Орто Азиянын атактуу басмачысы менен совет бийлигинин жашыруун келишими

Гафур Шерматов, тарыхчы

Мындан 95 жыл мурун болгон бул тарыхый эскерүүнү Орто Азиянын советтик доордо жаралган бир дагы тарыхый эмгектеринен кезиктирбейсиз.

Ошол окуялардын түздөн-түз күбөсү болгон чекист Абдулло Валишевдин маалыматтары 1989-жылы Дүйшөмбү шаарында өлкөнүн коопсуздук кызматтарынын мааркесине карата өтө аз нускада гана басылып чыккан экен.

Совет бийлигинин келишкис душманы менен советтик чекисттердин жетишилген бул келишими өтө жашыруун сакталган. Бул келишим Кызыл Армиянын жүздөгөн жоокерлеринин өмүрүн сактап калган деп айтылат.

Талаа командири Ибрагим бек советтик тарыхнаамага өткөн кылымдын 20-жылдарындагы басмачылык кыймылдын эң белгилүү лидери катары кирген.

1931-жылдын июнь айы, Луяр кыштагы: колго түшүрүлгөн Ибрагим бек атайын оперативдүү топтун чекисттеринин курчоосунда.

Совет бийлигине каршы күрөшкөн Ибрагим бек көптөгөн жылдар советтик кинодо шумпай, мыкаачынын образында көрсөтүлүп, адабияттагы терс каарман болду.

Айрымдар үчүн ал келишкис думшан эле, айрымдар аны эркиндик үчүн күрөштүн үлгүсү катары көрүштү.

1931-жылга чейин совет бийлиги менен он жыл күрөшкөн Ибрагим бек күрөштү улантуу мүмкүн эмес экенин түшүнгөндөн кийин, өз ыктыяры менен колго түшүп берет. Кийин соттолуп, атууга кеткен.

Ибрагим бектин сотунда большевиктердин каардуу душманы жүздөгөн кызыл аскерлерди өлүмдөн алып калганын эскергиси келишкен эмес.

«Дүйшөмбүдөгү окуялар»

1921-жылы басмачылык кыймылды талкалоо жана Чыгыш Бухарада (азыркы Тажикстандын борбордук жана түштүк аймагы) совет бийлигин чыңдоо тапшырмасы менен ошол кездеги Бухара Советтик Элдик Республикасынын Кеңешинин Борбордук аткаруу комитетинин жетекчиси Усман Ходжаев жөнөтүлөт. Ал РСФСР консулу Нагорный менен бирге Дүйшөмбүгө келет.

Мындан көп өтпөй БСЭР баш калаасы саналган Бухарага Түркиянын мурдагы Аскер министри Энвер паша келген. Ал өкмөттөгү жогорку кызматтагы жетекчилер менен жана Биринчи дүйнөлүк согуш учурунда туткунга түшкөн түрк офицерлери менен кездешет. Бухара Эмираты кулагандан кийин туткундардын көбү БСЭР бийлигинин бутактарында кызмат өтөшкөн.

Бухара республикасынын картасы, 1926-жыл

Усман Ходжаев Дүйшөмбүгө келгенден кийин түрктөрдүн таасирине өтүп, Энвер пашага урмат көрсөтүп, чыкынчылык жолго түшөт. Ыңгайлуу учурду пайдаланып, Кызыл Армиянын аскер бөлүгүн куралсыздандырып, совет бийлигине каршы чыккан. Тажикстандын тарыхында анын бул аракеттери «Дүйшөмбүдөгү окуялар» деген ат менен калды.

1921-жылдын 15-октябрында 8-аткычтар полку жана атчандардан турган артиллериялык полк Дүйшөмбүдөн чыгарылып, Гузар жана Широбада райондоруна жайгаштырылган. Бухарага келген БСЭРдин аскер назиринин (министр) жетекчи орун басары Али-Риза башында турган атчандар отрядына көмөк көрсөтүү максатында гарнизондо 7-аткычтар полкунун эки батальону калган.

Жаңы бийликке каршы болгон күчтөр антисоветтик козголоң көтөрүп, Каратегин, Дарваз, Балжуан, Куляб, Жиликулдун жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн жок кылып, ээлеп алышат. Бул кыймылдын башында басмачылардын лидери Ибрагим бек турган.

Буктурма

Козголоңчуларга көмөк көрсөтүү максаты менен Энвер паша Бухарадан Термезди көздөй жөнөгөн. Энвер паша Чыгыш Бухарага кирип баратып, Дүйшөмбүдөгү бухаралык отряддын жетекчиси Али-Риза менен байланыш түзүп, Чыгыш Бухарадан совет бийлигин сүрүп чыгуу боюнча пландарын толугу менен ага ачып берет.

Өзүнүн кадыр-баркына таянган Энвер паша совет бийлигине каршы чыккан куралдуу уюшмалардын баары аны колдойт деп ишенген. Бирок анын отряды локайлык басмачылар тобу тарабынан толук куралсыздандырылат. Энвер пашанын мусулман бир тууган катары жардамга келе жатканын айтып, ынандыруу аракетин угушкан эмес.

Чыгыш Бухараны өзү башкаргысы келген Ибрагим бек кандайдыр бир «келгин» менен бийликти бөлүшкүсү келген эмес жана ага ишенген дагы эмес. Ал Энвер паша менен бирге түрк офицерлерин туткунга алган.

Бухара эмири Сейид Алим-хан өзүнүн кол алдындагы Ибрагим бектин бул жоругуна катуу ачууланып, тез арада Энвер пашаны боштуп, Дүйшөмбүнү камалоо буйругун берет.

Али-Ризанын козголоңчулары менен Ибрагим бектин басмачыларынын чабуулдарына Дүйшөмбүдөгү Кызыл-Аскерлер туруштук бере алышты. Бирок оор кырдаал жаралып, камалоо узак жана айгышкан мүнөздө болуп, ачкачылык, оору-сыркоо, дары-дармектин таңыкыстыгы, таза сунуну жетишсиздиги менен коштолду. Ошого карабастан Кызыл Армия Дүйшөмбүнү өз колунан чыгарбай крамап турган.

Колго түшүп берип жаткан басмачылар, 1928-жыл

Дүйшөмбүдөгү гарнизондун жетекчиси Владимир Мартыновскийдин Түркистан фронтунун штабына берген билдирүүлөрүндө аскерлер кабылган оор кырдаалды баяндап, чукул жардам жеткирүүнү суранган.

«Оору-сыркоо жана ачкачылыктан улам өздүк курамдын 80 пайызы катардан чыгып калды. Ондогон кызыл аскерлер мерт болуп, ондогондору жарадар. Бекем курчоону жарып чыгууга дээрлик мүмкүн эмес»,-деп жазган.

Аргасыз келишим

Мындай чарасыз оор кырдаалдан чыгуунун жолун гарнизондогу чекисттер таап чыгышат. Алар Дүйшөмбүнү камалап жаткан топтордун ортосундагы мамиле тууралуу кеңири маалыматтары бар эле.

Жергиликтүү чекисттерге Ибрагим бек, Энвер паша жана жадидердин ортосундагы ырктын жоктугу белгилүү эле. Кырдаалды астейдил анализдеп чыгып, чекисттер Дүйшөмбүдөн гарнизонду алып чыгып кетүү планын иштеп чыгышат. Бирок ал Ибрагим бектин жардамы менен гана ишке ашмак…

Бул планга ылайык гарнизондун жетекчиси Ибрагим бекке кат жөнөтүп, эки тарапка тең пайдалуу келишим түзүүнү сунуштайт.

Келишимге ылайык, гарнизондун командачылыгы Дүйшөмбүдөн толугу менен чыгарылып кетиши керек. Ал үчүн Ибрагим бек азык-түлүк менен камсыздап, аттарды жем-чөбү менен даярдап бериши керек. Бул кызматы үчүн ага Дүйшөмбүнүн бийлиги толугу менен берилип, БСЭРдин расмий өкүлү катары бийлик жүргүзө берет.

Мындан сырткары Бухарадан келген жадиддерге каршы биргелешип күрөшүү сунушу берилет. Чекисттердин эсеби так жана туура чыкты. Ибрагим бек Дүйшөмбү гарнизонунун командачылыгы жолдогон сунушту кабыл алган.

Дүйшөмбү гарнизонундагы комендантка ал мындай кат жөнөтөт:

«Жолдоштор, силер жадидерге каршы жакшы күрөшкөнүңөр үчүн ыраазычылык билдиребиз. Силер аларды большевиктер менен болот деп ишенгенсиңер. Бирок адашып калдыңар. Мен, Ибрагим бек силерге тынчтык каалап, бул үчүн силерди мактап, колуңарды кысам. Силерге төрт тарапка тең жол ачып берем жана тоют, аттарды бере алам. Биздин аймактан тез кетип калгыла».

Сталинабад, 1931-жыл. Ибрагим бек НКВДнын алдындагы ГПУнун кызматкерлеринин унаасында. Ибрагим бекти Ташкентке алып бараткан учурда тартылган сүрөт. Ибрагим бектин жанында Тажик ССРнин ГПУ жетекчиси Дорофеев, ортодо Ибрагим бекти кармоого катышкан коопсуздук кызматынын лейтенанты Абдулло Валишев.

Жооп жазгандан кийин эле Ибрагим бек Кызыл Армиянын курчоодогу гарнизонуна азык-түлүк жана аттарга жем-чөп жөнөтүп, келишимге ылайык коопсуз каридорду даярдап берет. Кызыл Армиянын Дүйшөмбүдөн чыгып кетүүсүн камсыздаган.

Бул аскердик-дипломатиялык акция Дүйшөмбүдөгү Кызыл Армиянын бөлүгүнүн тыптыйпыл талкалануусунан сактап калган. Ибрагим бек менен Энвер пашанын ортосундагы келишпестикти тереңдеткен.

Энвер паша Ибаргим бекти саткын деп айыптап, анын башына чагылган ойнотом деп коркуткан. Али-Риза өзүнүн жигиттерине Ибрагим бектин кошуундарына колунда бар курал менен кол салууну буйрук кылган.

Бирок мунун баары жөн эле опуза болгон. Ибрагим бектин күчтөрү энверчилерден алда канча кубаттуу эле. Ибрагим бек аларды тез арада Дүйшөмбүнү калтырып чыгып кетүүсүн буюруду. Энвер паша өз кошуундары менен шаарды таштап чыгып, Картегиндеги Эшен Султан корбашыга келип кошулган.

Гиссар өрөөнүнүн башкаруучусу

Ибрагим бек иш жүзүндө бүтүндөй Гиссар өрөөнүн башкарып калган. Бирок бул аз эле убакытка созулду.

1922-жылдын жай айында Кызыл Аскерлер өздөрү жоготкон турумдарына кайра кайтып келишти. Басмачылык кыймылдын лидерлери жана кошуундары Дүйшөмбүнү таштап, Ооганстанды көздөй качышкан.

1931-жылдын апрель айында Ибрагим бек тогуз миң кошууну менен совет-ооган чек арасын кесип өтүп, элди совет бийлигине каршы чыгууга үндөгөн.

Орто-Азиядагы коллективдештирүү саясаты жүрүп турган учурдагы чыңалган социалдык-саясый кырдаалды Ибрагим бек жакшы билген. Ал элдин колдоосуна алынып кетем деп ойлогон.

1931-жылы июндун башында болгон кызыл Армия менен кагылышууда Ибрагим бек 1224 кишисин жоготот. 75 аскери колго түшүрүлөт. 314 киши өз ыктыяры менен куралын таштайт. Ибрагим бек 1931-жылдын 23-июнунда өз ыктыяры менен колго түшүп берет.

1932-жылдын 13-апрелинде атууга өкүм кылынган.

Басмачы деп («басмак» деген түрк сөзүнөн алынган, басып алуу, кол салуу деген маанини туюндурат) Түркистандагы партизандык кыймылдарды аташкан. Кийин бул сөз Орто Азиядагы совет бийлигине каршы чыккан кыймылдарга колдонулган.

Совет бийлиги Орто Азияга тездик менен кан төгүүсүз орноду. Большевиктер мечиттерди жаап, диний ишеними үчүн камакка алуу коркунучу жаралган. Диний китептер өрттөлүп, шарият соттору жоюлган.

Ушунун өзү каршылык маанайды жаратты. Басмачылык кыймылдар башталып, бүтүндөй чөлкөмдү кучагына алган. Бул кыймылдардын таанымал лидерлери Чыгыш Бухарада Ибрагим бек, Фергана өрөөнүндө Мадамин бек, Түркмөнстанда Жунаид хан болгон.

Басмачылык кыймылдар орустардын ак гвардиячылары менен биргеликте аракеттенген учурлары дагы болгон. Аларга Иран, Түркия, Ооганстан, Кытайдан жардам көрсөтүлүп турган. Урал казак армиясынын атаманы Дутовдун офицерлери, түрк офицерлери, британиялык инструкторлор басмачылык кошуундарды машыктырууну колго алып турушкан.

Басмачылык кыймылдардын үстүнөн жеңишти Сталин принципиалдуу жеңиш катары эсептеген экен. Мунун менен совет бийлиги Орто Азиядагы большевиктерге каршы чыккандарды колдоп турган Германия, Англия жана Иранга жооп берген.

Булак: BBCKyrgyz