Биз соц.тармактардабыз:
  • Тилди тандаңыз:
  • KG
  • EN
  • RU

Борбордук Азиянын Оозеки тарых ассоциациясы

24 ноября, 2021 г.
«Борбордук Азиянын Оозеки тарых ассоциациясы» түзүлдү
Борбордук Азиянын Оозеки тарых ассоциациясынын миссиясы – коомдун, өлкөлөрдүн жана аймактын элинин жандуу үндөрүн сактап калуу жана оозеки тарыхтын баалуулугун жана тарыхый эстутумду жайылтуу.
Ассоциациянын максаты көз карандысыз жана оозеки тарыхты изилдөөчүлөрдү жана башка кызыктар тараптарды бириктирүү максатында түзүлүп, Борбордук Азиянын тарыхый материалын сактоо жана оозеки тарыхты изилдөө ыкмасы катары жайылтуу максатында түзүлдү.
Ассоциациянын жетекчиси Данияр Карабаев.
Ассоциацияга МҮЧӨЛҮК
Тарыхчылар, оозеки тарыхты изилдөөдө метод катары колдонгон изилдөөчүлөр, педагогдор, активисттер, студенттер, сүрөтчүлөр, архивчилер, уюмдар жана оозеки тарыхты изилдөөгө жана колдоого кызыккан изилдөө сайттары Ассоциациянын мүчөлөрү боло алат.
❗️Бардык кызыкдар тараптарды чакырабыз: daniyar.karabaev@gmail.com