Биз соц.тармактардабыз:

ХХ КЫЛЫМДЫН 30-ЖЫЛДАРЫНДАГЫ “МАНАС” ЭПОСУНА КАРАТА КОЮЛГАН САЯСИЙ АЙЫПТАР

Апрель 30, 2020 г.

“Пантүркчүл”, “алашчыл”, “улутчул” деген айыптоолор менен бирге, 1937-1938-жылдары “Манас” эпосуна жана ага тиешеси бар адамдарга коюлган айыптын дагы бир түрү “динчил” же “панисламистчил” болгон. Бул айып менен өзгөчө “Манас” эпосунун варианттары айыпталган, өзгөчө Сагынбай Орозбак уулунун айтуусундагы вариант. Ал эми айып коюучулар: “манасчылардын варианттарындагы диний кириндилер ошол эле ислам нугундагы түшүнүктөр, варианттарды кагазга түшүрүп жаткан адамдар тарабынан атайын киргизилген” деп түшүндүрүшкөн. Албетте, мындай айтылган ой-пикирлер эч бир акылга сыйбайт. Манасчылар табиятынан тайманбас, эркиндикти туу туткан, эч кимге оңой менен баш ийип бербеген, касиет ээлери болуп келген. Жок андай болбогон күндө, манасчылардын эл ичиндеги кадыры эбак кетип, келди-кетти саясий режимдин кол баласына айланмак. Демек, “Манасты” кагаз бетине түшүргөн адамдарга коюлган мындай күнөө негизсиз деп эсептөөгө болот.

“1917-жылы декабрда жарыяланган Эл Комиссарлар Кеңешинин төрагасы В.Л.Ленин кол койгон “Орусиянын жана Чыгыштын бардык эмгекчил мусулмандарына” аттуу кайрылуусунда: “Мындан ары силердин диний ишенимиңер, каада-салтыңар, силердин улуттук жана маданий мекемелериңер эркин жана кол тийгис деп жарыяланат. Өзүңөрдүн улуттук жашоо-турмушуңарды эркин жана тоскоолдуксуз кургула. Силер буга укуктуусуңар” (3. 238-б.) деп, жарыя кылган. Тилекке каршы, бул кайрылуу турмушка тескери ашырыла баштаган. Тагыраак айтканда, социалисттик революция жолу менен келген жаңы бийлик, революциянын жетишкендиктерин сактап жана эл алдында өз таасирин жана кадырын бекемдеп калуу үчүн, В.И.Ленин айткандай, “эмгекчил мусулмандарды” алдап, курал катары мүмкүн болушунча колдонуп калууга аракет жасагандай көрүнөт. Көп өтпөй эле, 1918-жылдын 23-январында, В.И.Ленин кол койгон – “Чиркөөнү мамлекеттен жана мектепти чиркөөдөн четтетүү” деген Эл Комиссарлар Кеңешинин Декрети чыгат. Бул Декретте дин мамлекеттен четтетилип, мамлекеттик, менчик мектептерде диний окуу сабактары четтетилип, жарандык жана диний милдеттер бири-биринен бөлүнүп, диний милдеттерге чектөө киргизилген. Ал эми диний коомдор, мамлекеттик эмес коом катары каралып калган.

С.В.Плоскихтин пикири боюнча: “Кыргызстанда (бүткүл Советтер Союзундагыдай эле) диндин көп кылымдык тарыхындагы баарынан кыйын-кезең, ХХ кылым болуп калды. Биздин замандын биринчи миң жылдыгында бул жерде зороастризм, христианчылык, буддизм жана ислам сыяктуу дүйнөлүк диндер өкүм сүргөн. Кыргыздардын акыркы миң жылдыктагы тарыхы исламдын кучагында өткөн жана мындай абал ошол мезгилдин тарыхында тийиштүү из калтырган. Эгерде кыргыздар мусулман эмес, христиан болгондо, падышалык Орусия Түркстанда үстөмдүк кылып турган мезгилде алар таптакыр башкача даражага ээ болмок. Албетте, өнүгүү тарыхы да башкача болмок. Бирок бул да тоталитардык режим мезгилинде элди 20-30-жылдарда бүткүл Советтер Союзу боюнча жүргөн идеологиялык, диний репрессиялардан сактап кала алмак эмес” (3. 232-б.) деп, белгилейт.

Арийне, кыргыздар, ислам динине кирген эл катары эсептелингени менен, исламга чейинки ишенимдери ХХ кылымда да өз таасирин жоготкон эмес. А түгүл, кыргыздар кайсы белгилер исламга таандык, кайсынысы исламга чейинки ишенимдерге таандык экендигин өздөрү да көп айырмалай алган эмес. Мына ошол өз ара сиңишкен дин, кыргыздарда “элдик ислам” дини катары кылымдар бою жашап келген.

Андыктан, манасчыларды, “Манас” эпосунун варианттарын жана аларды кагазга түшүрүүгө аракет кылгандарды “панисламистчил” деп, баса белгилеп айыптоонун өзү да калыстыкка туура келбеген. Анын үстүнө, “Манас” эпосунун дээрлик бардык варианттарында мифтик жана ислам белгилерин эске албаганда, зороастризм, христиан жана буддизм белгилери да жыш кездешет. Бирок негедир ошол кезде, бийлик тарабынан “Манас” эпосуна “панисламистчил эпос” деген гана күнөө коюп келишкен.

Андай болсо, “панисламизм” деген термин эмнени түшүндүрөт болду экен деген маселе менен сөздүктөргө кайрылып көрсөк: “панисламизм (грек. рan – бардык жана ислам) – XIX кылымдын соңунда исламда пайда болгон диний-саясий агым. Анын негиздөөчүсү Жемаль-ад-Дин аль-Афгани (1839-1897), дүйнө жүзүндөгү бардык мусулмандар биригип, халифат деген мусулман мамлекетин түзүү идеясын алып чыккан. Ал эми В.И.Ленин белгилеп кеткендей, “панисламизм – кандардын, помещиктердин, молдолордун саясий абалын бекемдөө аркылуу европалык жана америкалык империализмге каршы боштондук кыймылынын бирден-бир идеясы катары негизделген” (1. 361-б.).

Бул жагынан алып караганда, “Манас” эпосунда да, манасчыларда да, эпосту кагазга түшүргөн адамдарда да, нукура панисламизм идеясына жетеленген учурларды кездештирүү оор. Бул ойду баса белгилеп кетүү абзел. Ырас, “Манаста” ислам кириндилери мол, “Манасты” айтып келген манасчылар да өздөрүн мусулман катары эсептеп келгендиги анык болушу мүмкүн, бирок Жемаль-ад-Дин аль-Афгани негиздеп чыккан идеянын даана аныктамасын алардан табуу кыйын. Мындан да тагыраак айтканда, “Манас” эпосунда диндик маселеге караганда, элдик маселе биринчи орунда турат. “Манаста” мусулмандарды бириктирүү идеясынан мурда, элди бириктирүү идеясы алда канча күчтүү чагылдырылат.

Мындан сырткары, 30-жылдары Кеңеш бийлиги “Манас” эпосунун варианттарын кагазга түшүрүүгө аракет кылгандарды “троцкистчил” деп да айып коюп келишкен. Мындай мүнөздөгү саясий күнөө, ошол кезде Кеңеш бийлигине туура келбеген дээрлик бардык “эл душмандарына” коюлуп келген. Эгерде: “улутчул”, “пантүркчүл”, “панисламчыл”, “динчил” деген саясий айыптар кыргыз элинин улуттук, диний өзгөчөлүктөрүнө байланыштуу болсо, “троцкистчил” деп тагылган айып, түздөн-түз саясий айып катары каралган.

Троцкизм – идеялык-саясий агым катары 20-кылымдын башында пайда болгон, ойчулу жана негиздөөчүсү Л.Д.Троцкийдин (Бронштейн, 1879-1940) атынан аталган. Л.Д.Троцкий жана аны жактоочулары социалисттик революциянын жүрүшүндө пролетариат менен дыйкандар сөзсүз кагылышарын, пролетариат дүйнөлүк революциянын шартында гана бийликти ээлөөгө мүмкүн экендигин айтышкан” (2. 47-б.).

Алгачкы кыргыз интеллигенттеринин алардын ичинен мамлекеттик бийлик кызматындагы эр азаматтарынын троцкизмге катышы болгон же болбогонун азыр айтуу кыйын, бирок бийликтин же жеке кайсы бир адамдын көңүлүнө туура келбеген бирөөнү мындай күнөө менен айыптоодо өтө эле ыңгайлуу курал болуп берген. Анын үстүнө, 20-жылдары И.В.Сталин үчүн негизги саясий атаандаш болуп Л.Д.Троцкий эсептелинген. Ошондон улам, ортодо бийлик талашуу жүрүп, акыры Л.Д.Троцкий Советтер Союзунан качууга аргасыз болгон. Демек, И.В.Сталин менен Л.Д.Троцкий бири-бири менен кандай душман болсо, ошондой эле “троцкизм” да, жалпы Советтер Союзунда социализмге каршы идеология катары каралган. Ошондуктан Советтер Союзунун ал кездеги бирден-бир негизги саясаты катары, “троцкизмди” репрессиялоо иш-чараларын уюштуруу эсептелинген.

Ал эми репрессия – кайсы бир иш-аракетти же режимди жазалоо, жана анын ишмердүүлүгүн токтотуу чарасы дегенди түшүндүрөт. Саясий репрессия дээрлик бардык мамлекеттерде мурда-кийин болуп келген көрүнүш. Айрым учурларда, саясий репрессия иш-чарасы, мамлекетти сактап калууда зарыл саясий кадам катары да каралган. Өзгөчө ХХ кылымдын 30-жылдары, саясий репрессия иш-чарасы Советтер Союзунда эле эмес, Германияда (1933-ж.), Улуу Британияда (1939-ж.), Францияда (1939-ж) ж.б. өлкөлөрдө да өткөн. Ал эми Советтер Союзундагы саясий репрессия, чындап эле мамлекетти чыңдоо максатында же жеке И.В.Сталиндин бийлигин бекемдөө максатында жүргүзүлгөнбү, бир жактуу айтуу мүмкүн эмес. Анын үстүнө бул маселе боюнча азыркы күндө ар кандай көз караштагы адабияттар, ошол кезге таандык тарыхый маалыматтар басмалардан байма-бай чыгууда. И.В.Сталиндин өзү жана анын саясий режими тууралуу эмне гана дебейли, анын өтө таланттуу жана мыкты саясатчы экендигин баалабай коюу мүмкүн эмес. Коммунизмди жек көргөндөй эле, И.В.Сталинди да өтө жек көргөн У.Черчилль, 1959-жылдын 21-декабрында, көзү өткөн И.В.Сталиндин 80 жылдыгына карата, Улуу Британиянын Коомдор Жыйынында, жеке өзүнүн жана Ф.Рузвельттин атынан И.В.Сталинди эскерип, сөз сүйлөп жатып, И.В.Сталиндин даанышмандыгына, тайманбастыгына, кайраттуулугуна, кайталанбастыгына баа берип жатып: “Сталин, дүйнөдө теңдеши жок улуу башкаруучу болгон. Ал соко кармаган өлкөнүн колуна, атомдук курал карматып кетти. Мындай адамды тарых да, эл да эч убакта унутпайт” (6. 170-б.) деген.

Кыргыз жазуучусу – С.Станалиевдин иликтөөлөрүнө караганда: “Кыргызстанда репрессиялангандардын так эсебине чыккан эч ким жок, а бирок айрым маалыматтар бар. Күнөөсүз кеткендердин саны 40 миң, андан кийин 50 миң киши деген сандар айтылып келди. Албетте, бул али тактала элек маалыматтар. Бирок төмөндөгү эки так маалыматка токтолсок: 1933-жылдан 1938-жылга чейинки 4 жылдын ичинде Кыргызстандын коммунисттеринин саны 2 эседен ашык азайган. 1933-жылы коммунисттердин саны 13922 болсо, 1934-жылы 14026, 1935-жылы 7777, 1936-жылы 6904 болгон. 1937-1938-жылдын (бир жыл) ичинде Кыргызстан Большевиктер Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин (мындан ары – (б) КП БК деп берилет. – Т.Б.) 72 мүчөсү жана мүчөлүккө талапкерлердин 63ү “эл душманы” катары жазага тартылган. Революциялык комиссиянын 7 мүчөсүнүн 5өө репрессияланган” (4. 6-б.).

Коюлган күнөөлөрдү моюнга алууга алар аргасыз болушкан. “Камакка алынгандан кийин дароо эле тергөөчүлөр үчүн зарыл болгон антисоветтик СТП (СТП – Социалисттик-Туран партиясы. – Т.Б.) “уюм” тууралуу айттыруу үчүн мажбурлоонун денеге таасир этүүчү ыкмаларын колдонуу менен сурак жүргүзүлө баштаган. Өлкөнүн борборундагыдай эле, анын чет-жакаларында, улуттук республикаларда дагы репрессиялык иш-чаралардын демилгечилери катары – ГПУ, НКВДнин (ГПУ – Мамлекеттик саясий башкармалыгы, НКВД – Ички иштер эл комиссариаты. – Т.Б.) кызматкерлери болгон. Мамлекеттик мекемелер жана партиялык уюмдар алардын кылмышкер экендигин айтып чыгып: көп учурларда күнөөсүз адамдарды кызматтарынан бошотуп, коммунисттик партиянын катарынан чыгарышкан” (3. 215-б.).

Советтер Союзунун саясий тарыхында анын ичинде кыргыз элинин саясий тарыхында да, 1937-1938-жылдар өтө каргашалуу жылдардын бири болуп эсептелинет. Ал жылдары, кыргыз эли миңдеген эр-азаматтарынан айрылган. Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн башында туруп, кыргыз элинин келечеги үчүн жанын аябаган, анын эл катары сакталып, кийин өз алдынча эгемендүү өлкө болуп калышына бирден-бир себепкер болгон, ар улуттун өкүлдөрү, коомдук-саясий, мамлекеттик, маданий, илимий ишмерлер: Ж.Абдрахманов, Т.Абдрахманов, И.Айдарбеков, Т.Айтматов, А.Айылчинов, О.Алиев, А.Алимов,  М.К.Аммосов, И.Арабаев, Д.Бабаханов, К.Бегалиев, М.Л.Белоцкий, Б.Данияров, Т.Жолдошев, Х.Жээнбаев, Д.Зульфибаев, Д.Иманов, Б.Исакеев, К.Камбаров, С.Карачев, Э.Кендирбаев, К.Кенебаев, А.Көкөнов, С.Кулматов, М.М.Кульков, К.Күзөмбаев, Акимкан Молдогазиев, Акматкан Молдогазиев, А.Мыктыбеков, А.Орозбеков, Е.Д.Поливанов, Ж.Саадаев М.Салихов, А.Н.Самойлович, С.Сейфуллин, Н.Серкебаев, Б.Солтоноев, Е.Султанбеков, А.Сыдыков, О.Сыдыков, И.Текеев, И.Тойчинов, И.Токбаев, Т.Токбаев, О.Тынаев К.Тыныстанов, Ф.А.Урюпин, С.Чоңбашев, К.Шоруков, В.П.Шубриков, Э.Эсенаманов, К.Юлдашев ж.б. “эл душманы” деген жалаа менен атууга кетишкен. Булардын көпчүлүгү “Манас” эпосунун кагаз бетине түшүшүнө жана басмадан китеп болуп чыгышына аракет көргөндөр.

Ал эми 1939-жылдын 27-ноябрында, кыргыз улуттук искусствосун мындан ары өнүктүрүү боюнча, Кыргыз Советтик Социалисттик Республикасынын (мындан ары – Кыргыз ССРи деп берилет. – Т.Б.) (б)КП Борбордук комитетинин Бюросунун Токтому кабыл алынган (5).

Токтомдо, кыргыз улуттук маданиятынын анын ичинде “Манас” эпосунун мындан аркы келечегин аныктай турган өтө орчундуу республикалык маанидеги мамлекеттик документ катары кабыл алынган. Токтомдун мазмуну менен таанышып чыккан соң, Кыргыз ССРнин өкмөтү тарабынан кыргыз улуттук маданиятты өнүктүрүү саясаты боюнча, кийинки жаңы баскычка жол чаап жаткандыгын байкоого болот. Кыргыз элинин улуттук маданиятын өнүктүрүүдө, анын улуттук сырткы турпаты менен социалисттик мазмунуна басым кылынаары айтылат. Ошол учурдан тартып, кыргыз искусствосунун чыгармачыл чөйрөсү, “социалисттик реализмдин” анык үлгүсү боло турган, сапаттуу түрдө классикалык чыгармаларды жаратууга умтулуусу зарыл экендигин баса белгилеген. Кыргыз элинин улуттук маданиятын өнүктүрүүдө, искусствонун бардык заманбап жанрлары жана түрлөрү боюнча, болгон мүмкүнчүлүктөрдү колдонууга аракет кылынаары баса белгиленген. Кыргыз улуттук маданиятты мындан ары өнүктүрүү боюнча, Кыргыз ССРнин (б)КП Борбордук комитетинин Бюросунун Токтому менен бекитилип жана келечекте турмушка ашырыла турган бардык иш-чаралардын аткарылышын ар дайым көзөмөлдөө иши, Кыргыз ССРнин (б)КП Борбордук комитетиндеги Үгүт жана пропаганда боюнча атайын бөлүмүнө жүктөлгөндүгү, мамлекеттик саясаттын кызыкдар экендигин айгинелейт. Себеби, социалисттик идеологиянын бекемделишинде, улуттук маданияттын аткарган кызматы аябагандай зор болгон. Улуттук маданияттын анын ичинде “Манас” эпосунун сырткы турпатын калтырып, мазмунуна социалисттик идеяларды киргизип, саясий кызыкчылыкта колдонуу үчүн даяр курал болуп бермек.

Кыргыз элинин аны менен бирге “Манас” эпосунун өнүгүү тарыхында, ХХ кылымдын 30-жылдары, өтө катаал учурлардан болгон. “Манас” эпосу да, манасчылар да жана аларды колдоп жалпы коомго заманбап (элдик маданий жактан) кылып жеткирүүгө аракет кылган, ошол кездеги дээрлик бардык коомдук-саясий, маданий, илимий ишмерлер да Кеңеш бийлиги тарабынан репрессияланып, өмүрүнөн ажыраган. Саясий репрессияга Кыргызстан эли эле эмес, жалпы Советтер Союзунун калкы дуушар болгон. Дал ушул мезгил кыйдамында, Кеңеш бийлиги “Манас” эпосун саясий текшерүүдөн өткөрүп, жалпы коомго “заманбап” (саясий-иделогиялык жактан) кылып жеткирүүгө далалаттарын көрө баштаган.

КОЛДУНУЛГАН АДАБИЯТТАР:

  1. Атеистический словарь [Текст] / Абдусамедов А.И., Алейник Р.М., Алиева Б.А. и др.; Под. общ. ред. М.П.Новикова. – М.: Политиздат, 1983. – 559 с.
  2. Кыргыз Совет Энциклопедиясы: 6 томдук [Текст] / Башкы ред. Б.Ө.Орузбаева. – Ф.: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы. Т. 6. 1980. 656 б.
  3. Плоских С.В. Кыргыздардын репрессияланган маданияты: тарыхтын аз изилденген барактары [Текст] / С.В.Плоских // Жооптуу радактору акад. А.Ч.Какеев, котор. Төлөгөнова С.Ш. – Б.: АРХИ ИБ, 2004. – 272 б.
  4. Станалиев С. Булар Социал-Туран партиясынын лидерлери болгон [Текст] / С.Станалиев // Адабий Алатоо. – 2007. – №21.
  5. ЦГАПД. Ф. 56. Оп. 4. Д. 171. Л. 28-36. Оригинал [Текст].
  6. Черчилль У. Вторая мировая война. В 3 книгах [Текст] / У.Черчилль. Кн. 2. Т. 3-4. М.: Воениздат, 1991.