Биз соц.тармактардабыз:
  • Тилди тандаңыз:
  • KG
  • EN
  • RU

Дисциплиналар аралык «Немономиф» журналы

18 ноября, 2020 г.

Бул экинчи журнал, анын мазмунун белгилөө үчүн, «Макурттун түштөрү» метафорасы концептуалдык негиз катары тандалып алынган. Манкурт — өзүнүн аң-сезиминде, өтмүшүн эстебеген адам (Ч. Айтматов киргизген метафора). Эс тутумдун начарлашынын себептери ар кандай болушу мүмкүн: маданий, экономикалык, саясий, менталдык ж.б. Бирок түшүндө анын аң-сезими ага өтмүш белгилерин жиберет. Бул түштөр ага тынчтык бербейт, толкундандырат, ойгонот. Самиздаттын экинчи чыгарылышы, белгисиз жагдайларда жана өткөндү издеп, же андан баш тарткан адамдар жөнүндө.

Интервью:

  • Мадина Тлостанова (деколониалдык ойчул жана жазуучу, Швециядагы Линчёпинг университетинин
    гендердик изилдөөлөр бөлүмүнүн постколониалдык феминизм боюнча профессору)
  • Кшиштоф Становски (Польшалык коомдук ишмер).

Статьи:

  • Давид Лойпольд (изилдөөчү, жигердүү интернационалист, илимдин доктору даражасын Берлиндеги
    Гумбольд университетинен алган), «Күрд тоолорунда Маңкурт кантип өз үнүн кайтарып алды»;
  • Сауле Сулейменова (казакстандык сүрөтчү), «Эс-тутумдун калдыгы»;
  • Виктория Кравцова (изилдөөчү,  Санкт-Петербург жана Берлин шаарларында билим алган), «Зулайка көзүн (пост) колониалдык Орусияда ачып жатат»;
  • Кульшат Медеуова (философия илимдеринин доктору, Л. Н. Гумилев атындагы улуттук Евразия университетинин Философия кафедрасынын профессору), «Топонимика үчүн кейстер»;
  • Мойра О’Ше (салыштырмалуу тарых жана маданий социология багытындагы изилдөөчү), «Архив/Шаар: Курманжан Даткага эстелик тургузуу»;
  • Элери Битикчи (философ, кыргыз тарыхынын изилдөөчүсү, байыркы кыргыз маданияты жана жазуусу болгон битиктин билерманы), «Дубалдагы ойлор».

Редактор-түзүүчү: З.Урманбетова.

Корректор: Дмитрий Соболин

Дизайн: Наталья Андрианова

«Эсимде» долбоорунун жетекчиси:  Эльмира Ногойбаева

Журналдын бет ачары  2020-жылдын 28-октябрында  Эсимде II «Маңкурттун түшү» конференциясынын алкагында болуп өттү.

«Немономиф» — дисциплиналар аралык, деколониалдык аракетке таянган, Орто Азия чөлкөмүндө жүргүзүлгөн изилдөөлөр жана байкоолор, ар кандай көз карашты камтыган журнал. Тематикасы боюнча
ар кандай багыттагы изилдөөлөрдү жана Орто Азия маданияты жана коомдорунда болуп аткан ар тармактагы паттерндердин комплекстүүлүгүн, өзгөчөлүгүн чагылдырат. 

Опубликовано в разделах: important, Немономиф II