Биз соц.тармактардабыз:
  • Тилди тандаңыз:
  • KG
  • EN
  • RU

Аудиокитеп «Чиеш Тагдырлар»: Алия.Армандуу өмүр

26 января, 2021 г.

«Эсимде» талкуу аянчасы «Чиеш Тагдырлар» китебинин аудиоформатын сунуштайт.  Бул китепте совет мезгилинде Кыргызстанда жашаган адамдардын жеке тарых-таржымалы баяндалган.

Алия — Волга боюндагы Царыцин (кийин Сталинград, Волгоград) шаарында көп балалуу үй-бүлөдө 1918-жылы төрөлгөн. Атасы дарыгер болчу, балдарынын ичинен ушул кызын аябай жакшы көрчү. Эрке кызынын билимге шыгы билингенин байкаган соң окуусуна шарт түзүп, тоскоолдук кылбады. Алия Хайрова жети жылдык мектепти аяктап Ростов-на-Донудагы техникалык институтка кирди. Баары жакшы башталган, күйөөгө тийип, балалуу болду. Чоң ынтымактуу, бактылуу үй-бүлөлүк турмуш согуш башталгыча эле созулду…

Бул аудиокитеп РухЭш TV жана Олжобай Шакирдин өнөктөшүүсү менен ишке ашырылды.

https://youtu.be/KBPdWOgMDB0

Опубликовано в разделах: important, Аудио, Чиеш тагдырлар I