Марлен Ларуэл: Максат – мономифти жокко чыгарууда эмес, улуттун көп үндүүлүгүндө болушу керек

Интервью

 Немономиф, 1, 2018

Марлен Ларуэль – Чөлкөм таануучу, Джордж Вашингтон университети, Европа, Орусия жана Евразия изилдөө институту, АКШ

Зарина Урманбетова, антрополог, Эсимде долбоорунун катышуучусу

Зарина Урманбетова: Өзүңүздүн изилдөө тармагыңызды кандай деп аныктайт элеңиз? Чөлкөм таануубу же антропологиябы, же саясат таануубу?

Марлен Ларуэл: Мен өзүмдү көпчүлүк учурда чөлкөм таануу адиси катары көрөм. Ошондуктан өзүмдү биринчи кезекте “Орусия таануучу” жана “Борбор Азия таануучу” деп аныктайт элем. Кайсы бир илимдин тармагына таандык болуу менин изилдөөлөрүмдү аныктоодо маанилүү ролду ойнойт. Мен тарых жана саясат илимдерин бир убакта окугам. Оюмча, азыркы коомдордун тарыхын түшүнүү абдан маанилүү. Ыкма же метод жагынан караганда, өзүмдү азыркы саясатты түшүнүү үчүн антропология, маданият таануу жана интеллектуалдык тарыхты айкалыштырган “мультидисциплинарист” окумуштуумун деп эсептейм.

Зарина Урманбетова: Пост-колониалдык коомдор арасында кандайдыр бир айырмачылык барбы? Орто Азия өлкөлөрү ушул контекстте кандай айырмачылыктарга ээ?

Марлен Лаураэл: Орто Азия коомун пост-колониалдык деп эсептөөгө мүмкүн экенине көзүм жетпейт, себеби, мындай көз караш Советтер Союзун колониалдык борбору Орусия жана колониадык периферия, республикалары болгон империя катары кароо дегенди билдирип калат.Советтер Союзу карама-каршылыктуу түзүлүш болгон. Анткени ал “салттык” колониялар өзүнө каратып алгандарга караганда өз жарандарына көптөгөн укуктарды жана теңдикти бере алган. Балтика өлкөлөрүндө кээ бир айырмачылыктар болгону менен Советтер Союзундагы калктын көпчүлүгү Союзду өз өлкөсүндөй кабыл алган, бирок мындай кабыл алуу колониалдык үстөмдүктүн жыйнытыгы катарында болгон эмес. Албетте Орто Азия калкы үчүн тил жана тарыхты кайрадан жазуу сыяктуу маселелер “колониалдык” үстөмдүктүн натыйжасы катары көрүлүшү мүмкүн, ошол эле учурда Советтик жана коммунисттик тажрыйба “колониалдык” аспекттерден такыр башка баалуулуктарга жана коомдук механизмдерге таянган. Андай болгону менен, пост-колониалдык изилдөөлөр кызыктуу изилдөө багыттарын жана усулдарын сунуштоо менен азыркы көптөгөн маселелерди биздин кабыл алуубузду кайрадан карап чыгууга жардам берет. Ошондой эле Батышка багытталган шарттуу көз караштан четтөөгө жана өз ара аракеттешүүлөр, күзгү оюндары, өз ара өздөштүрүүлөр, маданий трансферлер, кайрадан интерпретациялоолор сыяктуу феномендерди алмаштыра алганга чейин изилдөөгө мүмкүнчүлүк берет.

Зарина Урманбетова: Орто Азия өлкөлөрү/калкы эстөө/эскерүү боюнча кандай өзгөчөлүктөргө ээ?

Марлен Ларуэл: Орто Азиядагы эстөөнүн өзгөчөлүктөрү төмөнкү нерселерди камтыйт: маданияттын негизги муундар аралык берилүүсү 20-кылымда талкаланган; Орус падыша тушундагы элиталардын көбү ликвидацияланган же айдалган, 1920-жылдары пайда болгон жаңы элиталар Сталиндик репрессия аркылуу жок кылынган, андан соң согушта милиондогон киши өлүп, социалдык негиз бузулган. Орто Азиянын көчмөн калкы эң чоң өзгөрүүгө дуушар болгон, өзгөчө казак элинин үчтөн бир бөлүгү өлүп, дагы үчтөн бир бөлүгү зордукчул отурукташтыруу/коллективдештирүүнүн айынан чет жерлерге качышкан, бул 1920-1940-жылдардагы “жаңы” казак мамлекети калктынын үчтөн бир гана бөлүгүнөн түзүлгөнүн билдирет. Кадимки муундар аркылуу өткөрүү өткөн кылымдын экинчи жарымында гана иштеп, бирок жарым кылым кайсы бир деңгээлде толугу менен болбосо дагы жоготууга учураган. Андан кийин, 1990-жылдары эс-тутумдун кийинки “жоготуусу” орун алды: милиондогон киши чөлкөмдөн чыгып кетти, өзгөчө жогорку жөндөмдүүлүүккө жана билимге ээ этникалык азчылыктар, милиондогон киши иш ордуларын өзгөртүп, Советтик коомдук кызматтарды жеке секторго алмаштырышты, жана дагы Түркмөнстан жана Өзбекстан сыяктуу өлкөлөрдө ариптин өзгөрүүсү, кайсы бир деңгээлде Советтик мезгилдеги улуттук адабияттын бузулуусу билимдин/маалыматты өткөрүп берилүүдө жаңы “боштукту” жаратты.

Зарина Урманбетова: Сиз чөлкөмдө медиа (аудитория), маданият изилдөөлөрү жана көптөгөн дискурс, баяндардын (нарратив) анализи боюнча изилдөөлөрдүн жокко эсе экенин айтып өттүңүз, сиздин оюңузча Орто Азияда бул тармактарды изилдөө боюнча компетенция барбы? Мындай изилдөөлөр кандай жүргүзүлүшү жана сунулушу керек? Эс-тутумду изилдөөдө бул тармактарда жасалган изилдөөлөр кандай салым кошо алат?

Марлен Ларуэл: Ооба, Орто Азия телевидениеси боюнча изилдөөлөрдүн жоктугу абдан таң калаарлык болду мен үчүн. Себеби, телевидение ар бир киши көргөн жана күндөлүк көрүнүштөрдү, ошондой эле адаттарды тереңден калыпка салуучу негизги маданий медиа болуп эсетелет. Мындай көрүнүш Орто Азия боюнча жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн полистик маселелер менен калыптанышынан болуусу мүмкүн: медиа таануучу окумуштуулар жалпысынан көз карандысыз журналисттерди жана “оппозициялык” медианы окутуу үстүнөн иштеп, ошол эле учурда негизи телевидение аркылуу ишке ашкан массалык маалымат каражатын камтууга көңүл бурган эмес, бул бүгүнкү күндөгү Орто Азиянын “болмушун” (бытиесин) түшүнүүдөгү эң олуттуу “боштук”. Аудитория (гезит окуучулар, тв көрүүчүлөр) боюнча дагы абдан аз маалымат бар, бирок бул көрүнүштү чөлкөмдөгү өлкөлөрдүн терең социологиялык изилдөөлөргө уруксат бербегендиги менен түшүндүрсө болот. Мындай изилдөөлөр эс-тутум процесстерин түшүнүүдө абдан маанилүү болмок, мисалы мындай учурларда: кимдир бирөөлөрдүн үй-бүлө жана жөнөкөй маданий продукт (мисалы мини-сериалдар) аркылуу өткөрүп берген күндөлүк жашоодогу эс-тутум мамлекеттин жалдоосу менен чыгарылган баяндардан күчтүүрөөк таасирге ээ экенин белгилүү да.

Зарина Урманбетова: Сиз изилдөөчүлөр Орто Азия боюнча изилдебей калган тармактарды белгиледиңиз (эс-тутум, үй-бүлө перспективасынан алганда эс-тутум, жашыруун экономика, Советтик мезгилдеги тынч мезгилдер), сиздин оюңуз боюнча эс-тутум изилдөөлөрү чөлкөмдө эмне себептен популярдуу эмес?

Марлен Ларуэл: Менимче, бул эки негизги тенденциянын жыйынтыгы. Орто Азия таануу тармагы өткөөл чак, авторитаризм, жарандык коом, ислам, коопсуздук, геосаясат, гендер сыяктуу негизги багытка айланган пикирлердин үстөмдүгүнө дуушар болгон. Ушул темалар басымдуулук кылып, башка суроолорго орун калтырбай койгон. Маданият таануу жана күндөлүк турмуш, “баналдуу улутчулдук” кыйла эле биздин көз жаздымыбызда калган. Мындан сырткары, менин оюмча, жакынкы убакытка чейин эле Батыштын илимий чөйрөсү бүгүнкү Орто Азиядагы Советтик эмес элементтерди этибар албай, чөлкөмдү Орусиядан жана Советтик мурастан четтете турган борбордон качма компоненттерге көңүл буруп келген. Ошондуктан “борборго умтулган” компоненттерди жана чөлкөмдүн оң же терс болсо дагы Орус/Советтик өтмүшү менен байланыштырып турган эс-тутумдун баардык татаал катмарларын изилдөөнү кыйыр түрдө “унутуп” койгон.

Зарина Урманбетова: Сиздин презентациядан кийин биз деколонизация, де-Советизация, де-Руссификация жана пост-колониализм/колониализм терминдерин талкууладык. Бул терминдердин айырмачылыктарын бизге айтып бере аласызбы? Орто Азиялык окумуштуулар/изилдөөчүлөр өздөрүнүн тарых жана эс-тутум изилдөөлөрүндө кайсынысын колдонуусу туура болот?

Марлен Ларуэл: Биринчиден, колониалдык, Царист заман жана Советтер Союзу учурларын бөлүп кароо маанилүү экенин унутпайлы, булар өз ара күч, маданият жана калктардын өз ара аракеттенишүүсүнүн курулушунда абдан аз окшоштуктары бар.

Экинчиден, де-Советизация өзү эле абдан татаал термин, аны түшүнүү үчүн биринчи кезекте “Советтик” деген эмне экенин аныктап алышыбыз керек. Саясый режим, экономикалык түзүлүш, социалдык байланыштар, дүйнөгө болгон көз караш, маданий натыйжалар, болмуш? Сиз саясатты, экономиканы, дүйнө таанымды “де-советизациялай” аласыз, бирок социалдык жана маданий аспекттер абдан татаал жана социалдык негиздин түпкүрүндө орун алган. Андан сырткары, Советтүүлүк улам алмашып турган: Сталиндин убагындагы Советтүүлүк Брежневдин акыркы убагындагы Советтүүлүккө таптакыр окшошпойт. Анын үстүнө, толугу менен “де-Советизация” болушу мүмкүн эмес: Орто Азияга режимдин эң жаман учурунда жеткен массалык сабаттуулук, Сталинизм, жана дагы деле биз ошол мурастан ажырагыбыз келбейт.

Үчүнчүдөн, де-Руссификация де-Советизациянын синоними эмес: Советтүүлүк улуттук болгон жана жергиликтүүлүк менен бекемделген, башкача айтканда Советтүүлүк ОртоАзиялык болуу, Орус, Украиналык болуу… Руссификация болсо такыр башка процесс, тил, маданият, демография. Бирок мен көпчүлүк учурда де-Руссификация азыр Орусия тараптан келип жаткан идеологиялык билдирүүлөрдөн аралык алуу деп эсептейм. Бул де-Руссификациянын өзүнөн дагы, чөлкөмдөгү- чын же элестетилген болсун- Орусия медиасынын таасири жана “жумшак күчүнө” байланыштуу.

Менимче Орто Азия Орусия жана орус тилин билүү менен кандайдыр бир байланышысыз ааламдашкан дүйнөдө активдүү актор/тарап/күч боло албайт, жок дегенде жакынкы келечекте мындай нерсе мүмкүн эмес. Ошондуктан де-Руссификация жакындыкты жана провинциалдуулукту билдирет, андайдын кереги жок. Орто Азия Орус дүйнөсүнөн, ошондой эле Советтик өтмүштөн эмнени сактап калгысы жана “улутташтыргысы” келгенин билдирген “тандалма мурас” жолу керек,

Зарина Урманбетова: Изилдөөчүлөр/окумуштуулар изилдөөлөрүнүн анти-Советтик, анти-Орустук жана деги эле куугунтуктоочу абалга түшүп калбаш үчүн эмне кылуулары керек?

Марлен Ларуэл: Орто Азиянын “де-колониалдашуусу” тууралуу жүрүп жаткан талкуулардагы бирден бир чоң маселе – кишилердин курмандык, өздөрү жасай албаган тарыхтын пассивдүү объектиси катары позициялануусу. Биринчиден, эч ким эч качан пассивдүү курмандык катары эсептелбейт, ар бир киши өз тагдырынын кайсы бир элементтери үчүн чечим чыгара алат, канчалык чектелген түзүм болсо дагы, кырдаалдарды башкарууга жана айланасында болуп жаткан нерселерге маани берүүгө мүмкүнчүлүк бар. Ар бирөөнүн- жеке кишилердин жана жалпы калктын – орду/ролу бар. Экинчиден, мындай нерсе калкка карата позитивдүү жана конструктивдүү баяндарды жарата албайт, мисалы: балдарды калк өз тарыхынын актору/жассочу/жаратуучу боло албаган, курмандык катары сүрөттөгөн китептер менен окутуу патриоттуулукту жана коомдук милдеттенмени түзүүгө жардам бербейт. Үчүнчүдөн, орто азиялыктар өздөрүнүн Советтик тарыхынын акторлору/жаратуучулар болушкан жана Советтик өтмүшүн кайрадан карап чыгуусу керек жана ал өтмүштү өздүк кылып алууга, улутташтырууга тийиш. Себеби, алар азыркы улуттарды жараткан зор коомдук жана маданий өзгөрүүлөргө туш болушкан, ошондуктан өтмүштү четке какпастан өздөштүрүп алуусу керек.

Зарина Урманбетова: Биздин журналдын аты НЕМОНОМИФ, сиз бул атты кандай чечмелейт элеңиз? Сизге бул идея жактыбы?

Марлен Ларуэл: Менин түшүнгөнүм боюнча, бул улуттук мифологияга таандык уникалдуу чектен баш тартып, чындыкты кабыл алуудагы көп түрдүүлүктү көрсөтө турган улутка тиешелүү баяндардын көптүгүнө үндөө. Мага абдан жакты. Бирок мени ойлонткону “НЕ” деген бөлүкчө, азыркы учурдагы “мономифтин” түзүмүн өзгөртүү кайсы бир деңгээлге чейин гана маанилүү, белгилүү бир убакыт өткөндөн кийин долбоор бир нерсени моюнга албоо же бир нерседен баш тартууга гана байланыштуу болбой калат, конкреттүү күн тартибин өнүктүрүүгө байланыш керек: акыркы максат мономифти жокко чыгарууда эмес, көп мифти негиздөөчү же улуттун көп үндүүлүгүндө болушу керек.

Талкуунун орусча котормосу

“Немономиф” журналы толугу менен (pdf 1,98 Mb)