Биз соц.тармактардабыз:
  • Тилди тандаңыз:
  • KG
  • EN
  • RU

Абжалбек Чолпонкулов

1 декабря, 2021 г.
Абжалбек Чолпонкулов (1876 — 1946. 19-декабрь) — совет бийлиги орногонго чейин жогорку билим алган саналуу кыргыздын бири, агартуучу.
Олуя-Атадагы орус-тузем мектебинде, 1896-жыл. Абжалбек Чолпонкулов биринчи катарда, солдон оңго карай төртүнчү. 1896-жыл, Олуя-Ата.
Кемел Чолпонкулов атасына жазган кат.
Жамил Чолпонкулов (1911 — 1944), Ленинград Мамлекеттик Университетин аяктаган, биология илимдеринин кандидаты (1939-ж. Москва). 1944-ж. январда Ленинграддын жанындагы салгылашта душмандын дзотун жардырып курман болгон.
Абжалбек Талас өрөөнүнүн жогорку, чыгыш тарабындагы Үч-Эмчек айылында төрөлгөн. Атасы бий болгон. Ал Абжалбекти жана башка аялынан төрөлгөн дагы бир баласын Олуя-Атадагы (азыр Тараз ш.) орус-тузем мектебинде окуткан. Аны аяктагандан кийин Абжалбек Орто Азиядагы алгачкы жогорку окуу жайы — Ташкендеги мугалимдик семинарияда билим алууну улантат.
1901-жылдан баштап ал Кокон, Олуя-Ата, Пишпек шаарларында мугалим, инспектор болуп иштейт.
Падышалык администрация жана офицерлер менен болгон жеке тааныштыгынын арты менен 1916-жыл Таластын жогору жагындагы кыргыздарды кыргындан сактап калган.
Большевиктер бийликке келгенден кийин советтик билим берүү тутумунда
Кемел Чолпонкулов, (1925 — …) 16 жашында согушка кетип, 1943-жылы дайынсыз жоголгон.
 иштейт.
Абжалбек Чолпонкуловдон билим алгандардын бири — Төрөкул Айтматов. Өзүнүн эскерүү китептеринде Абжалбек Чолпонкулов тууралуу Роза Төрөкуловна Айтматова көп жакшы сөздөрдү айтат.
1942-жылы Чолпонкуловго «Кыргыз ССРин Эл мугалими» деген наам ыйгарылган.
Улуу баласы — Жамил Чолпонкулов, 29.09.1911 Талас өрөөнүндөгү Арал айылында төрөлгөн. Ленинград Мамлекеттик Университетин бүтүргөн. 1939-ж. 28-июнда Москвада «Материалы по опознанию заражения овец» деген темада диссертация жактап, 28 жашында, кыргыздан чыккан биология илимдеринин кандидаттарынын эң биринчиси болгон. Фрунзеге келип, бирок ишке орношо албай койгон. Жакындарынын айтымында, ошондогу жергиликтүү илимий чөйрөдөгү айрым жетекчилер жаш, күчтүү илимпозго атайылап эле бут тосушкан. Жамил Чолпонкуловго Ташкенден чакыруу келип, ал Өзбекстанда иштеп калат.
1941-жылы согуш башталганда, ал баалуу илимий кызматкер катары «бронь» алып, аскерге барбай коюуунун ордуна өз ыктыяры менен фронтко жөнөп кеткен. Согушта ал баатырларча курман болгон. Анын эрдиги Чолпонбай Түлөбердиевдикине тете болгон.
«Старший лейтенант Чолпонкулов в январе 1944 года, штурмуя позиции фашистских войск под Ленинградом, подполз к вражескому дзоту и забросил его гранатами. Он пожертвовал своей жизнью ради уничтожения вражеского дзота. Его подвиг позволил открыть дорогу для освобождения стратегически важного населенного пункта» деп айтылат анын эрдиги жөнүндө.
Абжалбек Чолпонкуловдун экинчи уулу — Кемел, 1925-ж.туулган. Согуш башталганда 16 жашта болгонуна карабастан, өзүнө 2 жашты кошуп жазып, фронтко кеткен. 1943-жылы жарадар болуп, госпиталда дарыланып, кайта согушка жөнөп кетип, дайынсыз жок болот.
А. Чолпонкуловдун үчүнчү уулу — Эркин, 1935-ж. туулган. Анын урпактары азыр Бишкекте турушат.
1946-жылы Абжалбек Чолпонкулов СССР Жогорку Советинин (бүткүл союздук парламент) депутаты болуп шайланат. Бирок, эки уулунан айрылгандан кийин анын саламаттыгы начарлап кеткендиктен, ал ошол эле жылдын декабрында каза болгон.
Кыргызстан эгемен өлкө болгондон кийин, Абжалбек Чолпонкуловдун ысымы Талас шаарындагы № 1 мектепке ыйгарылган.
Автор Миржан Балыбаев 
Опубликовано в разделах: Адамдар жөнүндө