Басмачынын урпактары: Нурадил Ташиев

Сейтек Качкынбай

Кыйшык заман

Нурадил акэ Жаныбэк казынын Бэдэлбай дэгэн уулунун Азада дэгэн кызынын уулу болот. Башкача айтканда чэбэрэси. Бул киши мэнэн 2018-жылы май айында Кара-Гуз айылында өз үйүндө жасадым. Барсам типикал абал көрүндү, балдары чоңоюп сыртка Орусия, Казакстанга, Ошко кэтишкэн, колунда 5-класста окуган кызынын уулу нэбэрэси мэнэн жубайы Зуура эжэ үчөө экэн. Балдары элдин балдары катары жаңы там салып бэришиптир эски үйүнүн жанына.

Жараткандын буйругу экэн интервьдан үч ай өтпөй Нурадил акэ кайткыс кишигэ айланып бу тэлэгэйди таштап кэтэ бэрди. Интервью алып кэтишимди күтүп жүргөндөй көп өтпөй а дүйнө кэтээрин ким билиптир. Аттиң, жаткан жэриңиз жайлуу болсун!

Дилемма: кыйшык боломбу жэ жогорку билими жок боломбу

Нурадил акэнин жогорку билими жок. Училищени Куршаптан бүтүп, электриккэ окуганы бэлгилүү. Апасы Азада энэ баласын кызганганбы жэ алыс кэтиргиси кэлгэн эмэспи, айтор жогорку окуу жайга окутпаптыр. Сэбэби ар кыл болушу мүмкүн, бирок алыс дэгэн сэбэп анча дэлэ масэлэ болбосо кэрэк. Анткэни, Кара-Кулжанын Кара-Гуз айылы мэнэн Куршаптын ортосу 30 кмдэн ашпайт болчу. Нурадил акэ өзү айткандай, эмнэ үчүн окубаганын ал советтэрдэн чоң шэги болгону мэнэн түшүндүрөт: “Койчу эй ушу кыйшыктарды дэчүмүн, баары бир буларыңын кэлэчэги жок, окусам ушулардай КЫЙШЫК болуп чыгам да”. Чынында, бул интуициялык божомолу жэ болбосо шэги 1991-жылы совет мамлэкэтинин ыдырап, бузулушу мэнэн далилдэнгэнин тарых тастыктады. Кыйшык дэгэн сөз мэн үчүн термингэ айланып калды, анын ичиндэ бүткүл совет доорунун мүнөзү, мазмуну, ал доорду алып кэлгэн кишилэрдин аныктамасы ошо бойдон бэрилип жэ чагылып тургандай. Бир сөз мэнэн мынчалык башка сөздү атайлап да ойлоп таба албастыр башка бирөө болгондо, бул сөз мэнин өткөн жылдын тапалк терминим болду совет дооруна аныктама бериш үчүн.

Куршап-училище-криминал

Училищедэ эки жыл окуптур. Бул эки жыл толгон толтура окуяларга бай экэни бэлгилүү болуп атты, алар нэгизинэн криминалга окшогон баяндар мэнэн коштолуп атты. Алардын бири бул Нурадил акэнин окуу жайдын атамандары мэнэн бир командада болуп жүргөнүн баса бэлгилэди. Мэктэптэ жүрүп чатакташып кэткэн касташына кэзигип, ал жэрдэн касташы Нурадил акэдэн өчүн алмак болот. Ал бала болсо физикалык жактан Нурадил акэдэн алда канча күчтүү болгонун айтат, бирок мэн Жаныбэк казынын урпагы экэнимди билгэн соң экөө достошуп алышат. Ал досу окуу жайдын атаманы болгон үчүн окуу бүткөнчө эч ким мага тийбэди дэйт. Бирок, алардын тобунда башка да күчтүү балдар болгон үчүн көп учурда алар жаңы кэлгэн балдарды тоноп, сабап, бэйбаштыкты көп кылганын эстэйт. Мисалы, тонолгон балдардын буюмдарын складда кармашканда, Нурадил акэгэ ачкычын саткашкан экэн. Мындайча атйканда “мэн завсклад болуп калган элэм. Балдарга боорум ооручу, өзүм андай ишкэ барган эмэсмин, ошондуктан айрым балдарга боорум ооруп жашыруун буюмдарын кайра кайтарып бэрип жүрдүм” дэп эскэрэт. Айрым тэнтэк балдар көбүнө күн көргөзбөй жүргөн үчүн акыры камалганын айтат жэ өтө зыкым болгон эки баланы жэргиликтүү балдар өлтүрүп кэткэнгэ чэйин барган дэйт.

Нэгэдир, бирок, окуу учурунда башка бактылуу учурлары болгонун эстэгэн жок.

Өзгөн-өксүкчүлүгү

Өксүктөрү болгонун аскэрдэн кэлгэндэги жаш учуру мэнэн элэстэтип эстэп бэрди. “Өзгөндүн бир топ жэрлэринэ барып, мас болуп алып тополоң кылгам, ушунун баарына мына биз ээлик кылышыбыз кэрэк элэ, бул жэрлэр биздин мурас эмэс бэлэ” дэп күлгөнчө жаш кэзинэн кэп кылып атты. Элэстэтип көрүңүз эми, Советттэр Кыргызды колониялап алганга чэйин байларда айталы бэш миңдэй кой, жэтимиш төө, жүз жылкысы, кырк уйу болгон болсо анын күнөөсү эмнэдэ болчу? Бай да, кэдэй да пэндэ экэни баарына маалым болгондой ар бир пэндэдэ ар кыл мүнөз бар, кэдэй дэлэ ыймансыз болушу мүмкүн, бай дэлэ ошондой болушу мүмкүн жана ошондой элэ тэтирисинэн бай дэлэ ыймандуу кэдэй дэлэ ошондой болоорун ким тана алат? Анын бириндэй, Жаныбэк казы бай болгону үчүн күнөөлүүбү? Мундай Жаныбэк казыдай кулакка тартылган канчадаган кишилэр “басмачы” атка конуп, совет доору элэ эмэс, бүгүн дэлэ ушул сөздүн маанисин билбэй инерция мэнэн ыймансыздын баарына “бай манап”, “басмачы” дэп ат коюп кэлгэни күндөлүк жашоодон жоголо элэм. Антмэк турсун, ошэнтип ойлоонун эгэмэн замандан кийинки жаңы толкуну күчөп аткандай айрадан. Нурадил акэ ушул өңүттө балким аналитикалык жөндөмү жэтип түшүнбөсө да эмнэгэ чоң таятамдын байлыгына мэн бүгүн аз да болсо мураскор боло албайм дэп арданып, өксүп ыйлаганы да ошодур. Ал түшүнүктүү.

Алкоголизм-кыйшык заманга болгон протесттэри

Алкоголизм Совет доорунда кэңири кэздэшчү көрүнүш болчу, кэрэк болсо ал тууралуу тартылган нэчэндэгэн кинолорду эстэсэк болот. Айталы, Сүймөнкул Чокморов ойногон “Улан” кинотасмасын алалы. Нирадил акэ айткандай замандын кыйшыктыгы көпчүлүктүн арасында логикалык жактан критикалык ой жүгүртүү мэнэн түшүнбөсө да, ички туюмунда кандайдыр бир депрессияда болушуп, стресскэ кабылып турушкандай. Ал стресс көбүнэсэ советтик киши үчүн алкоголизм мэнэн аяктачу. Эмнэгэ баары элэ жашттайынан алкоголизмгэ кабылбайт дэгэн суроо да совет доорунун кыйшык экэнинэн кабар бэрэт, анткэни алкоголизмгэ кабылыш үчүн 30 курактардан аракка аралашып, ал 40 курактардан башталганы кэңирирээк кэздэшэт. Нурадил акэ да көп ичкэни айылдаштарына да маалым болчу, жубайы да интервью учурунда көп токтолду ага. Арийнэ, эс учун жоготуп ичкэни тууралуу сөз жок, бирок маал маалы мэнэн аракка көбүрөөк бэрилгэнин Нурадил акэ да күлүмсүрөп айтып бэрип атты.

Мифтер жана реалдуулук

Азада энэ тууралуу айылда эл арасында бир топ мифтэр айтылаар элэ. Нэгизинэн, алар эбэгэйсиз мураска калган алтындары тууралуу болчу. Тоодогу үйүнүн дубалында 14 кг. куюлуп коюлган алтын монеталар, төөнүн тэрисинэн тигилгэн төшөктүн бир бурчуна жашыруун тигилгэн алтын монеталар, үйдүн короосунда көмүлгөн алтын дүнүйө ж.б. тууралуу толгон токой имиштэр айтылаар элэ. Алар тууралуу өзү да күлүп эстэп атты. Жадагалса Зуура апа да Азада энэнин көзү өткөндө туугандары үйдөгү төөнүн тэрисинэн эшилгэн төшөктү көтөрүп кэткэндэрин эстэди. “Ошол төшөктү алып кэтишкэндэн кийин элэ туугандардын малы көбөйдү, колу-башы бүт алтын шакэк, сөйкө болуп калды” дэп эстэп атты. Бирок, совет учурундагы жашоосу материалдык жактан мифтэрдэ коштолгон дэңгээлдэ турсун, кээдэ эти жок тамак жэп жүргөн учурларын айтат.

Нурадил акэ ак сөөктүн тукумуму дэгэнби жэ мүөзүбү советтик дефицит доор болсо да модадан калбай кийингэни бэлгилүү. Андатр тумак, каракулб түркмөн тумак, шуба дэгэн нэрсэлэрди көп кийчү. Жэ куру намыспы, айтор, сылан короздонуп стиляга болуп жүргөндөй жаш кэзиндэ.