Биздин сыймыгыбыз

Беркутбаева Айгерим Кенджалыевна

Мен жөнөкөй карапайым үй-бүлөөдө туулгам.  Башыма оор кыйын күндөр түшкөндө, мага күч бере турган адам бар.  Ал менин чоң атам. Тилекке каршы мен чоң атамды, сүрөттөрдөн гана көргөнмүн. Ошондой эле ал жасаган  эрдиктери менен  таанышкам. Атам ар дайым бизге чоң атаңардай сабырдуу, эч нерседен тайманбаган адамдардан болгула деп айтчу.
Менин чоң атам Улуу Ата-Мекендик согуштун  катышуучусу. Анын аты-жөнү Бүркүтбаев Сатыбалды. Ал 1910-жылы Фрунзе облусунун, Чүй районунун Кош-Коргон айылында туулуп өскөн. 1941-жылы 27-декабрда Токмок шаарынын ОГВКасы тарабынын согушка чакыруу каты келген. Ал кызыл армиянын РКК тарабында кызмат өтөгөн. Чон атам гвардиянын катарындагы жоокер болгон. Ал гвардиянын кавалерия тарабында кызмат өтөгөн.
Чон атам каардуу согуш маалында көптөгөн чон эрдиктерди көргөзгөн. Башынан канча зоордук-зомбулукту өткөрсө да, Ата-Мекени үчүн эч жанын аябаган адам болгон. Атамдын айтып бергендери боюнча алар ызгардуу кышта, ачкачылыкта, кандай жаракат алса да, чыдап, Берлинди көздөй аттанып кете берген. Атамдын айтышы боюнча 1942-1943 жылдары немистер күчөп аткан убак болчу. 1942-жылы Сталинград шаарына жеткенде немистин  аскерлери менен атыш болгон учурда мина жарылып, жоокерлердин баары катуу жаракат алышкан. Ошондо немистин аскерлери чоң атамды, башка жоокерлерди жана аскер комиссары  Коневти кошуп,  туткунга алып сарайга камап,өрттөп таштап кеткен.  Ошондо чоң атам эң биринчиден болуп эшикти талкалап, жарадар болгон жоокерлерди жана комиссар Коневти куткарып чыккан. Чоң атам белине жаракат алса да токтобой Беларусту көздөй аттанып кете берген.

Беларусияга жеткенде немистин аскерслери менен болгон атышта бутуна катуу жаракат алган. Ал генерал Власов убагында Беларус шаарында курчоого немис аскерлери тарабынан курчоого алынган. Токойдо башка партизандарга кошулуп, немис аскерлери менен курөшкөн. 1945-жылы  17-апрель күнү Берлин шаарында эң биринчилерден болуп, курчоого алынган конушка келип, эң биринчи үйдү курчап жоокерлерди күткөн. Оор жаракатына карабастан эки немис аскерин автомат менен жок кылган.
Чон атам Улуу ата-мекендик согуштан 1946-жылы кайтып келген. 1945-жылы Улуу ата-мекендик согуш аяктаган соң Япония менен курөш башталган. Чоң атамды башка жоокерлерге кошуп Японияга жиберүүгө даярдап жатышкан. Бирок көптөгөн оор жаракаттардан соң ден-соолугуна байланыштуу Кыргыз СССРине кайткан.
Ушундай улуу адам, менин чоң атам экенине сыймыктанам. Мен өзүм чоң атамды көрбөсөм да, атамдын айтып берген окуялары боюнча билем. Мен кийин өз балдарыма алардын бабасы кандай адам болгон экенин айтып берем. Чоң атам көзү өтүп кете электе биз бүркүттөрдүн тукумунанбыз, биз кучтүү болушубуз керек деп айтчу экен.  Биз үй-бүлөөбүз менен чоң атамдын Улуу Ата-Мекендик согушта көрсөткөн, эрдиктерин эч качан унутпайбыз.