Биз соц.тармактардабыз:

ЭГЕРДЕ СЕН МАҢКУРТ БОЛБОСОҢ…, АНДА МЕН – МАҢКУРТМУН!

14 февраля, 2022 г.
Это изображение имеет пустой атрибут alt; его имя файла - 62338251_1284562455042206_1023642082759147520_o%D1%81-1024x680.jpg
Гамал БОКОНБАЕВ, архитектор, дизайнер, Бейформал культуролог.
Кыргыз Республикасынын Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү. «СХ» жана «Төлөн
музейи» журналдарынын редактору. Кыргыз Республикасынын маданиятына
эмгек сиңирген ишмер.

Голливуддук маңкурт. «Кылым карытар бир күн» (1980) романы СССРдин агониясынын эң алгачкы он жылдыгында жарыкка чыгып, мага күчтүү таасир калтырган. Мага, автор үмүтсүздүк сезиминен канагат алгандай көрүнгөн. Суроолор коюлганы менен, жооптору жок болчу! Менин сезгенген элес таанымымда, ТОКОЙТӨШТҮКТӨР, «Бир тууган Карамазовдордогу».

«Эмчектер» сөзү менен эрксизден уйкашкан. «Сени көтөргөн эненин курсагы жана сени азыктандырган эненин эмчеги ырахат, өзгөчө ЭМЧЕКТЕРИ!» – деп Федор Карамазов кыйкырат. Достоевскийдин бул кылыгына макул болсо болот. Ал критикалык реализмдин доорунда жашаса, мен болсо советтик адам катары, соцреалисттик романдан позитивдүү жыйынтыктоону күткөм!

Ошондон тартып, маңкурт жөнүндөгү уламышка менин мамилем татаал. Мен азыр дагы, генийдин ой жоруму маанини чиелеништирет деген ойдомун. Көйгөй эстен чыгып калууда эмес, маселе тарых жасалмаланып жаткандыгында. Заманбап маңкурттар унуткусу келгенди унутуп, эстеп калгысы келгенди эстейт. Мотивдер түшүнүктүү, «Тарыхты жеңгендер жазат, ошондуктан жеңилгендерге анда орун жок» . Мен ушул айтымды өз ыгыма салып өзгөрткүм келет: тарыхты империялар жазат жана анда провинцияларга орун жок.

Квентин Тарантинонун «Бир жолу Голливудда»(2019) тасмасын көргөндөн кийин, менде унутчаактыктын жаңы кыры ачылды. Көркөм кыял – автордун кредосу жана ага ишенесиң. Бир гана жагдай түшүнүксүз – чыныгы окуяны бурмалап эмне кереги бар?

Чыныгы турмушта: 1969-жылы хиппилер, Мэнсон сектасынын мүчөлөрү, актриса Шерон Тейттин жана режиссер Роман Поланскинин Лос-Анжелестеги үйүнө басып киришкен. Кош бойлуу Тейтти жана анын төрт досун өлтүрүшкөн. Полански ошол учурда Европада жүргөндүктөн аман калган.

Тасмада болсо тескерисинче: чечкиндүү голливуддук жигиттер кол салган хиппилерди аёосуз жазалайт: колго тийгени менен чаап, итке талатып, от ыргыткыч менен (огнемёт) куйкалашат.

Бул тасма жөнүндө көп жазылганы менен, эч кимиси төмөнкү суроолорго жооп берген эмес: режиссер чыныгы окуяны эмне үчүн өзгөрткөн? Режиссер трагедияга макул эмеспи? Канкорлордон жаш баладай өч алуубу? А бал-ким жанрдын мыйзамдары ушундай happy end жыйынтыгын талап кылдыбы?

Тарантино үчүн бул жападан-жалгыз учур эмес. «Кадырсыз салпаяктар» (2009) тасмасында, америкалык «диверсанттардын» тобу, Гитлерди жана нацисттердин бүткүл тобун, өзгөчө ырайымсыздык менен өлтүрөт. «Бошотулган Жанго» (2012) тасмасындагы кул, вестерн жанрындагы каармандын образын жаратып, 1858-жылдагы АКШнын реалдуулугуна шайкеш келбейт.

«Өтмүш өзгөртүлгөн» голливуддук кино өндүрүмдөрдүн өтө көп мисалын келтирүүгө болот. Тасмаларга «кыялдар фабрикасынын» калыбы капталып, аларга эч ким олуттуу мамиле кылбастан, эң башкысы чындык эмес, киреше экени талашсыз. Бирок, «Бир жолу Голливудда» тасмасы катаал чындыгы менен өзүнө тартат. Брюс Ли, хиппилер, продюсерлер, туталанган кары, согончогун кир баскан жаңы чыгып келе жаткан жылдыз (актриса) так ушундай болот деген ишенимди туудурат! Келесоороок жана макоо америкалыктар! Ушуларды чындык деп эсептөө мага жагат. Мен ушундан канааттанам! Жыйынтыгы да мага жагат! Бирок бул ачыктан-ачык калп. Мен ага алдандым жана мени уйку-соонун ортосунда дароо калпымды чыгарышты.

Олуттуураак иштерди (анча таланттуу эмес) белгилей кетсек болот. Тед Мелфинин «Жашыруун калыптар» (2016), Оскар сыйлыгына татыган режиссер Питер Фарреллинин «Жашыл китеп» тасмалары. Эки тасма тең 1960-жылдардын башталышын чагылдырат.

«Жашыруун калыптар» тасмасында, Америка космос агенттигинин (НАСА) үч кара терилүү кызматкери, расалык сегреациянын бардык «артыкчылыктарын» өздөрүнүн жон терилери менен сезип, бирок өз иштери менен ак терилүүлөрдү кууп жетип, алардан ашып түшөрүн далилдешет. Жумушчу топтун жетекчиси, алмашкыс жумушчу ар жолу түстүү терилүүлөр үчүн, коңшу имаратта, 800 метр алыстыкта жайгашкан дааратканага барууга мажбур экендигин билгенде ачуусу келет! Кара терилүүлөрдүн укугу үчүн күрөшүүчү, баарынын көз алдында балка менен «Ак терилүүлөр гана даараткана» белгисин талкалайт 3. Мына ушул учур капитализмдин кишенин талкалаган жумушчуну эске салат.

«Жашыл китеп» тасмасында кара терилүү пианист түштүк штаттары боюнча гастролдук турга жөнөйт. Расисттердин кысымына кабылбаш үчүн,  түнкү клубдун кайтаруучусу, италиялыкты айдоочулукка жана жан сакчылыкка жалдайт. Аны менен бирге, кара терилүүлөрдү тейлеп, аларга кызмат көрсөтө турган жайлардын даректери көрсөтүлгөн «Жашыл китепти» жанына алат.

Бул тасмалардын жагымдуу жыйынтыкталышы советтик сюжеттерди эске салып, анда жакшы  адамдар жамандардын үстүнөн күлүп, «кээ бир кемчиликтеринин» үстүнөн жеңишке жетишет. «Кадырсыз салпаяктар», «Бошотулган Жанго», «Жашыруун калыптар», «Жашыл китеп» мага жаккан жок. Анткени алар мага соцреализмди эске салды. Баары биригип, кандайдыр-бир кызык, аягына чейин түшүнүксүз трендди белгиледи.
Балким жооп ушунда? «Америкалык киноакадемия, 2024-жылдан тартып, Оскар сыйлыгын тапшыруунун жаңы эрежелерин киргизет». Ага ылайык, «Мыкты тасма» номинациясына көрсөтүлгөн тасмадагы, биринчи же экинчи пландагы ролду аткарган актерлордун бири расалык же этникалык азчылыктардын өкүлү болушу шарт.
Эгерде бул шартты аткаруу мүмкүнчүлүгү болбосо, тасмага тартылган калган топтун үчтөн бири аялдар, расалык, этникалык, ЛГБТ азчылыктарынын өкүлдөрүнөн же ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардан болуу талабы коюлган».
Жаңы тренддерди жана эрежелерди, «Модерн» театрынын көркөм жетекчиси, режиссер  Юрий Грымов мындайча баяндайт: «Бул БК КПССтен да жаман. СССР мезгилинде Мосфильмге: кимди жана кантип тартуу тапшырмасы берилип  турган…».
Грымовдуку туурабы? же Америкалык Киноакадемия? балким БК КПСС? – баарын мезгил көрсөтөт. Бүгүнкү күндө мага ачык-айкыны: «Бир жолу Голливудда» («Однажды в Голливуде») тасмасы таттуу уу сымал гениалдуу. Ушул сыяктуу эле мени ууктурган тасмалар – Иван Пырьевдин «Кубандык казактар» (1949), Михаил Калатозовдун «Ишенимдүү достор» (1954),  Эльдар Рязановдун «Карнавалдык түн» (1956) жана «Автомобилден сактан» (1966). Бул тасмаларды тажабастан, ар бир кадрын тамшануу менен көрөм. Бирок булардын баары фальсификация! Көркөм таланттуу гениалдуу фальсификация! Мейли алдашсын! Чыныгы искусстводон колуңарды тарткыла! Фальсификация – бул  көркөм ык! Мен – голливуддук маңкурт!

«Математикалык анализдөө» аракети Дайыма «маңкурт болбоо» мүмкүн эмес. Ар дайым оң менен терсти, позитив менен негативди, «чындыкты» же «калпты», пафосту же иронияны ала жүрөрүбүз айкын. Бул мындайча айтканда термелүү кыймылы.Менин пикиримде, бардык эле фальсификация зыяндуу эмес: пафостун басымдуулук кылышы баарына каршы бардык согушка, ал эми ирониянын артыкчылыгы – жарашууга түртөт. Ирониянын артыкчылыгы керексиз түзүлүштүн талкаланышын шарттап, ал эми пафос
аны күчөтөт. Пафос маңкуртка зыяндуу, ирония баш оорунун дарысы сымал пайдалуу. Аны көптөгөн мисалдар менен далилдөөгө болот. 

Баарын илимий жолдун жардамы менен чечүүгө ишенбейм. Бирок кээде шарттуу схемалар, тексттин чегинен «учуп чыгып» кетүүдөн сактап, реалдуу катышты чагылдырат.
№1 схемада, «Пафостон иронияга» деп атасак, туурасынан жайгашкан тилке – «маңкурт эместин» идеалы. Аны «чындыктын сызыгы» деп атоого болот. Анын айланасында фальсификация айланып, чындыкка умтулат. Бирок эч качан боло албайт. Бул абдан туура, болбосо өлүм. Жараткандын кудурети синусоидге түз сызык болууга жол бербейт. 

Үстүндө жана алдында четеш сызыктар жайгашат: пафостун жана ирониянын абсолюттары. Алардын синусоиддеринин кесилиши эч качан ишке ашпайт. Анткени, туура сызыктардын күчтүү тартылуулары кармап турат. Синусоиддер менен түз сызыктардын кесилиш чекиттери –бул маңкурттун ойгонушунун кыска учурлары.

СССРде – алгач пафос, анан ирония деп айтууга болобу? Мен үчүн – ооба! СССРдеги мыкты
нерселер – бул унутулгус комедиялар: кинодо, адабиятта, КВНде жана албетте эстрадада!
Сызыктуу эмес процесс: бир эле мезгилде  «ирониянын пафосу» жана «пафостун ирониясы» пайда болот. Михаил Роммдун жол башчынын образы тууралуу «Ленин октябрда» (1937)  жана «Ленин 1918-жылы» (1939) дилогиясын эске салсак, бийлик пафос доорунда пафосту  каалап, бирок акылсыздык экенин түшүнгөн.
Жол башчы жагымдуу болушу үчүн, ирониядан баштоо керек болчу. Тактап айтканда, керек  учурда ирония же пафос колдонулат. Чындыкты, кийин калпка ишенүү үчүн айтышат. Бир эпизоддун жүрүшүндө, пафос ирониядан кубат  алат. Терстен оң кубат алуу – бир сүйлөмдө. Күрөш чексиз майда чекитте жүрөт. Мүмкүн
болгон бардык варианттарды чийүүгө умтулуп,  кара квадратка келебиз – бул маңкурттун ойгонуу алдындагы идеалдуу образы.
Идеалдуу синусоида көйгөйлөрдү чечпей,  жөн гана эскертүү берет. Бул көңүл улай турган эскертүүлөр. Чыңгыз Айтматовдун же америкалык демократиянын ишаратысыз эле, синусоиддердин термелүү күчүнө тартылып, биз кайрадан пафоско чөмүлүп кирдик.

 

 

 

№2 схема реалдуулукка бир топ жакыныраак. Аны «Үч керемет чекит» деп атасак болот.  Туурасынан жайгашкан сызык тарыхтын метафизикасын түшүндүрөт. Анын айланасында адамзат тарыхынын туура эмес синусоиди термелет. Кайсы-бири унутулса, кайсы-бири фальсификацияланат. Тарыхтын метафизика менен кесилишкен чекиттеринде маңкурт-адам ойгонуп, бирдей мезгилде аныкталган сандагы пассионарларга  ачылат.
Адамзат тарыхында сергектиктин үч гана чекити бар: биринчи чекит – Классикалык Байыркы Греция (б.э.ч. 480-323 – жылдар); экинчи чекит – Жогорку Кайра Жаралуу (1490-1527) жана үчүнчүсү – Орус Авангарды (1910-1930). Так ушул кыска мөөнөттүү мезгилдер, 30-60 жыл аралыгы, бүткүл кийинки доорлорго үлгү берет
.


Келечекте эмне болорун, так кесе айтуу мүмкүн эмес: балким кысылуу жогорулайт, а балким кайадан чоюлуу процесси башталат. Эгерде синусоида кысылса, келечекте баары гений болот! Эгерде чоюлса -жетишкендиктерди узак убакыт туурап жашоо күтөт.
Сүрөттөлүш толук болушу үчүн, синусоиданын чексиз майда чекитиндеги кабыл алуу окуясын карап чыгуу зарыл.

№3 схема «Маңкурттун ар кыл деңгээлдери», ар деңгээлдердеги окуяларды маңкурттардын кабыл алышы.
Каалаган окуя, бүгүнкү күндүн бийиктигинен кабыл алынып, күтүлүүчү окуя катары, өтмүштө кандай кабыл алынмагы дайыма эле эсепке алына бербейт. Алдын-ала сезүү катары, дагы кенен, дагы терең. Окуяны анализдөөдө, үчүнчү көз карашты, келечектин көз карашын таба билүү зарыл.

Окуянын пайда болуу мезгилинде кабыл алуу жок болуп, ал дайыма күтүлөт же ишке ашат.

Кээ бирибиз, окуяларга үстүртөн карап, аны менен бирге алдынан да көз караш керек экенин түшүнөбүз. Дагы кээ бири, «бүгүнкүнүн» деңгээлинде туруп, ошол «бүгүнкүнү» үстүнөн көз салып кароого аракет кылышат. Бул көз караш имманенттик түрдөгү ката, бирок эң  кызыктуу. Кээ бирлердин кээ бирөөлөрүндө параллелдүү көз караштар бар. Капталдан  дегендей. Бирок бул көз караш деструктивдүү жана каалаган талкууну, каалаган схеманы пайдасыз кылат. Мындан тышкары, окуялар кемүү же кошуу катары да кабылданат. Пафостуу же
ирониялуу. Мындай учурда варианттардын  саны сезилерлик жогорулайт. Алардын жалпылыктарына токтолсок. Эң жөнөкөй вариант үстүнөн көз караш, мындай вариант унутуунун  символу. Адамдар билет, бирок түшүнбөйт же  кызыкпайт.


Бүгүнкү күндүн жана өтмүштүн көз карашы – бул илимий көз караш, ал туура, бирок кызыксыз. Адамдар билет жана түшүнөт, бирок эмнеге экенин билбейт.

Эң толук кандуу көз караш – бүгүнкү күндүн, өтмүштүн жана келечектин көз карашы.  Адамдар билет, эмнеге экенин түшүнөт жана кызыгат. Эң жакшы! Бирок бул учурда көптөгөн  көйгөйлөр жаралат. Унуткара турган окуялар  жана оңдой турган окуялар орун алат. Эс тутумдун реконструкциясы жүрөт. Ал канчалык деңгээлде туура болгонун – келечек гана көрсөтөт.
Сүрөтчүлөр – маңкурт эмес. Көпчүлүк  учурда реалдуулук бир дагы схемаларга окшошпойт! Мындай учурлар үчүн кийинки №4 виртуалдык схема «Өнүгүү-начарлоо жалпы схемасындагы СССРдин орду». Орус Авангардынан кийин өнүгүү төмөнгө кулаган. Бирок Батышта бул кулоо, жогору жакка көтөрүлүп жаткандай таасир калтырган. Анткени, салыштыра турган нерсе болгон. СССРде жашагандай жашоо
болбошу керек эле, анын фонундагы каалаган стагнация өнүгүп жаткандай таасир берген. Качан гана СССР капитализмдин уюгуна кайтып келгенде, начарлоонун жалпы абалы айдан ачык көрүнгөн.

Кыргызстанда, советтик тажрыйбаны унутушубуз керек. Акыр аягына чейин талдап,  баарын унутушубуз зарыл. Салт-санааны аң-сезимсиз жолдоо, маңкуртчулуктан да жаман.  Батыштын жетишкендиктерин да имитациялоо тажрыйбасын унутушубуз шарт. Имитация сыноо мезгилинде гүлдөп өрчүгөн, анын таң калычтуу деле эч нерсеси жок. Жашаш керек болгондо – идеология түккө арзыбас. 

 Биз эмнени унутушубуз керек? Биринчиден, ийгиликтүү башталыш. Катаал калыптануу мезгилиндеги өнүгүүнүн баштапкы этаптарында
олуттуу ийгиликтер болгон. Советтик искусствонун соцреализм жана чыгармачыл союздар  түрүндөгү принциптери кийинчерээк, 1932-жылы гана келген. 1937-1939-жылдарга чейин эле Кыргызстандагы советтик сүрөт искусствосу социалдык примитивизм катары өнүккөн. Мында жаман эч нерсе жок, бирок ошондо табылган методдорду негиз катары алууга болбойт. Аларды адистер тааныбайт, аларды калк колдобойт!

Экинчиден, «катаал стилдин» катаалдыгын. «Мага чейин жетүү оңой эмес, ал эми өлүмгө төрт кадам» – минтип аябай ирониялуу  гана айта алат. Чындык сыноолордо керек, ал Жеңишке алып барарын түшүнүү зарыл. мезаннизмдиби, кубизмдиби, примитивизмдиби же балким шакшакты курал кылабызбы. Айырмасы
жок, бүткүл катаалдык айланабызда. Советтик бруталдык формалар чындыктай сезилиши мүм-күн. Советтик искусство гана ушинтип жашай алганын түшүнүү керек. Бирок бул формалдуу табылгалар, тууроонун үлгүсү катары кызмат кыла албайт. 

Үчүнчүдөн, формалдуу концепцияны. Формализмдин өнүгүшү Муздак согуш менен шартталган. Аргасыз жеңилүүнү алдын-ала сезип,  куралданууга формалдуу концепцияны тартыуу, советтик көз караштан чындыктай тублат. Эң  коркунучтуусу – советтик искусство формалдуу  болуп калган. Ал ушинтип гана жашап кете алмагын да түшүнүү зарыл. Бирок бул формалдуу  табылгалар, тууроонун үлгүсү катары кызмат  кыла албайт.
СССР кулады. Утулгандарга, реалдуулукта  куштун тилинде имитациялоо тажрыйбасы  мураска калды. Бирок, куштун тили керексиз!  Искусствонун өнүгүшүн имитациялоо да зарыл эмес! Эптеп-септеп жашабастан, реалдуу өнүгүү  зарыл! Бирок сүрөтчүлөр көнүмүш ишин жүргүзүүдө.


Салттардын толук жоктугунун шартында, биз үчүн искусстволордун эң маанилүүлүсү социалдык реализм деп эсептейм. Бул жөнүндө сүрөтчүлөргө да айткам. «Биринчи мугалим» сыяктуу  өзүмдүн жалпак тилим менен аларды ишендирүүгө аракет кылгам. Бардыгын:  «СОЦ-РЕА-ЛИЗМ! СОЦ-РЕА-ЛИЗМ! СОЦРЕА-ЛИЗМ!» – деп кыйкырууга мажбурлагам. Бирок мени эч ким колдобой,  мени маңкурт деп аташып, советтик  салттардын унутулганын эскертишти.  Бир сүрөтчү мени аяп, четке чакырып, кеңешин айтты: «Далилсизди далилдөөгө аракет кылып, ушунча басынуунун кажети жоктур». Башка сүрөтчү-айым мага келип, буларды мойнуна
алды: «Мен мурда эч нерсени түшүнчү эмесмин, азыр бир аз түшүнө баштадым… бирок толук эмес…». Ал эми
режиссер пафос менен: «Биз советтик режиссербуз! Ооба, советтик! Биз муну менен сыймыктанабыз!» – деп маңкурт  эместей коркунучтуу тирмейди.

Калгандары үндөбөстөн күт-үп турушту – балким акча берет!

«Маңкурт эместерге» уктап жатканда коркунучтуу түш кирди. Төртүнчү революция ишке ашты! Өбө турчу
жамбаш түбөлүккө жоголду! 

– Мындан нары кантип жашайбыз?
Эми кайсы жамбашты жалайбыз? – «маңкурт эместер» кайгырышты.

 

Анатолий Цыбухиндин графикасы. Көргөзмө «Маңкурттун түштөрү»