Биз соц.тармактардабыз:
  • Тилди тандаңыз:
  • KG
  • EN
  • RU

Аудиокитеп «Чиеш Тагдырлар»: Баткенден АКШга жеткирген согуш

26 января, 2021 г.

«Эсимде» талкуу аянчасы «Чиеш Тагдырлар» китебинин аудиоформатын сунуштайт.  Бул китепте совет мезгилинде Кыргызстанда жашаган адамдардын жеке тарых-таржымалы баяндалган.

Туткун – козголбос тема болчу. Экинчи Дүйнөлүк согуштун туткундары — постсоветтик айдыңда дагы эле көп козголбогон темалардын бири. Туткунга түшкөндөрдүн эки жагы тең: «биздикилер» немистерде туткунда болушун, тигилер советтик түрмөдө көргөн азап-тозокторун эстегиси келбейт. Сыдык Алдашев Баткен районунун эң кооз айылы Кара-Булакта төрөлгөн. 1942-жылы 17ге чыккан Сыдык аскерге алынган. Үйдөгү балдардын чоңу болчу, кол арага жарап калган чырымтал боз улан эле. Өзү курактуу чырымтал балдар менен көнгөн үйүнөн миңдеген чакырым алыста кайнап аткан кан майданга аттанган…

Бул аудиокитеп РухЭш TV жана Олжобай Шакирдин өнөктөшүүсү менен ишке ашырылды.

https://youtu.be/50f9dd7tdZQ

Опубликовано в разделах: important, Аудио, Чиеш тагдырлар I