Биз соц.тармактардабыз:
  • Тилди тандаңыз:
  • KG
  • EN
  • RU

Согушту токтоткула! Украин элин колдоо жана тилектештик билдирүү

2 марта, 2022 г.

Биз, Эсимде изилдөө аянтчасынын командасы, Украинада болуп жаткан агрессияга  каршылык билдиребиз. Биз суверендүү  мамлекеттин аймагында согуш ачкан орус бийлигинин аракеттерин айыптайбыз.

Азыркы цивилизациялуу дүйнөдө мындай агрессивдүү аракеттерге жол берилбейт. Тарыхта, анын ичинде биздин жалпы тарыхыбызда бул, баарынан мурда агрессор мамлекеттер үчүн кайтарылгыс кесепеттерге кабылгандыгын билебиз. Биз жана бүткүл дуйнө жакынкы тарыхыбызда эле мындай кыйроого кантип кабылып, миллиондогон курмандыктар болгону эсибизде.

Эсимде изилдөө командасы 2021-жылдын октябрь айылында ХХ кылымдын 30-жылдарында Кыргызстандын аймагынан Украинага сүргүнгө айдалган жана алардын тагдырын изилдеп, Херсон, Одесса, Киев жолдорун басып өттүк. Ар түрдүү адамдар менен баарлашып, архивдерди ачып, изилдеп жүрүп, биз Россия Федерациясынын пропагандасы айтып жаткандай бир да улутчул же фашистти жолуктурбадык.  Демек, агрессияга негиз болуп жаткан «денацификация» терминин колдонуу таптакыр туура эмес, фактыларды жана түшүнүктөрдү алмаштыруу болуп саналат.

“Эсимде” кайсы бир мамлекетке каршы ар кандай зордук-зомбулук аракеттерди актоо үчүн тарыхты/эс тутумду колдонууга каршы. Бүгүнкү күндө Украина ушундай зордук-зомбулуктун объектиси болгонуна күбө болуудабыз.  Узак убакыт бою ачылбай келген тарых барактары , азыр бизге ачылып,  репрессия, депортация жана согуштар мындай агрессиянын кесепеттери экенин бизге тастыктоодо. Ал дүйнөнү жок кылат, бизди бөлүп-жарат, кыйроого жана азапка алып келет.

Мындай кырдаалда унчукпай калуу – өткөнгө, азыркыга жана келечекке чыккынчылык.

Бул күндөрү Херсон облусунун Виноградново айылында жашаган 87 жаштагы чоң эненин сөзү эсибизде. Өспүрүм кезинде Кыргызстандан Украинага сүргүндөлүп келген жетим балдар, үй-жайсыз калгандардын балдары менен чоңойгон. Кийинчерээк ал «Чалбас кыргыздары» аттуу эскерүү китебин жазып, анда башынан өткөн кыйынчылыктарды, трагедияларды, эң кыйын мезгилдеги адамгерчиликти эскерип жазган. Александра Васильевнанын аман-эсен болушуна ишенебиз. 

Кыргызстан Украина сыяктуу эле суверендүү жана көз карандысыз мамлекет. Бул эки суверендүү эки мамлекеттин тең куракта болушу жөн жерден эмес. Биздин өкмөттү жана Кыргызстандын президентин эгемендиктин баалуулуктарына жана мамлекеттин бүтүндүгүн сактоого чакырабыз. Анткени, агрессивдүү позицияны колдоо Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнөн жана тынчтыкка умутулуусунан баш тартууга барабар.

Опубликовано в разделах: important, Кулактандыруу жана программалар