Көп кырдуу Сулайман Тоо

Элмурат Асан

Киришүү

Ош шаарындагы Сулайман Тоого байланыштуу көптөгөн уламыштар айтылып келет. Ошол уламыштар бул тоодогу ырым-жырымдардын, ишенимдердин жана диний жөрөлгөлөрдүн бекемделишине чоң таасир тийгизген. Бул материалда аталган тоонун шаардагы коомдук жай катары ордун изилдөөгө далалаттандым. Бир жагынан (айрымдар) ыйык деп ишенип келген Сулайман Тоого баары эле диний жөрөлгөлөрдү жасап, сыйыныш үчүн келбегенин, дагы бир жагынан убакыттын өтүшү менен тоонун мааниси өзгөрүүгө дуушар болгонун бул материалда баяндап берүүгө аракет кылып көрдүм.

Бул ишти илимий изилдөө эмес, ыйык деп эсептелген жайдын коомдук мейкиндик катары орду жөнүндөгү ой жүгүртүү деп атоо туура болоорун белгилеп кетким келет.

Сулайман Тоонун тарыхы жөнүндө маалыматым бар.

Негизги бөлүккө өтүү.

Сулайман Тоо Ош шаарынын ортосунан орун алган. Айланасында окуу жайлар, китепкана, сейил бактар, үйлөр, базарлар бар. Ош — Кыргызстандын түштүк аймагында жайгашкан жана өлкөдөгү экинчи ири шаар. Ал борбор калаа Бишкектен 650 километрдей алыстыкта жайгашкан, кошуна Өзбекстандын баш калаасы Ташкенден 450 километрдей алыс. Ош шаары өлкөдөгү эле эмес, Фергана өрөөнүндөгү жана Борбордук Азиядагы байыркы шаарлардын катарын толуктайт.

Быйыл, 2018-жылдын 5-октябрында Ош шаарынын 3018-жылдыгы белгиленди. Бул майрам 2000-жылдан бери өткөрүлүп келет. Шаарда расмий түрдө 250 миңдей киши жашайт делгени менен иш жүзүндө калктын саны жок эле дегенде эки эсеге көп. Кыргыздар менен өзбектер калктын басымдуу бөлүгүн түзгөн калаада орустар, татарлар жана уйгур элинин өкүлдөрү да бар.

Оштун ортосунан орун алган Сулайман Тоо шаарга келгендердин көңүлүн бурбай койбойт. Чыгыштан батышка карай жайгашкан тоонун зундугу 1140 метрдей, ал эми туурасы болжолдуу 560 метр. Тоонун беш чокусунун эң бийиги 1175 метр болсо, эң кичинеси 1110 метрдей. Сулайман Тоонун аймагында бир нече үңкүрлөр, петроглифтер, эки музей, эки мечит, бир күмбөз, бир катар сыйынуучу жайлар жана 14-кылымдарга таандык мончо бар. Тоонун күнгөй тарабынын баары көрүстөн болуп саналат. Чыгыш тарабындагы чокуда болсо Бабурдун үйү деп аталып калган бөлмө же өжөрө жайгашкан. Анын өз аталышы Ак үй экени айтылып келет. Тоо ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурас тизмесине 2009-жылы киргизилген жана бул Кыргызстандын атынан катталган алгачкы тарыхый жай болуп калган.

16-кылымга чейин тоо Бара Кух деп аталып келгени тарых барактарында жазылат. Сулайман Тоо деген аталыш жана ага байланыштуу көптөгөн диний ырым-жырымдар менен ишенимдер 17-кылымдарда калыптана баштаган. Сулайман пайгамбарга байланыштуу ишенимдин калыптанышына тоонун түбүндөгү Асаф ибн Бурхия (Бархия, Барахия) аттуу кишинин күмбөзү түрткү бергенин айтууга болот. Анткени бул киши Сулайман пайгамбардын увазири катары ислам тарыхында өзгөчө орду бар. Күмбөз болсо тоо түбүндө 10-11-кылымдарда тургузулган. Ошол кезде бул күмбөз, тоонун түбүндөгү башка мазарлар жана тоонун чокусундагы Ак үй чөлкөмдөгү зыярат жайына айланып олтуруп, ошондой эле жогоруда аталган инсандарга байланыштуу көптөгөн уламыштар жайылып, алар Сулайман Тоо культунун негизделишине өбөлгө түзгөн.

Бирок бул тоого байланыштуу диний ырым-жырымдар 17-кылымда эле пайда болгон дегенге жатпайт. Сулайман Тоону изилдеген тарыхчылар анда ырым-жырымдар биздин заманга чейинки 2-кылымдарга эле жасалганын белгилешкен. Тоонун айланасынан туруктуу от жагылган жерлер жана андагы күлдөр, археологдордун айтымында, диний максатта аткарылган жөрөлгөнүн натыйжасында калган, тактап айтканда, зороастризмге ишарат кылган кубулуш болушу ыктымал. (Огудин В. Л., Абашин С. Н. “Тахт-и Сулейман”, Ислам на территории бывшей Российской империи: Энциклопедический словарь, 2003. Вып. 4. 76–79-беттер).

Ыкма

Архитекторлор жана коомдук жашоону изилдөөчүлөр Ян Гейл менен Биргитт Сварренин 2013-жылы жарыкка чыккан “Коомдук жашоонун кантип изилдеш керек?” аттуу эмгеги методикалык маалыматтарга бай. Бул изилдөөчүлөр өздөрү да китеп натыйжаларга эмес, ыкма, шайман же болбосо методдорго негизделгенин белгилеп өтүшкөн.

“Коомдук жашоону изилдөө — татаал эмес. Байкоо жүргүзүүчүлөр негизи жакшылап көз салганча басып карашы керек. Байкоо — бул эң негизгиси. Ал жөнөкөй жана арзан каражат. Байкоо жүргүзүүнү системага салуу коомдук жашоо менен коомдук мейкиндиктин ортосундагы мамиле тууралуу кызыктуу маалыматтарды камсыз кылат”, — дешет изилдөөчүлөр (XII бет).

Гейл менен Сварре бул үчүн төмөнкү негизги суроолордун айланасында ой жүгүртүүнү сунушташкан.

Ким? Бул суроого жооп алуу менен коомдук жайды коомдун кайсы бөлүгү көбүрөөк пайдаланаарын аныктоого болот. Бул болсо өз кезегинде изилденип аткан белгилүү бир коомдук жайда кандай адамдар болоорун, алар үчүн шарттар канчалык жакшы түзүлгөнүн, эгерде кемчиликтер болсо, аларды жоюш үчүн кандай иштерди жасоо керектигин тактаганга жардам берет дешет алар. Бирок ошол эле маалда, алардын айтымында, байкоо аркылуу адамдардын кайсы кесип ээлери экенин жана материалдык абалын аныктоого көп деле мүмкүнчүлүк боло бербесин да эске алып коюш керек болот.

Канча киши? Белгилүү бир жердин жакшыртылганына байланыштуу изилдөө жүргүзүүдө өтө керек суроо. Мисалы бир аянттагы шартты жакшыртуу долбоорлорунун натыйжалуулугун, канчалык ийгиликтүү ишке ашканын жана адамдардын көп келүүсү максат коюлган болсо, ошону билүү үчүн колдонсо болот. Күндүн кайсы убактында, жылдын кайсы мезгилинде деген кошумча суроолордун жардамы менен салыштырмалуу эсептөө максатка ылайык.

Канча убакыт? Бул суроо аркылуу шаар куруучулар белгилүү бир жерде адамдардын көбүрөөк убакыт өткөрүшүн максат кылганы боюнча маалымат алууга болот. Башкача айтканда, убакыт өткөрүүгө белгилүү бир жайдын канчалык ыңгайлуу жана кызыктуу экенин изилдөө үчүн бул суроо колдонулат.

Кайда? Архитекторлор адамдардын кайсы жерге барып, топтолуп, убакыт өткөрүшү керек экенинин негизинде коомдук жайды долбоорлой алышат. Бирок адамдар алдын ала пландалгандай иш аракеттерди жасабай коюшу толук ыктымал. Ошондуктан адамдардын кыймыл аракеттерине көз салып, кайда жеке убакыттарын өткөрүшөөрүнүн негизинде да коомдук жайда ыңгайлуу шарттарды түзүүгө болот.

Эмне? Коомдук жайда эмне болуп атканына байкоо салуу андагы иш аракеттердин түрү туурасында так маалымат алууга мүмкүнчүлүк түзөт. Негизи иш аракеттерди экиге бөлүп караганга болот. Керектүү иш аракеттер: ал жерде белгилүү бир иш аракеттерди жасоо максатында барышат. Опционалдык иш аракеттер: сейилдөө, гезит окуу сыяктуу кыймыл аракеттер. Бирок кимдир бирөө үчүн керектүү деп эсептелген иш аракеттер башка адамдар үчүн опционалдык болушу ыктымал. Коомдук жайды изилдөөдө ошол жердин кезигүү чекити же жолугушуу жери болуп-болбогонуна көңүл буруш керек. Себеби, бул ал жердин коомдук мааниси, адамдардын ал жерге болгон мамилеси, жашоосундагы социалдык контекст тууралуу маалымат алууга болот.

Бул суроолордун жардамы менен түрдүү иш аракеттерди бөлүп кароого жана ошондой эле коомдук жай менен коомдук жашоонун ортосундагы татаал мамилелер боюнча так жана пайдалуу маалымат алууга болот.

Изилдөө үчүн байкоо жүргүзүү аркылуу ушул негизги суроолордун жообун алганга аракет кылдым. Ошондой эле бул иште интервью ыкмасын пайдаландым. Байкоо күндүн ар кайсы убактарында жана бир нече күн катары менен жүргүзүлдү.

Байкоо

Ош шаары. 21-апрель 2018-жыл. Cаат 13-14түн айланасында.

Сулайман Тоонун чыгышынан жана батышынан расмий эки дарбазасы бар. Кирүү акысы чоңдорго 20 сом, кичине балдарга 10 сомдон. Мага өтө жакканы туристтер үчүн өзүнчө баа коюлбай, билеттин баасы баарына бирдей болгону болду.

Тоо бооруна салынган жолдун кээ бир жери цементтелип түздөлгөн болсо, айрым жерлерде таш тоонун кыртышы сакталып жол улана берет. Тоонун боорун бойлой салынган бул жолдогу тосмо жана кармагычтар жаш-карысы үчүн түзүлгөн шарттардын бири. А бул болсо Кыргызстан эгемендик алгандан кийинки көрүнүш.

Мен бул жолкусунда башка, бейрасмий жолдор аркылуу чыгайын деп чечтим. Бала кезимде апам менен тоого зыяратка келип, ушул сыяктуу адаттан тыш жол менен чыкканымды эстейм. Кыязы азыр да ошол эле жол менен чыктым окшойт. Бул — тоонун күнгөй тарабындагы көрүстөндү аралап чыккан жол эле. Бирок бул чыйыр жолдор кайра эле тоонун бооруна салынган расмий жолго барып кошулат.

Сулайман Тоодо кимдерди гана көрбөйсүң: жетелешип, сейилдеп жүргөн түгөйлөр; үй-бүлөсү менен тамак-ашын көтөрө келип, тоонун боорундагы бак-дарактардын көлөкөсүндө шаардын көрүнүшүнө жогорудан көз салып, эс алып олтургандар; тоо чокусуна жетүүгө ашыгып бараткандар. Баары эле тоонун чокусуна агылып, шашып бараткан жүздөр. Булардын баары алыс жактардан атайын Сулайман Тоону көргөнү келген сыяктанат. Алардын арасында улгайган аялдар, жоро-жолдоштору менен жүргөндөр, жарыша чуркаган балдар жана ошондой эле теребелге көз чаптырган чет элдиктер.

Эгерде негизги (расмий) жолдор менен тоого чыкчу болсоң, анда көрүстөндөрдү дээрлик көрбөйсүң. Алар алыстагы, сага байланышы жок жайлар катары кала берет. Ал эми расмий эмес жол менен барчу болсоң, дал ошол мазарларды аралап чыгасың да, бул жер сейилдөөчү жер эмес, көрүстөн экенин сезесиң.

Тоонун чокусуна чыкканга чейин эле ырым-жырымдар жасалган, куран окулган бир нече жерлер келгендердин көңүлүн бурат. Мисалы, тоодогу эң чоң үңкүр, азыр ал музейге айланган. Музейдин түбүндө атайын куран окулчу жер бар. Атайын жазуусу бар бул жайда зыяратчылар куран окутуп, тилек кылып анан куран окуган кишиге көңүлдөн чыгарып тыйын-тыпырын берип кетишет.

Андан башка тоодо көптөгөн чакан үңкүрлөр бар. Мисалы, Чака Тамар деген үңкүр. Анда мурун тамчы тамып турчу экен, аны болсо дарылык касиети бар деп ишенип пайдаланышчу экен. Акыркы жылдары тамчы акпай калган делет. Анын ичин көрүп чыккандардын баары эле бир жөрөлгө аткаруу үчүн кирбегенин байкоого болот, анткени көпчүлүгү тыгылышкан кичинекей балдар менен жаштар. Кандайдыр бир тилек кылып үңкүргө кирген жашы улуу адамдардын саны аз. Негизи ага киргендердин көбү таңыркап, кызыгып баш багып аткандай. Бирок эмнеси болсо да үңкүргө киргендер ырымын жасап, кире бериште жазылган ак матага тыйынын таштап, кагаз акчасына таш бастырып коюшат.

Андан бир аз жогорулап, тоонун чокусуна жакындап калганда сыйгалак таш чыгат. Аталышы Бел Таш. Ал жерде жашы-карысы дебей баары жатып алып сыйгаланышат. Жаш балдар үчүн бир чети бул жер оюн. Буга ачуусу келген чоң кишилер балдарга “ыйык жерди сыйлагыла” деп эскертүү бергенин угасың. Көпчүлүгү ооруган дене мүчөсү (бели, омуртка, бут) менен жатып сыйгаланса, айыгат деп ишенишкендей.

Сыйгалак тепкиси келгендер болсо башаламан түшүп атышканын байкадым. Үч жолу беле, же жети жолу беле деп бири-бирине суроо салып, натыйжада канча жолу сыйгаланып түшкөнүн так санын өздөрү деле билбей калышкандай. Кээ бири болсо үч жолу түштүм, ушул жетет десе, жанындагысына кулак салып, а мейли жети жолу түшөйүн атайын келдим эле дегенсип, ырымдарын жасашат. Анан албетте ал жерде да кичинекей жазылган чүпүрөккө көңүлдөн чыгарган акчасын калтырып кетишет.

Андан бир аз көтөрүлгөн соң тоонун чокусуна чыгасың. Мына ушул жерде Сулайман Тоодогу окуялардын кульминациясы болсо керек. Тоонун чокусунда бир эле убакта 100дөй адам батат экен. Алардын баары мурдараакта шашылып жогору көздөй жөнөгөн адамдар эле. Аларда кандайдыр бир карызын аткарып, милдетти орундаткандай түр бар. Же балким жөн эле бийикке чыккандан кийин чарчап, анан эс алууга отурушкандыр. Айтор, адамдар Сулайман Тоонун чокусундагы 5-6 бак-дарактын түбүндө көлөкөгө жашынып, айрымдары унчукпай, ичинен бир терең ойго чөмүлгөндөй, балким тилек айтып жаткандыр. Кээ бири болсо, чогуу барган кишиси менен кобурашып олтурат. Көпчүлүгү болсо тоонун чокусунан Ош шаарынын жогорудан көрүнүшүнө көз салып, теребелге суктанып олтурушат. Ал эми ошол жердеги Бабурдун үйү деп аталып калган кичинекей өжөрөгө баш баккандар өзүнчө бир үмүт менен кирип, куран окутуп, тилек кылып чыгышкандай. Анан бир аз олтуруп, сүрөткө түшкөндөн кийин булардын баары кайра тоодон түшүп жөнөй башташат. Тоого чыгып, ушул иш аракеттерди жасап түшүү үчүн болжолдуу 1,5-2 сааттай убакыт кетет.

Талдоо

Коомдук жай катары Сулайман Тоодо, менин байкоомо караганда, калктын бардык катмарынан адамдарды көрүүгө жана ар кыл тилдеги үндөрдү укканга болот. Келген адамдардын контингенти бай жана түрдүү.

Тоо көптөгөн функцияларды аткараарын айтканга болот. Келген адамдар ал жерде эмне кылышат? Мисалга алсак, диний жөрөлгөлөрдү жасаганы, шыпаа издеп жана тилек айтып келгендер бар. Алар Бел Таш деген жерде ооруган жери менен сыйгаланып, шыпа тилеп, көңүлдөн чыккан акчасын таштап кетет. Үңкүрлөрдүн жанында куран окутуп, тилек айтып кеткендер бар. Ошондой эле тоонун чокусундагы Ак үйдө куран окутуп, кээ бири жанында идишке суу ала келишип, аны куран окутуп, дем салдырып анан шыпаа максатында ичишет. Ушул ырым-жырымдардын жасагандардын көбүн 50-60 жаштардагы аялдар түздү.

50-60 жаштардагы аял киши мага буларды айтты: “(Сулайман Тоого) барганда ушунчалык жеңилдеп, бардык чарчаганымды, санаа, түйшүк дегендерди унутуп калам. Анан сөзсүз түрдө тоого жылына 1-2 жолу чыгып, жакшы тилектерди кылып, тазаланып келиш мен үчүн өнөкөт, муктаждык болуп калган. Сулайман Тоо шаардын ичинде жайгашкан, түздүктөн бийикке чыкканың билинет. Үстүдөн кылкылдаган шаарды көрүп, тирилик, пенделик жашообуз ушундай бир аянычтуу сезилип кетет. Анан бийикке чыксаң бул бир майда нерсе болуп көрүнүп калат. Ушинтип жашап аткан турбайбызбы дейсиң.”

Коомдук мейкиндик катары Сулайман Тоодо эс алып жүргөндөрдү кезиктирүүгө болот. Алар: жоро-жолдоштору менен келген үй-бүлөлүү адамдар, студенттер, Кыргызстандын башка аймактарынан Ошко биринчи келгендер (ички туристтер), экскурсияга келген мектеп окуучулары жана чет элдик туристтер. Булар ырым-жырымдарды көп деле жасашпайт, же маани беришпейт. Жөн гана эс алып, кооз жер катары көрүп, анан албетте тоонун чокусуна чыгып, Ош шаарынын сонун панорамасына көз чаптырып түшүшөт.

Тоодо чуркап, машыгып жүргөн жаштардын тобу өзгөчө көңүл бурат. Биринчиден, алардын дээрлик баары — эркек балдар. Экинчиден, тоого эс алып же зыярат кылып жүргөн адамдардан жол талашып, шашып, кээ бир учурларда өздөрүн (түшүнүктүү себептер менен) агрессивдүү  алып жүрүшөт. “Эмне үчүн Ош шаарындагы стадиондо же сейил бактарда жүгүрбөй, Сулайман Тоодогу жалгыз аяк жолдо чуркашат?” деген суроо жаралды.

Ал жерде чуркап жүргөн 30-40 жаштагы эркек бала мынтип түшүндүрдү: “Сулайман Тоого чуркаган пайдалуу. Тоого күн чыгыш тараптан (ОшМУ жактан) көтөрүлгөндө 545 тепкич басып чыгасың. Бул оңой эмес. Мен бир машыгууда ошол көнүгүүнү 3-4 жолу жасайм. Бир чыгууга 7 мүнөт кетет. Түшүү 3,5 мүнөт. Марафондор өткөрүлгөн шаарларда трасса дайыма эле тегиз боло бербейт. Өйдөлүш-ылдыйыштары бар. Мына ошондо, биз тообузга чыгып-түшүп чуркап машыкканыбыздын пайдасы чоң. Тоо — бул жөн гана географиялык объект экенин унутпасак.”

Ошондой эле ал жерде жетелешип жүргөн түгөйлөрдү көп көрүүгө болот. Алар Сулайман Тоонун бардык жеринде бар. Өзгөчө көрүстөндү аралай кол кармашып жүргөн түгөйлөрдү көргөндө алар эмне үчүн сейил бактарда же Ак Буура суусунун жээктеринде (дарыянын боюнча сейилдегенге шарт түзүлгөн жерлеринде) эмес, дал ушул мазарда жүрөт деп бир аз таң каласың. Ошентсе да Сулайман Тоого чыгууну артык көргөнүнүн өзүнчө себептери бардыр. Бирок мындай адамдардын тоодо сейилдеп жүргөнү Сулайман Тоонун ыйыктыгына караганда, сейилдөөчү жер экенине көбүрөөк ишарат кылганынан кабар берет болушу керек.

Менде өзүнөн өзү “эмне үчүн сүйүшкөндөр мазарларда жүрүшөт?” деген суроо пайда болуп, бул боюнча 20-25 жаштагы кыз бала мага буларды айтты: “Сулайман Тоого жазда чыгып олтуруу керемет да! Тоодон баары көрүнүп турат, шаардын ызы-чуусу жок. Көпчүлүк сүйүшкөндөргө тынчтык керек. Ак бууранын боюнда олтурчу деле жер жок. Сейил бак ызы-чуу. Ал эми Сулайман Тоого чыксаң мүрзөнү көрөсүң, тоонун ыйыктыгы да өзүнчө бир жүрөгүңдө башкача сезим болуп турат. Бир да ырым аткарган эмесмин. Даракка байланган жиптерди үзүп түшчүмүн кайра. Мүрзөдөгүлөргө Куран окуп гана чыкчубуз.”

Сулайман Тоодо күндүзү улуу-кичүү, кары-жаш, туристтер жана башка адамдардын баарын көрүүгө болот. Таңкы саат 8де барганда да ушул эле контингентти көрө алдым. Кечки саат 5-6лардан тарта улгайган зыяратчылар менен жаш балдар азая баштайт да, жаштардын агымы көбөйөт.

Тоодогу бардык эле жердин кандайдыр бир орду бар. Музей болобу, сыйынуучу жерлер болобу, үңкүрлөрбү, же болбосо чокусубу, айтор бардык эле жерде адамдар аздыр-көптүр кыдырып жүргөн болушат. Мен Бабурдун үйү же Ак үй деген чакан өжөрө жайгашкан чокуга токтолуп кетким келип жатат. Буга байланыштуу өзүмдүн дагы баштан өткөргөн окуям бар эле.

Мындан 20 жылдай мурун апам менен тоого чыкканда бул жердеги абал, атмосфера өзгөчө болчу. Балким, мен өзүм башкача таасир алган чыгаармын. Кандай болгон кезде деле бул жерге келген адамдар, алардын жүрүм-туруму да мени ошондой сезимге түртүүгө жетиштүү эле болчу. Өжөрөгө киргенде куран окутуп, бата тилеп, тыйын таштап кетет элек. Ал эми өжөрөнүн жанындагы бак-дарактарда чүпүрөк байлайт элек. Ушунчалык башкача сезим менен тилек кылып, анан чүпүрөк байлаганыбыз эсимде. Бирок арадан 20 жылдай убакыт өтүп, азыркы күндө ошол кезде ырым жасалган жерлер мурдагыдай маани берилбей, өз ордун, таасирин жоготкондой. Мисалы, мурда бак-дарактарга байланган чүпүрөктөрдүн эч нерсеси калган эмес. Азыр чүпүрөк байлаган адамдарды да, бак-дарактарды да кезиктире алган жокмун. Балким, мунун себеби — атайын тыюу салган эскертүүдүр (тоодогу жол боюнда бир эскертүү бар).

Айтор, азыркы күндө Сулайман Тоодогу ушул чүпүрөк байлаган жөрөлгө толугу менен жоголуп кеткенин байкадым. Байланган чүпүрөктөрдү азыр деле негизи кезиктиргенге болот, бир гана чыйыр жолдордогу бактардан же кычыктардан, барууга ыңгайсыз болгон жайлардан көрөсүң. Айрымдары чүпүрөктөн болсо, айрымдары пластик пакеттерден.

Ал эми Ак үйдүн өзүнө токтоло турган болсок, Советтер союзу учурунда динге каршы саясаттын натыйжасында бул курулуш 1960-жылдары талкаланып, тоого зыярат кылууга тыюу салынган. Ал үчүн өз учурунда Борбор Азия муфтияты “Меккеден башка зыярат кыла турган ыйык жай жок, эгер башка жайларга зыярат кыла турган болсо күнөө болот” деген чечим чыгарган. Азыркы абалдагы өжөрө 1980-жылдардын акырында ашар жолу менен оңдоп-түзөлүп, калыбына келтирилген. Ошол ашарга катышкан жана азыркы күндө жашы 60ты таяп калган Ош шаарынын тургуну Равшанбек Турсунов мага буларды айтып берди:

“Тоого көрк, салабат тартуулаган нерсе — Бабурдун үйү… Мен университетте көп жыл иштедим. ОшМУга келатканда тоону бир карап койчумун. Азыр да ошентип карап турам. Тоону караганда күч, илхам алам. Бабурдун, улуу адамдардын кадамы жеткен. Кыргызстан үчүн, Ош үчүн кызмат кылгандар жатат ал жакта. Ошондуктан биз аны ар дайым сактап, жаш муунга өткөрүп беришибиз керек.”

Корутунду

Сулайман Тоо Советтер союзу учурунда динге каршы жүргүзүлгөн саясаттын натыйжасында “өз маанисин жоготконун” айтууга болот. Бери эле дегенде мамлекеттин көз карашында мааниси азайган. Ага ошол убакта тоонун чокусундагы Ак үйдүн бузулганы мисал боло алат. Советтер союзундагы саясаттын “жумшара баштаган” учурунда 1989-жылы өжөрө ашар жолу менен кайра тургузулган.

Ал эми эгемендүүлүк алгандан кийин Кыргызстан бул тоону өз саясатында өтө ийгиликтүү пайдаланып келатат. Бир эле көрүнүктүү мисал катары өлкө 2000-жылы Оштун 3000 жылдыгы өткөргөнүн айтып кетсек болот. Ал эми шаардын тарыхы Сулайман Тоонун тарыхы менен тыгыз байланышкан. Аны менен катар айланасын темир менен тосуп, жолдорду салып, кармагычтарды орнотуп, тоого чыгууга атайын шарттарды түзгөн. Андан тышкары эгемендик алгандан кийин Кыргызстандын атынан ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилген алгачкы тарыхый жай болуп калган.

Ош шаарында дегеле Сулайман Тоонун орду чоң. Тоонун элеси мэриянын гербине түшүрүлгөн, андан тышкары башка мекемелердин эн белгилеринен да көрүүгө болот. Ал эми урбанисттердин изилдөөсү да шаардыктардын күнүмдүк жашоосундагы тоонун орду туурасында кызыктуу маалыматтарды берет. Изилдөөнүн жыйынтыгы көпчүлүк шаардыктардын акыл-эс картасында Сулайман Тоо жашаарын жана бул өтө күчтүү маданий код экенин көрсөткөн.

Изилдөөнүн акырында Ата Бейит мемориалдык комплексинин тургузулушуна байланыштуу маалыматты кошумчалап кетүүнү туура көрүп турам. Чоң Таштагы сталиндик репрессиянын 137 курмандыгын казып чыгып, комплекс салынганган кийин КГБнын мурдагы кызматкери Болот Абдрахмановго өлкөнүн ар кайсы жагынан кат келип, өз аймагында репрессия болгондор көмүлгөн жер бар экенин жазышкан. Каттардын арасында Сулайман Тоонун түбүндө да курман болгондордун сөөгү бар экенин айткандар болгон. Бирок алардын так жери азыркы күнгө чейин белгисиз бойдон калууда. Балким 1930-жылдардагы катаал саясаттан улам набыт болгондордун сөөгү бул тоодон табыла турган болсо, Сулайман Тоонун буга чейин аткарып келген функцияларына дагы бир функция кошулуп, балким толугу менен башка мааниге ээ болуп калышы да ыктымалдыр.

Азырынча Сулайман Тоо кээ бирине жөн гана эс алуучу жай болсо, кээ бирине дартына даба, оорусуна шыпаа издеп келген жай, кай бири үчүн бул жер жашоодогу кыйынчылыктарынын чечилишин тилеп келген тоо болсо, кай бирине машыгуу үчүн чыккан жер катары кызмат кылып турмакчы.

***

Сүрөттөр автордуку