Биз соц.тармактардабыз:
  • Тилди тандаңыз:
  • KG
  • EN
  • RU

«Космонавттар айылы» чебер окуусу

22 июля, 2020 г.

«Эсимде» 2020-жылдын 30-июнунан тарып 5-июлуна чейин Тамга, Тосор жана Каджи-Сай айылдарында  изилдөө чебер окуусун өткөрдү. Тамга айылы — бул космонавттардын эс алган, жапон туткундары эмгектенген жана советтик жардыруу долбоору иштеген Каджи-Сай айылынан алыс эмес жерде жайгашкан. Үй-бүлө жана жеке, оозеки жана жергиликтүү тарых, визуалдык жана архивдик окуяларга кызыккан катышуучулар Ысык-Көлдүн түштүк жээгиндеги тарыхты чогултушту.

Бул чебер окуусунда эс тутум, тарыхты жазуу, даректүү фильм жана сүрөт боюнча алдыңкы адистер катышуучуларга өз өнөрлөрүнүн терең сырлары менен бөлүштү.

Ал эми эң мыкты иштер 2020-жылдын күз мезгилинде өтө турган «Манкурттун түшү» Эсимде II  Конференциясында жана Көргөзмөсүндө көрсөтүлөт.

Опубликовано в разделах: important, Иш чаралар, Космонавттын кыштагы