Бир жарым жылда Кыргызстанда жетекчилердин үч мууну атылган

Талант Разаков МГУнун журналистика факультетин, СССР КГБсынын Минскидеги жогорку курсун бүтүрүп, көп жыл коопсуздук органдарында иштеген. Аскердик наамы – полковник.

-Талант мырза, Кыргызстандын коопсуздук органдарынын тарыхы боюнча аябай кызыктуу китеп чыгарыптырсыз. Байкасам, жалаң архивдик материалдардын негизинде жазылган окшойт?

-Бул китепти көптөн бери жазууну ойлонуп жүргөм. Анткени, биздин коопсуздук органдарынын тарыхы тууралуу бир да илимий эмгек жазыла элек. Башка өлкөлөрдө, маселен, Өзбекстанда, Россияда чыгып эле жатат. А бизде, тилекке каршы, бул тема ушул кезге чейин жабык бойдон келген. Өзүм улуттук коопсуздук органдарында иштеген кызматкер болгондуктан, мен үчүн архив менен иштеген жеңил болду. Бирок аны жарыкка чыгырып, коомчулукка алып чыгыш тозок болду да. Себеби, архивдин басымдуу бөлүгү дале “жашыруун” деген гриф менен турат. Аны алып, ачыкка чыгырыш өтө кыйын экен. Көп нерселер ойлонулбаптыр. “Жашыруун” деген грифти алуунун ар түрдүү варианттарын карап көрдүм. Бул боюнча атайын комиссия түзүлдү. Комиссия мүчөлөрүнүн арасында “айтылбай турган нерселер бар, коомчулук кандай кабыл алат, элде ызы-чуу чыкпайбы?” деген сыяктуу чочулоолор болбой койгон жок. Үч жыл талаштык, акырында мен дагы бир топ чегинүүлөргө макул болуп, компромисттик вариантка келдик. Айрым материалдарды алып салганга макул болдум. Айрыкча Улуу Ата мекендик согуш мезгилинде жашыруун жүргүзүлгөн операциялар жөнүндөгү маалыматтарды. Бирок, буга чейин жашыруун болуп келген материалдардын көбүн жарыкка чыгардык. Ансыз коопсуздук органдарынын тарыхын жазуу мүмкүн эмес.

Тарыхта “ВЧК 1917-жылы 20-декабрда түзүлгөн” деп айтылып жүрөт. А биздин Түркестан АССРинде

5-ноябрда эле “Тергөө комиссиясы” деген ат менен болгон экен. Ал комиссия кылмыш иштерин эмес, контрреволюциялык гана иштерди, бийликке каршы жасалган козголоңдорду караган. Дагы бир өзгөчөлүгү – ВЧК өкүмдү сотсуз эле ишке ашырып койгон. А бизде болсо тергелип, тергелген соң өкүм сот аркылуу ишке ашкан. Мыйзамдуулук кандайдыр бир деңгээлде сакталган. Укук коргоо органдарында ар түрдүү көз караштагы, социалдык сословиядагы адамдар иштептир. Арасында троцкисттери да, партияда жоктору да болгон. Кийин 1922-жылы ОГПУ болгондо жалаң большевиктер партиясынын мүчөлөрү гана иштей баштаган.

-Басмачылыкка каршы күрөш өзүнчө бир бөлүм экен. Аларга каршы регулярдуу кызыл армиянын бөлүктөрү күрөшкөнбү же коопсуздук органдарыбы?

-Ар бир регулярдуу аскер бөлүгүндө чалгындоо кызматы болгон. Ал милдетти биздин коопсуздук органдары аткарып келген. Басмачылар бир жерде турган эмес да. Бүгүн бул жерде болсо, эртең башка жакта жүргөн. Алар конспирация дегенди билген эмес. Байларга кайрылып, “баланча аке, эртең сеникине барып чай ичем” деген. Байлар бул маалыматты ошол замат коопсуздук органдарына билдирген. Коопсуздук органдары болсо, Ошто же Базар-Коргондо туруп алып, Анжиянга телефон чалат. “Басмачылардын расписаниеси мындай экен, качан аскер топтоп келе аласыңар?” дешет. Басмачылардын ичинде да аябай татыктуу инсандар болгон. Мисалы, корбашы Парпи Атабеков Базар-Коргондон баштап, Маданиятка чейинки жерди көзөмөлдөп турган. Басмачылар айылды аралаганда корбашы өзү эң акырында жүргөн. Айылдан чыгаарда аксакалдарды чакырып, “жигиттерим эчтекеңерге тийген жокпу?” деп сураган. Эгер кимдир бирөө “коюм же атым жоголду” десе, ошол замат төлөп берген. Бир жолу Парпи мас болгондо Маккамжожа аттуу корбашы менен уруша кетип, “сен коркоксуң, колуңан эчтеке келбейт, жашынып жатасың” дейт. Бирок эртеси өзү жалгыз келип, Маккамхожанын бутуна чөгөлөп, “мен кечээ акмак болупмун, эми мени эмне кылсаң өзүң бил, кааласаң башымды алып сал. Экинчи аракты оозума албайм” дейт. Чындап эле ошондон кийин такыр арак ичпей коюптур.

-Бирок корбашылардын баары эле Парпи Атабековдой болбосо керек?

-Эми өзүң элестетип көр, Парпинин 3, 5-4 миң, Мойдунбектин 4, 5-5 миң, Аман палвандын 3, 5, Жаныбек казынын 5 миң жигити болгон. Ошончо кишини тойгузуш керек болгон да. Анан байларды талап-тоноп, колундагы малын тартып алып турушкан. Булардын ичинен Мойдунбек өзгөчө мыкаачы болгон. Айылдарда 10 жаштан өйдө кыз калбаптыр. Өзү зордуктап, анан жигиттерине таштап берген. “Ноокаттын суусу кыпкызыл болуп акчу” дешет. Кишилерди муздап турчу экен да. “Ашты өз учурунда бышырбадың” деп өзүнүн ашпозчусун мууздап өлтүрткөн. Бир жолу обозду талаганда 140 кызыл аскерди мыкаачылык менен өлтүрүп, аялдардын ичин жарып, эмчектерин кескен. Кичинекей балдарды бутунан кармап, бири бияка, экинчиси тияка тартып, чатын айрып өлтүрүшкөн. Ал эми мусулмандардан канча киши өлгөнү белгисиз. Себеби, мусулмандарды туугандары алпарып, көөм салышкан экен.

-Мойдунбектин кармалышы тууралуу ар түрдүу версиялар бар. Тарыхый документтер боюнча ал кантип колго түшкөн?

-Бир чекисттин эскерүүсү боюнча аны Камчыбек Кадырбеков үйүнө чакырып, конок болуп отурган жеринин колго түшүргөн. Мойдунбек өзү карылуу киши болгон да, колго суу куюп жатканда эки киши араң басып кармаган. 1922-жылы Ошто, Сулайман тоонун түбүндө атылган.

-Совет доорунда басмачылар бир жактуу караланчу эле. Азыр эми, тескерисинче, аларды идеализациялап, улуттук баатырга айлантып салдык.

-Ошон үчүн басмачылар жөнүндө сөз кылганда калыс баа берип, алардын жакшы жактарын да, жаман жактарын да кошо айтыш керек. Мисалы, Жаныбек казынын жигиттери Айымкан аттуу өзгөндүк актив аялды, төрт милиционерди улак кылып тартышкан.

Анан кызыл аскерлердин да терс жактарын ачып бердим. 1916-жылы мандикерликке “жоголсо бир жинди жоголот да” деп жалаң ууру-кески, бандиттерди жиберишкен. Кийин кызыл аскерлерди түзүш керек болгондо дыйкан кетменден башка эчтекени билбейт да, “кантсе да согушту көрүп келген” деп кайра эле жанагы Кудайдан жөө качкандарды алган. Алар болсо бандит да, колуна курал тийээр замат элди талап-тоной башташкан. Михаил Фрунзенин өзүнүн “басмачылык жөн жеринен чыга калган жок, анын чыгышына биз өзүбүз күнөөлүүбүз” деп мойнуна алган жери бар. Себеби, жергиликтүү элди террор кылышкан да. Мен бир эле мисал келтирейин. 1915-жылы Фергана облусунда 2 миллион 200 миң киши жашаган. 1924-жылы 500 миң эле киши калыптыр. 1,5 миллиондон ашуун киши жок болуп кетип атат. Албетте, миграция болушу мүмкүн. Бирок анчалык санда эмес да. Ашып барса жүз миң киши кеткендир. Токсонунчу жылдары Тажикстанда жарандык согуш болгондо, Ооганстанга жүз миң киши качып барыптыр. Бул эми техника өнүгүп турган мезгилдеги көрүнүш

Коновалов деген киши Анжияндан отряд менен чыгат экен. Жолдо өзбек болобу, кыргыз болобу, чымчык аткандай эле атып кете берген. Сузакка келсе басмачылар эчак кетип калган. Коновалов пулемет менен жөнөкөй эле элди, аялдарды, балдарды кыра баштаган. Өзгөндө да ошондой эле окуя болгон. Армян дашнактары элге эң көп зыян келтириптир. 200 армян бир айылды талап-тоноп атканда Мадаминбек менен Парпи корбашы келип калат. 200 аскердин ар бирин бирден кармап, кадимки эле чөп чапкыч жады менен баштарын кесишкен.

-Тарыхыбыздагы дагы бир талуу маселе, бул – репрессия темасы. 1937-38-жылдары чындап эле кызыл кыргын болгонбу?

-Кызыл кыргын болгон. Себеби, жогору жактан: ВКП(Б) БКдан, ЦИКтен ошондой директива келген. “Жылына мынча кишини атасың, жылына мынча шпион кармайсың” деген план болгон. Үчүнчү бөлүм социал-туран партиясын, төртүнчү бөлүм троцкисттерди караган. Экөө жарышып, камаганга киши таппай калганда справочник боюнча эле камай берген. Сурак протоколдору күн мурун даярдалып, камалгандардан ага кол коюуну талап кылышкан. Эгер кол койбосо күн ысыкта тикесинен тик тургузуп койгон. Тамак бербейт, суу бербейт. Эртеден кечке чейин колун көтөрүп турат. Акыры эстен танып жыгылып калган. Же болбосо табуреткага отургузуп коюшкан. Бир тергөөчү келип, сурак жүргүзүп кетет. Анан экинчи тергөөчү келет. Тиги болсо турбай, бир орунда отурат. Адам бир орунда көпкө отура бергенде да ичинен кан өтүп, өлүп калат экен. Көбүнчө сабашкан. Бир акылдуу киши болгон экен. “Кол кой” десе арабча “зордук” деп жаза бериптир. Кийин “мен кол койгон эмесмин” деп арыз жазат. “Колуң турбайбы” десе “окуп көрбөйсүңөрбү, урганда айлам кетип “зордук” деп жаза бергем. Кол койгон эмесмин” дейт. Ошол киши акталып кеткен.

-Ошол кездеги коопсуздук органдарынын кызматкерлерин улуттук курамы кандай болгон?

-Кыргыздар дээрлик жокко эсе болгон. Лоцманов Белоруссиядан өзүнүн командасын алып келген. Мисалы, Иванов деген кызматкердин үч эле класс билими болгон. Ошондой чала сабат кишилер жок нерселерди ойлоп табышып, көптөгөн адамдардын тагдырын чечкен. Социал-туран партиясы деги эле болбоптур. Мен аны документтер менен далилдеп бердим. Кыргызстандын жетекчилери үч ирет алмашыптыр. Бир жарым жылдын ичинде жетекчилердин үч муунун атып, анан тынчышкан. “Талас көтөрүлүшү” деген болгон. Архивди казып, анын чыгыш себептерин бүт көргөздүм. Байларга салык көбөйгөнүн, малдын санынын азайганын. Түштүк жакта кулак чарбаларына пахта боюнча салык салган. План толбой калса, төшөктөрүн, чапандарын сөгүп төктүрүшкөн.

-Архивди казып жатып, өзүңүз үчүн мурда билбеген дагы кандай фактыларды ачтыңыз?

-Түркестан АССРинин аткаруу комитетинин төрагасынын орун басары Төрөкул Жанузаков кандай жагдайда, кимдер тарабынан өлтүрүлгөндүгү тууралуу жаңы маалыматтарды таптым.

-Ал кызыл аскерлер менен атышуу учурунда окко учту беле?

-Документтерде ошентип жазылып жүргөн. Бирок Маслов аттуу чекисттин эскерүүсүн таап алдым. Жанузаков кармалган соң, Базар-Коргондогу Советское айылына алып келишет. Ал буга чейин Түркестан АССРинин жетекчилерине “мен “басмачылардын башын бириктирем” деген идеяман баш тарттым, кайра Совет бийлиги тарабына өтөм” деп арыз жазса, жетекчилер ага мунапыс беришкен экен. Бирок ВЧКнын төрагасы Петерс ага макул болбой, Масловго “көзүн тазалагыла!” деп буйрук берет. Анан чекисттер калп эле “атышуу болду” деп инсценировка кылышып, үйдө жаткан жеринен эле атып салышат. Муну уккан Түркестан АССРинин жетекчилери Масловду камамакчы болушканда Анжиян ЧКсындагылар “тез качып кет, сени камаганы баратат” деп эскертип коюшат. Маслов Төрөкул Жанузаковду атып өлтүргөн Орловду алып алып, экөө Москвага качып барышат да Калининге киришет. Калинин окуянын чоо-жайын билбейт да. “Силерге эч ким тийбейт” деп экөөнү коргоп калат. Жанузаковдун өлүмү биз үчүн чоң жоготуу болгон. Ал революцияга чейин эле генерал-губернатордун тилмечи болуп жүргөн. Тилмечтикке жөн кишини албайт да. Бир жыйында Зиновьев менен айтыша кетип, жеңип коюптур. Ушунчалык оратор киши болгон да. Эгер Жанузаков тирүү болгондо, Кыргызстандын картасы такыр башка болмок экен.

Архив менен иштеп отуруп, мен бир нерсени байкадым, саясый жетекчилердин жергиликтүү кадрларга эч кандай ишеничи болбоптур. Жаныбек казыны кандай көрсө, Төрөкул Жаназаковду, Кадырбек Камчыбековду деле ошондой көрүшкөн. Революция үчүн башын сайып койгон кишилерди баалашкан эмес. Керек болсо дароо эле атып салганга

даяр турушкан. Качан жергиликтүү кадрларга ишенич пайда болгондон кийин гана басмачылык жоюла баштаган.

-Эми бул китептин уландысы да болобу?

-Уландысынын үстүндө иштеп атам. Ал Кыргызстан эгемендүүлүк алганга чейинки тарыхты камтыйт. 1953-жылдан баштап дагы кызык иштер жүргөн. “Еврейлер иши” деген болгон. Ал боюнча бир топ кишилер камалган.

Мамат Сабыров

Тарыхтын “ак тактары”. Азия Ньюс.