Репрессия курмандыгы – Шертай Субанов

Жумакадыр кызы Бактыгүл

Ысык-Көл облустук мамлекеттик архивинин башкы архивисти

 1937-жылы кыргыз элинин келечегине балта чабылып, кыргыз интегенциясы чооң жоготууга учураган мезгил. “Эл душманы” деген жалаа менен “улутчул” деп айып тагылып канчалаган мыкты адамдарыбыз сталиндик репрессиянын курмандыгына айланышкан. Репрессия курмандыгы болгон адамдар азыркы мезгилде дагы унутта калбай элдин эсинде сакталып келет. Мына ушундай адамдарыбыздын бири  Түп районунун тургуну Шертай Субанов 102 жаш курагында дүйнө салды. Шертай Субанов тууралуу уккандан тартып бир жолу жолугууну максат кылдым эле. Миң уккандан бир көргөн демекчи, биз архив кызматкерлери дагы унутта калтырбай, Ысык-Көл облустук мамлекеттик архивинин директору Сейдиматова Ч.М. колдоосу менен башкы архивист Турдукеева З.З. менен биргеликте Шертай Субанов менен жолугушуп кайткан элек.

Ысык-Көл облустук мамлекеттик архивинде  “Саясий репрессиянын курмандыктары” документтер коллекциясы топтолгон. Анын ичинде Шертай Субановдун өздүк фондунун документтери кабыл алынган. Карыя менен жолугушу учурунда, ал өз сөзүндө башынан өткөргөн кыйынчылыктары тууралуу айтып олтурду. “Адам тагдыры тамаша эмес. Аны өз башымдан өткөрүп билдим. Кыргызстандагы биринчи мугалимдердин бири болгон элем. Сабагымда К.Тыныстановдун, С. Сайфулиндин китептерин колдоно коем деп сталиндик репрессияга 1937-жылы кабылдым да, 12 жылга түрмөгө кесилип кеттим. Кышкысын 60 градуска жеткен суукта Колымада алтын кенинде иштедим. Көрөр күнүм, ичер суум бар экен, минтип араңарда жашап жүрөм”- деп эскерген эле. Бир кылымдан ашык жашагандыгына карабастан олуттуу ой жүгүртүүсү, азыркы учурдун көйгөйлүү маселелерине токтолуп, кейигени  мени өтө таң калтырган эле.

Шертай Субанов 1914-жылы Түп районуна караштуу Токтоян айылында туулган. Бала чагынан окууга болгон кызыгуусу артып молдодон алгач дин боюнча, андан соң араб ариби менен билим алган. 1928-жылы төртүнчү сыныптын (класстын) көлөмүн бүтүргөн. 1932-жылы Пржевальскийдеги Бубнов атындагы педтехникумдан окуусун уланткан. 1934-жылы педтехникумду мактоо кагазы менен бүтүрүп, Түп районунун Күрмөнтү айылында жети жылдык мектепте мугалим болуп иштеп баштаган. 1936-жылы Ташкенттен жогорку билим алсам деген тилегин таш каап, жаш кезинен турмуштун оор сыноосуна кабылып, 1937-жылы февраль айында ак жеринен күнөөлөнүп, репрессия курмандыгына айланып, “эл душманы” аталып Россиянын Колыма өрөөнүндө өмүрүнүн күлгүндөй 12 жылын концлагерде өткөргөн. Ар кандай ойго чөмүлүп, “Деги эмне болуп кетти? Өкмөттүн алдында кандай күнөө кылдым? Мамлекеттин казынасына кол салбасам, же бирөөнүн малын-мүлкүн уурдабасам, киши өлтүрбөсөм, жашы жетиле элек кызга үйлөнбөсөм, пара алып мыйзамды бузбасам, ушак сүйлөп бирөөнү жамандабасам. Деги айыбым эмнеде?”- деген ар түркүн санаага баткан.  “Эл душманы” аталышынын себеби Касым Тыныстановдун “Эне тили” ырлар жыйнагын, Боогачынын “Секетбай”, “Күйгөн”, “Буудайык” деген чыгармаларын, казак тилиндеги “Лайли менен Мажнун”, “Кыз Жибек” аттуу дастандарды, Сакен Сайфулиндин, Сыдык Карачевдин китептерин окуучуларга сабак өтүү үчүн колдонгондугу болгон.

Камакка алынган соң НКВД кызматкерлери тарабынан ур-токмокко алындым, башыман далай кыйынчылыктарды кечирдим. Ошондо бала кезимде мал жайып жүрүп, атамдын бир нече айткан сөздөрү эсиме түштү. “Чолпон жылдызы-кыргыз элинин жылдызы”-дешчү экен бабаларыбыз. Чолпон жылдызы чыккан таңда кыргыздын иши оңолот экен. Бул жылдыздын чыгышын көрүп, аны тозгон адам да ал күнү бактыга бөлөнөт”. Жан чыдагыс кордуктарды көргөн мезгилдерде көктү тиктеп, кудайдан бир ырайым болоор деп, уйкусуз таң атырган күндөрдө эмнегедир атам айткан таң жылдызынын чыгышын күттүм. Акыры чыдамым кеткенде ушундай кордукту көргөнчө өлүп калганым оң деген чечимге келдим. Ойлоп тапкан оюмду ишке ашыруунун амалын издеп, келе жаткан жүктүү челектин астына жата калдым. Бир аз эле бутум ооруганы болбосо мурдагыдай эле. Ойлогон оюм ишке ашпай өзүмдү өзүм жек көрө баштадым. “Тоннага жакын жүк бутумду басып өттү, ошондо да бир аз ооруп, көгөрүп калганы эле болбосо, бутум соо. Жок дегенде сынса эмне? Мени ажал албай койду го? Ажалдын көзү көрбөй кашайып калды го? Же менин өлө турган сатым келе элекпи?”- деген ар кандай ойлорго жетелендим. Акыры андан ары өлүмдү ойлобоону чечип, өлсөм да ак өлүм менен өлөйүн деп, а түгүл тескерисинче ажал менен күрөшүп, аны жеңип чыгууга астыма максат койдум деп эскергени бар.

Ал максаты ишке ашып 1949-жылдын 28-августунда өз мекенине кайтып келип Ак-Суу районундагы Маман айылынан, Тогузбай уруусунан, Макул деген кадырлуу кишинин Зейнеп деген жалгыз кызына баш кошуп, Зейнеп апа экөө беш кыз, төрт уулду болушат. Балдарын татыктуу тарбиялап өстүрүшкөн.

“Эл душманы” аталып канча миңдеген адамдар камалып, суугу 60 градуска жеткен Колымада түбөлүк көз жумушту. Бейкүнөө шорго малынган ошолор тууралуу кагаз бетине түшүрүп, “мен айтып чыкпасам ким айтат” деген ойго келип, жашыруун жазып жүргөн. Мекенине кайтып келгенден кийин да КГБнын куугунтугунан кутулган эмес. 1994-жылы 80 жашка чыкканда гана акталган. Заман оңолор, сөз эркиндиги болор деп көпкө күткөн.  Кудай тилегин берип, сөз эркиндигин берген мезгилге да келип жетти.

Ошондо гана Шертай Субанов өлкөнүн тагдырында болгон аянычтуу тарыхты, Колыманын азаптуу күндөрүн кылдаттык менен кагазга түшүрүп, 2006-жылы басмадан жарык көргөн “Туюктагы муң” аттуу китебинде чагылдырат. Китепте концлагердин оор күндөрүн аны менен чогу өткөргөн 291 адамдын ысымы аталат. Алардын көбү элине кайткан эмес, бирок китепте калкына, ага-тууганына деген аманат сөздөрү бар. Китептеги белгилүү мамлекеттик ишмер Ж.Абдрахмановдун иниси Токо жөнүндөгү, СССРдин жана Польшанын атактуу маршалы К.К.Рокоссовский менен жолугушуусуна арналган бөлүктөрү кимди болбосун кайдыгер калтырбайт.

“Туюктагы муң” аттуу китебинин акырында

“Өмүр бою элдин сөзүнөн, көзүнөн качып жүрдүм. КГБнын капканынан сактанып келдим. Ар бир ирет коркуу сезими менен таң атырып, коркуу сезими менен күн батырып жаттым.

Ошондой болсо да Кудайга шүгүр кылам, ата-бабамдын арбагына таазим этем. Ала-Тоомдун топурагына, Ыйык-Көлүмдүн суусуна күнүгө сыйынам. Эми өсөөрүм калган жок, өлөөрүм калды. Колымада жүргөндө касиеттүү Ыйык-Көлүмө жетсем экен, ошол жерден көз жумсам экен деген тилекте элем. Кудайдын буйругу менен азыркы турган жерим көлдүн жээги. Көлүм менен күнүгө көрүшүп, күнүгө тообо кылам. Тилегиме жеттим. Бул жазганымды даттануу иретинде кабылдай көрбөңүз. Мен муну жарым кылымдан ашуун мезгил сактап келдим. Башында өзүмдүн керт башымды, ата-энемди, бир туугандарымды ойлосом, кийин бала-бакырамды ойлоп, коркуп катып келдим. Азыр эми коркорум да калган жок. Кыргыз элимдин, мени менен бирге муздак дубалда отургандардын, өлгөндөрдүн алдында тирүүлүктө адамдык парзымды аткардым деп эсептейм. Эмнени көзүм менен көрсөм, ошону жазууга аракет кылдым”-деп жазат.

Арадан жетимиш жылдан ашуун убакыт өткөнүнө карабай, жүздөгөн бейкүнөөсүз адамдардын көргөн кордуктары  карыянын бүгүнкү күндөгүдөй эсинде эле. Жолугушунун акырында биз дагы карыяга дөөлөттүү карылык тилеп коштошкон элек.

Шертай атанын  айтып кеткен акыл насааттары урпактардын эсинде түбөлүк сакталып кала бермекчи.