Биз соц.тармактардабыз:

МАӉКУРТ ТЕРМИНИНИН ТАРЫХЫ

10 февраля, 2022 г.

Роза Торекуловна АЙТМАТОВА, Коомдук ишмер, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген ишмер.

«Маӊкурттун түштөрү» деген темада конференцияга катышууга чакыруу алганда, алгач оюма «Маӊкурт дагы түш кѳрѳбү?» деген суроо келди. Бир караганда түш кѳрүүсү мүмкүн эмес. Бирок экинчи жагынан адамдын физиологиясы ар бир киши түш кѳрѳ тургандай болуп түзүлгѳн. Адамдардын баары түш кѳрсѳ, демек маӊкурт деле түшүндѳ ѳзүнүн мурдагы жашоосун кѳрсѳ керек. Бирок ойгонгон соӊ кайра эле ким экенин унутуп, келечеги тууралуу ой жүгүртѳ албай калат. Мына ушул тууралуу ой жүгүрткѳнүмдѳ, эмнегедир Найман эненин уулун ѳзү менен үйүнѳ алып кетсе эле анын эс тутуму калыбына келет деген тилеги эсиме түштү:

«… Ата конуш жеринде кудай жалгап эс-акылы ордуна келер, бала кезин эстеп, анан баары ордуна келер…». Эне деген эне да, акырына чейин уулунун акыл-эсин калыбына келтирүүгѳ болгон үмүтү ѳчкѳн жок, бирок маӊкурт тарткан жаа ѳзү менен үмүтүн кошо алып кетти… Кырк жылдан кийин баяндоо үчүн докладымды даярдап жатып,
маӊкурт жѳнүндѳ уламышты кайра окуп чыгууну чечтим. Колума китепти алганда эле кызыктай сезимдер пайда болуп, аны алгачкы ирет окуп жаткандай катуу берилип кеткенимди жашыра албайм. Бул жашообуздун азыркы реалийлеринин призмасы менен уламышты жаӊыдан, башкача түшүнүү аракети болду. Конференциянын «Маӊкурттун түштөрү» деп аталышы – мыкты жана туура чечим. Себеби ѳз тарыхыбызды, ким экенибизди, кайда бара жатканыбызды кайрадан аӊдап чыгууга түрткү берет.

Мен Чыӊгыз Тѳрѳкуловичтин алгачкы чыгармаларын кол жазма түрүндѳ окучумун. Бирок бул роман бѳтѳнчѳ болду. Биринчиден, Ысык-Кѳлдүн Чолпон-Ата шаарындагы ѳкмѳт үйүнүн №2-резиденциясынын №5-коттеджинде жазылган. Ч.Т. Айтматов кѳп учурда дал ушул коттеджди алып, чыгармаларынын үстүндѳ иштечү. Тейлѳѳчү кызматкерлер менен эс алуучулар аны кийин «Айтматовдун коттеджи» деп атап калышты. Экинчиден, роман партиялык номенклатуранын
пикири боюнча, Советтер Союзунун идеологиясына каршы жазылган. Башкача айтканда, «соцреализмге» туура келбейт. Ошондуктан «СССРдин идеологдору» романды микроскоп менен изилдегендей эле карап чыгышкан. Буга ѳзүнүн себептери бар эле, эӊ ири солгундоо болгон 70-жылдардын аяк чени эле. Роман кийин 1980-жылы гана жарык кѳрдү. Адабий сынчы Калык Ибраимов жазгандай, «ал мезгилде сталиндик
репрессияларды эскерүү эмес, кокусунан сѳз айтып алуу дагы ѳтѳ жагымсыз кесепеттерге алып келчү.» Окурмандын колуна тийгиче роман канчалаган цензурадан ѳткѳнүн элестетип кѳрүү кыйын деле эмес. Мындай мазмундагы  роман СССРде кантип басылып чыкканы мени азыркыга чейин таӊ калтырат. Бир эле маӊкурт жѳнүндѳ уламыш деген эмне. Анда жазуучунун СССРдин идеологиясы акырындап отуруп баарыбызды маӊкурттарга айлантып жаткандыгы жѳнүндѳ негизги ою катылган. Ушул себептен улам, маӊкурт термини жѳнүндѳ кеп кылардан мурун китептин тагдыры, ал кандайча жарык кѳргѳнү тууралуу айткым келип турат. Бул абдан маанилүү…

»
Алкак. Алгач Чыӊгыз Тѳрѳкулович романды «Алкак» (Обруч) деп атаган. Жогоруда айтып кеткендей, чыгармада советтик жарандарды маӊкуртташтырууга каршы жашыруун протест чагылдырылган. Маӊкурттун «алкагы» (бул жерде адамдын башына кийилүүчү шири тууралуу кеп болууда) Эне-Бейит кѳрүстѳнүн  курчаган алкакка (анын аймагында космодром курулган), андан соӊ улуу державалардын дүйнөлүк үстөмдүккө умтулган тирешинин натыйжасында, маңкурттун башына кийгизилген «шири» космостук алкакка трансформацияланып, «бүткүл адамзаттын башына кийгизилген… Бирок Чыӊгыз Тѳрѳкулович китептин мындай аталышынын маанисин цензура тез эле аӊдап-түшүнүп, аны башкача атоого туура  келгенин айткан. Ошондо ал Пастернактын  котормосундагы Шекспирдин «Кылым карытар бир күн» деген саптарына токтогон экен.  Мында ал мазмунун ѳзгѳрткѳнчѳ аталышын ѳзгѳртүүнү туура деп тапкан. Бирок, «Романгазета» жана «Жаш гвардия» басылмасы дагы  бул аталышка макул болбой койгон. Ошол  учурда «соцреалисттик» деп аташкан жѳнѳкѳйрѳѳк аталышты талап кылышкан. Ошентип автор чыгармасын «Бороондуу бекет» деп атаган. Чыӊгыз Тѳрѳкулович мындай депайткан:
– мен буга аргасыздан, жагымсыз нерселерди мүмкүн болушунча азайтуу менен бардым. Албетте, эӊ башкысы – кыйынчылыкка карабай чыгарманы жарыялашым керек эле.

Цензура менен күрѳшүүдѳ Чыӊгыз Тѳрѳкулович чыгарманын атын гана эмес, айрым бѳлүктѳрүнүн мазмунун, ошондой эле романдын аягын дагы ѳзгѳртүүгѳ мажбур болгонун мен кийин билдим. Мунун дагы далилдери бар.Бир жолу Москва педагогикалык институтунун физика кафедрасына иш сапары менен бардым. Кесибим боюнча физикмин. Филология кафедрасынын доценти менен кокусунан таанышып калдык. Уфалык чуваш айым экен. Дал ошол «Алкак» романына байланыштуу  окуялар болгон жылдары Ч.Айтматовдун чыгармалары боюнча кандидаттык диссертациясын жазып жаткан экен. Чыӊгыз Тѳрѳкулович менен жолугушуу зарыл болуп, алдын ала макулдашпай туруп эле Москвадан Фрунзеге келиптир. Фрунзеден анын Ысык-Кѳлдѳ экенин
айтышканда, Чолпон-Ата шаарын кѳздѳй бет алыптыр. Кыш, кар тизеден, бороон, суук. Ал эми ѳкмѳттүк резиденцияда тартип катуу, эс алуу үйлѳрүнѳ баарын эле киргизе беришпейт. Ал Чыӊгыз Тѳрѳкуловичти айтып жатып эптеп бешинчи коттеджге кирүүгѳ урусат алат.

– Келсем, Чыӊгыз Тѳрѳкуловичтин маанайы  жок экен. Жини келип отуруптур, мени жакшы кабыл алган жок, капа боло түштүм. Жазуучуга эмне болгонун түшүнѳ алган жокмун. Себеби ал жѳнүндѳ жакшы нерселерди гана угуп жүргѳм. Бир нерсе болгонбу? – нес болуп калдым, ошончодон бери кар кечип, суу кечип келсем.
Жолдо ката үшүдүм, чарчадым. Бир аздан кийин Чыӊгыз Тѳрѳкулович ѳзүн колго алып, суроолорума жайбаракат жооп бере баштады.  Мага боору ооруп кетсе керек. Бирок, баары бир эмне үчүн мындай абалга түшкѳнү оюман кетпей койду. Мунун себебин кийин билдим. Кѳрсѳ, романын жарыялоого тыюу салып, аны
ѳзгѳрткѳндѳ гана жарыялоого уруксат беребиз деп шарт коюшуптур. Чыгарманын кайсы жерин жана кантип ѳзгѳртүү керек экендигине байланыштуу маселе сарсанаага салып, «Эмне жѳнүндѳ жаза турганымды үйрѳтүш керек?» деген суроо ой-санаага салып жаткан экен. Анысы аз келгенсип ар кайсы сурооолорум
менен мен келип алыптырмын.

Кийин роман «Новый мир» журналына «Бороондуу бекет» деген ат менен басылып  чыкты. Кайсы бир жеринен текстти кыскартууга же ѳзгѳртүп жазууга туура келген. Роман кыздары үй-бүлѳлѳрү болуп келгенинде, Эдигей үйдѳ жок болуп чыкканы менен аяктап калганы да ушундан улам болсо керек. «Ал
таӊ эрте Почтанын башчысына кетти. Ошол жакта иштери бар!…» жана кѳп чекит. Романда эмнени кыскартып, эмнени ѳзгѳрткѳнү так белгисиз. Тек гана кайра куруудан кийин романга кошумча катары, «Чыӊгызханын ак булуту» повести жарык кѳргѳнү маалым. Ѳзүм алгачкы жолу романды «Новый мир» журналынан окугам. Калган бардык окурмандар сыяктуу эле, «Маӊкурт» сѳзүн мен ушул чыгармадан кездештирдим.
«Маӊкурт». Бул терминдин айланасында кѳптѳгѳн талаш-тартыштар болгон. Бирок Чыӊгыз Тѳрѳкуловичтин ѳзүнүн айтуусуна караганда, Орозбаковдун варианты боюнча «Манас»  эпосунда мындай эпизод баяндалат: Кыргыздардын душманы болгон калмактар бир кѳзү ачыктан кыргыздарда Манас аттуу болочок баатыр, ѳз элинин жол башчысы жана коргоочусу туулгандыгын угушат. Бул окуя келечекте калмактар үчүн коркунуч жаратышы мүмкүн эле. Ушул себептүү алар: балким Манасты бала чагында эле зыянсыздандырып, майып кылып коёбуз? Ошондо келечекте элин коргоого жана калмактарга зыян келтирүүгѳ жѳндѳмдүү боло албайт деп кеӊешишет. Ал жерде «…Баланы кармап алалык, башына шири салалык» деген саптар бар. Юдахиндин сѳздүгү боюнча, «Шири» – жазалоо үчүн башка кийгизилген бодо малдын ашатылбаган терисинен жасалган топу (жазалоонун бир түрү: тери кургаган сайын башты кысып, катуу ооруну пайда кылган).

Ч.Айтматов романында ширини мындай деп сыпаттайт: Шири – жаӊы союлган тѳѳнүн оор, калыӊ моюн терисин бѳлүктѳргѳ бѳлүп, чачы жаӊы кырылган туткундардын башына жабыштыруучу пластырлардын жардамы менен дароо жылуу кезинде кийгизишкен. Шири кийгизди дегендин мааниси ушундай. Мындай процедурага дуушар болгон адам же кыйноону кѳтѳрѳ албай жан берген, же болбосо ѳмүр бою эс тутумунан ажырап, маӊкуртка айланган».

Кыргыздар турмушта «маӊ» деген сѳздү кѳп эле колдонушат. Маселен, «Кандайдыр бир маселени чече албай башым маң болду».

Юдахиндин сѳздүгүндѳ «Маң»- абдырап калган, айран калган, чечкинсиздик кѳрсѳткѳн деп которулат.

Маң баш – түшүнүгү жок, келесоо. Маңы жапыс, маңы бас – басылган, коркуп калган, чечкинсиз.

Ожеговдун сѳздүгүндѳ «басуу» деген сѳз «басып салуу, ѳстүрбѳѳ, азапка салуу, ур-токмок менен келесоо кылуу» дегенди түшүндүрѳт. Башты басуу – эс тутумду, аӊ-сезимди керексиз нерселер менен толтуруу.

Чыӊгыз Тѳрѳкулович эки сѳздү кошуп колдонгон: маӊ + курт. Курт – кадимки эле курт. Маӊкурт – мээни жеген курт, мээси жок келесоо. Ошентип, эки түшүнүктүн айкашы «маӊкурт» терминин пайда кылган. Маӊкурт – эс тутумунан ажыраган киши деген маанини берет.

Азыркы учурда аталган термин тарыхый эс тутумду, руханий баалуулуктары менен багытын жоготкон, ѳз эли менен байланышын үзгѳн адамга карата колдонулат. Бул маанисинде «маӊкурт» сѳзү жалпыланып, публицистикада колдонулуп келет]. Орус тилинде «манкуртизм», «манкуртизация», «деманкуртизация» сыяктуу неологизмдер пайда болду.

«Ата-Бейит». Дагы бир эске сала кетчү нерсе, сталиндик репрессиялардын убагында ѳлтүрүлүп, массалык түрдѳ Чоӊ-Ташка кѳмүлгѳн жерди «Ата-Бейит» деп атоо сунушун Чыӊгыз Тѳрѳкулович киргизген. Бүгүнкү күндѳ «Ата-Бейит» биз үчүн саясий репрессиялардын курмандыгы болгон аталарыбызды эскерүү күнүндѳ бара турган жер. Бул Эне-Бейитке уйкаш болуусу менен катар эле, мааниси жана мазмуну жагынан да окшош. Бүгүнкү биздин эгемендүүлүгүбүздүн пайдубалын түптѳгѳн аталарыбыз деле ошол доордун маӊкурттары тарабынан ѳлтүрүлгѳн. Бул оор экономика — лык жана саясий шарттарда иштеген кыргыздын жаш жетекчилеринин таланттуу плеядасы болгон. Ѳз ѳмүрлѳрүн курмандыкка чалып, жаӊы Кыргыз мамлекетин кайра түзүп, пайдубалын түптѳй алышты. Кыска убакыттын ичинде алар маанилүү тѳрт стратегиялык маселени чечүүгѳ жетишкен:

1. СССР алкагында биздин азыркы эгемендүүлүгүбүзгѳ негиз болгон кыргыз мамлекеттүүлүгү кайра түзүлгѳн.

2. Кыргызстандын экономикалык ѳнүгүүсүнүн пайдубалы түптѳл — гѳн: улуттук чарбанын айыл чарбасы, гидроэнергетика, жергилик — түү ѳнѳр-жай, темир жолдордун, шосселердин курулушу, тоо-кен ѳнѳр-жайынын ѳнүгүүсү, кѳмүр-отун базасынын түзүлүшү сыяктуу багыттары жѳнгѳ салынып, ал тургай ошол инсандардын доорунда алгачкы аэродром курулуп, биздин жерибизден биринчи жолу учак асманга кѳтѳрүлгѳн.

3. Жалпы сабатсыздык жоюлган (Ж.Абдрахмановдун айтуусунда 1916-жылы калктын 95%ы сабатсыз болгон), билим берүүнүн жо — горку системасы түзүлгѳн, илим жана маданият тармагы ѳнүккѳн;

4. Ошол мезгилдеги эӊ мыкты саламаттыкты сактоо системасы түзүлгѳн.

Биз алардын эрдиктерин эч качан эсибизден чыгарбашыбыз керек. Мунун баары маӊкуртка айланып калбашыбыз үчүн жасалган.

Сѳзүмдүн аягында жээним Асан Ахматов менен «Ата-Бейит» романын жазып чыкканыбызды айта кетмекчимин. Романда окуяларды жана эмне үчүн ошол мезгилде улуттун жүзү болгон инсандарыбыз жок кылынгандыгынын себептерин баяндап берүүгѳ аракет кылдык. Кыска — сы, кыргызда айтылгандай, жаштарга таалим болсун дедик.

Акылай Атаканованын сүрөтү. «Маңкурттун түшү» сынагы 2020 г.