Сталиндин тажиясындагы курмандыктар: күбөлөрдүн көзү менен

1953-жылдын 9-мартында Москвада Иосиф Сталиндин тажиясы өткөн. Сталин менен коштошуу зыйнатынын алдында шаардын борборунда үрөй учурган окуя болгон. Бул тууралуу кайра куруу дооруна чейин эч ким ооз ачкан эмес.

Дарыгерлер Сталиндин көз жумганын 5-март күнү саат 21:50дө айтышкан. Ал эми элге эртеси күнү – 6-мартта диктор Юрий Левитандын үнү менен кабарланган. Ошол эле күнү табытты Союздар үйүнүн залына коюп, улуу кол башчы менен коштошуп алууга мүмкүнчүлүк берилди.

Коштошуу зыйнатына чейин анын сөөгүн көрүүгө келгендер саны болжолу эки миллионго чукул киши болгон экен. Коштошуу зыйнаты дүйшөмбүдө 9-март күнү эрте менен болот деп пландалган.

Коштошуунун экинчи күнү Союздар үйүнүн залы жөнөкөй жарандар үчүн жабылып, расмий делегацияларга гана уруксат берилген. Сталиндин сөөгүн көргүсү келгендер кайрадан узун кезекке турууга аргасыз болду. Жекшембиде 8-март күнү кечинде кезекке тургандар агымы көбөйүп олуруп, көптөр сүрүлүп жөнөгөн. Сөөгү жерге берилгенге чейин көпчүлүк кол башчыны көрүп калууга шашылган.

Москванын борбордук көчөлөрү кылкылдаган элге толуп, ушунча кишини батырууга шаардын көчөлөрү албетте, өтө эле тардык кылды. Анан калса, шаардын борбордук көчөлөрүндө эл каалаган жагына агылып кете албай тургандай аскер техникалары менен айрым көчөлөр буулуп коюлган эле.

Кезекке жаңы келип кошулгандар улам алдыдагыларды кысып, сүрүп олтуруп, тыгындан кишилер тумчугуп калып кулап, сүрүлүп жыгылып тура албай тебеленди болду.

Бийлик башындагылардын бирөөсү дагы башаламан сүрмө топту жөнгө сал деп күч кызматкерлерине көрсөтмө берген эмес. Мындай шалаакылык үчүн кийин эч ким жоопкерчиликке тартылган жок.

Ушул сыяктуу окуя Москвада 1896-жылы 18-майда Ходын талаасында болгон экен. Анда орус падышасы Николай II тактыга отургузуу салтанатында тебелендиде калып көп киши мерт кеткен. Окуяны жаап-жашырган менен кийин тебелендиде калып мерт болгондордун жакындарына, жаркат алгандарга падышалык казынадан 100 рублдан кун төлөшкөн. Ал кезде жөнөкөй жарандар үчүн чоң эле каражат болчу. Ходындагы тыгылыштан 1389 киши мерт кетип, 1301 киши жаракат алганы маалым.

Коммунисттик бийлик болсо өзүнүн “Ходын окуясын” жаап жашырган. Эч кандай иликтөө иштери болгон эмес. Канча киши мерт кетип, канчасы жаракат алганы дагы белгисиз. Ар кандай булактар мерт кеткендер санын жүздөн эки миңге чейин деп айтып жүрүшөт.

“Мемориал” коому ошол окуялардын түздөн-түз күбөсү болгон кишилердин эскерүүлөрүн жыйнаган.

Юрий Антонович Борко (1929-жылы туулган), экономист:

Күн ачык турган марттын таңы эле. Биз үндөбөй шаардык оорукананын моргун көздөй басып бара жаттык. Абдан тынчсызданып жаттым. Бирок согуштун канын кечкен 30 жаштагы күүлүү-күчтүү Толя тебелендиде калбаса керек. Балким ал мындан чыгып кетти го деген үмүт бар эле. Моргдун алдында бир топ киши жыйылып туруптур. Дароо эле алар деле биз сыяктуу максат менен келгенин билдим. Бирок мен издеп барган киши бул жерде жок болуп чыкты. Биз аны башка моргдон таптык. Ал жерде аза күтүп, боздогон, жакындарын издеп жүргөн кишилер көп экен. Сөөктү таануу жараяны абдан бат болду. Толяны тыгылышта темир тосмого кептеп салышкан экен. Москванын моргодору өлүмдүн себеби тууралуу таптакыр башкача аныктама беришкен.

Игорь Борисович Каспэ (1934-туулган), инженер-куруучу:

Маяковский аянтынан Горький көчөсүн көздөй бурулганда эле мен бейтааныш кишилердин арасында калдым. Көпчүлүгү Москвага башка аймактардан келген, ар кандай курактагы кишилер эле. Күн ачык болгону менен ызгаар болчу. Революция музейинен бизди атчан милициянын биринчи катары каршы алды.Сүрмө топ унчукпай эле сүрдүрүп кирип барды. Атчандар сылыктык көрсөтүп, топтон аттарынын башын ала качып турушту. Кийин бирөөсүнүн чыдамы түгөнүп, атын кош аяктатып секиртип, сүрмө топтун алдына тура калды. Пайда боло калган жылчык аркылуу кишилер сүрдүгүп эле агылып жөнөштү. Жыгылганы жагылып, тебелендиде калды. Жыгылып түшкөн кызды бактыга жараша колдон алып тургузуп кетишкенин көрүп калдым. Бул кишилердин цунамиси эле, азырга чейин ошондогу топураган үндөр кулагымда. Пушкин аянтында жүк тарткан унаалар туруптур. Унаанын үстүндөгү кум салынган каптарда турган аскерлер жабыша калган кишилерди өтүгү менен колго тепкилеп, жолотушкан жок. Кудайдын кудурети менен аялдардын кийими сатылган талкаланган дүкөнгө сүрүлүп кирип кеттиптирмин. Кийин бул жерден өткөн сайын көп жылдар тооба кылып, ушул дүкөндү карап өтүп жүрдүм. Белорус бекети тараптан улам кишилер агылып өтө берди. Эгерде мен өмүрүмдө туура иш жасаган болсом, анын бири ошондо болгон экен. Дүкөндөн эптеп суурулуп чыгып эле, үйдү көздөй жөнөгөм, көчөдө баш кийим, бут кийимдер, сынган көз айнектер жаткан экен. Эртеси күнү “Ходын талаасынан” дагы жаман көрүнүш орун алганы тууралуу кеп-сөздөр айтыла баштады. Бирок бул тууралуу кийин көпкө чейин унчукпоого туура келген.

Би-би-си кабарчысы Артем Кречетниковдун макаласы айрым кыскартуулар менен берилди. (AbA)

Булак: BBCKyrgyz