Биз соц.тармактардабыз:
  • Тилди тандаңыз:
  • KG
  • EN
  • RU

Бактыгуль Жумакадыр кызы

18 ноября, 2020 г.

Көл өрөөнүнөн чыккан Кыдыр аке тукумдары.Үркүн, кулака тартуу, мекенге кайтуу

Токсоба менен Тилекмат аке көпчүлүк учурда катарлаш жайлоо жайлап, алымдаш, кадырлаш болушат. Экөө Каркыра жайлоосунун Миң-Жылкы деген жеринде чогу жайлоо жайлап жүрүшкөн учурда, экөөнүн тең байбичелеринин боюнда бар болгон. Ошондо экөө бел куда болушат. Бири кыз бири уул болсо куда бололу, экөө тең уул болсо достоштуралы деп антташышат. Тилекмат аке кыздуу болуп, атын Макен, Токсоба атаныкы уул төрөлүп, ошол жердин урматына атын Миңжылкы коюшат. Миңжылкы он үч жашында азоо аттан кулап каза болот. Ошентип жылдардын өтүшү менен Макен бой жетип, кудалашкан ант боюнча Миңжылкынын ордун басар Кыдырыбыз бар деп, Макенди он жашар Кыдырга никелешет. Мезгил өтүп Кыдыр бой тартып, эл камын ойлогон бала болуп чоңойду. Кыдыр аке Макен байбичеси экөө Төөгөчү, Акимкан аттуу эки уулду болушат. Эки баласы тең сөзмөр чыгып экинчи Кадыр деген атка конушат. Төөгөчү бир кыздуу болгон соң он тогуз жашында каза болуп калат. Акимкан өтө зирек, өткүр, балбан бала болот. Караколдо орус тузем мектебинде окуган, орус тилди жатка суудай билген, атасы менен чогу көп жүрүп орустар менен алакалаш болгон. Акимкан сайгак тийип качкан уйду бир чаап өлтүргөн. Үркүнгө качканда дагы жардан учкан төөнү аттан түшүп, тизелеп туруп бир кол менен токтотуп кармап калган. Төөгөчү каза болгондо Акимкан он үч жашта болгон. Акимкан он алты жашка чыкканда Төөгөчүнүн жаш калган аялы Жийдеканды кыргыздын салты баюнча Акимканга никелеп, Акимкан жеңе аялы Жийдекан экөө уулду болуп атын Сыдык коюшат. Сыдыкты энесине эмизгени эле болбосо чоң ата чоң энеси өзүлөрү багышат. Ошол учурда Кыдыр акенин экинчи аялынын да боюнда бар болот.  3-4 айдан кийин эле кыз төрөп Сыдык экөөнү эмчектеш кылып багып, өзүнүн ата-энесине бербей коюшат. Акимкан ата деле атасынан айбыгып балам деп айткан эмес. Кийин Сыдык ата каза болгондо дагы Кыдыр уулу Сыдык деп азан чакырылып сөөгү коюлган. Кыдыр атасы кайрадан ойлонуп мурун жеңесин алып берип койдум эле, эми кыз алып берейин деп, казактын катаган деген мыкты тукумунан Качаган деген кишинин Салиман деген кызын алып берет.

Кыдыр аке

Кыдыр аке арык тукумунан. Кыдыр акенин ата бабасы баары эл башында турган адамдар болгон. Ата бабасынын жолун жолдоп Кыдыр аке да 1843-жылы Сырт өрөөнүндө Байыш кыштоосунун жанында Жар-Өтөктө күз айларында касиеттүү бала болуп төрөлгөн. Энесинин боюнда бар кезинде, кечке жуук малчысы мал айдап келген кезде ак боз атчан ак  сакалдуу киши келип, энесине бата берип эркек болсо атын Кыдыр койгула деп айтып кетет. Ошентип касиеттүү Кыдыр төрөлөт. Баккан атасы бий,төрө болуп жүргөн Токсоба өзүнүн жалгыз баласы каза болуп калып, Кыдырды багып алып, өтө эрке чоңойтот. Тизесинен түшүрбөй баардык жыйындарда жанында алып жүрөт. Өзүнүн идиреги бар Кыдыр жаш кезинен эле эл камын ойлоп, 18 жашында бийлике келип, 25 жашында болуш болгон. 1868-жылы Жети-Суу облусунун Кара-Кол уезди да 9 болуштука бөлүнүп, Ак-Суу түргөн болуштугуна элдин зор ишенимине ээ болгон Кыдыр аке шайланат. Баккан атасы Токсоба жаш болушка кеп кеңешин берип, ар бир уруунун бийи менен акылдашып Сарке, Канайдан кеп-кеңеш алуусун айтты. Ар бир болушка өздөрүнүн мөөрлөрү даярдалып жатканда Кыдырдын мөөрүнө Токсоба эмес Байсары атасынын аты жазылды. Кыдыр аке өтө калыс, көрөгөч киши болгон. Олжобай, Токсоба аталары да өтө жөнөкөй, түлкү суусар кийбестен, эли кандай кийинсе ошондой кийинип, саап ичери жокторго уйун берип, кийими жокко кийим берип, баарын текши алып жүргөн киши болгон. Кыдыр аке жети жолу болуш болуп шайланган.

Кыдыр аке бир да кишини жаман көрүп, тик караган эмес. Жаман көрүп, тик караган кишиси оңгон эмес. Кыдыр аке ак падышанын кабыл алуусунда болгон. Ошондо Кыдыр аке  тике көзү менен караганда  ак падыша жалтактаган. Ак падыша менен кол алышканда тишине чейин куралданган экен деген. Зоопаркын көргөзгөндө эркиндикти самаган байкуштарды камап салганын кара деп нааразы болгон.

Үркүн, кайра кайтуу

Кыдыр аке жылкысын үч жүздөн ашырчу эмес, ошол жылы миңге чукулдаган. Көрөгөчтүк менен бул эмнеси, бул жакшылык эмес го деп ойлоп ошол жылы үркүн башталат. Эл башына караан түн түшкөн үркүндө да Кыдыр аке элдин башында турган. Үркүнгө качууга даярданып жыйылып турган ар бир болуштука Кыдыр аке кеңешин берип,  орустарга катылбастыгын айткан. Кыргыздардын арасынан орустарды жеңебиз деп кыска ойлонгондору да болгон. Ошондо Кыдыр аке “биз кыргыздар аттын кашкасы болсок, орустар аттын түгү” аларды эч качан жеңе албайбыз, акыл менен сөзгө келтирели десе, бул оруска сатылып кеткен деп айткан  адамдар болгон. “Байсарынын Кыдыры, падыша менен бар окшойт мунун шыбыры “ деген өндүү сөздөр тараган. Арык тукуму, өзүнүн эли Кыдыр акенин сөзүн уккан. Кыдыр акенин урпактарынан үркүндө кырылганы болгон эмес. Кыдыр аке кытайга качууга шашылган эмес. Ошол учурда уездин начальниги Иванов чакырып, жаңы келген большевиктин солдаттары түшүнбөй элиңизди кырып коюшу мүмкүн, элиңиз менен болуңуз деген кеңешин айтат.  Ошондо үркүндө эң акыркылардан болуп күзгө жуук Кытайга кеткен. Сексендей эле жылкы алып калып, калганын элге таратып берген. Кыштоодогу, жайлоодогу туугандарын чогултуп, көрбөгөн азап тозокту көрүп, Түргөндүн белин ашып күндөп-түндөп качып отурушуп Кытайга өтүп кетишкен. Кыдыр акени ээрчип өткөн күнгөй, тескейдин элдери баары аман барып аман келишкен. Музарттын суусунан адамдары аман өтүп, көп малдарын агызышат. Муздан өтө албай эчкилерди союп тээрилерин ысуулай музга жаап, төөлөрдү көздөрүн байлап жетелеп алып өтүшкөн. Бөлөк эл, бөтөн жерден жол азабы, көр азабы болуп катуу кыйналышкан. Чек арадан Кыдыр акенин көчү деп мурунку тааныган орустар кыргынга учуратпай өткөрүп жиберишкен. Кыдыр акенин атасы Токсоба Кашкар, Үрүмчү, Текес, Кулжа шаарларында чек арада элчилик кызматты аркалаган. Мына ошондон улам Кыдыр аке да уйгур Курманжан, Кытай элинин чек ара кызматкери Мадарин, Котунчу деген соодагер менен алымдаш, кадырлаш болгон. Текес деген жерден Кытай аскерлери өткөрбөй жатканда, Мадаринди таанырын айтат, Мадаринге кабар жетип Курманжан, Контунчулар менен келип тозуп алышат, ага чейин эле Кыдыр аке сөзсүз келет деп даярдап койгон жерлерине отурукташтырат.

Кыргыз жергесинде жаңы заман орноп, өз жерине кайтып келе жатышканда Кыдыр акени тааныган орус офицерлери Кыргыз жергесинде абал туруксуз экендигин айтышып Казак жергесинде абал тынчыраак, көптөгөн качкын кыргыздар ошол жерге өтүп кетишкендигин айтышат. Кыдыр аке да эли менен макулдашып казак жеринин Тоо-Челек өрөөнүнө барып орун алышты. Арык-Белек элинен 250гө жакын түтүн туруп калышты. Бул аралыкта Кыдырдын уулу Акимкан экинчи Кыдыр аталып, элдин жок-житигинен, оору-сыркоосунан кабар алып, эл кызматында болду. Казак жеринде оор күндөр өтүп жатты.

Акимкан

1918-жылдын февраль айында Верный шаарында кеңеш өкмөтүнүн биринчи курултайы өткөрүлө турган болуп, Кыдыр акеге чакыруу келет. Ошондо Кыдыр аке уулу Акимкан менен ой бөлүшүп, Белек элинин жигиттеринен кошуп берип Акимканды жыйынга жөнөтөт. Жыйын ачылып Маречек Рудольф Павлович деген адам сүйлөдү. Жарыш сөздөр башталып Тоо-Челек элинин атынан Акимкан сүйлөдү. Өз жерине өтө албай жатышкандыктарын, казак жеринде көргөн кордуктарын нааразы боло орус, казак тилдеринде айтып жатты. Берилген суроолорго казак, кыргыз, орус, өзбек, татар тилдеринде эркин сүйлөп такалбай жооп берип жатты. Маречек баш болгон бир топ адамдар бир чети таң калышып, бир чети ыраазы болушту. Маречектин көрсөтмөсү менен ушул курултайда Акимкан Казакстандын Тоо-Челек аймагы боюнча кедей-кембагалдар комитетинин төрагасы болуп шайланды. Курултай бүткөндөн кийин Маречек Акимканды кабыл алып, таң атканча сүйлөшүп отурушту. Ошол жолугушууда Акимкан биринчилерден болуп коммунисттик партиянын катарына кабыл алынды. Акимкандын билимдүү, көрөгөч киши экенин байкап, жогорку кызматка барчу киши экенсиз деп айткан. Акимкан Тоо-Челеке келип Маречек кыргыз жергесине өтүүлөрүн айткандыгын, так дарегин сурагандыгын, жайында киши жиберип Пишпеке чакыртаарын айткандыгын атасына айтат. Ошондон бир  күн өтүп эле Маречектен Тоо-Челеке бир канча атка жүктөлүп, азык-түлүк келип түшөт. Төрт, беш күн өтүп эле Акимкан оорудан көз жумат. Ошондо Кыдыр аке жыйналышта бир казак киши “Кара баштуудан ушундай адам чыгабы, бу не деген адам, тилинде сөөлү, көзүндө калы бар го” деп таң калгандыгын угуп көз тийип каза болгондугун түшүнөт. Кыдыр аке уулумду жыйналышка эмес, өлүмгө өз колум менен узаткан турбаймынбы деп катуу өкүнүп, өксүйт. Кыдыр аке баласы Акимкандын сөөгү  казак жергесинде калганына катуу арман кылып, өлүм деп Акимкандыкын айт, бала-бакыра куран окуй албаса, казактын боз талаасына кантип таштап кетем деп, ичинен кадимкидей кан өтүп, эки тизесинен баспай катуу чөктү. Ай өтүп Акимкандын кыркын беришкен соң кыргыз жергесине кетүүгө камдана башташты. Кыдыр акенин көчү келе жатканвн уккан Ак-Суудагы Тумооке досу (Тимофей) азык-түлүктөрүн камдап, өзүнүн уулдары, жакын санаалаштары менен алдынан тозуп чыгышат. Кайтып келген соң чогу келе жаткан Арык-Белек эли Кыдыр акеден уруксат сурашып өз жерлерине кетишет, Кыдыр аке балдары менен Каркыра жайлоосунда калат. Ушул эле жылы августь айында Маречек Верныйдан Каракол шаарына жумушчу-дыйкандар союзун түзүү үчүн келип, Кереге-Ташка мурдагы алган дареги боюнча Акимканды издеп келет. Акимкандын каза болгондугун, атасы баласынын күйүтүнө катуу чөгүп жайлоодон түшө элегин, күзгө жуук Кереге-Ташка келээрин угуп отуруп-туруп ишене алган эмес. Коммунист кылып шайладым эле, жогорку кызматка алалы дедик эле деп өкүнгөн. Ошентип Кыдыр аке күзгө жуук өзүнүн өрүшүнө көчүп келет. Үркүндөн кайтып келгенден кийин большевике кызмат өтөп, жаңы заманды жакшы кабыл алат. 1926-жылы Кыдыр аке оорудан каза болот.  Заман өзгөрүп турат, замандын агымы менен болгула деп өлөөрүндө элине айтып кетет. Келген элдин көптүгүнөн элдин башы мүрзөгө жеткенде аягы айылда болгон. Ак-Сууда жашаган орустардан бери өкүрүп келишип, арабакечтер менен бөлкө нандарын ташып турушкан.Үч жылдан соң ашы берилгенден кийин бай-манаптарды кулака тартуу иши башталат.

Кулака тартуу

Элдин арасынан эле чыккан селсоветтин катчысы болуп иштеген Жылкыбаев Иса деген киши болгону 5 кою бар кедей жашаган кишиден Такай деген кишиден бери кулака тартууга жаздырып коюшат. Кереге-Таштык Караколдо райкомдун 2-3-секретары болгон киши парт.уюмдан келип чогулуш кылып, Исаны “Элдин баарын кулака тартып ийип ким менен иштейсиң. Бир уруудан, бир тукумдан бирден эле айдагын” деп кагазды столго чапкылап катуу урушат. Кулака тартып камай баштаганда Кыдыр акенин балдары туш-тарапка качып жок болушат. Шакирдин деген баласы орустарга малай болуп кетет. Айылда Закирдин деген үй-бүлөөлүү бир баласы калган. Кыдыр акенин Закенай деген баласы кулака тартылган.

Сыдык

Архивден алынган маалымат

Кыдыр акенин балдары тоого барып кытайга качалы деп сүйлөшүү жүргүзүп жатышкандыгын байкап калган бирөө солдаттарга жеткирип коет. Солдаттар келип атышуу болуп, булардын башында большевик Сыдык турат, ал тымызын качуу уюштурган атат деп камалат. Ал учурда Сыдык Күрмөнтүдөн жездесиникинен жездеси экөө чогу келаткан жерден экөөнү камап атууга өкүм чыгат. Жездеси атылып кетип, Сыдыктын өкүмү аткарылбай тирүү калып 25 жылга соттолуп, Сибирге айдалат. Иркутскийде карагай кыйып иштеп жүргөн мезгилде эки жолу качууга аракет кылып кармалып калат. Болду эми качпайм деп түрмөдө жүргөн күндөрүнүн биринде Кыдыр атасы түшүнө  кирет. Түшүндө четтери таш менен курчалган ордун ичинде үстүнөн жааган чоң мууздардан башын калкалап чуркап жүрөт. Ордун кырынан Кыдыр атасы ой Сыдык биякта эмне кылып жүрөсүң келе колду деп тартып алып чыгат. Чыкса жердин үстүндө күн жаркырап тийип, апакай боз үй тигилип турат. Ошондо Кыдыр атасы кир могу боз үйгө, сага аял алып койдум десе Сыдык атасынан айбыгып уяла түшөт.

Акимкан уулу Сыдык

Уйкудан ойгонгон Сыдык бул кандай түш бул жерден аман кутулам го деп ойлоп коет.  Өтө чынчыл, калыс тарбияланган Сыдык түрмөдөн казармага жумушка алынат. Арабакеч болуп, түрмөдөгүлөрдүн кийимин жууган прачныйга кийим, тамагын ташыйт. Жанында коштоп жүргөн аскер кызматкери дайыма базарга кирчү. Дайыма жардамдашып оокаттарын көтөрүшүп жүрүп бир төлгөчү олтурганын көрчү. Бир күнү прачныйга барса кири даяр болбой коштоочусу экөө базарга барышат, ал бир жерге кирип кеткенде, Сыдык төлгөөчүгө барат. Төлгөчү ташын чачып жүрөгүңдүн башындагы балаң өлүп калыптыр, башың байлануу экен, түрмөдөгү киши экенсиң, бүгүн ушул жерден түрмөгө барбай качсаң кутулуп кетесиң, сага кандайдыр бир күчтөн колдоо болуп атат дейт. Ошондон поезд менен качып жүрүп отуруп жолдон арып ачып Бишкектин чет жакасына келет. Жолдун боюндагы дүкөндөрдөн колун сунуп ак деп жегенге бир нерсе сурайын деп тамагы буулуп сурай албайт. Ушул күндү көрөт белем деп ичинен ыйлайт. Акыры бир дүкөнгө кирип “ак” деп айтканда ой сиз Сыдыкемсизби деп таанып калат. Дүкөнчүнүн ким экенин тааныбай эле унчукпа деп белги берет. Көрсө дүкөнчү Сыдыктын атасы Акимкан менен чогу Караколдо соода кылып жүргөн Ногой элинин уйгур кишиси болот.

Дүкөнчү дароо түшүнүп, дүкөндүн жашыруун эшиги менен үйүнө алып барып, бир жумача үйүндө багып аз-аздан тамак берип отуруп ал күчкө келтирет. Боомдун кире беришиндеги кызыл көпүрө деген жерден катуу көзөмөл жүргүзүлчү. Ошол жерден кармап коюшу мүмкүн деп, Рыбачыга чейин кетип жаткан арабакечке табыштап, Сыдыкты кийизге ороп жүктүн арасына катып арабага салып жиберет. Кызыл көпүрөдөн солдаттар арабадагы жүктөрдү айры менен сайып текшерет. Айрынын учтары денесине тийип ооруганына карабай үнүн чыгарбай чыдайт. Ошентип Рыбачыга чейин араба менен жетип, андан бери карай жол менен эмес тоолорду ашып отуруп көлгө жетет. Ошол учурда солдаттардын казармасы Караколдун баш жагында жайгашкан. Караколдо казармада жездеси иштечү, ошол казармага солдаттардын уюгуна келет. Ал мезгилде биякта да ачарчылык, ууру күч алган убак эле. Жездеси жалгыз уюн сыртка байлап, уурдап кетпесин деп жибин колуна байлап босогодо кайтарып жатчу. Сыдык түн ичинде боз үйгө кирип, жездесин аттап өтсө жездеси ууру келген экен деп чочуп кыйкырса, жезде, жезде мен Сыдыкмын кыйкырба деп оозун жабат. Оо кудай ак сарбашыл тирүү, амансыңбы деп жарык жаккандан коркуп сүйлөшүп отурушат. Жездеси түнү менен Сыдыкты беденин арасына жашындырып, өзү Кереге-Ташка кабар бергени кетет. Жездеси ошол күнү бедесин чаптырганы кишиге сүйлөшүп койгон эле. Ошондо кемпирине айтат беде чапчу киши келсе айт бүгүн чаппасын деп, бирок ал киши башка күнү бошобостугун айтып, ошол эле күнү бедени чаап баштайт. Сыдык беде чапкан киши жакындаган сайын эптеп улам арылап жылат. Чаап бүтүп салса эмне кылам, кайда барам, анык колго түшөмбү деп коркот. Ошентип сар санаага батып жатканда жездеси келип калып чаппа эле чаппа деп кыйкырып, өкүрүп чөп чапкан кишини токтотот. Жездеси айылдан Сыдыктын байбичесин, энелерин ала келет. Сүйлөшүп олтурушуп баласынын өлгөнүн угузушат. Ошондо Сыдык баягы көз ачыктын “жүрөгүңдүн башында балаң өлүп калыптыр” деген сөзү дал келгенин эстейт. Баласынын сөөгү тоонун бооруна коюлганын угуп кенедей балага Кыдыр акенин жанынан орун табылбай калдыбы деп мүрзөсүнө барып кучактап ыйлайт. Келип Кыдыр акенин күмбөзүнө жашынат. Айылда бир гана Ташбай деген иниси энесин карап жашап жаткан. Калган инилери дайынсыз кетишкен. Түрмө болсо бир жөн эми кытайга жалгыз качпай жок дегенде бир эки инимди ала кетейин деп инилерин издетет. Ошондо Кыдыр акенин кичүү баласы Акираалы жана өзүнүн Жумуке деген иниси табылат. Сыдык эртең кытайга качам деген күнү түнүчүндө Кыдыр акенин күмбөзүндө жашынып жаткан жеринен үйүнө келет. Сыдык кыздарынын бетинен өөп, атасын көрүп сүйүнгөнүнөн бакырып жибере жаздаган кыздарынын үнүн чыгартпайт. Так ошол маалда селсоветтин катчысы Жылкыбаев Иса “Сыдык абам түрмөдөн качыптыр, кабар келди, билсең айткын” деп издеп келет. Байбичесине канча ороңдоп, опузаласа дагы жык билгизбейт. Акыры ким экен ал мени кармап берчү деп чыдабастан өзү чыгат. Баягы күпүлдөп жаткан  Иса “өңдү көрдү жүз тайды” болуп ой аба аман эсенсизби деп кадимкидей учурашып унчукпай эле кетет. Жайлоого Койсойбос атаныкына барып, Сыдык өзүнүн атын минип, эки инисине эки ат алып, Койсойбос ата козу союп, аман эсен жетип алгыла деп  батасын берип узатат. Тоо ташты аралап кытайга качышат. Ошондо Сыдык байбичесине бир шакек көрсөтүп кетет. Кытайга аман жетсем шакекти берип киши жиберем, келген киши менен балдарды алып баргын деп. Жолдон баягы эле музарттын суусу кирип жаткан убака туш болушуп, азап менен суудан өтүшөт. Биринчи Жумуке инисин өткөрөт. Экинчи мен өтөйүн атты кайра жиберем десе Акираалы иниси жээкте жалгыз калып калсамчы деп ыйлайт. Аргасыз Сыдык инисин өткөрүп өзү акырында өтөт. Кийин Жумуке иниси өлсө да ушул биринчи өлсүн деп мени биринчи өткөргөн деп тамашалап калчу экен. Араңдан зорго ачка кытайга жетишкен Сыдыктарды кытайга үркүнгө чейин эле барып отурукташып калган Заңгинин (селсоветтин) катчысы болуп иштеген Байдылда деген киши Кыдыр акенин баласы Сыдык келиптир деп тозуп алат. Байдылданын байбичеси да Шарымкан мыкты киши болгон. Ошол киши Сыдыкты эки иниси менен багып ал күчкө келтиришип, ошол жердин заңгиси Бейшемби деген кишиге алып барышат. Баягы Мадариндин балдарына айтышат, үчөө тең Кыдыр акенин неберелери болот десе Мадарин улуусун үйлөнткүлө деп, Сыдыка кызмат берет.

Акимкан уулу Жумуке

Сыдык кытайга жетип Кыргыз жергесинде калган үй-бүлөөсүнө шакекти берип киши жиберет. Ошондо Кыдыр акенин байбичеси, Акимкандын эки байбичеси өлүүсүнөн өлүү, тирүүсүнөн тирүү ажырабайбыз деп келинин жибербей коюшат. Сыдык ошол жерден күйөсү каза болуп калган, үй-жайы өргөсү менен калган жаш келинге үйлөнөт. Сыдык түрмөдө жатканда түшкөргөн боз үй ушул дал келүү го деп ойлойт. Кытайдан Жумуке, Акираалы инилери да үйлөнүшөт. Сыдык өзү кызматта иштеп, Жумуке инисин Байдылданын аталаш иниси Үсөнбайдыкына жумушчу кылып берет. Акираалы Каным деген эжесиникинде болот. Сыдыктын аялы бир күнү аялдардын баары эле төлгөчү келиптир деп барып жатышат, барып келейинчи деп суранат.  Баягы түрмөдөгү төлгөчүнүн айтканынан жүрөгү үшүгөн Сыдык төлгөчү жерге кирсин, барбай эле кой деп жибербей коет. Аялы эртеси да айтса жаш неменин көңүлүн кыя албай мейли барсаң барып кел деп жиберет. Төлгөчүгө барган аялы бозала

болуп келет. Алты бала төрөйсүң, алтынчысы эгиз болот, ошондо өлөсүң деп айтты дейт. Сыдык “ок, сен алты бала төрөгүчө качан, ага чейин кимди ким билиптир” деп аялын жооткотуп коет. Атаңгөрү жибербей эле койсом болмок экен деп кайгырат. Төлгөчүнүн айтканы дал келип, алтынчысын эгиз төрөп аялы төрөттөн каза болот. Сыдыктын эркек балдары токтобой төрөлүп чарчап кала берген. Аялы каза болгондон кийин кайрадан он жети жаштагы Бүбүайша деген кызга үйлөнөт, уулду болушуп ал баласы да чарчап калат. Сыдык чакаларды тээп мага эмнеге эркек бала койбойсуң деп кудайга каарын төгөт. Мурунку аялынан калган беш жаштагы баласы дагы тумоо оорусунан чарчап калат. Ошондо Сыдык күйүттөн катуу кыйналган мезгилде Байдылда, Усупбек деген кишилер келишип, ар кайсы жерге алып барышып алаксытышат. Андан соң удаа эки кыздуу болот. Ошол учурда биякта калган байбичесинен төрөлгөн Жумакан деген кызы төрөттөн каза болду деген кабар барат. Андан соң дагы кыздуу болуп ал учурда кыргыз жерине келээр келбеси күмөн болгондуктан ошол кызымды эстеп жүрөйүн деп атын Жумакан коет. Сыдык алтымыш жашка келип калган убагында кудайга нааразы болгон. Мага таза бала койгон жоксуң, тукумсуз өтөмбү, кудай сокурунан, төкөрүнөн, кыйшыгынан бер деп суранат.

Ошентип удаа беш эркек балалуу болот. Бешинчи баласы да төрт айлыгында чарчап калган. Андан соң дагы бир кыздуу болгон.

1959-жылы октябрь айында Кытайдан кыргыз жерине Кереге-Ташка биринчи байбичесиникине келип түшүшөт. Байбичесине катарлаш жашап, 1962-жылы үй-жай куруп жай турмушу башталат. Ошол жылы Айткул Убукеев баласы Мелис Убукеевдин дипломдук ишине “Тоо өзөнү” деген кино журналга кино тартууга батасын алып, Сыдык атаны киного тартышкан. Сыдык ата сөзгө чебер адам болгон, комуз да черткен.Саякбай Каралаев менен Ыбырай Туманов да учурашып келишкен. Сыдык атадан сөз сурап келген адамдардын да аягы суюлчу эмес. Сыдык ата каза болгондо бүткүл Кереге-Таш эли тикесинен тик туруп кызмат кылышкан. Жумуке иниси үч күн тынбай кошок кошуп, элдин баарын ыйлатканын айыл эли көпкө чейин айтып жүрүштү.

Жумакан эженин эскерүүсү

Сыдык атанын кызы Жумакан эже оор күндөрдү баштарынан кечирген аталарынын тагдырын көзүнө жаш ала баяндап берип олтурду. Жумакан эже кичинекей кезинде үйүнө атасы Сыдыктан санжыра, сөз сурап келген адамдарга айтып бергендерин, эшиктин аркасына жашынып олтуруп кызыгып уккандарын, атасы өзү айтып берген учурларда иниси экөө ыйлап олтуруп угушкандыктарын, атасынын угуп алгыла десе ыйлайсыңар деген сөздөрүн эскерди. Жумакан эже пенсия курагында болгондугуна карабастан “Кыдыр акенин өмүр тамчыларынан” аталышындагы 1-китебин чыгарган. Азыркы мезгилде Кыдыр акенин урпактары тууралуу 2-китебин чыгарууну көздөөдө. Учурда, Кыдыр акенин урпактары 40ка чукул түтүн анын ичинде Сыдык атанын уулдары, небере, чөбөрөлөрү атасынын атын өчүрбөй айтылуу Кереге-Таш айылында күн кечирип келишет.

Ысык-Көл облустук мамлекеттик архивинин
башкы архивисти Жумакадыр кызы Бактыгүл

Опубликовано в разделах: Мастерская