Көл чөлкөмүнөн чыккан белгилүү залкар Манасчы атам- Каба Атабек уулу жөнүндө

Атабекова Нурила Кабаевна

Атам жөнүндө көптөн бери көкүрөктө бук болуп тунуп турган ойлорду айтып жазууну эп көрдум.

Атам Каба Атабек уулу 2008 жылы 25-мартта бул дуйнө менен коштошту. Ысык- Көл кылаасынан чыккан залкар манасчылардын учугун улап келген атам Тоң районунун Төрт-Күл айылында 1924 жылы туулган. Чыныгы манасчыларга тиешелуу, салттуу көрүнүш болуп келген- кереметтүү “туш көруу же аян” аркылуу тестиер чагынан “Манас” эпосун айтып калган Каба атам өмур бою өнөрүн кадырлап, бапестеп багып келди.

Атамдын биз, балдары мене чогу олтурганда кантип манасчы болуп калганын мындайча баяндаар эле:

“Алыстан жер дүңгүрөткөн добуш улам жакындап, ай балта, найза карманган атчан калын топ келе жатат. Жердин үстү сапырылып, боз үйдүн керегелери качырап, жер титирегендей болот. Аңгыча ак калпакчан , ак сакал карыя көрүнүп, атама бир нерсе берет да, жегин!- деп катуу айтат. Анан атам коркконунан колундагы катуу нерсени шашып оозуна салат. Оозундагы нерсе кум сыяктуу болуп, тишине тийген сайын кычырайт. Какап чакап жатып жуткандан кийин, ак сакалдуу карыя: Мына, балам мындан ары айкөл Манасты айтасын, мына бул Аккула минип болкоюп, сыр найза колдо койкоюп, ак келтеси жонунда, ак асаба сур желек кармаган Манас бабаң болот деп андан ары, Алманбетти, Сыргакты, Чубакты минген аттары менен сүрөттөп, тааныштырып көздөн кайым болот. Чочуп ойгонуп түндөгү көргөн түшүн эч кимге айтпай өзүнчө жоруйт.”

Мына ушул түш атамдын ыйык, касиеттүү өнөргө ээ болушу эле.

Дагы бир окуя эсиме түштү: Атам ошентип өзу менен өзү болуп жургөн кезинде уктап жаткан учурда күпүлдөтө Манасты айта баштайт. Чоң энем Кекилик атамды ойготуп жиберген кезде, атам чочуп көп убакытка чейин сүйлөбөй калат. Бир жолу жол жээгинен  жылаанды көрүп, чочуп кетип “тылаан” – деп, кыйкырып жибериптирмин- деп күлуп калаар эле. Ушул окуядан кийин атам ээн талаага барып элден жашырынып, бети ачыла элек бала Манасты айта баштайт. Муну байкап калган чоң атам кемпири менен кеңешип, “кой Каба минтип журсө жинди болуп кетет, кан чыгарып, кудайга жалынып түлөө өткөрөлү деп, Кольцовкадагы (азыркы Бөкөнбаев айылы) манасчы Мамбет ата менен Ак-Өлөңдөн Саякбай манасчыны алдырдат. Эт желип, кол жуулган соң Саякбай ата улуу Манасынан баштап берет, андан соң Мамбет ата улайт. Ошондо атам андан ары Манасты улап айткан экен. Саякбай менен Мамбет манасчынын батасын алган атам улуу кочту ошентип улап кеткен.

Демек атамдын заманынын залкар манасчы болушуна Саякбай ата менен Мамбет ата себепкер да болушкан.

Ошентип турмуштун өйдө ылдый, ысык- суугун көтөрүп, атам тогуз баланы тарбиялап өстүрдү. Өз өмүрүн манаска арнап, кандай кыйынчылыктарды башынан өткөрбөсүн, өзүнө артылган милдетти чын ниети менен аткарды. Көптөгөн байгелүү орундарды ээлеген. 1969 жылы Москвада өткөн декадага катышып, биринчи даражадагы диплом менен сыйланган. 1995 жылы Манастын 1000 жылдык мааракесинде атам Каба Атабек уулуна Кыргыз Республикасынын Эл Артисти деген ардакту наам ыйгарылды.

Кыргыз жери касиеттүү, кут түшкөн жэр деп айтышат. Кан ордосу Таласта, өнор ордосу Ысык-Көлдө дегендин да жүйөлүү экендигин Көлдөн манасчылардын көп чыккандыгы далил дегендей.

Атамдын кыргыз элине калтырып кеткен руханий мурасы болуп бир нече жылдар бою оз колу менен кагаз бетине түшүрүп кеткен жеке вариантын 90 жылдык мааракесине утурлап, Республикалык “Манас” жаштар ордосу китеп кылып чыгарды. Ошондогу жаштар ордосунун директору Бакыт Романовго ыраазычылык билдиребиз.

Адабият таануучу М. Садыров “… айтылуу манасчы Каба Атабековдун өз колу менен жазып калтырган “Манас” эпосу жакында биздин колго тийди. Бул манасчынын айтучуулукту да, жазгычтыкты да алып жүргөн бөтөнчөлүгү Манас таануу үчүн бир катар изилдөө иштерин арттыраары шексиз”- деп жазганы бар.

Төрөлгөндөн көзү өткөнгө чейин атам Ысык- Көл областынын Тоң районундагы Төрт- күл айылында өмүр өткөрдү. Атамды акыркы сапарга узатууга 7 манасчы келип көңүл сурагандары эсимде. Уркаш ава, Талантаалы Бакчиев (атамдын шакирти), Рысбек, Дөөлөт дагы 3 жаш манасчылар узатышкан.

Уркаш Мамбеталиевдин Атама арнаган “ Тамчысы алтын булуттай” деген ыр саптары али да эсимде турат:

“Айтса ширин акындыктын санаты,

Арзыган топ, Атабектин Кабасы.

О десе, ооздон турар эле оргуштап,

От жүрөктөн жараткан өз Манасы!.

Туйгун кабак, калбаат эрдик турушу,

Туура сулуу калдыркан кош муруту.

Айтарына алп Манасты чыйралтып,

Андаганда шыкак бурип туруучу.

Манас дастан- дүйнөлүк кенч татымдуу,

Манас десе саяр алтын башын бу.

Ийне көзу кирсиз тунук жан эле,

Илберинки кимге болсун батымдуу.

Эчен доор эсеп берсин жылып жай,

Эч боксорбос тамчысы алтын булуттай.

Каба сындуу көром казына ээлерин,

Калкы эскерип турмак дайым унутпай!

Ооба, маркум Уркаш аванын ырындагыдай кыргыз кыргыз болуп турганда, Манас деп ураан чакырып турганда кыргыздын карапайым, бирок залкар манасчысы Каба Атабек уулу да эли менен кошо жашайт!!!

Колдонулган адабияттар:

  1. “Манас” Каба Атабековдун варианты Бишкек 2014жыл.
  2. Уркаш Мамбеталиев “ Тамчысы алтын булуттай” “Кыргыз Адабиты” гезити №9 (20) 27 май- 9 июнь 2008ж. ( Улуттук жазуучулар союзунун гезити).
  3. Атамдан уккан өздүк баяндар.