Колхоздон кийин жашоо барбы?

Бишкек, 2018
Зарина Урманбетова

Тарыхы
Ысык-Көл облусу, Түп айылына караштуу СССРдин 50-жылдыгы (Заря/Приставкин) атындагы МТФ (молочно-товарная ферма) нын мурдагы кызматчылары/жашоочуларынын күнүбүздөн алып караганда КОЛХОЗ мезгили жөнүндө ой-жүгүртүүлөрү.

Негизги суроом: Колхоз жашоосунун мезгилиндеги баалуулуктар жана өз таанымдардын ордун көз карандысыздык мезгилинде кандай/кайсы баалуулуктар жана өз таанымдар ээледи?

  • Кайсы тармактарда негизги өзгөрүүлөр болду?
  • Азыркы күндөн артка көз чаптырганда, колхоз жашоосуна кандай баа беришет?

Приображенский (Түп) айылы жөнүндө бир архивдик документте мындай деп жазылган:
“Селение Приображенское (Тюп) участок образован в 1881 году с наделом в 11000 десятин удобной земли; селение расположено на многоводной реке-Тюп, по почтовому тракту, соединяющему город Пишпек и поселком Пржевальском, от последнего в 31 версте и от железной дороги в 900 верстах. Никаких актов на право владения земли крестьяне не имеют.
Система ведения хозяйства-переложная. Средняя урожайность 45-60 пудов с десятины. Земли очень хорошие. но урожайности мешает часто выпадавшие дожди
“. 
1929-жылы Түп айылында чакан 4 колхоз ачылат: “Пятилетка в 4 года”, колхоз им. Крупской, “Красный пахарь”, ” Приозерный”. 1934-жылы МТС (машинно-тракторная станция) уюштурулат. 1950-жылдары колхоздор “Заря” колхозуна бириктирилет. 1972-жылы СССРдин 50 жылдыгы атындагы колхоз атын алат.


Булак: Түп райондук архиви

Изилдөөнүн методу

Талаа изилдөөсү: Күндөлүк турмушуна байкоо жүргүзүү, интервью/ видео интервью
Коммунизмди тебелеп өтүп кеткенибизди билбептирбиз…
  • Убакыт акырын өтчү. Баарына жетишчүбүз (маал саап, үй оокатын жасап, балдарды карап…)
  • Шерине, Черная Касса деген укмуш эле… Азыр бир гана Касса бар, Черная деген болбойт экен динде…
  • Биз тамак уурдачубуз. Илгери чымчып уурдачубуз.
  • Ал кезде сүйүп үйлөнчүбүз!
  • Тил алчу…
  • Акчага деле кызыкчу эмеспиз. Иши кылса эле жумушубуз журуп турса эле болду. Планын аткарчубуз.
  • Бир үй-бүлөдөкү баладай эле болчубуз да.
  • Орустун дини бар болчу. Чиркөөлөрү. Жумуртка майрамы, суу майрамы болчу. Кыргыздар жүрчү өзүнүн майрамы менен иши жок. Каргандар орозо кармачу. Кыргызстан болгондон баштап орозо кармай баштадык.
  • Нооруз жок, Русская зима бар болчу.
… Союз тарагандан кийин уже дин келбедиби. Коммунизм эле экен ошол учур, азыр ойлоп көрсөм. Базар жок болчу, дүкөн, кафелерге барсаң нан – бекер, чайың 3 тыйын болчу…
Аманбай
50 жаш
Союз тараганда… 
  • “Союз тараганына бир ишенип, бир ишенбей калдык. Бат эле таланып-буланып кетти. Түшүбүзгө кирбеген нерселер болуп кетти.”
  • “Жоок. Сүйүнгөн жокпуз. Эмне болуп кетет, бул эмне шумдук? деп эле. Ошол кезде баары жок боло баштады. Чай таппай калдык. Акчаны кайдан табышты билбей калдык. Анан кой деп, пендебиз да, бирибизден бирибиз угуп, анан иштеш керек экен деп эле…”
  • “Приставкин кеткенде эркиндик башталды го деп атам…”
  • Билбей да калдык. Акырындык менен келди. Рублден сомго өткөндө, өзүбүзчө мамлекет болдук дедик.
  • Сабиз кайнатып, чай ичип калдык. Кантты эритип алып, өзүн өзү алдашып.
  • Үйдө эмне болсо ошону сатып калдык, самогон, нан, пирожки, үйдөгү тамагыбызды саттык. Эки-үч жыл эл катуу эле кыйналды.
Эгемендикти алганда чаржайыт болду да… жарымы семхоз болуп калып, жарымы бөлүнүп кетип. Ошол толук кандуу 2000-жылдары ошодо көзүбүз жетти да. Ар кимибиз өзүбүз үлүшүбүздү алып, малыбызды алып…
Жекшен, 55-60 жаш

Азыр.”Ким иштесе, ошол тиштейт”

  • Балдарга берген билим менен иштегендин акчасы аз. Анан базарга отурду. Баары эле базарда отурат азыр.
  • Ар бир өзүнчө жулунат. Мынча сом таап алайын.
  • Өз диниңди өзүң кармап, мусулмандыкты үйрөтүп.
  • Азыр баардыгы “халал”, тойлор дагы. Ичпеген эле жакшы.
  • Өз тарыхыбызды билип калдык.
  • Кымбатчылык жана чоңдордун ичип-жегендерден башка жашоо жакшы эле.
  • Жаңы салттар: шайыр апалар, үрп-адат жанданды (Нооруз…)
  • Бүт баары бар, малы бар, жер иштетет, колунан келгендер Россия, Казакстан, Турцияга чейин иштеп кетип атат. А калгандар чарбачылыгын эле кылып атат.
  • Ар бир адам өз тагдырын чечет.
Наоборот биз азыр жакшыбыз.
Чын ай, жакшы турмуш! Ар бир үйдө эле машине…
Эл ‘жок’ деп коюп эле, той берип атат кайра эле. Кафелерде. Той деген азыр кайра мурунку салт менен башталды. Мурун салт өчүп калган го СССР убагында?! Азыр кайра наоборот илгерки салттар келип атат.
Калича, Эркингүл, Жылдыз, Кымбат
Салыштыруу
Түлөө
Колхоз учурунда эски кыргыз салтындагыдай жайдын кургакчылыгынан жамгыр чакырып, бата кылуу/алуу/берүү салты өткөрүлүп тураар эле. Ал түлө орустардын Иван купала майрамына туш келип, эл адаттагыдай жыт чыгарып, кең талаага дасторкон жайып, мал союп, бышырып, дуба кылгандан кийин, кары-жаш суу чачышып оюн болот эле.
Азыркы күндө деле жакшылык атына түлөө өткөрүлүп, бирок суу чачышпай калышкан экен.
Жакшы! Жакшы эле!
1991-жылда Кыргыз ССРинин ордуна көз карандысыз Кыргыз Республикасынын пайда болушу ошол калктын көпчүлүгүн абдан чоң шокко учуратып, көнүп калган жашоо агымынан сүрүп чыгып, жаңы мыйзамдарды, жашоо образын, баалуулуктарды алып келип, эч кандай деле тандоо бербестен жаңы жашоодо турмушун уланта турганын көрсөткөн. 90-чу жылдардын дээрлик аягына чейин катуу экономикалык, социалдык жана жеке (психологиялык) деңгээлде оор абалда болуп келип, кийинчирээк көнүп кеткендиктерин билдиришкен ушул изилдөөнүн катышуучуларынын бирөөсү айтып өткөндөй, эң башкы көз карандысыздык көрсөткүчү катары акчанын алмашышын белгилеп өткөн.
Жалпысынан алганда мурдагы МТФнын тургундары азыркы жашоосун канааттандыраарлык деп табышат жана бир тарапка (өкмөткө) көз каранды болуудан чыкканын белгилеп өтүштү. Өз алдынчалуулукка үйрөнүү менен бирге, колхоз мезгилин салыштыруу, сын пикир көз караш менен кароого даяр.
Советтик идеологияны жана баалуулуктарды азыркы күндө либералдык/индивидуалдык баалуулуктар болгон жеке менчик, соода-сатык, дин эркиндиги сыяктуу баалуулуктар ээлеген.
Азыркы жашоосуна “жакшы, болот, жакшы эле!” деп жооп берүүлөрү көбүнчө жаштык мезгили Советтик мезгилге туш келип, ошол учурга болгон кусалык сезимдеринин негизинде жана ошондой эле, азыркы Кыргыз өкмөтүнүн иштерине канааттанбагандыгында жатат.
Ошол эле учурда бир МТФнын тегерегинде ар кайсы айыл-аймактардан келип туруп калган кишилердин-үй бүлөлөрдүн Колхоз учурунда түзүлүп калган кошуналык жана туугандык карым катнаштар уланып жатканы, Колхоз мезгилинен бери сактап келе жаткан кайсы бир орток салттары МТФ ишчилеринин жана жашоочуларынын коомчулук катары түптөлүп, ошол коомчулук маданиятынын уланып жатканы дагы бул изилдөөнүн дагы да тереңдетилишине түрткү берет.
Бул теманы улай кийинки кадамды кыскаметраждуу тасма тартуу пландалууда. Мындан сырткары теоретикалык ченемдерди аныктаган соң илимий макалага дагы орун берүү
Ыраазычылык
Бекжан Адамкуловго (Илимзар)
Бегимбаевдердин үй-бүлөсүнө
Полис Азия Аналитикалык Борборуна