Биз соц.тармактардабыз:
  • Тилди тандаңыз:
  • KG
  • EN
  • RU

«Эсимде» телеберүүсү. Онлайн талкуу «Басмачылар» ким болгон?

2 июня, 2020 г.

Атайын даярдалган чакан тасманын бет ачары менен катышуучулар чогуу “басмачылар” ким болгон деген суроого жооп издедик. Талкууга Прагадан Тынчтыкбек Чоротегин (Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин профессору, тарых илимдеринин доктору), Баткенден Кубанычбек Таиров (БатМУ, ага окутуучу, тарыхчы), Оштон Жолдошбек Ботоноев (ОшГУ, тарых илимдеринин кандидаты, доцент), Бишкектен Гульзада Абдалиева (И.Арабаев атындагы КМУ, тарых илимдеринин кандидаты, доцент), Зухра Алтымышова (Кыргыз-Турк Манас университети, Тарых илимдеринин PhD доктору) өңдүү изилдөөчүлөр жана тарыхчылар катышышты. Кыргызстан эгемендигинин шартында бул кыймылды кайрадан адилеттүү карап чыгууга аракет кылып, тарыхый калыс баа берүүгө умтулабыз. ХХ кылымда болуп өткөн көптөгөн окуялар, анын ичинде басмачылык кыймылы дагы кайрадан каралууга тийиш. «Эсимде» бул чакан тасма аркылуу окуя жөнүндө ойлонуп көрүүнү сунуштайт.

Бул «басмачылар» темасына арналган алгачкы талкуу. Кезекте дагы топ талкуулар чыгарылат.

Видео толугу менен:

Опубликовано в разделах: important, ТВ көрсөтүүлөрү, ҮкҮ талкуу клубу