Биз соц.тармактардабыз:
  • Тилди тандаңыз:
  • KG
  • EN
  • RU

Марлэн Матназаров

18 ноября, 2020 г.

Бүгүнкүнү билүү үчүн өткөн күнгө барамын,
Бара жатып издейм, сурайм, окуйм тарых барагын.
Бирок кээде жер тарыхын жазгым келип тургандан,
Бүгүн жазам Кажы-Сайды – көлдүн түштүк тарабын.

Каджи-Сай — Википедия
Кажы-Сай жана кен иштери 

1947-жыл

Совет доору, согуш бүтүп, эки жыл өтүп арадан,
Сан миндеген элдер жакыр, жешип катуу кара нан.
Алсыроодон, катаал күндөн чыгуу үчүн СССР,
Аска зоодон, адыр-түздөн кендүү жерди караган.

Өлкөбүздүн ар жерине кендин түрү таралган,
Өзгөчөсү көл боюнан көмүр, уран жай алган.
Бул тууралуу кабар тапкан чоң Союздун бийлиги,
Буйрук берип, Тоңдун кендүү Кажы-Сайы жаралган.

Көлдө калып кандуу согуш курмандыгы, учкуну,
Кичинекей үйлөр салды бир топ согуш туткуну.
Күндөн-күнгө кен иштери жумуш орун көрсөтүп,
Калың эл да болуп калды Кажы-Сайдын тургуну.

Тоо бооруна шахта, завод, имараттар курулуп,
Тилге кирди жансыз тоолор жандуу тоого кубулуп.
Жумушчулар кенден калган уулу затты, калдыкты,
Жерге койду — көл суусуна кетпесин деп куюлуп.

Кто работал на урановых рудниках в СССР — Рамблер/новости

Жылдар бою, айыл эли көмүрлөрдү балкалап,
Ургулады, майдалады, бир муштумдай талкалап.
Жаш балдар да тыным билбей иштеп жатты бул иште,
Буга себеп, убагында ишти бүтүү — чоң талап.

1969-жыл

Кажы-Сайда бат көбөйүп элдин кой, мал, торпогу,
Короосунда, тоонун жашыл жерлеринде оттоду.
Көпчүлүктүн мал багууга өткөнүнүн себеби,
Курамында ураны бар көмүр казуу токтоду.

Бала бакча, мектеп, дүкөн, интернат да жайгашып,
Турмуш жакшы, элдер шатман капалыкты айдашып.
Ынтымакта Кажы-Сайдын 7 миңдей тургуну,
Күн көрүштү айлар-айга, жылдар-жылга алмашып.

1991-жыл

Совет доору аяктады, кризис учур башталды,
Кен иштери такыр токтоп турмуш жүгү ташталды.
Акча табуу, жан багуунун жолун издеп адамдар,
Сатып жатты көмүр, темир, жадагалса таштарды.

Көптөн күткөн эгемендик Кыргызстанга орноду,
Желбиреди кызыл желек көрккө бөлөп ордону.
Жаңы гимн, жаңы гербдин тоодой бийик деминде,
Бишкек деген атты алды мамлекеттин борбору.

Андан кийин, элдин баары жер алууга дарбыды,
Натыйжада жеке менчик, ижаралар арбыды.
Кажы-Сайда бул багытта «хостел» үйлөр көбөйүп,
Туристтерден түшкөн пайда эл күнүнө арзыды.

***

Кажы-Сайда Шыгаевдин көркөм сүрөт музейин,
Көргөндөр көп, бирок билбейм, бул тууралуу не дейин?
Кыска гана укканым бар — ал да музей тарыхы,
Көп ойлонбой ал тарыхты анда айтып берейин.

Музей 

1949-жыл

Күнү-түнү терин төгүп немис, япон туткуну,
Бир имарат куруп бүттү, анын бекем устуну.
Туткундардын көңүл коюп иштегени таңдантты,
Туткун болуп сагынса да өлкөсүнү, журтуну.

Имаратты «сельсоветке» айландыруу керек деп,
Сельсоветтин иши жүрдү, аны бирөө жетектеп.
Жылдар өтүп, ал имарат чоң почтамтка айланып,
Андан кийин болуп калды музыкалык чоң мектеп.

2017-жыл

Ал имарат ээсиз калып жашынмактар ойнолду,
Ошентсе да, кайра баштан ремонттолду, оңдолду.
Шыгаевдин көркөм сүрөт музейи деп аталып,
Ал музейге келип кетчү конок, турист, эл толду.

Опубликовано в разделах: Мастерская