Биз соц.тармактардабыз:
  • Тилди тандаңыз:
  • KG
  • EN
  • RU

«Маңкурттун түшү» конференциясына катталуу үчүн чакыруу

16 июня, 2020 г.

«Эсимде» талкуу аянтчасы профессионал тарыхчыларды, антропологдорду, журналисттерди жана бардык кызыкдар тараптарды 2020-жылдын 28-30-октябрында өтүүчү «МАӉКУРТТУН ТҮШҮ» Эсимде ⅠⅠ конференциясына чакырат.

Концептуалдык негиз катары «МАӉКУРТТУН ТҮШҮ» метафорасы тандалган. Маӊкурт — бул өткөнүн унуткан, эс тутумун жоготкон адам. Эс тутумдун жоголушунун себептери ар кандай болушу мүмкүн: маданий, экономикалык, саясий, психикалык ж.б. Маӊкурт жашайт. Ал бардык нерсеге ыраазы болуп көрүнгөндөй, бирок түшүндө аӊ сезими өткөндүн белгилерин жибергендей. Ал түшүндө өзүн түшүнүүгө жана өзүнүн ким экендигин түшүнүүгө аракет кылып жаткандай.
«МАӉКУРТТУН ТҮШҮ» метафорасын азыркы Борбордук Азиянын пост/де-колониялык дискурсунун бир түрү катары эсептеп, бардыгыӊыздарды ушул жөнүндө ой жүгүртүп, өз эмгектериңизди сунуштоого чакырабыз.

Конференцияга катышууну каалагандар өзүлөрүнүн тезистерин (кыскача баяндама кеми дегенде 400 сөз, резюме) 2020-жылдын 10-сентябрына чейин esimdekg@gmail.com дарегине жөнөтүүсү шарт.

Макаланын тезисин тапшыруунун акыркы мөөнөтү — 2020-жылдын 10-сентябры.

Конференциянын тилдери: кыргыз, англис жана орус.
Конференциянын программасына Сиздин макаланыз киргизилгендиги тууралуу ырастоолор 2020-жылдын 30-сентябрына чейин жөнөтүлөт.