Биз соц.тармактардабыз:

ООЗЕКИ БАЯНДЫ ИЗИЛДӨӨ УСУЛУ

Апрель 10, 2020 г.

Дүйшөн Шаматов, Назарбаев университетинин профессору 

Айтылбай калган баяндар адам менен кошо мүрзөгө кетет (Аллен Невинс).

Бул макала Кыргызстанда кеңири жайыла баштаган оозеки баянды изилдөө усулу жөнүндө болмокчу. Мен Назарбаев университетинин Билим берүү жогорку мектебинде докторанттарга изилдөө усулдары боюнча сабак берем. Ошол курстун алкагында оозеки баянды изилдөө усулуна токтолобуз.

Усулдун жаралуу тарыхынан

Оозеки баянды (Oral history) изилдөө усулу кантип пайда болгон? Адамзат жаралгандан бери түркүн баяндар ооздон оозго өтүп келген – ар ким өз башынан өткөргөн окуяларын да санаалаш кишисине айтууну каалайт эмеспи. Тарыхты, өтмүштү кийинки муунга баяндап берүү – адамзаттын табигый керектөөлөрүнүн бири. Бирок оозеки баянды изилдөө усулу азырынча жетиштүү изилдене элек. Бул усул 1940-50-жылдарда иштелип чыгып, бара-бара абдан таанымал боло баштады. Ырас, позитивист жана пост-позитивист изилдөөчүлөр муну ошол кезде жаратпай койгон, өкүнүчтүүсү, азыр деле илимий изилдөө усулу катары тааныбай келет. Алар илимий маалымат так жана анык эрежелердин негизинде объективдүү негизде топтолуп талданышы керек деп кесе айтышат.

Оозеки баянды изилдөө усул катары 1948-жылы Аллен Невинс (Allen Nevins) аттуу тарыхчы Американын тарыхындагы эң таанымал инсандардын башынан өткөн окуяларды жаза баштаганда жаралган десек болот. Аллeн Невинс уккан аӊгеме же баяндамаларды иреттүү түшүрүп алып, мемуарларды жаза баштаган. Чындыгында, бул башка изилдөө усулдарындай эле алгылыктуу усул, анын жаралышы да мыйзам ченемдүү көрүнүш. Илимпоздор арасында оозеки тарыхка караганда жазылып, тарыхта калган летопистердин, каттардын же башка тарыхый жазма булактардын илимий куну жогору дегендер, ал турсун оозеки баянды эч кандай илимий усул эмес дегендер болгон. Бирок ошол эле учурда тарыхый жазма булактардын да канчалык объективдүү экенин, канчалык бурмаланган эместигин, ким тарабынан жана кандай максатта жазылганын да сын көз караш менен кароо абзел.

Уламыштардын баа жеткис пайдасы

Оозеки баянды изилдөө усулунун маанисин ачып берүү үчүн төмөнкү мисалдарды келтирейин.

Биринчиси, табияттагы апааттардан цунамиге байланыштуу окуянын оозеки баяндалышы кандай мааниге ээ экенин сөз кылалы. 2004-2005-жылдары Индия океанында өтө чоң цунами болуп, көптөгөн адамдар жабыркады жана курман болду. Айрыкча Индонезиядагы апаат көп адамдардын өмүрүн алып кетти. Ал эми 2004-жылы декабрда болгон цунамиде эпицентрге жакын аралдардын биринде дээрлик баардык тургундар аман калды. Симеуле аралында 75000 адамдан жетөө гана каза болду. Аларга жакын аралдардын тургундары кырылып калган эле.

Симеуленин тургундары кантип тирүү калышкан? Кийин куткаруучулар келип жайгаштырып жатып сурашканда, алар бизди уруубуздун эзелтен айтылып келген уламыш-осуят сактап калды дешкен. Көрсө, 1907-жылы да дал ушундай цунами болгон экен. Көптөгөн аралдыктар өлүптүр, бирок аман калгандар окуяны түбөлүк эстеп калыптыр. Алар картайганда өздөрүнүн балдарына ошондой цунами болсо, кантип сактануу жана эмне кылуу керек экендигин түшүндүрүп, “Семонг” (Semong – цунаминин жергиликтүү тилдеги аталышы) деген осуятты айтышчу экен. Ошентип, ал баян муундан-муунга айтылып келиптир. Цунами башталганда, алгач суу тартылат. Башка аралдыктар суунун астында эмне бар экен деп кызыгып жакын барып карашкан. Бирок тартылган суу кайра күчтөнүп, тоодой толкундар жээкке согулган. Башка аралдардын тургундары, ошентип, билбестиктен курман болушат. Берки аралдыктар болсо суу тартылганда эле “семонг!” деп кыйкырып, тоо жакка качышкан. 1907-жылдан бери чоӊ цунами болбосо да, ата-бабалары качандыр бир кезде кайталанышы мүмкүн деп балдарын сактыкка тарбиялап келишкен. Ошентип, оозеки баян бир аралдын элин сактап калды десек болот.

Экинчи мисал баарыбызга маалым болгон Ата-Бейитке байланышкан. Кыргыз элинин 1937-жылы репрессияга кабылган чыгаан уулдарынын сөөгү ушул жайга коюлган. Улуу жазуучу Чыӊгыз Айтматов “Саманчынын жолу” повестинин эпиграфында атасынын кайсы жерде көмүлгөнүн билбегендиги жөнүндө айткан. Узак жылдар бою элге белгисиз болуп келген трагедия тууралуу Таш-Дөбө айылынын тургуну Бүбүйра Кыдыралиева айтып берген. Тарыхый чындыкты калыбына келтирүүгө салым кошкондугу үчүн «Эрдик» медалы менен сыйланган. Бүбүйра апа көп жылдар бою сактап жүрүп, айтып берген оозеки баяндын биз үчүн тарыхый мааниси чоӊ. Ал атасы айтып берген сырдуу окуяны СССР кыйраганга жакын кезде гана ачыкка чыгарган. Бүбүйра апа болбосо, улуттун тагдыры үчүн эбегейсиз мааниси бар окуя элге жетпей, тарыхый чындык боз топурактын астында кала бермек. Бул жайда 1991-жылдын 12-июнь айында казуу башталып, июль айынын аяк ченинде бүткөн. Көрсө, Төрөкул Айтматовдун сөөгү да ушул жайга көмүлгөн экен.  Оозеки баяндын ролу канчалык зор экенин ушул мисалдан даана көрөбүз. Улуу жазуучу Чынгыз Айтматовдун сунушу менен ал жер Ата-Бейит деп аталып калды.

Үчүнчү мисал. Борбордук Азия Университетинде иштеген окумуштуу кызыбыз Элмира Көчүмкулованын демилгеси жана редакторлугу астында чыккан Асан Кайбылдаевдин “Кыргыз күүлөрү. Иликтөөлөр, ойлор, пикирлер” деген фундаменталдуу эки томдук китеби чыккан. Бул салттуу музыкага арналган жыйнактын материалдарын Бишкектин жанында жайгашкан Байтик айылынын тургуну, педагог, комузчу жана күү изилдөөчү Асан Кайбылда уулу чогултуп жүргөн. Ал Кыргыз ССРинин радиоархивинде көп жыл бою эмгектенип, кыргыздын залкар күүлөрүн топтоп, ар бир күүнүн баянын жазып жүргөн экен. Бирок ошол эмгегин жарыкка чыгара албаптыр. Бул кабарды уккан маданий антрополог жана фольклорчу Элмира Көчүмкулова ага атайын жолугуп, интервью алып, бир баалуу китептин жарык көрүшүнө өбөлгө болду. Тилекке каршы, китептин чыкканын автор өзү көрбөй кетти. Бирок оозеки баянды изилдөө усулу менен анын ойлору жана 20 жыл бою эл оозунан жыйнаган жүздөн ашуун кыргыздын күүлөрүнүн баяны, тарыхый баалуу мурас катары китепте сакталып калды.

“Кыз-Жибек” дастанынын кол жазмасы

Казактын «Кызжибек» лирикалык поэмасынын кол жазмасы тууралуу дагы бир мисал келтирсек. Бул кол жазма менин келинчегим жана анын үй-бүлөсү менен байланышкан. Чыгарманы тээ Казакстандын сталиндик репрессия жылдары Карлаг деген ат менен белгилүү болгон Караганды шаарына жакын жердеги түрмөдө белгисиз казак автору сыя менен жазган. Ошол учурда ал казак автору түрмөдө чогуу отурган кыргыз досу Күзөбай Курановго берген. Аты аталган киши менин келинчегимдин алыс туугандарынан болгон. Ал СССРдин Жазык кодексинин 58-беренеси (контрреволюциялык кылмыш) боюнча камалган. Күзөбай Курановдун башынан өткөргөн окуялары жөнүндөгү маалыматтар биздин мезгилге жеткен эмес. Ал айтып берген аңгемелери эч кимдин эсинде толук сакталган эмес экен, ошондуктан биз ал казак автордун ким экендигин жана кандай адам болгонун билбей калдык.

Эзелки нарктын жаӊы деми

Демек, оозеки баянды изилдөө – бул окуяны көргөн, башынан өткөргөн же уккан адамдан интервью алуу менен топтолгон маалыматты талдап, тарыхый документтер менен салыштырып көрүү ыкмасы. Тилекке каршы, тарыхый окуялардын көбү жазылып калбаган, алар жөнүндөгү жазма булактар да жокко эсе. Ошондуктан тарыхтын актай барактарын толуктоо максатында оозеки аӊгемелешүү ыкмасын колдонуп изилдейбиз. Оозеки баяндын негизги каражаты – интервью, андан соң артефакт (сүрөттөр жана башка жеке таберик буюмдар).

Адам баласы жазуу-сызуу пайда болгонго чейин да, китептер басылып чыга баштагандан кийин да көргөн-билгендеринин кыйласын оозеки угуп-айтып келген. Атүгүл азыркы маалымат технологиялары кеӊири кулач жайган доордо деле түздөн-түз баарлашуунун маанисин эч ким жокко чыгара албайт. Ал эми тарыхый маалыматтарды оозеки баян аркылуу алуу илимде кыйла жаӊы усул болгондуктан, көпчүлүк адамдар аны фольклор менен чаташтырышат. Бул чоң жаңылыштык. Оозеки баяндоо усулу чыныгы болуп өткөн окуяны башынан кечирген адамдардын оозунан жазып алууда колдонулат. Анда эч кандай апыртма же көркөмдөөгө уруксат берилбейт. Тарыхты көркөмдөө бурмалоого барабар. Ошентип, оозеки баяндын фольклордон же көркөм чыгармадан айырмасы, анда ар кандай троптун түрлөрүн жана көркөм каражаттарды колдонууга болбойт. Ал эми тарыхтагы кээ бир жагдайлар жазылбай калган болсо, мисалы, ошол окуяларды билген адамдын көзү өтүп кеткен болсо жана башка айтып бергидей эч ким калбаган болсо, эмне кылабыз? Ошол боштуктарды фантазия менен толтуруп коюуга болобу? Такыр болбойт. Башка булактардан алып толуктоо мүмкүнчүлүгү жок болсо, ал боштуктар ошол бойдон кала бериши керек.

Оозеки баянды изилдөө усулунун дагы бир өзгөчөлүгү, илгерки көпчүлүк тарыхый жазуулар атактуу өкүмдар, император же хан жөнүндө же дүйнөнү басып алган жеңүүчү аскер башчылары жөнүндө болсо, оозеки баяндоо усулу негизинен карапайым адамдардын оозеки эскерүүлөрүн да камтыйт. Бул окуянын ошол катардагы инсан тарабынан оозеки баяндалышын талдаган изилдөө усулу.

Куйма кулактар жөнүндө

Оозеки баянды изилдөөдө абдан чоң мааниге ээ болгон нерсе – эс-тутум. Бардык эле адамдар идеалдуу эс тутумдуу болуп, окуяны толук жадында сактап кала албайт. Кыргыздар эс тутуму мыкты адамды куйма кулак дешет. Андай адам уккан нерсесин дароо эске тутуп, ырааттуу тизмектештирип, аны жаӊылбастан башкаларга айтып бере алат. Менимче, ар бир айылда куйма кулактар бар, аларды жердештери жакшы таанышат. Алар айылдын тарыхын, санжырасын жакшы билишет.  Ал эми кээ бир адамдар өзүнүн санжырасын каалагандай көркөмдөп, ата-бабасын ашыра мактап салышат же окуяларды баш аламан айтышат. Айрымдарыбыздын эсибизде окуялар үзүл-кесил болуп сакталат. Эгер сиз оозеки баянды изилдөө усулу менен маалымат топтоп жатсаӊыз, маектеш кишинин эстегендери чаржайыт экенин байкасаӊыз, анда ошол эле окуя жөнүндө башка адамдардан сурап көрүүңүз кажет. Эгер окуянын кайсы бир бөлүгүн эч ким эстей албаса, автор башка бир нерсени кошпостон дал ошондой кылып жазыш керек. Ушундай жол менен гана бул изилдөө усулунун кадырын жогорулатып, маанисин көтөрө алабыз.

Оозеки баян усулунда дагы кандай нерселерди эске алуубуз керек? Маалымат берген же окуяны айтып берген адам бир нерсени кошуп айтпай жатканын кандай аныктоого болот? Ага эч ким кепилдик бербейт. Себеби маек учурунда окуя айтуучу адам кээде айта турган сөздөрүн тандап, өзүнө жаккандарын гана айтышы мүмкүн. Муну илимде Self report (“өзүнө жакканын тандап айтып берүү”) деп аташат.

Дагы бир маселе маек учурунда адамдар айрым жагдайларды унутуп же апыртып айтышы мүмкүн экендигине байланышкан. Айрыкча айыл жергесинде ар бир адам өз уруусун мактап-даңктап калат. Кээ бир адамдар окуянын башын бириктире албай же хронологиялык жактан баш-аламан баяндашы мүмкүн. Кээде кишилердин аты-жөнүн чаташтырып, эстей албай калган учурлар да болот.

Оозеки баянга дагы бир мисал келтирейин. Баарыңыздар жакшы билген Голивуддун «Титаник» кино тасмасын жаратууда режиссёр Девид Камерон сюжетке ушундай аталыштагы кеменин кыйрашына байланышкан окуяны чындыкка жакындатып баяндоого аракет кылып, эбегейсиз чоӊ эмгек жасаган. Ал 1995-жылы кесипкөй кино тартууга киришкенде, океандын астында чөгүп жаткан «Титаник» кемесин көрүү үчүн 12 жолу атайын сууга чумкуучу кеме менен түшүп чыккан. Ошондо ал суу астында жалпысынан 15-17 саат болгон. Себеби ал кино тартып жатканда кемени жана ага байланышкан жагдайды мүмкүн болушунча чындыкка жакын элестеткиси келген. Суунун астына түшүп «Титаниктин» сүрөттөрүн көп жолу тартып чыккан, алардын кыйласы киного да пайдаланылган. Анан дагы кинонун сюжетине ал негизги каармандын оозеки баянынын негизинде окуялардын жүрүшү аныкталды деп кошумчалап койгон. Албетте, бул көркөм фильм, бирок анын таасирин арттыруу үчүн Rose Clavert айтып берген оозеки баяндын элементтери колдонулган.

Эсиңиздерде болсо, Роуздан интервью алгандар башында ага ишенбей мыскылдашат. Бирок анын айткандары баардык жагынан төп келе баштаганда, баары кунт коюп угат. Эгер биз оозеки баянды изилдөөчү болсок, Роуздун окуясын угуп жатып, анын айткандарынын чындыгын текшерүү үчүн бир катар жагдайларды иликтемекпиз. Аӊгемечи айткан ысымдар кемеге түшкөн адамдардын тизмесинде барбы же жокпу? Кеменин деталдарын сүрөттөп бере алабы? Сүрөттөлгөн буюмдар чын эле болгонбу? Ошондой эле биз алынган маалыматты тарыхта жазылып калган фактылар менен салыштырат элек. Мисалы, кемеде акырына чейин музыка ойногон скрипкачылар жөнүндө «Титаниктен» аман калгандардын дээрлик баары эскеришкен. Адамдардын баары ары-бери жүгүрүп, аман калууга арга издеп жатат, ал эми музыканттар оюнун токтотпойт! Алар ажалдан жалтанбай, адамдарга акыркы жолу музыка ойноп, баарын жубатышка аракет кылышкан. Ал эми кинодогу офицер Лоунун командасы тирүү калган адамдарды куткаруу үчүн келгенде, сууда тоңгон баласын кучактаган аялды көрөт. Фильмдеги бул кадр да тарыхый чыныгы фактыга негизделген. Ошентип, режиссёр да оозеки тарыхтын элементтерин колдонуп, кинонун сюжетин байыткан десек болот. Көрүүчүлөр тасманын сюжетин Роуздун эскерүүсү аркылуу кабылдап, чыгарманын идеясын тереӊ түшүнүшөт.

Маекти кантип жүргүзүү керек?

Маалымат берүүчү адамды да туура тандоого маани бериш керек. Ошол киши изилденип жаткан окуяны жакшы билеби? Башынан өткөргөнбү, көргөнбү же жакшылап укканбы? Куйма кулакпы? Изилдөөгө керектүү маалыматты билеби? Ушул жагдайларды тактап, кылдат иликтегенде гана изилдөөчү көздөгөн максатына жетет.

Кээ бир жаш, үйрөнчүк изилдөөчүлөр бир чоң катага жол коюшат. Ал алардын өздөрүнүн жекече ою, сезими изилдөөгө таасир эткенин байкабай калышат. Мунун айынан иштин сапатына шек туулат. Башка изилдөө усулдарындай эле, оозеки баянды колдонгондо да изилдөөнүн жыйынтыгын алдын ала чыгарып коюуга болбойт. Мен кээ бир жаш изилдөөчүлөрдүн маек суроолорун оӊдошом. Алар, тилекке каршы, жетелөөчү суроолорду түзүп алышат. Жакында мурдагы советтик республикалардын биринен мага чогуу изилдөө жүргүзөлү деген сунуш келди. Алардын суроолорун карап көрсөм, көпчүлүгү жетелөөчү суроолор экен. Мисалы: “Мурдагы СССРдин билим берүү тутуму эӊ мыкты болгондугу баарыбызга белгилүү. Сиздин оюӊузча, СССРдин билим берүү тутумун калыбына келтирүүгө болобу?”. Мындай суроо маектешти жөн гана “ооба” деген жоопту айтууга түртөт.

Оозеки баянды изилдөөчүгө дагы мындай сунуштар бар: изилдөөчү маектеши менен башынан жакын мамиле түзүп, маек учурунда өзү азыраак сүйлөп, анын айткандарын оңдоп-түзөөгө шашылбай, кунт коюп уга билиши зарыл. Маектешүү мүмкүн болушунча жагымдуу жагдайда өтүп, аягында маалымат бөлүшкөн адамга изилдөөнүн жүрүшү жакшы таасир калтырышы керек.

Эгер маектешиӊиз биринчи күнү сизге абдан кызыктуу жана маанилүү маалыматтарды берип, бирок эртеси кездешкенде: “Мен кечээ өтө эле чечилип сүйлөгөн экенмин, айткандарымды өчүрүп салыӊыз”, – десе, эмне кылат элеңиз? Менимче, изилдөө адебине жараша, маектештин талабын аткаруу кажет. Себеби алардын чечимин жана каалоосун сыйлоо керек. Же жакшылап сүйлөшүп, маалыматтар эч каякка жарыяланбай, купуя бойдон каларын айтсаңыз болот. Маселени чечүүнүн дагы бир жолу – ошол маекти ага кайра угузуп же жазылганын окутуп, ага жакпаган жерлерин өчүрүп саласыз. Изилдөөчү үчүн маалымат абдан маанилүү жана керек, бирок ошол эле учурда, изилдөө адебин так сактоо да зарыл.

Изилдөө адеби жөнүндө алдыда дагы сөз кылабыз.

Маалымат туура же ката экенин кантип билесиз? Окуяны башка адамдардын айтканына салыштырса болот. Маалыматты топтоо жана жазып алуу менен байланышкан абалга көӊүл буруу керек. Оңой текшериле турган тарыхый фактыларды карап көрөбүз. Айтылган окуянын бир бөлүгү кийинкилери же мурункулары менен логикалык жактан коошор-коошпостугуна көӊүл бурабыз. Айтылган маалыматтарды басмага чыккан маалыматтарга салыштырса да болот.

Изилдөө адеби жөнүндө

Кийинки эң маанилүү учур изилдөө адебине (research ethics) тиешелүү. Изилдөө жүргүзүш үчүн окуу жайдагы Изилдөө адеп кеңешинен уруксат алуу керек. Изилдөө жүргүзүүчү адам өзүнүн изилдөөсү эч кимге зыян алып келбейт, эч ким жабыркабайт деп алдын ала кепилдик бериши керек. Эгер кимдир бирөө жабыр тартышы ыктымал болсо, анда ал изилдөөнү жүргүзүүгө уруксат берилбейт.

Изилдөө адебинин эрежелери биомедицинага байланыштуу иштелип чыккан. Башында биомедициналык изилдөөлөр өтө туура эмес жүргүзүлүп, көптөгөн адамдар жабыр тарткан. Ошондой мисалдардан келтирейин.

Tuskegee изилдөөсү 1932-жылдан 1972-жылга чейин АКШнын Коомдук саламаттыкты сактоо кызматы тарабынан жүргүзүлгөн. Бул  “Сифилис оорусуна кабылган адамдарды эч кандай дарылабай койсо, кесепети кандай болот?” деген аталыштагы изилдөө эле. Изилдөөгө тартылган кишилерге АКШнын федералдык өкмөтүнүн эсебинен дарыланып жатасыӊар деп туура эмес маалымат беришкен. Алабамадагы Tuskegee Университетинде жүргүзүлгөн бул экспериментке 600 афроамерикалык кембагал киши катышкан. Алардын 399у сифилис менен ооруган, 201и таза болгон. Аларга да алты ай изилдөөгө катышасыӊар деп туура эмес маалымат беришип, иш жүзүндө 40 жыл бою изилдешет. Изилдөөдө сифилис оорусу кандай болот жана аны дарылабай койсо кесепети эмне болот, балким адам иммунитети ооруну жеңип чыгабы деген суроолорго жооп алууну көздөшкөн. Бирок катышуучуларга бул оору, изилдөөнүн максаты жана анын кесепети жөнүндө маалымат берилген эмес. Эң кейиштүүсү, пенициллин дарысы табылгандан кийин деле катышуучуларга дары берилбей, экспериментти уланта беришкен. Жыйынтыгында, көптөгөн катышуучулар абдан кыйналып, кээ бирлери каза болуп, калгандары өмүр бою азап тартышкан. Ошентип, бул адамдын ден соолугуна, өмүрүнө зыян келтирген изилдөө илимдин тарыхында эн жаман изилдөө катары белгилүү болуп калды. Кийинчерээк, 1997-жылы 16-майда, АКШнын ошол кездеги Президенти Билл Клинтон мурдагы экспериментке тартылган адамдардын туугандарынан кечирим сурап, өкмөт компенсация төлөп берген.

Дагы бир изилдөө Milgram study деп аталган. Бул психологиялык эксперимент Yale University профессоу Stanley Milgram тарабынан 1961-жылы жүргүзүлгөн. Ал экспериментин жыйынтыктары 1963-жылы макала түрүндө жарыялаган. Экспериментте адамдардын берилген буйрукту угуп аткаруусу текшерилген. Электрошокту колдонуп жатабыз деп, катышуучу адамды отургузуп: “Электр тогун туташтыргыла, эми бара-бара чоңойто бергиле”, – деп команда берип турушат. Ичкеридеги башка адамдардын аянычтуу үндөрү угулуп, ошого карабастан, изилдөөгө катышкандардын буйрукту аткара бергендигин белгилеп турушкан (М: 100 вольт; 200 вольт). Бирок эң өкүнүчтүүсү, катышуучулардын 65% (40 адамдан 26сы) электрошоктун эң көп 450 вольтко чейин туташтыргыла деген буйрукту аткара беришкен. Канчалык аянычтуу үндөр угулса да, токту көбөйтө беришкен. Ал эми бардык катышуучулар 300 вольтту басышкан. Демек, бул изилдөө кээ бир адамдар башкалардын азап тартканына карабай буйрукту аткара берерин тастыктаган. Чындыгында далдаа жерде жөн эле актёрлор отурган, аларга эч кандай ток жеткен эмес. Алар жөн эле эффект үчүн онтоп, кыйкырып отурушкан. Бирок бул изилдөөнүн адеп маселеси эске алындыбы? Бул жалган эксперименттен электрошок тогун башкаларга берип кыйнадым деген адамдар психикалык жактан жабыркап калышкан. Башка адамдын өмүрүнө зыян келтирдим деп, өмүр бою психикалык ооруга да кабылгандары болду.

Ушундай адам укугун одоно бузган жана адамдардын өмүрүн алган изилдөөлөрдөн кийин “Изилдөө адеби” кабыл алынган. Изилдөө адеби эрежелер менен принциптерден турат. Мисалы, изилдөөгө катыша турган адам изилдөө жөнүндө толук маалымат алып, өз ыктыяры менен макул болгондо гана аны катыштырууга болот. Тилекке каршы, “Изилдөө адеби” азырынча Кыргызстандын окуу жайларында колдонулбай жатат, эми сөзсүз жайылтуу керек.

Карап көрсөңүз, айрымдар айылдагы адамдарга барып: «Мен изилдөөчүмүн», – деп маек ала баштайт. Журналисттер да: «Келиңиз, мен сизден интервью алып коёюн», – дешет. Биз андан: «Сен кимсиӊ? Кайсы берүүгө интервью алып жатасын, максатың эмне?» – деп сурабайбыз. Колундагы микрофонду көргөндө эле кандайдыр бир сыйкырга арбалып калгансыйбыз. Ар бир адам өз укугун билип: «Сен кантип интервью аласыӊ? Маалыматты эмнеге колдоносуӊ? Мага зыяны тийбейби?» – деген сыяктуу суроолорду бериши абзел. Анткени ар бир маалыматтын туура пайдаланылышына кепилдик болушу керек.

Изилдөө катышуучулары анын максаты, жүрүшү, жыйынтыгынын колдонулушу, анонимдүүлүгү, купуялыгы жөнүндө толук ишеничтүү маалыматты алдын ала билиши керек. Изилдөөчү болсо informed consent (“билип туруп макул болуу”) деген атайын протоколду даярдап, ага зарыл маалыматтардын баарын камтышы зарыл. Ал документ түшүнүктүү стилде таризделип, эки нуска даярдалат. Бир нускасы изилдөөнүн катышуучусун берилет. Эгер анын укуктары бузула турган жагдай болуп калса, ошол катты колдонуп, тиешелүү жактарда арыз менен кайрыла алат.

Оозеки баянды изилдегенде бул жагдайларды да эске алуу зарыл. Мисалы, маектешүүдөн кийин ал маалыматтын ээси ким болот? Изилдөөнүн шарт-жагдайлары жазылган кат катышуучуга түшүнүктүүбү? Ал өз ыктыяры менен кол коюп, макулдугун бердиби? Себеби маек жүргүзүлгөнгө чейин маалымат башка адамдын ыктыярында болгон. Оозеки баянда айтылган маалымат кимде таандык? Жаздырып алган соң ал баян изилдөөчүгө таандык болуп калабы? Аны каалагандай колдоно алабы? Ушул жагдайларды расмий түрдө тактап алуу керек. “Мен ушул баянды изилдөөӊүздө колдонуу укугун сизге ыйгарам” деп кол коюлган келишим болушу зарыл.

Сөз соӊу (кыскача сунуш)

Оозеки баянды изилдөө усулун өркүндөтүп, угуу маданиятын кийинки муунга жеткирүү өтө зор мааниге ээ. Тилекке каршы, бул усул жогорку окуу жайлардын баарында эле окутулбайт. Бир нече жыл мурда мындай окуя болгон. Бишкектеги окуу жайларынын биринде социологдордун эл аралык конференциясы өттү. Ага Казакстандын, Кыргызстандын, Түркиянын социологдору катышты. Аймактык окуу жайлардын биринен келген күчтүү окумуштуу менен сүйлөшкөндө: “Агай, сиздердин ЖОЖдон канча социолог келди?” – деп сурадым. Ал мага: “Дүйшөн, бизде социологдор жок, бирок элге социологияны окуткандар бар”, – деп шыбырап жооп берди.

Биздин окуу жайда мен билим берүү тармагында изилдөөлөрдү жүргүзүп, докторанттарга изилдөө усулдары боюнча сабак берем. Магистратура жана PhD докторантурада изилдөөнүн баардык методологиялык түрлөрү окутулат. Андан соң магистрант же докторант өзүнүн изилдөө темасына жараша изилдөө усулун тандап алат. Постсоветтик өлкөлөрдүн көпчүлүк окуу жайларында изилдөө усулдары жакшы окутулбайт. Окуу программасында жазылган болсо да, формалдуу түрдө эле окутулат. Бирок изилдөө усулдары деген сабакты өздөрү активдүү изилдөө жүргүзгөн окутуучулар окутушу керек.