Биз соц.тармактардабыз:
  • Тилди тандаңыз:
  • KG
  • EN
  • RU

«ӨЗ ТАРЫХЫБЫЗДЫ АҢДАП ТҮШҮНҮҮ. ЭСИМДЕ»

10 марта, 2020 г.


БИЗ КИМБИЗ?

Тарыхтагы жана элдин эсинде көмүскөдө калган окуяларды, фактыларды, процесстерди изилдөө жана аңдап түшүнүү боюнча изилдөө аянтчасы.

Бул аянтчага XX-XXI кылымдардагы Кыргызстандын жана Борбордук Азиянын тарыхына көз чаптырып, салым кошууга ынтызар, ар түрдүү кесип ээлеринин өкүлдөрү чогулган.

МИССИЯБЫЗ:

 Коомчулуктун Кыргызстандын XX-XXI кылымдардагы тарыхы менен элдин эсинде калган окуяларды аңдап түшүнүүсүнө түрткү берүү.

МИЛДЕТТЕРИБИЗ:

 XX-XXI кылымдардагы Кыргызстан менен Борбордук Азиянын тарыхын жана элдин эсинде калган окуяларды аңдап түшүнүүгө байланыштуу тарыхый-агартуучулук ишмердүүлүк жүргүзүү.

  1. Көмүскөдө калган окуялар тууралуу тарыхый чындыкты жана массалык репрессиянын курмандыктары боюнча элдин эсинде калган окуяларды кайра калыбына келтирүү жана сактоо.
  2. Кыргызстандын XX-XXI кылымдардагы тарыхында көмүскөдө калган көз караштар тууралуу коомдук талкуунун жаралышына түрткү берүү.
  3. Коомдун аң сезиминде жана мамлекеттик практикада адам өмүрүнүн, эркиндигинин жана демократиянын баалуулуктарынын тамыр жайылуусуна өбөлгө түзүү.
  4. Тарыхка кызыгууну жандандыруу менен эле чектелбей болочоктогу маанилүү демилгелердин пайдубалын түптөйбүз деп ишенебиз. Бул демилгелер эгемендүү Кыргызстандын  өз өтмүшүнө, азыркы күнүнө жана келечегине жаңы (калыс) көз караштарды сунуштайт деп үмүттөнөбүз.
  5. Тарыхтагы жана элдин эсинде калган окуяларды изилдөөдө ар түрдүү ыкмаларды сунуштоо.

УСУЛДАРЫБЫЗ:

 Тарыхты жана элдин эсинде калган окуяларды түрдүү көз караштар аркылуу изилдөө; визуалдуу практикаларды, тарыхый реконструкцияларды жана башка коомдук демилгелерди пайдалануу.

  1. Өз изилдөөбүздө дисциплиналар аралык методдорго таянуу.
  2. Ишмердигибизде Кыргызстандын социалдык, маданий, этникалык, диний жана аймактык ар түрдүүлүгүн чагылдырууга маани берүү.
  3. Ар түрдүү пикирлерге жана көз караштарга ачык болуу.
Опубликовано в разделах: Биз жөнүндө