Биз соц.тармактардабыз:

“УНУТУЛГУС КҮНДӨР”

Май 13, 2020 г.

Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Байгельдиева Фатима Мукашевна

Мына, Улуу Ата Мекендик согуштун аяктаганына 75 жыл толушун белгилеп жатабыз. Ушунча жыл өтсө да, ошол оор күндөрдү унута албайбыз, күнү бүгүнкүдөй эсибизде. Согушка жарактуулар биринчи күндөн эле мобилизация пунктарына барып, согушка кетүүгө даярдана баштаган. Ал эми өз ыктыяры менен кетүүгө даяр болгондор канча! Эркек — аял дебей Советтер Союзунун бүт калкы бир муштумдай болуп, фашисттерге каршы турууга даяр болушту. Биздин үй бүлөө ошол күндөрү Ысык-Көлдүн Санташ совхозунда болчу. Мен 8-класстын окуучусу элем. Бирок, мектепте окууга эч мүмкүнчүлүк болбоду. Мугалимдер жетишпейт экен. Мугалимдер фронтко кетишкен. Мектепте ремонт болбогон, от жагылбайт. Окуу куралдары, китеп-дептер, сыя жок. 8-класста окуп турган эркек балдар да жашын чоңойтуп, фронтко кетишкен. Алардан кат-кабар да келбестен, дайынсыз күм-жам болушту.
Совхоз фронт үчүн эт, сүт, дан, жашылча азыктарын, аскердик аттарды даярдоого милдеттүү болчу. Бул жумуштарды жалаң аялдар, чалдар, окуган-окубаган кыздар-балдар аткарууга тийиш элек. Эми ошол жылдары бардык кыйынчылыктарга каршы болуп, барына чыдап, баш көтөрбөй иштегенибиздин патриоттуулугуна аябай таң калам да. Эт, нан эмес, бир ууч талкан жок үй бүлөлөр канча болду?! Ширеңке, туз, самын жок, шекер, самын кайнатышат. Кийим-кече жок. Болгон кийимдерин аяп кийишкен, кийими жоктор эптеп жүн ийрип, карта, юбка токуп кийишкен. Ал кезде эл төрт жакпыз. Түн жарымынан баштап, колдоруна калагын алып, терезе тыкылдатып, тутандырууга от сурап жүргөндөр канча болду. Ачарчылыктан жатып калгандар, көз жумгандар да болду.

Ошол 1941-жылы күзүндө мен Совхоздун почта бөлүмүнө башчы болуп иштеп баштадым. Совхоздун өзүн, Каркырадагы фермалары менен суунун сол жагындагы төрт кыргыз айылын: Токтоян, Сары-Тологой, Жылуу-Булак жана дагы бир айылды тейлөөчүмүн. Ал айылдардан чал почтальондору ат менен келип кат, гезит, офицердик пособиелерди алып кетишчү. Совхоздун борборун жана фермаларды өзүм тейлөөчүмүн. Телеграммалар, үч бурчтуу каттар, офицерлердин үй бүлөлөрүнө жөлөк пулдар (сертификат беле — унутуп калдым) келет. Кат сурап почтага келгендер алфавитке бөлүнгөн кутучадан кат болсо алып, кээ бири сүйүнсө, кээ бири катты окуп алып өкүрүп ыйлап эстен танып калат. Мен тосмонун ары жагында отурам да, тура калып, чуркап чыгып аялды сооротуп, бетине муздак суу чачам, суу ичирем. Өзүм да кошо ыйлайм. Бир күнү почтанын жанына өтүп баратып Абды Кулумбаев деген сельсовет агай көрүп калып, «Эмне болду?» — деп почтага кирди. Мен ыйлап айтып бердим, похоронный кат келгенин. Анан ал кеңеш берди: — «Үч бурчтуу кат келгенде ачып көр, эгер жаман кабар болсо, мага бер, мен ал аялды сельсоветке чакырып өзүм угузам» – деп.
Офицерлердин үй бүлөсүнө келген пулдарды сумкага салып алып, ат минип фермаларга өзүм барып таратып келем. Бир күнү токойдо баратсам «Стой!» – деген ун чыкты алдымдан. Ат кишенеп үркүп кетти, жыгылып кала жаздадым. Эки содат экен, бирөө орус, экинчиси кара. «Кайда баратасың, кимсиң?» – дешти. Мен почтанын заведующийимин, фермаларга баратам, акча таратканы дедим. Атты чылбырдан алып, жүрү деп алып жөнөштү. Заставага келишти. Начальникке алып киришти. Отуз-кырк чамасындагы жарадар офицер экен. Суракка алды: «Кимсиң, каякка бара жатасың?» – деп. Айтып бердим. «Канча акча алып баратасын?» – деп сурады. 70,000 рубль дедим. «Коркпойсуңбу?» — деди, «Эмнеден корком» – десем, «Токойдун ичинде дезертирлер көп, кармап алса эмне болосуң?» деди. «А мен атчанмын да, качып кетпейминби!?» – дедим. «Минтпей жүр, жалгыз жүрчү болбо, бирөө коштосун, же фермалардын бирөө келип, акчаны алып кетсин. Бул сен үчүн кооптуу иш» – деп эскертти. Анан солдаттар фермага чейин узатып коюшту.

Дагы бир жанымды жай алдырбаган, жүрөгүмдү өйүткөн нерсе – согушка кетүү. Талды-Суу айылынын военкоматына 2-3 жолу бардым. «Мен фронтко кетишим керек. Анда мен көбүрөөк пайда келтирем» — десем, «Жок, сен али жашсың» – дешет. «Анда партизанский отрядка жибере аласыңарбы?» — дедим. «18ге жете элексиң бар иште. Тыл деле фронт» – дешет. Анан сельсовет Абды агайга барып, жалынып-жалбырып ыйладым. «Агай, эки жаш кошуп, документ жасап бериңиз» – деп. Апаман да сураттым. Бир канча убакыт өткөн соң эки жаш кошуп, 18 жаш деп паспортумду оңдоп берди. Сүйүнгөн бойдон военкоматка чуркадым. Анда военкоматта орус жигиттер иштешчү. «Сени билебиз да, фронтко барганга бары бир жашсың. Бул жерде жардамың керек. Тыл деле фронт, барыңар фронт үчүн иштеп, ушул жерден берген жардамың көбүрөөк болот» – деп узатып коюшту. Военкомат айтпаса деле айылда коомдук, саясий уюштуруу иштерин жүргүзүп жатканбыз да! Комсомолдор, жаштар бир кичинекей бөлмө сурап алып, жумасына күн алыс, кээде күнүгө кечинде чогулуп, иштей турган иштерибизди тактайбыз. Фронтко посылка чогултмай, айыл ичин кыдырып, ач болуп аткандарга, ооруларга жардам бермей. Картошка, капуста тигүү, чөп жыйноо жумуштарына, эгин тазалап мүшөккө салуу иштерине да көп көмөк көрсөтчүбүз. Мектептин башталгыч класстарынын окуучуларына жогорку класстын окуучусун кошуп берип бат тердиртчүбүз. Эми ошондогу кичине балдардын честныйлыгына таң каласың да, үйлөрүндө бир ууч талканы жок болсо да терген баштык бир кило болобу, жарым кило болобу кырманга алып барып беришчү.

Айына бир жолу, көбүнчө эки жолу согуш аскерлерге посылка жиберип жаттык. Жылуу носки, кол кап, тамеки, талкан, курут, болуп калса сало (чочко майы). Ошол кезде Совхоздун эли абдан начар жашаар эле. Кээ бирлери эптеп бир чочко байлап семиртип, кышка союп алышчу. Аларды биз билебиз да. Анан аскерлерге посылка жиберет элек, кичине сало бересиңерби деп ошолорго барсак аячу эмес, жарым кило, бир килону беришчү. Мына өзүлөрү ач-жылаңач оокат кылып жатышса да, «солдаттарга» десе аяшчу эмес. Кол кап, носки соккондо да улгайган апалар жардам беришчү. Өзүбүз да кол кап, носки сокконду үйрөнүп алдык. Анан согушчандарга кат жазып, көз жашыбызды да тамчылатып калар элек. Аскерлер да бирге ыраазылык каттарын жазышчу. Жумасына бир жолу айылды кыдырып муктаж болгондорго жардам көрсөтчү элек.
Бир жолу ары көчөдөгү бир үйгө кирсем жымжырт, бүкүр казак аял отуруптур. Бир комнат топурак толо. Эски боз кийиздин үстүнө эки жууркан жая салынган, ал жерде үч бала жатат. Бирөө 9, экинчиси 6-7лерле, үчүнчүсү 3 жаш чамасында. Эми алардын арыктаганын айтпа, мойну ичегидей, а курсактары көөп кеткен. 4-5 күндөн бери ачка экен. Үйдө печкада пустой казан асылып турат. Үйдө эч нерсе жок. Аял өзү да ачка, алы жок кийизде отурат. Чуркаган бойдон үйгө бардым да, эки чыны ун, ширеңке, туз, кара бөлкөнүн жарымын алып, кайра чуркап келип эшиктен кашек терип келип, казанга суу куюп от жактым да, жарым чыныдай ун себелеп жарма жасадым. Анан аны жылуу кылып суутуп, балдарга 50 граммдан, энесине жарым чыныдай ичирдим. Балдар башын да көтөрө алышпайт. Эми бүгүн ичпегиле, эртең менен келип өзүм ичирем дедим. Бир нече күн тамак ичпегендерге көбүрөөк берсе өлүп калат деп уккам да. Анан бир комсомол кыз экөөбүз Свохоздун директоруна барып үй бүлөнүн ахыбалын айтып жарым килодой эт, май, ун, талкан жаздырып алып барып бердик. Анан өзүм 4-5 күн барып жарма жасап, ичирип 4 күн дегенде балдар араң баштарын көтөрүп отуруп калышты.

1941-жылы Совхоздо келте оруусунун эпидемиясы башталып, мектептеги орун бошотуп ларазет ачышты. Терезе-эшиктерди эки жууркан менен бүтөдүк. Оруулуулар өтө агресивдүү болушат экен. Комсомолдор, жаштар көп жардам көрсөттүк. Качкандарды жетелеп келип, тамагын жедирип жаткызчубуз. Ушул мезгилде менде күтүүсүз өзгөрүүлөр болуп кетти. Кең-Суу айылынын сельсоветинин председатели болуп Мундуз деген агай иштөөчү. Кадыр-барктуу, эл сыйлаган адам эле. Анан аны «Саясий партизан» — деп да аташчу. Борбордук комитет аны Кытай эки жолу жашыруун жиберген, партизан ирээтинде. Анан ошол агай асылды да калды: «Кең-Сууга дүкөнчү болуп кел, билимиң бар, тыңсың» — деп. Апама да келип сүйлөшчү. Ошентип, Кең-Сууга дүкөнчү болуп иштеп баштадым. Ат араба, кышында чанаа менен эки жолу Талды-Сууга барып продукту алып келем: чакалаган буудай же ун, плиточный кара чай, кээде бирде аздан соку кант, туз ж.б. майда-чүйдө. Бул продуктуларды мугалимдерге, медиктерге, офицерлердин үй бүлөөсүнө гана таратам. Бир плиточный чайды алтыга бөлөм. Кантты эки томолоктон, унду бир чака, кээде эки чакадан.

Бир жолу арабамды айдап Талды-Суудан келатсам, атым баспай токтойт. Камчыласам да болбойт. Анан бир мезгилде жыгылып калды. Арабадан түшүп келип карасам, ат дирт-дирт этип, көзү жумулуп баратат. Коркуп кеттим. Саат үч чамасы болуш керек. «Эмне кылам?!! — деп эсим чыкты. Тегерек жанымда эч ким жок, ыйладым. Бир маалда атчан бир чал келе жатыптыр. «Атаа!» – деп сүйүнүп кеттим. Ал киши атынан түшүп, менин атымдын көзүн ачып карап: «Өлүп калган турбайбы, коркпо! Мен айылга тез жетип, андагыларга айтам» – деп жөнөп кетти. Кечки маал айылдан эки киши ат жетелеп келип мени алып кетишти. Ошентип, дүкөнчү болуп Кең-Сууда согуш бүткүчө иштедим. Айылдаштар да ыраазы, мен да ыраазы.
Ал эми «Согуш буттү!!!» – деп айылга кызыл желек көтөрүп, жарчылар чаап келгенде барабыз. Сүйүнгөнүбүздү айтпа, cүйүнгөнүбүздөн ыйлап да жиберчибиз. Анча-мынча жандыгы барлар, эчки-коюн, торпогун суу жээгине жетелеп келип, курмандыкка чалып кан чыгара башташты. От жагып, казан асып дегендей…

Ошентип, канча адамдын өмүрүн алган каргашалуу согуш совет аскерлеринин, совет элинин жеңиши менен аяктады. Жеңишке жетүүдө биздин жоокерлердин каармандыгы, эр жүрөктүүлүгү, элибиздин биримдиги, талыкпай эмгектенип, тылдарга-фронтко айландырганы чечүүчү ролду ойноду. Каргашалуу согуш биздин аскерлердин совет элинин чоң жеңиши менен аяктады. Согуштан кийин эки мугалимдин жардамы менен бир жыл даярданып, 8-10-класстын программасы боюнча экзаменге даярданып орто мектепти бүтүрдүм. Жарым жыл райком, комсомолдун «заведующий школьный» бөлүмү болуп иштедим. Анан Республикалык Партиялык мектепте комсомол группасында эки жыл окудум. Партшколду бүткөн соң «Кызыл-Аскер» райондук газетасында редактор болуп иштедим. Бир жарым жылдан кийин «Кыргызстан аялдары» журналынын коомдук-саясий бөлүмүнө башчы болуп дайындалдым. Анда 15 жыл иштедим. КМУнун тил жана адабият факультетинин журналистика бөлүмүн бүтүрдүм. Анан Кыргызстан илимдер академиясына Кыргыз Совет Энциклопедиясына жооптуу катчынын орун басары, андан соң «Словник» редакциясынын башчысы болуп иштедим. 1974-жылдан баштап Партиянын Борбордук Комитетинин «Коммунист» журналына жогорку адабий кызматкери, эки жылдан кийин критика, библиография бөлүмүнүн редактору болуп 15 жыл иштедим.

Байгельдиева Фатима Мукашевна 1941-1945-жж. Согуш жылдарынын каарман эмгеги үчүн «За доблестный труд в тылу в Великой Отечественной Войне 1941-1945гг.» — деген мамлекеттик медалы менен сыйланган. Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Президиумунун грамотасы, Ардак грамотасы, «Эмгектин ардагери» медалына да татыктуу болгон. СССР жана Кыргызстан журналисттер союзунун мүчөсү.

1941-1945 жж. Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 50 жылдыгы, 65 жылдыгы медалдары, 1941-1945-жылдардагы согуш ардагери белгиси менен сыйланган.

Улуу Ата Менедик согуштун 75 жылдыгы кут болсун! Асманыбыз ачык жана тынччылык болчун!

http://project2435742.tilda.ws/?fbclid=IwAR3GaAtjI_etO3yCT5jzOXrvtDo4D8gX2LFJ40AK_4JotD2-Z7ghP29IYqI

Материалдар атайын «Эсимде» талкуу аянтчасына Байгельдиева Фатима Мукашевнанын өздүк архивинен алынып берилген.