Биз соц.тармактардабыз:
  • Тилди тандаңыз:
  • KG
  • EN
  • RU

Кыргызстан: Саясий плакаттар менен чыныгы жашоонун карама-каршылыгы

24 октября, 2020 г.

Алимжан Жоробаев — кино сүрөтчүсү

«Полис Азия» аналитикалык борбору жана «Эсимде» талкуу аянтчасы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине шайлоонун жыйынтыгы боюнча «Кыргызстандагы касташуу тили жана бөлүп жарган көрүнүштөр.2020» изилдөөсүн жана «ПостШайлоо» талкуусун жүргүзүштү. Презентация белгилүү кино сүрөтчү Алимжан Жоробаевдин “Кыргызстан: Саясий плакаттар менен чыныгы жашоонун карама-каршылыгы” аттуу көргөзмө менен коштолду.

2020-жылдын 4-октябрына белгиленген иш-чаранын алдында парламенттик шайлоо учурунда бүткүл Кыргызстан боюнча миңдеген үгүт плакаттары жана жарнак такталары пайда болду. Фотограф Алимжан Жоробаев шайлоодогу оптимизм менен чыныгы жашоонун ортосундагы кызыктуу диссонансты чагылдырууга аракет кылды.