Биз соц.тармактардабыз:
  • Тилди тандаңыз:
  • KG
  • EN
  • RU

«Өзгөрүүлөр илеби» семинары

30 ноября, 2021 г.

Урматтуу кесиптештер!

Сиздерди тарыхты окутуунун чеберчилигин жогорулатуу жана билим берүү стандарттарын жана окуу пландарын иштеп чыгуу боюнча тренинг-семинарга катышууга чакырабыз.

Бул семинар EuroClio (Тарыхты окутуунун  Европалык Ассоциациясы), Эсимде,  Ага Хан Фонду жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин ортосундагы кызматташтыктын бири болуп эсептелинет. Семинар 2022-жылдын 28-30-январында Бишкек шаарында, 10:00-17:30да өткөрүлөт. Программа негизинен болуп өткөн иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча (Ош жана Бишкек, 2017-18), ошондой активдүү семинарлардын катышуучуларынын сунуштарын эске алуу менен жүргүзүлөт. Буга чейинки өткөрүлгөн семинарларга катышуучулар үчүн катышуу милдеттүү эмес. Бул жылы биз көп перспективалуу, инклюзивдик билим берүү жана гендердик теңчилик сыяктуу темаларга басым жасалат. Катышуучулардын тамак-ашы, жол кире уюштуруучулар тарабынан төлөнөт, андан сырткары Бишкектен  тышкаркы катышуучулар үчүн мейманкана төлөнүп берилет.

Семинардын жүрүшүндө бардык материалдар кыргыз жана орус тилдеринде жеткиликтүү болот жана бул тилдерде синхрондуу котормо менен коштолот.

Катышуучулар тарых билимине профессионалдуу тартылып, билим берүү стандарттарын жана окуу пландарын иштеп чыгууга кызыкдар болуп, ошондой эле, Кыргызстанда жашаган, иштеген жана семинардын бир же бир нече тилдеринде жогорку деңгээлде билиши керек. Кыргызстандын бардык аймактарынан мугалимдерди чакырабыз, ошондуктан бул маалыматты башка тарых мугалимдери менен бөлүшүүнү өтүнөбүз.

Семинарга катышуу үчүн бул катка тиркелген үй тапшырмасын аткарып, ишиңизди электрондук форматта ralitsa@euroclio.eu  дарегине 9 январь 2022 чейин кечиктирбестен жөнөтүүнү сунуштайбыз. Тандалып алынган катышуучуларга семинарга катышкандыгы тууралуу  мектеп администрациясына тастыкталган Атайын колдоо баракчасы берилет.

Телефон аркылуу суроолоруңузду берсеңиз болот: 0706110068.  Сиздерге ийгилик каалайбыз жана сизди семинарда күтөбүз!

ЕвроКлио, Эсимде жана эл аралык тренерлер командасынын атынан