Биз соц.тармактардабыз:
  • Тилди тандаңыз:
  • KG
  • EN
  • RU

Онлайн талкуу: Кыргызстандын суверендүүлүгү: маңызы жана бүгүнкү күндөгү абалы

15 сентября, 2020 г.

Мындан жыйырма тогуз жыл мурун 31-августта легендарлуу парламент Кыргызстандын “Көз карандысыздыгы жөнүндөгү” декларацияны кабыл алган. Ошондон тарта Кыргызстан өзүн эркин, эгемен жана көз карандысыз мамлекет деп жарыялаган. Бул кыргыз элинин кылымдан бери талпынып, эңсеп келаткан тилеги эле.

Ачык талкууда каралуучу негизги маселелер:

1. Көзкарандысыздыкка жол жана анын баасы. Кыргызстандын эгемендүүлүгү дээрлик асмандан түшкөн деп эсептешет. Башкача айтканда, СССРдин кулашы менен азаттыкка жетүү оӊой болгонбу? — Бизде Эгемендүүлүк үчүн кыймыл, аракеттер, көз-караштар болгон беле: СССР мезгилинде жана 90-жылдары? Бул өлкөнүн өнүгүшүнө кандай таасирин тийгизди?

2. Кыргызстанды жана кыргызстандыктарды өзүн-өзү идентификациялоо? — биздин аттарыбыз ким? Терминология, өз атын атоо, өзүн өзү аныктоо (ички жана сырт.).

3. Бүгүнкү күндө Кыргызстан көзкарандысызбы же көзкарандуу Эгемендүүлүкпү? (Зависимая Независимость)

4. Эгемендүүлүктүн келечеги?

5. Ар бир катышуучунун Кыргызстанга жана кыргыз элине каалоосу!

Опубликовано в разделах: important, Видео, Талкуу, ҮкҮ талкуу клубу