Советтер өгөйлөгөн тагдырлар

Совет өкмөтүнүн эл ичинен душман издеп, туугандарды бири-бирине каралатып, ынтымакты ичтен ыдыраткан мезгил – бул 1920-40-жылдар.

Кызыл өкмөткө тонолгон Шамшы Осмон уулу

Шамшиев Нуралы азыр 84 жашта. Исфайрам өрөөнүндө белгилүү молдо. Ошон үчүн айылдаштары Нуралы Молдо деп аташат.

Каарлуу 1933-жылы алардын Тегримечтеги бак-шактуу аблисин же короо-жайын совет бийлиги тартып алып, теректерин кыйып, үйлөрүн бузуп салганын эстегенде азыр да Нуралы Молдонун оозунан “көк түтүнү” чыгып буркурайт.

– Менин атамдын атасынын аты Осмон, өзүмдүн атамдын аты Шамши. 33-жылы биз кийип отурган кийимибиз менен эле калдык. Атам ошол күнү жок эле, туугандарыбыз эле келип, малыбызды айдап кетти. Мен ошондо 4 жашка өткөн убагым экен. Атам келди… 3-4 адам ары-бери басып жүрөт эле, атамды алып кетишип камап коюшту. Мен энемден “Атам кана?” деп сурасам, “Атаңды орустар союп жегени алып кетти”, дейт. Ошондо атамды алып барып, Үч-Коргонго камап таштаптыр. Эки ай камады. Бир досу бар экен, ошол келип атамды актап, түрмөдөн чыгарып койду. Жер-суу, малдын баарын Кызыл өкмөт алып койду. Үйүбүздү бузуп алыптыр, жылаңач дубалда отурдук. 100 түптөй терек бар эле, бардыгын кесип алып, бир түп да койбоптур. Талаада жылаңач эле калдык. Атамдын бар экенине сүйүнүп жүрдүк.

Осмон уулу Шамшынын тагдыры 30-жылдарда оокатын орток чарбага бириктирип, “коомго жат элемент”, “кеңеш өкмөтүнүн душманы” деп караланып, кулакка тартылган миңдеген адамдардыкына окшош.

Совет өкмөтү жаны тынбай эмгектенип, мал-дүйнө күткөн, ток жашаган мээнеткеч адамдарды ушинтип сомго салып, белин сындырган. Тамыр курут кылган. Баш көтөрбөй, элден озунбай жашаганга тарбиялаган.

“Биринчиси, мени байдын баласы дешкен”, – деп баштады кепти Нуралы карыя. “Экинчиси, атам Шыгайды (конуш жай) сатып алган экен, ошон үчүн кулакка тартып камады. Ошондон кийин бир кыйла жылда барып кийимдүү болдук. 1937-жылы дагы бир иш болду: байларды камап, көп адамды көчүрдү. Чакмакта менин таяатам менен анын бир тууганы – Жумагул деген киши бар эле. Жумагул өзү Садыр миң башыга кайни жана куда адам экен. Ошон үчүн бийлик ал кишини Жабалыга көчүрүп таштаган экен. Ал эки жылдан кийин кайра кайтып келсе, аны кайра камады. Абдылаздин атасын Момун дейт эле. Ошону да камады. Шамшидин деген кишини 1937-жылы молдонун баласы деп камады. Мен аларды жакшы билем. Алыш-Өлагыштан камалгандар болгон жок, тегирмечилер камалды.

Кулакка тартуунун негизги бутасы мал-жандуу, бак-шактуу, өздөрүнө тың жашаган үй-бүлөлөр болгонун айтат Нуралы Молдо:

– Бул жерде ибагер жок болгон үчүн эч кимди камаган эмес. Тегирмечилерден Шамши митаам деген киши бар эле, ошол баарын айтып берген экен… Ошолорду камай берди… Момун Шилдени камады, Жумагулду камады, кайра келген жок алар.

Тегирмеч, Кароол, Кереге-Таштан кеминде 70 адам кулакка тартылып, бөтөн жерлерге сүргүнгө айдалат же абакка салынат. Алардын көбү киндик каны тамган жерге экинчи кайрылбады. Кээ биринин дареги алиге чейин белгисиз. Аларды бийлик актаган да эмес.

Чилдеде жылаңач, башына суу куюлган Апиза

Пазилет байбиче. Кадамжай району, 24-апрель, 2012

Бегаалы кызы Пазилет азыр 89 жашта. Кадамжай районундагы Кароол кыштагында жашайт. Байбиче бирөө жөлөп-таябаса ордунан туруп, бир кадам да жыла албайт. Мен келгенде да кемпир эки бүктөлүп, терезенин түбүндө деңиздей мемиреп отуруптур.

Байбичеден апасы Апизаны кеч күздө милиционер кантип кыйнаганын сурадым. Пазилет апа бир саамдан соң мындай деди:

– Энемдин башын жарышып, 40 челек сууну куюп өлтүрүп тынды. Атамды камап коюп жок кылышкан. Тегирмечтеги үйүм бузулуп кеткен…

– Суу куйганын сиз көрдүңүз беле?

– Ооба.

– Кайсы мезгил эле?

– Кыш мезгил эле. Сууктан энем өлүп калган.

Ал кезде Пазилет 17 жашта болчу. Неберелеринин айтышынча, азыр да байбиче кээ күндөрү апасынын азабын эстеп, өзүнчө күбүрөнө берет.

80ге чукулдап калган Тешебай кызы Коңурдун угушунча, Апиза эжени Кайматов деген милиционер көйнөгүн чечип, жалаң дамбалчан калтырат дагы эки колун үйдүн айбанындагы торсунуга илип алып, күйөөңдүн жашырынган жайын айт деп аёосуз кыйнайт.

“Тегирмечте күн тийбеген кыштоо бар. Ошол жерде кыш чилдеде ыштанчан кылып, төбөдөн ылдый 40 челек суу куят. “Күйөөңдү тап!” деп кыйнаган. Күйөөсү кайниси менен качып кетип, аялына бир мертебе түндө келип эле башка келбей койгон экен. Аялы “Билбейм, келбейт” десе да болбой, Кайматов аябай кыйнаптыр. Аябай чыркырап ыйлап, жалынса да милиция ынабайт. Апиза – ден соолугу таптаза аял экен. Саратанга жетпей, өлүп калат. Анын ата-энесиз калган алган балдарын менин катта (чоң) энем баккан”, – деди жашы эки кем сексендеги Тешебай кызы Коңур. Бул окуя Тегирмеч капчыгайындагы Чылан деген кыштоонун оозунда дарыянын боюнда болот.

Пазилеттин атасы Бегаалы Калматов, кайын инилери Катанов Колдош жана Катанов Жолдош менен чогуу аскерден качып жүргөн. Алар Кашкарды көздөй качмак болуп жатышканда, билген бирөө сатып коюп, колго түшүшөт. Үчөөнүн эң жашы Колдош Магаданга 25 жылга айдалат. Бегалы түрмөгө айдалып баратып, Ноокатта көз жумат. Милициянын катуу токмогун жеген Жолдош Маргалан шаарында вагонго түшкөндө ур-тепкинин кесепетинен өлөт.

Совет бийлигинин кулагы сак, укуругу узун болгон. Экинчи дүйнөлүк согуш кезинде Тегирмечтик Арзыбай деген адам “Герман күчөп калды, жапон козголот экен” деп айтканы үчүн камалып кетип, дарексиз жоголот.

Ал эми 80 жаштагы Мааназар доңуз баш деген адамга согуш кезинде жергиликтүү чоңдор эчки кайтар деп буйрук беришет. Бир буту көрдө турган карыя “Мен эчки кайтара алмак белем” деп, макул болбойт. Анын ордуна согушта колунан жардар болгон 45 жаштагы Мамат Мамасейитов эчки багат. Бир нече күндөн кийин милиция чалды “Үч күн эчки кайтарып бер десек, ынабай койду” деп күнөөлөп, алып кетет. Мүнөзү катуу карыя ошол бойдон кайып болот.

Амирбек Азам уулу

Булак: Азаттык