Биз соц.тармактардабыз:
  • Тилди тандаңыз:
  • KG
  • EN
  • RU

«Эсимде” изилдөө аянтчасынын Украинага болгон сапары

19 декабря, 2021 г.

«Эсимде” изилдөө аянтчасы XX кылымдын 30-жыладында “кулакка” тартылып, Кыргызстандын аймагынан Украинага сүргүнгө айдалган саясий куугунтуктун курмандыктарын изилдөө максаты менен Украинада сапарда болду.

“Эсимде” аянтчасы бул теманын үстүндө эки жылдан бери иштеп келет.  2020-жылы “Кулакка тартуу саясаты жана адам” аттуу биографиялык жыйнак жарыяланган. Бул жыйнак Кыргызстандын аймагынан Украинага сүргүнгө айдалган адамдардын тагдырын изилдөөгө багытталган. Жыйнакта Украин ССРине депортацияланып, “эл душмандары” деп жарыяланган үй-бүлө тагдырлары чогултулду. Жыйнак сүргүн окуялары жана бөтөн жерде  болуп өткөн кайгылуу жылдар жөнүндө күбөлөрдүн эскерүүлөрү, сүрөттөрү жана архивдик булактардан алынгна материалдарды камтыды.    Жыйнакты шилтеме аркылуу жүктөп алуу мүмкүн https://kg.esimde.org/archives/1359.

“Эсимде”  эки жылдан бери 30-жылдары Кыргызстандын аймагынан Украинага депортациялангандар боюнча изилдөө иштери жүргүзүлүп келет. 23 айдын ичинде эки өлкөдөн (Кыргызстан жана Украина) материалдар чогултулду. Бул мезгилдин ичинде 50дөн ашык интервьюлар жыйналды. Бизге бүгүнкү күндө 18 адам  Украинага депортацияланган жакындары тууралуу маалымат сурап кайрылышкан.

Украинага болгон сапар. Одесса

Экспедицияны Эсимде изилдөө тобу Украинанын Одесса шаарынан баштадык.

Одесса Облустук Мамлекеттик архиви. Одесса облусунун мамлекеттик архиви 1920-жылы март айында Одесса тарыхый архиви катары түзүлгөн. Анын негизги функциясы Одесса шаарындагы  жана Одесса губерниясынын аймагында архивдик документтерди топтоо, ведомстволук архивдерге көзөмөл жүргүзүү, документтердин эсебин жана сакталышын камсыз кылуу, аларды пайдаланууну жана басып чыгарууну уюштуруу болгон.

Одесса областынын мамлекеттик архиви Октябрь революциясынан кийин ишин токтоткон ар кандай уюмдардан, мекемелерден, ишканалардан, чиркөөлөрдөн түшкөн 22 фонддон башталган. 1920-жылдан бери эң маанилүү мекемелер системалуу түрдө эң баалуу документтерди туруктуу мамлекеттик сактоого өткөрүп берип турушкан. 1940-жылга чейин архивде 4400дөн ашык материал топтолгон.

Экинчи дүйнөлүк согуштун башталышы жана 1941-жылы Румыниянын Одессаны оккупациялоосу менен материалдардын бир кыйла бөлүгү Сталинградга, андан кийин Батыш Казакстан облусуна көчүрүлгөн. Одессада калган архивдик материалдар тонолгон жана негизинен жоголгон – бул мезгилде Одесса архивинин 1 миллиондон ашык файлдары (50%ке чейин) жоголгон.

1-КҮН.
Одессага келээрибиз менен  буюмдарыбызды мейманканага таштап, архивге жөнөдүк.
Одесса областынын мамлекеттик архиви эски синагоганын укмуштуудай имаратында жайгашкан. Бирок мэриянын чечими менен бул имарат жакында жөөт коомчулугуна кайтарылып берилген экен.
Бизге кеңпейилдик  менен ал жерде иштөөгө уруксат беришти. Биз архивдик катологдорду карап чыктык, ээликтен ажыратылып, сүргүнгө айдалган, азиялык фамилиялар табылган жок.
Украинанын архивдери бардык адамдар үчүн ачык. Мындан тышкары, бул жерде лекциялар өткөрүлөт, сайттарда узак убакыт репрессияга кабылган адамдар тууралуу маалыматты кантип табуу керектиги боюнча кеңири колдонмолор бар. Ар бир адам чоң ата, чоң энесинин окуясын биле алат.

Экспедициядагы изилдөө тобу Одесса шаарындагы эс тутум жайларын кыдырып, изилдөөүлөр менен тажрыйба алмаштык.

2-КҮН.
Одесса тарыхый чөлкөм таануу музейинде. Музейде төрт экспозиция жайгашкан:
Одесса шаарынын тарыхы
Одесса Биринчи дүйнөлүк согушта
Одесса Экинчи дүйнөлүк согушта
Голодомор, 1930-жылдардагы Украинадагы ачарчылык.
Музей Одессанын так борборунда  Гаванна 4 дарегинен орун алган. Музей 1876-жылы атактуу одессалык архитектор Феликс Госиоровскийдин долбоору боюнча курулган дворец тибиндеги имарат.
Музейдин конокторунун көңүлүн төмөнкү экспозициялар бурат – «Эски Одесса», «Музей коллекциясынан курал-жарактары», «Одесса жана 1939-1945-жылдардагы Экинчи Дүйнөлүк Согуш мезгили», «Одесса облусу 1917-1941 жылдар»; «Эс тутумдун ойгонушу (Одесса областындагы 1932-1933-жылдардагы Голодомор)» жана башкалар. Музейдин коллекциясында 120 миңге жакын экспонат бар жана Украинадагы эң мыкты экспонаттардын бири болуп эсептелет.

Одесса тарыхый чөлкөм таануу музейи

Одесса тарыхый чөлкөм таануу музейи

3-КҮН. СССРдеги еврейлер тагдыры. Экспедиция алкагында Одессадагы еврей музейлеринде болдук: «Мигдал-Шорашым» / Еврей музейи, Холокосттун мемориалы жана Одесса Холокост музейи.
Бул мемориалдык жерлердин баары коркунучтуу өткөн күн жөнүндө, миңдеген, миллиондогон адамдардын кантип өлтүрүлгөнү жөнүндө айтп берет.
Одесса шаарын еврей калкы согушка чейин  дээрлик жарымын түзгөн. Алар дарыгерлер, кол өнөрчүлөр, музыканттар болгон. Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда Румыниянын оккупациясы жөнүндө эмне билебиз? Эч нерсе. Неге? Балким, ал советтик лагердин бир бөлүгү болгон үчүн эч нерсе билбейбиз жана азыркы күнгө дейре жашырабыз.
Холокост – системалуу, татаал, жамааттык кылмыш, ага мамлекет жана идеология байланыштуу. Ал жөнүндө биз унутпашыбыз керек. Жазыш керек, айтуу керек.
Кыргызстанда бул тууралуу  маалымат аз, жалпысынан еврейлер жөнүндө аз айтылат. Дарыгерлердин, композиторлордун, илимдин, маданияттын көптөгөн адамдарынын ысымдары белгилүү болсо да. Бирок алар бизге кантип жетишти? Алардын тагдыры кандай?

Одессадагы Холокост музейинин жетекчиси Павел Козленко менен.

Одессадагы Холокосттун курмандыктарынын музейи 2009-жылы Одесса облустук еврейлер ассоциациясынын кеңешинин көп жылдык эмгегинин натыйжасында ачылган. Музейдин  максаты  — Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда Одессанын еврей калкы башынан өткөргөн коркунучтуу окуяларды эскерүү. Адамзаттын, адам өмүрүнүн баалуулугун эстен чыгарбоо жана жаңы муундарды адеп-ахлактык жана руханий жактан тарбиялоо.

Беш туруктуу көргөзмө залына экскурсиялардан тышкары музейдин кызматкерлери  көптөгөн маданий, билим берүү жана илимий долбоорлорду алып барат. Бизге музейдин жетекчиси Павел Козленко экскурссия өтүп, музей менен тааныштырды.

Одесса шаарындагы Холокост курмандыктарына эстелик. 1990-жылдардын башында Прохоровский паркында, 1941-жылы шаардын четинде Одесса жөөттөрүнүн жана цыгандардын кыргын салуучу лагерлерине «өлүм жолу» башталган жерде эстелик белги орнотулган.

4-5-КҮН.

Херсон Облустук Мамлекеттик архиви. Мына ушул жерде Кыргызстандан сүргүнгө айдалган «кулактар, куркулилер, басмачылар, контрреволюциячыл бандалардын өкулдөру» деген ярлык менен күнөөлөнгөн адамдар тууралуу документтердин бүткүл массивдери жайгашкан. Алардын иштери жана сурактары архивдик документтерде  баяндалат. 

Херсон Облустук Мамлекеттик архивинен алынган материалдардан. 

6-КҮН. 

Виноградово, Христовка, Хлебодаровко айылдары

Үй-жайынан ажырап, сүргүнгө айдалгандар, 1930-жылдары үй-бүлөлөрү жана балдары менен Чалбасы (азыр Виноградово) , Хлебодаровка айылдарына депортацияланган. Жүк ташуучу вагондор менен келген кыргыз “кулактар” бул жерде 1932-1933-жылдардагы ачарчылыкка да, фашисттик Германия менен Румыниянын оккупациясына да күбө болушту. Жердештерибиз жергиликтүү калк менен бирге оор учурду башынан өткөрүштү. Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан жана Түркмөнстандын аймактарынан депортациялангандар бул жакка көчүрүлүп, эл акырындап отурукташып, кийин мектеп ачышкан.  Виноградоводо (Чалбасы) көптөгөн балдар жетим калгандыктан мектеп-интернат ачылган.

Бул айылдарда бизди абдан жылуу тосуп алышты. Наталья Ивановна бизди Виноградово айылынын жергиликтүү башкаруу мекемесинен тосуп алды.

Виноградово (мурдагы Чалбасы) айылында «Кыргыз көрүстөнү» деп аталган жер бар. Бул жерде сталиндик репрессия маалында “кулак” катары Украинага сүргүнгө айдалган кыргызстандыктар коюлган.

Тилекке каршы, бул жерде канча кыргызстандыктын сөөгү коюлганы боюнча так маалымат жок. Ал эми мүрзө таштарынын саны изилдөөчү, журналист Амирбек Усмановдун  эсебине таянсак 200дөн ашуун мүрзө бар.

Эстеликтердин ачылышы Кыргызстандын Украинадагы элчилигинин, Кыргызстандагы жана Украинадагы коомчулуктун өкүлдөрүнүн аракетинин аркасында курулган. Эстелик болжол менен 1,0 × 1,0 × 1,0  куб формасындагы эки обелисктен турат.

Бул жерде XX кылымдын 30-жылдарындагы тоталитардык режимдин репрессиясынын бейкүнөө курмандыктары, сүргүндө жүргөн  кыргыздардын сөөктөрү коюлган.

Херсон облусунун азыркы Виноградово (Чалбасы) айылындагы 1930-жылдары кулакка тартылып, сүргүнгө айдалган кыргыздардын 1944-1946- жылдары Кыргызстанга көчүп кеткендиги тууралуу айыл өкмөтүнүн каттоо китеби.

Александра Васильевна Украинадагы Кыргызстандын аймагынан айдалган «кулактын» балдары менен бирге Херсон областынын Чалбасы айылында (Виноградово) чоңоюп, билим алган. Александра Васильевна бала кезинен эле , көп жылдар бою кыргыздар тууралуу эстутумду Украинанын өзүндө сактоого аракет кылган. Биринчи кезекте анын аракетинин аркасында “Чалбасы кыргыздары” китеби чыгып, жергиликтүү мектептин музейинде мемориалдык бурч түзүлгөн.

Александра Васильевна жергиликтүү калк балдар үйүндөгү кыргыздарга кандай мамиле кылганын, апасы арбуздан кыям жасап, аны  балдарга алып барып бергенин айтып берди. Анын бардык эскерүүлөрү ар кайсы аймактардын, улуттардын жана диндердин өкүлдөрү чогуу жашаган Херсон облусунун жеринде ачарчылыктын, репрессиянын жана оккупациянын оор жылдарына карабастан ынтымактуу элдер жөнүндө тарых, оозеки булак. Александра апа бизге өзү жасаган 2 банка коон кыямын белек кылды. 87 жаштагы акылман,  кыраакы байбиче Александра Васильевнага терең ыраазычылык билдиребиз.

Александра Васильевна «Эсимде» аянтчасынын изилдөөчүлөрү менен

8-12 — КҮН. Киев. 

Экспедициянын алкагында «Репрессияларды эскерүү: Кыргызстан жана Украинанын тажрыйбасы». Эсимде жана Украинанын Улуттук эс тутумунун архиви коомдук талкуу өткөрдү. Биз кыргыз жана украин элдеринин тарыхынын биргелешкен барактары, ошондой эле Киевде коммунисттик атайын кызматтардын архивдерин ачуу жаатында Украина кандай тажрыйба менен бөлүшө аларын талкууладык.

Архив СБУ. 

«Эсимде» изилдөөчүлөру тарабынан  Киев шаарындагы СБУ архивинен алынган материалдардан.

Опубликовано в разделах: important, Лонгриддер, Экспедициялар