Биз соц.тармактардабыз:

Бир сүрөттүн тарыхы. Ооз комузчу Ажар апа

6 марта, 2022 г.

Адамдардын эс тутумунда окуялар убакыттын өтушү менен өчүп,  бара-бара унутулат. Ал эми сүрөттөр эскиргени менен эч качан карыбайт. Кылымдар алмашса дагы  сүрөттөгү кыз, бала же чоң үй бүлө саргайган кадрда ошол эле бойдон, ошол кездеги кубаныч, кайгы менен сакталып кала берет. Макалада бул эски сүрөттөгү жагымдуу жылмайган кыздын тарыхын жандандыралы.

18 жашар Ажар Карачинова. 1939-жыл. Москва шаары

Бул сүйкүмдүү кыздын сүрөтү 1939-жылы Москва шаарында Бүткүл союздук айыл чарба көргөзмөсүндө кыргыз искусствосунун декадасында тартылган. Сүрөт Орусия улуттук музыка музейинин фондунда “девушка-киргизка” деген ат менен экспонат катары сакталып, Орусиянын бүткүл музейлеринин электрондук каталогуна жарыяланган.

“Эсимде” изилдөө аянтчасы сүрөттү айтылган каталогдон алып, “Ооз-комуз чертип жаткан кыргыз кызы” деген жазуу менен  социалдык тармактарга жарыялаган элек. Көп өтпөй сүрөттөн чоң энесин тааныган кыз байланышка чыгып, сүрөттү атасына көрсөтүп көрүүнү чечкен.  

Бир жума өткөн соң, Кубанычбек аттуу адам кайрылып, мындай деди:

Бул сүрөттө менен апам Ажар экен, быйыл жүзгө чыкмак эле. Сүрөттү биринчи жолу көрүп жатабыз. Апам жаш кезинде Москвага барып, темир комуз черткенин айтып калчу

Кубанычбек агай менен жоолугуп, сүрөт сакталган музейге кат жазууну сунуштадык. Орусия улуттук музыка музейи бул сүрөттөгү кыздын алтымыш жашар уулу Кубанычбектин катын жылуу кабыл алып, сүрөттүн аты толукталды. Азыр бул сүрөт музейде “Темир-комуз чертип жаткан 18 жашар кыргыз кызы Ажар Карачинова. 1939-жыл. Бүткүл союздук айыл чарба көргөзмөсү” – деген ат менен сакталууда. Ажар апа 1984-жылы узакка созулган оорудан кийин каза болуп, сөөгү Бишкек шаарынын Түштүк-Батыш көрүстөнүнө коюлган. Көзү өткөн соң, 37 жылдан кийин 18 жашар апасынын сүрөтүн көрүү Кубанычбек агайга сагынуу, кубануу жана сыйтыктануу сезимдерин жаратты. Кубанычбек агай Эсимдеге апасы Ажар Карачинованын кыскача өмүр баянын айтып берди.

Карачинова Ажар 1921-жылы Самансур кыргыз айылында (азыркы Чүй облусунун Кемин району) жылкы, төө, бодо  жана майда мал баккан байдын үй-бүлөсүндө туулган. Атасы Карачин менен апасы Шайырбүбү кызы Ажарга ал кезде прогрессивдүү деп саналган, өзгөчө кыздар үчүн жакшы сегиз жылдык билим берүүгө жетишкен. Ата-энеси да улуттук аспапта темир-комуз  (ооз комуз) чертип, музыкага, ырга болгон сүйүүсүн арттырышкан. Мектепти аяктагандан кийин Ажар башталгыч мектепте мугалим болуп, кыргыз тилин латын алфавитинде, кийин кириллицада окутат. Ошол эле учурда Ажар өзүнүн музыкалык жөндөмүн темир-комузда ийгиликтүү өрчүтүп, окуучуларына бул аспапта ойногонду үйрөткөн.

Убакыттын өтүшү менен Ажардын атагы, музыкалык талантынын таанылышы республикалык борборго – Фрунзе шаарына да жеткен. Кыргыздын белгилүү жана таанымал артисттери, музыканттары, маданият жана искусство ишмерлери менен бирге 18 жаштагы Карачинова Ажар улуттук күүлөрдү темир-комузда аткаруучу катары Москванын кыргыз искусствосу декадасына 1939-жылы катышкан.

1969-жылы Фрунзе шаарында Кыргыз искусствосунун Москвадагы 1-декадасынын отуз жылдыгына арналган массалык иш-чаралар болуп, анда декаданын жандуу катышуучулары, анын ичинде Карачинова Ажар темир-комузда кыргыз күүлөрүн аткарган. Катышуучулардын бардык музыкалык номерлери жазылып, Москвадагы «Мелодия» фабрикасында грампластинка түрүндө басылып чыккан.

Улуу Ата-Мекендик согуш учурунда  Ажар мектепте мугалимдик кесипти таштап,  тылда эсепчи болуп иштеп, өлкөгө, фронтко керектүү айыл чарба продукциясын өстүрүүгө салымын кошкон. Согуштан кийинки жылдарда Карачинова Ажар турмушка чыгып, эки кыз, эки уулду болгон. Жолдошу менен бирге балдарын ийгиликтүү тарбиялап, аларга жогорку билим берип, жашоого жол ачкан. Карачинова Ажар балдары, туугандары жана достору үчүн ар дайым жогорку маданияттын, адамгерчиликтин, ак ниеттүүлүктүн татыктуу үлгүсү болуп келген жана болуп кала берет.

Опубликовано в разделах: Адамдар жөнүндө, Эсимде