атам жөнүндө карыган энемдин айтуусунан, эскерүүсүнөн гана билем. Атамдын башына түшкөн тагдырды мага кабарлап коюңузду өтүнөм.

Сураныч, баш тартпаңыз 01/20/1960 »

Дакен атанын атасын издеген каты

Бул катты биз Херсон облустук архивинен таптык. Эң эле өкүнүчтүүсү каттын жообу төмөндөгүдөй калп болгон:

«Акматов Дакен чакырылып, 1938 -жылы атасы Молтоев Акмат 10 жылга эмгек лагерине кесилгенин жана жазасын өтөп жүргөндө 1944 -жылдын 30 -сентябрында жүрөк оорусунан каза болгонун тапшырылган арыз боюнча оозеки түрдө билдирүүнү суранам”.

1938-жылы атууга кеткен адамдардын тагдыры үй-бүлөөлөрүнөн жашырылган.

Дакен атанын катына жооп

Опубликовано в разделах: Адамдар жөнүндө