Биз соц.тармактардабыз:

«МАҢКУРТТУН ТҮШТӨРҮ»

14 февраля, 2022 г.

Болот ИСАБЕКОВ,  фотограф, Санкт-Петербургдагы «Докдокдок» заманбап фотосүрөт мектебинин бүтүрүүчүсү, Бишкекте жашап, иштейт.

ПАЛИМПСЕСТ. КАЖЫ-САЙ*
Ысык-Көлдүн түштүк жээгиндеги жомоктогудай кооз тоолорунун жанынан өтүп баратып, ушул жерде эки муун мурда эле эмнелер болуп өткөнүнөн шектенбейсиң. Табияттын өзү, бул жерде кайнаган жашоо издерин чоочун көздөрдөн жашырып, өтмүштүн тагын өзү жалгыз оңдоого аракет кылгандай таасир калтырат. 

Ар жолу бул жакка келген сайын, бул же тигил жерден, өтмүштүн улам жаңы белгилерин, ар жолу так-таасын жана даана көрүп, бирде таң калууну жаратып, суроолорду туудурса, кээде коркунуч сезими курчайт. Бул мени терең кайгыга чөмүлтөт. Мен ал эркинен ажыратылгандар-

ды, эркин жалданма жумушчуларды элестетүүгө аракет кылам. Уран руднигинин бүткүл алгачкы негиз салуучуларын. Алардын ысымдары ким болду экен? Көпкөк тоо көлүнө көз жиберип, алар эмне жөнүндө ойлонушту экен? Аман калгандары өз үйүнө кайтып барышты бекен? Бул жерде жымжырттык өкүм сүрөт. Бир гана жер бетине сороюп чыгып турган түтүктөрдө шамал ойноп, бирде күүлдөсө, бирде онтогондой күң- гүрөнөт. Алар дагы, бул жерде сөөгү көмүлгөндөр, кароосуз калган шах- талар жана жер кепелер менен калгандар. Алардын аты өчкөн. Өлчөөсүз окуялардын иримине чөккөн. Эгерде бул белгилер болбосо, эч нерсе болбогондой. Ушул белгилер мага сырын ачып, өз баянын саймедирейт.

Мен эч нерсени кулак сыртынан кетирбей, акыр аягына чейин угууга аракет кылам. Мен алардын ысымдарын айткым келет.

Мени кандай сезимдер курчап аларын билбейм: каарман өтмүшкө сыймыктануу же башаламандык, тынчсыздануу же үмүт. Бул өңүмбү же түшүмбү? Tantum scimus, quantum memoria tenemus – биз эс тутумда

канча сактасак, ошончолук гана билебиз. Убакыт бизди жыйынтыкталба- ган өтмүшкө кокусунан кайтаруу үчүн унуткара

*1944-жылдын 8-декабрындагы СССРдин Коргонуу боюнча мамлекеттик комитети- нин Тажик, Кыргыз жана Өзбек ССРлериндеги кендердин базасында уран өндүрүүчү ишка- наларды түзүү жөнүндөгү чечиминен кийин, 1946-жылдын жайында көмүр тектерин алып жүрүүчү катары саналган, Жил уран кени ачылган. Ал 1946-жылдын аягынан баштап чалгындалып, 1948-жылы №8 Кен башкарма- лыгына эксплуатацияга берилип, кийинчерек

№11 Комбинаттын курамына киргизилип, жыйынтыгында Кыргыз тоо-кен комбинаты- на кошулган.

Ошентип, Ысык-Көлдүн түштүк жээ- гиндеги Тоң районунда жайгашкан Кажы-Сай поселогу пайда болгон. Шахтага иштөө үчүн, алгачкы жылдарда эркинен ажыратылган- дар ишке тартылган. Эки миңге чукул адам эмгектенип, уран өндүрүшү он жылдан кийин, тактап айтканда 1957-жылы токтотулган.

«Центральная» шахтасында көмүр өндүрүү жана электро-техникалык заводду түзүү жаңы багыттары башталган. Бул жыл- дары Кажы-Сай шаар тибиндеги поселоктун өнүгүшү менен коштолгон. 80-жылдарда по- селоктун калкы 11 миң адамды түзсө, учурда Кажы-Сайда 4 миңге жакын адам жашайт. Со- веттер Союзунун тарашы менен, Кажы-Сай- дагы өндүрүш токтоп, 90-жылдарда бардык тармактарда төмөндөө менен коштолгон.

Учурда, Кажы-Сайлыктар туризмдин эсебинен күн кечирип келет.


Болот Исабековдун сүрөтү, «Палимпсест. Кажы-Сай» сериясынан 2020-жыл