Биз соц.тармактардабыз:
  • Тилди тандаңыз:
  • KG
  • EN
  • RU

БАТКЕНДИК ЖООКЕРДИН КАТЫ

17 мая, 2020 г.

Ойлогону мекени, үй-бүлөсү

Баткен шаарынын “Айгүл-Тоо тарыхый-маданий музей комплексиндеги”  Улуу Ата-Мекендик согушка арналган бөлүмдө Баткен районундагы согуштан кайтпай калган аскерлердин маалыматтары менен кошо айрым буюм-теримдери, эскерүүлөрү, сүрөттөрү менен кошо фронт каттары да бар. Ал каттарды окуп олтуруп, Ата Мекен үчүн өлүмдөн тайманбастан, өз ыктыяры менен фронтко баргандардын эскерүүлөрүн, фронт талаасындагы жоокерлердин кичи мекенине, ата-энеге, жубайга, бир туугандарына болгон сагыныч сезимдери, мекенден алыс жүрсө да бул жактагы жакындары үчүн тынчсыздануулары окуп жаткан адамдын көз жашын кылгыртат. Ошол жаш жигиттердин абалын элестетип ичиң эңшерилсе, экинчи жагынан алардын мекенчилдигине, кайраттуулугуна тан бересиң. Анткени, фронтко аттанган жоокерлердин согуштан кайтпай калуу ыктымалдуулугу жогору болгон, муну ар бир аскер жүрөгүнүн тереңинде туюп, билип турса да жашоодон үмүт үзбөстөн, кат аркылуу үй-бүлөсүнүн аманчылыгын сурап, өзүнүн абалын да билдирип турууга ынтызар болгон. Анткени, ал кезде байланышуунун каттан башка мүмкүнчүлүгү болгон эмес.

Жалгыз таберик 

Фронт каттарын ар бир үй-бүлө ыйык таберик катары сактап келишкен. Аларды биз музей экспонаты катары сураганыбызда чон аталарын, аталарын эстеп, көз жаш менен кайгырышты. Согуш аяктагандан бери бир муун өтсө да, фронттон келбей калган аталарын унутпай жүргөн инсандардын бар экендигине күбө болдук. Согуштун кесепети алигече кээ бир үй-бүлөлөрдүн аң-сезиминен дале өчө элек турбайбы. Бизге берилип жаткан каттын музейде далай-далай жылдарга чейин сакталарын билгенден кийин алар аталарынын ысымы дале унутулбай кала берерине ынанышты. Үй-бүлө үчүн баа жеткис мурасты музейге өткөрүп берип жаткандардын абалына биз да түшүнүү менен мамиле жасадык.

Орток тилде жазылган кат

  Кат Баткен районунун Рават селолук советинин Фрунзе атындагы колхозунун тургуну Кааров Жолдошко деп даректелип уулу Кааров Тургундан келген, төмөндө латын тамгалары менен жазылган кат кириллица алфавитине которулуп өзгөртүлбөстөн берилди. Каттагы айрым сөздөр Фергана өрөөнүндө жашаган калктардын орток тилинде жазылган. Ар бир союздук республикалар ортосундагы орток тилдин ролун орус тили ээлегенден баштап,  бул тил унутула баштаган, бирок бул өзүнчө маселе…

Каттын көчүрмөсү

Учурашуу кат

Алыскы Алма-Ата шаарында Кызыл аскер катарында иштеп турган уулуңуздар Кааров Тургундан сагынып-сагынып саламымды сиздерге жиберемин.

  1. Калай Эне эсен аман таниңиз саат капа болбой колхоздо иштеп жатасызбы? Иша кылып эне, менден эч капа болбо.
  2. Өмүрдөшүм Саадатжанга калай эсен аман таниңиз саат капа болбой жүрөсүзбү. Өмүрдөш Саадатжан сизден менин суранаарым энем кандай жүрсө ошондой кылып жүрүң. Менин сизге насаатим ушул, эч менен гам кайгы тартпа Саадатжан.
  3. Жолдош, Гапар үкама калай үкалар эсен аман таниңар саат колхоздо иштеп жатасынарбы? Үкалар менен гам кайгы тартпагыла, иша кылып энем менен жеңеңди азар бербей баккыла.
  4. Ырыс акама калай эсен аман таниңиз саат колхоздо иштеп жүрөсүзбү? Мен болсо Алма-Атага барып али тайинсиз турабыз. Бир ротадабыз бөлөк ротага жүгөрөбүз деп турат мен силерден эч гам кайгы жок, капа эмесмин көңүл ачык. Иша кылып силер менен эч гам кайгы тартпагыла көбүнчө Энеме, Саадатжанга азар бербегиле үкалар деп кат жазуучу Кааров Тургун
  5. 07. 1942-жыл Адреси 2 ст. каттын сыртында толук жазылган.

Бул катта Кааров Тургун  энеси менен жубайына тынчсызданып, туугандары менен коштошкондой эле болгон экен, Кааров Тургун  согушка аттанып мекенине кайтпай калган…

Макаланын авторлору Кубанычбек Таировго жана Азамат Алишеровго ыраазычык билдиребиз.

Лонгридди бул шилтеме аркылуу көрө аласыздыр:  https://clck.ru/NW9jw

Опубликовано в разделах: important, Адамдар жөнүндө